Демилгечи: Жогорку Кенештин депутаты А.Омурбекова
Сунуш-пикирлерди төмөнкү телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-92-83
Каттоо № 6-5369/17 06.02.2017
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы
Долбоор
Кыргыз РеспубликасынынМыйзамы «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
а) 1-бөлүктүн “а” пунктчасынын биринчи абзацында “17,25 пайыз” деген цифралар жана сөздөр “17 пайыз” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүктүн “а” пунктчасынын бешинчи абзацы алып салынсын;
в) 1-бөлүктүн “б” пунктчасынын биринчи абзацында“15,25 пайыз” деген цифралар жана сөздөр “15 пайыз” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 1-бөлүктүн “6” пунктчасынын төртүнчү абзацы алып салынсын;
д) 1-бөлүктүн “г” пунктчасынын биринчи абзацында “15,25 пайыз” деген цифралар жана сөздөр “15 пайыз” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
е) 1-бөлүктүн “г” пунктчасынын төртүнчү абзацы алып салынсын;
ж) 2-бөлүктүн “а” пунктчасынын биринчи абзацында “10” деген цифра “12” деген цифра менен алмаштырылсын;
з) 2-бөлүктүн расмий тилдеги “а” пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
и) 2-бөлүктүн “а-1” пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын “а” пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго 10 пайыз жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга 2 пайызөлчөмүндө;”;
к) 2-бөлүктүн расмий тилдеги “а-1” пунктчасынын үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтары алып салынсын;
л) 2-бөлүктүн мамлекеттик тилдеги “а” пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“милдеттүү медициналык камсыздандырууга - 2 пайыз;”;
2) 3-статьяда:
а) “а” пунктчасынын экинчи абзацында “17,25 пайыз” деген цифралар жана сөздөр “17 пайыз” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
б) “а” пунктчасынын алтынчы абзацы алып салынсын;
в) “б” пунктчасынын биринчи абзацында “9,5” деген цифралар “11,5” деген цифралар менен алмаштырылсын;
г) “б” пунктчасынын экинчи абзацында “фонддор боюнча” деген сөздөр алып салынсын;
д) “б” пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“б) иштеген пенсионерлерди кошпогондо, каржылоо булактарына карабастан өздөрүнүн пайдасына кошуп эсептелген төлөмдөрүнүн бардык түрлөрүнөн ай сайын кызматкерлер үчүн, 11,5 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго – 7,5 пайыз;
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;
милдеттүү медициналык камсыздандырууга - 2 пайыз;
Ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын “а” пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго 9,5 пайыз жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга 2 пайыз.”;
е) “в” пунктчасы “2 пайыз” деген сөздөрдөн кийин жана “Милдеттүү медициналык камсыздандырууга – 2 пайыз” деген сөздөр менен толукталсын;
3) 4-статьяда:
а) 1-бөлүктүн “а” пунктчасынын экинчи абзацында “13,25 пайыз” деген цифралар жана сөздөр “13 пайыз” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүктүн “а” пунктчасынын бешинчи абзацы алып салынсын;
в) “б” пунктчасы “2 пайыз” деген сөздөрдөн кийин жана “милдеттүү медициналык камсыздандырууга – 2 пайыз” деген сөздөр менен толукталсын;
4) 5-1-статьяда:
а) 1-бөлүктүн “б” пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“б) иштеп жаткан пенсионерлерди кошпогондо, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында катталышынын түрүнө карабастан туруктуу же убактылуу ишке жалданган кызматкерлер, кызматкерлер, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашап жаткан чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн каржылоо булагына карабастан алардын пайдасына кошуп эсептелген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын – 12 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго – 8 пайыз;
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандырууга - 2 пайыз;
Ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын “а” пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго 10 пайыз жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга 2 пайыз.”;
пенсионер кызматкерлер үчүн – Пенсиялык фондго 8 пайыз жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга 2 пайыз өлчөмүндө.
в) I жана II топтордогу майып кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын жана аларга теӊештирилген адамдарды кошпогондо) каржылоо булагына карабастан алардын пайдасына кошуп эсептелген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго 2 пайыз жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга 2 пайыз.”;
5) 6-статьяда:
а) 3-бөлүктүн “а” пунктчасынын биринчи абзацында “6 пайыз” деген цифра жана сөздөр “5,75 пайыз” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктүн “а” пунктчасынын бешинчи абзацы алып салынсын;
в) 3-бөлүктүн “б” пунктчасынын биринчи абзацында “6” деген цифра “8” деген цифра менен алмаштырылсын;
г) 3-бөлүктүн “б” пунктчасынын экинчи абзацында “фонддор боюнча” деген сөздөр алып салынсын;
д) 3-бөлүктүн “б” пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“милдеттүү медициналык камсыздандырууга 2 пайыз;”;
е) 3-бөлүктүн “б-1” пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“б-1) пенсионер кызматкерлер үчүн ай сайын орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелген 6 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго – 4 пайыз;
милдеттүү медициналык камсыздандырууга - 2 пайыз;
I жана II топтордогу майып кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын жана аларга теӊештирилген адамдарды кошпогондо) каржылоо булагына карабастан алардын пайдасына кошуп эсептелген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго 2 пайыз жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга 2 пайыз.”;
Ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын “а” пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго 6 пайыз жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга 2 пайыз.”.
