Демилгечилер: Жогорку Кенештин депутаттары Е.Строкова, Н.Никитенко, А.Нурбаев, Д.Бекешев, А.Самигуллина, А.Осмонова, К.Керезбеков
Сунуш-пикирлерди төмөнкү телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 62-75-72
Каттоо № 6-536217 06.03.2017
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
1-берене.
2003-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган №92 “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
“Аккредитация – мамлекет тарабынан аныкталган талаптардан жана белгилерден төмөн эмес бекитилген талаптарга жана белгилерге билим берүү уюмдарынын же билим берүү программаларынын шайкештигин таануу максатында билим берүү уюмдарынын же анын айрым билим берүү программаларынын сапатынын деңгээлине баа берүү процедурасы;
“институционалдык аккредитация - мамлекет тарабынан аныкталган талаптардан жана белгилерден төмөн эмес бекитилген талаптарга жана белгилерге шайкештигин таануу максатында билим берүү уюмдарынын сапатынын деңгээлине баа берүү процедурасы;
“программалык аккредитация – мамлекеттик билим берүү стандарттарына шайкеш кеелүүчү талаптардан төмөн эмес бекитилген талаптарга жана белгилерге ылайыктуулугун таануу максатында билим берүү программаларын сапатынын деңгээлине баа берүү процедурасы;
“Кыргыз Республикасында билим берүүнүн бардык деңгээлдерине мамлекеттик билим берүү стандарттары коюлат: мектепке чейинки билим берүү, жалпы башталгыч, жалпы негизги, жалпы орто билим берүү, башталгыч кесиптик жана орто кесиптик билим берүү, жогорку кесиптик билим берүү (бакалавр, магистр, адис).
Мамлекеттик билим берүү стандарттары окуучулардын окуу жүктөмунун максималдуу көлөмүн, түзүмүн, принциптерин, ээлик кылуучу иш билгилигинин жана окутуунун ар түрдүү деңгээлиндеги бүтүрүүчүлөрдүн даярдыгынын деңгээлине болгон талаптарын аныктайт.
Мамлекеттик стандарт окуучуларга берилген билимдердин сапатына баа берүү үчүн негиз болуп саналат.
Бардык билим берүү уюмдары үчүн менчик түрүнө жана ведомстволук тиешелүүлүгүнө карабастан Мамлекеттик билим берүү стандарттар милдеттүү аткарылууга тийиш.
Мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик билим берүү стандарттар, ошондой эле кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын үлгүлөрү, жалпы билим берүү мектептери үчүн предметтик стандарттар жана кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлиндеги адистиктери жана даярдоо багыттары боюнча стандарттар Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органдары тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
Дипломдон кийинки медициналык билим берүү боюнча Мамлекеттик билим берүү стандарттар Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органдары тарабынан бекитилет.
Мамлекеттик билим берүү стандарттарын кайра карап чыгуу жана жаңылоо беш жылдан кем эмес убакытта жүргүзүөт.” ;
“- аккредитация жүргүзүү”;
“Билим берүү ишмердүүлүгүн уруксаттамалоо, билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо, окуучуларды тестирлөө”
“Мектепке чейинки, жалпы башталгыч, жалпы негизги, орто негизги жана мектептен тышкары билим берүү программаларын ишке ашырып жаткан мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдардан башка билим берүү уюмдар билим берүү программаларын талапка ылайык уруксаттаманы алгандан кийин ишке ашыра башташат.
“Сапаттарды ырастоо максатында башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу уюмдар институционалдык же программалык аккредитациядан аккредитациялык агенттиктерден өтүшөт.
Негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте билим берүү системиндеги мамлекеттик органдарында аккердитациядан өтүшөт.”;
“Менчик түрүнө, ведомстволук тиешелүүлүгүнө карабастан билим берүү уюмдары беш жылдык мөөнөткө өздөрүнүн кат түрүндө арызынын негизинде аккредитациядан өтүшөт.”;
“Аккредитация өткөргөн уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн билим берүү кызматтары талаптарга дал келбесе, аккретитациялык агенттик (башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары үчүн), билим берүү тутумун башкаруучу мамлекеттик органдар (негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишщке ашыруучу билим берүү уюмдары үчүн) аккредитациядан баш тартууга укуктуу.”
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий түрдө жарыялангандан кийин он күндөн кийин өз күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Кыргыз Ренспубликасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январында №11 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнугүү Улуттук стратегиясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрында №3694- v токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өнүгүүгө өтүү программасына ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим Министирлиги “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун киргизет.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоор билим берүү тутумундагы сапаттын кепилдигинин чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын жакшыртуу максатында иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунда акыркы 5 жыл ичинде билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу тутумун түзүү жана өнүктүрүү тармагында маанилүү реформалар жасалды.
