2017-жылдын 2-февралы № 1318-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” №17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

09-02-2017 17:24

2017-жылдын 2-февралы № 1318-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” №17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

1. “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Төлөнов Данияр Эрмекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин курамынан чыгарылсын.

 

2. “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Төлөнов Данияр Эрмекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин курамына киргизилсин.

 

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага                                                                                 Ч.А. Турсунбеков



Көрүүлөрдүн саны : 419