Көрсөтүлгөн реформалардын айланасында билим берүү тармагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органынын ичинде билим берүү жагында аккредитациялык агенттиктерди таануу тартибин, билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо тартибин, Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү аккредитациялануучу уюмдарга билим берүү минималдык талаптардын регламенттөөчү Улуттук аккредитациялык кеңеш түзүдү жана иштеп жатат.
Бирок, мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүгө баа берүүнү уюштуруу иштери принципиалдуу методологиялык мамиледе базаланат.
Андан тышкары, аккредитация агенттиги тарабынан мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү уюмдарын аккредитация өткөрүү мамлекеттик казынадан олуттуу кошумча чыгашаларды талап кылат.
Ушуга байланыштуу, сунушталып жаткан мыйзам долбоордо, 40-беренеде негизги жана жалпы орто билим берүү программасын ишке ашырып жаткан билим берүү уюмдарын аккредитациядан өткөрүү иштерин билим берүү тутумундагы мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүү көргөзүлгөн.
Кыргыз Республикасында бардык билим берүү баскычтарында билим берүү уюмдарына жана билим берүү программаларына болгон талаптарды регламенттөөчү негизги мамлекеттик документтердин бири болуп, Мамлекеттик билим берүү стандарттары саналат. Билим берүү мазмунунун концепцияларын өзгөртүү, бүтүрүүчүнүн иш-билгилик моделине өтүү, билим берүүнүн жыйынтыгына багытталуу Мамлекеттин билим берүү стандарттарынын функцияларын жана мазмундарын карап чыгууну талап кылды жана 5-беренени өзгөртүүгө болгон талаптарга шарт түзүп берди.
Билим берүүнүн иш билгиликтүү негизги принциптери Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарттарында (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлунда кабыл алынган №403 токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрында кабыл алынган №590 Токтомунун редакциясында), ошондой эле Кыргыз Ренспубликасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын Макетинде, (“Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим
берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августунда кабыл алынган №496 токтому) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15.09.2014-ж № 530 токтому менен аныкталган ыйгарылган укутардын чегинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим Министирлигинин 15.09.2015-жылы №1179/1 буйругунда кабыл алынган жогорку кесиптик билим берүү үчүн Мамлекеттик билим берүү стандарттарында бекитилген. Аккредитация тутуму стандартка болгон мамлесинде сапат түшүнүгүнө ыкталышкандыктан, ушул беренелерде ага жарыш эле өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
1-беренелерге киргизилип жаткан өзгөтүүлөр негизинен редакциялык мүнөздө жана 40-беренеге киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайыкташкан.
Белгиленип кеткен Мыйзам долбоорду кабыл алууда экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык маселелерди алып келбейт жана казынадан каражат бөлүүнү талап кылбайт.
Андан тышкары, улуттук жана эл аралык мыйзам чыгаруу нормаларынын жүргүзүлгөн анализдеринин жыйынтыгында берилген мыйзам долбоорлор иштеп жаткан ченемдик укутук актыларга каршы келбегенин белгилейбиз.
Жогорку Кеңештин депутаттары ____________Е.Строкова
____________ Н.Никитенко
____________ А.Нурбаев
____________ Д.Бекешев
____________ А.Самигуллина
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна салыштырма таблица
Учурдагы редакция |
Сунушталган редакция |
|
«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
||
1-берене 5-абзац |
аккредитация - билим берүү уюмунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатынын деңгээлин бүтүндөй же анын айрым билим берүү программаларын аккредитациялык агенттик тарабынан баалоонун жол-жобосу, анын жүрүшүндө билим берүү уюмунун же билим берүү программасынын белгилүү бир критерийлерге жана стандарттарга ылайыктуулугу таанылат |
аккредитация – мамлекет тарабынан аныкталган талаптардан жана белгилерден төмөн эмес бекитилген талаптарга жана белгилерге билим берүү уюмдарынын же билим берүү программаларынын шайкештигин таануу максатында билим берүү уюмдарынын же анын айрым билим берүү программаларынын сапатынын деңгээлине баа берүү процедурасы |
1-берене 6-абзац |
институционалдык аккредитация - билим берүү уюмунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатынын деңгээлинин бүтүндөй белгилүү бир критерийлерге, стандарттарга жана анын статусуна ылайыктуулугун аккредитациялык агенттик тарабынан таануунун жол-жобосу |
институционалдык аккредитация- мамлекет тарабынан аныкталган талаптардан жана белгилерден төмөн эмес бекитилген талаптарга жана белгилерге шайкештигин таануу максатында билим берүү уюмдарынын сапатынын деңгээлине баа берүү процедурасы |
1-берене 7-абзац |
программалык аккредитация - билим берүү уюмунун айрым программаларынын белгилүү бир критерийлерге жана стандарттарга ылайыктуулугун баалоонун жол-жобосу |
программалык аккредитация – мамлекеттик билим берүү стандарттарына шайкеш кеелүүчү талаптардан төмөн эмес бекитилген талаптарга жана белгилерге ылайыктуулугун таануу максатында билим берүү программаларын сапатынын деңгээлине баа берүү процедурасы |
5-берене |
Кыргыз Республикасында негизги билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттары белгиленет, алар негизги билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумун, окуп жаткандардын окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмүн, бүтүрүүчүнү даярдоонун деңгээлине карата талаптарды, окуп жаткандардын белгилүү бир билим берүү программаларын өздөштүргөнүн ырастаган документтердин формаларын аныктайт. Негизги билим берүү программалары үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын аткаруу билим алуунун формасына карабастан, билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрү үчүн милдеттүү болуп саналат. Мамлекеттик билим берүү стандарттары Кыргыз Республикасынын билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
|
Кыргыз Республикасында билим берүүнүн бардык деңгээлдерине мамлекеттик билим берүү стандарттары коюлат: мектепке чейинки билим берүү, жалпы башталгыч, жалпы негизги, жалпы орто билим берүү, башталгыч кесиптик жана орто кесиптик билим берүү, жогорку кесиптик билим берүү (бакалавр, магистр, адис). Мамлекеттик билим берүү стандарттары окуучулардын окуу жүктөмунун максималдуу көлөмүн, түзүмүн, принциптерин, ээлик кылуучу иш билгилигинин жана окутуунун ар түрдүү деңгээлиндеги бүтүрүүчүлөрдүн даярдыгынын деңгээлине болгон талаптарын аныктайт. Мамлекеттик стандарт окуучуларга берилген билимдердин сапатына баа берүү үчүн негиз болуп саналат. Бардык билим берүү уюмдары үчүн менчик түрүнө жана ведомстволук тиешелүүлүгүнө карабастан Мамлекеттик билим берүү стандарттар милдеттүү аткарылууга тийиш. Мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик билим берүү стандарттар, ошондой эле кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын үлгүлөрү, жалпы билим берүү мектептери үчүн предметтик стандарттар жана кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлиндеги адистиктери жана даярдоо багыттары боюнча стандарттар Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органдары тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет. Дипломдон кийинки медициналык билим берүү боюнча Мамлекеттик билим берүү стандарттар Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органдары тарабынан бекитилет. Мамлекеттик билим берүү стандарттарын кайра карап чыгуу жана жаңылоо беш жылдан кем эмес убакытта жүргүзүөт. |
35-берене 1-бөлүк 15-абзац |
Жаңы кошумча киргизүү |
- аккредитация жүргүзүү
|
Аталыш 40-берене |
40-берене. Билим берүү уюмдарын жана программаларды лицензиялоо жана аккредитациялоо, окуп жаткандарды тестирлөө. |
40-берене. Билим берүү ишмердүүлүгүн уруксаттамалоо, билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо, окуучуларды тестирлөө.
|
40-берене 1-бөлүк
|
Мамлекеттик мектептерден, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынан башка билим берүү уюмдары билим берүү программаларын ишке ашырууну тиешелүү лицензияларды алгандан кийин гана башташат. |
Мектепке чейинки, жалпы башталгыч, жалпы негизги, орто негизги жана мектептен тышкары билим берүү программаларын ишке ашырып жаткан мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдардан башка билим берүү уюмдар билим берүү программаларын талапка ылайык уруксаттаманы алгандан кийин гана ишке ашыра башташат. |
40-берене 6-бөлүк
|
Көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын ырастоо максатында билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредитациялоодон өтөт.
|
Сапаттарды ырастоо максатында башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу уюмдар институционалдык же программалык аккредитациядан аккредитациялык агенттиктерден өтүшөт. Негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте билим берүү системиндеги мамлекеттик органдарында аккердитациядан өтүшөт. |
40-берене 7-бөлүк
|
Менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандуулугуна карабастан билим берүү уюмдарын аккредитациялоо алардын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте таанылган аккредитациялык агенттиктер тарабынан беш жылдык мөөнөткө алардын жазуу жүзүндөгү арыздарынын негизинде жүзөгө ашырылат. |
Менчик түрүнө, ведомстволук тиешелүүлүгүнө карабастан билим берүү уюмдары беш жылдык мөөнөткө өздөрүнүн кат түрүндө арызынын негизинде аккредитациядан өтүшөт. |
40-берене 15-бөлүк
|
Аккредитациялануучу уюм тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтары белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда, аккредитациялык агенттик билим берүү уюмун аккредитациялоодон баш тартууга укуктуу. |
Аккредитация өткөргөн уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн билим берүү кызматтары талаптарга дал келбесе, аккретитациялык агенттик (башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары үчүн), билим берүү тутумун башкаруучу мамлекеттик органдар (негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишщке ашыруучу билим берүү уюмдары үчүн) аккредитациядан баш тартууга укуктуу. |