Текстиль жана тигүү өндүрүштөрүндө иштеген жеке ишкерлер жана алардын жалданган кызматкерлери үчүн камсыздандыруутөгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
ж) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн, жеке ишкерлик ишти аткарган, анын ичинде базарларда иштеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 5 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фонддун тилектеш бөлүгүнө – 3 пайыз;
милдеттүү медициналык камсыздандырууга – 2 пайыз.”;
6) 7-статьяда:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында “10” деген цифра “11” деген цифра менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүтүн экинчи абзацында “фонддор боюнча” деген сөздөр алып салынсын;
в) 1-бөлүтүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“милдеттүү медициналык камсыздандырууга – 2 пайыз.”;
г) 4-бөлүктүн биринчи абзацында “10” деген цифра “11” деген цифра менен алмаштырылсын;
7) 7-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7-1-статья. Жогорку технология паркынын резиденттеринин кызматкерлери жана жеке жактары үчүн камсыздандыруутөгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары
Пенсионер кызматкерлерди кошпогондо, Жогорку технология паркынын резиденттеринин кызматкерлери жана анын дирекциясы, Жогорку технология паркынын резиденттери – жеке жактар (буга имараттарды, жайларды, жер участокторун тейлөөнү жана кайтарууну жүзөгө ашырган кызматкерлер кирбейт) орточо айлык эмгек акы өлчөмүнөн 14 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруутөгүмдөрүн төлөйт.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго – 10 пайыз;
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;
милдеттүү медициналык камсыздандырууга - 2 пайыз;
Пенсионер кызматкерлер орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн Пенсиялык фондго 10 пайыз жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга 2 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруутөгүмдөрүн төлөйт.
Ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын “а” пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн Пенсиялык фондго 12 пайыз жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга 2 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруутөгүмдөрүн төлөйт.
I жана II топтордогу майып кызматкерлер (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын жана аларга теӊештирилген адамдарды кошпогондо) каржылоо булагына карабастан алардын пайдасына кошуп эсептелген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго 2 пайыз жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга 2 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруутөгүмдөрүн төлөйт.”;
8) 8-статьяда:
а) 1-бөлүктүн “а” пунктчасынын биринчи абзацында “17,25 пайыз” деген цифралар жана сөздөр “17 пайыз” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүктүн “а” пунктчасынын бешинчи абзацы алып салынсын;
в) 1-бөлүктүн “б” пунктчасынын биринчи абзацында “12,25 пайыз” деген цифралар жана сөздөр “15 пайыз” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 1-бөлүктүн “б” пунктчасынын төртүнчү абзацы алып салынсын;
д) 2-бөлүктүн “а” пунктчасынын биринчи абзацында “10” деген цифра “12” деген цифра менен алмаштырылсын;
е) 2-бөлүктүн “а” пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“милдеттүү медициналык камсыздандырууга 2 пайыз”;
ж) “б” пунктчасы “8 пайыз” деген сөздөрдөн кийин “жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга 2 пайыз” деген сөздөр менен толукталсын;
з) “в” пунктчасы “10 пайыз” деген сөздөрдөн кийин “жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга 2 пайыз” деген сөздөр менен толукталсын;
и) “г” пунктчасы “2 пайыз” деген сөздөрдөн кийин “жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга 2 пайыз” деген сөздөр менен толукталсын.”.
2-берене
“Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 200-ж., № 2, 103-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьяда:
а) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган - медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жана аларды Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фондуна жана камсыздандыруучуларга берүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жак.”;
2) 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү төлөөчүлөр
Иштеп жаткан жарандар үчүн медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныктлаган катышта жана өлчөмдөрдө иш берүүчү жана кызматкердин өзү төлөйт.
Калкы иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызматында расмий катталган жумушсуз жарандар үчүн медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөр жылына 1,5 эсептешүү көрсөткүчү өлчөмүндө республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөнөт.
Пенсионерлер, анын ичинде аскер пенсионерлер үчүн медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөр жылына 1,5 эсептешүү көрсөткүчү өлчөмүндө республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөнөт.
Бала чагынан майыптар жана социалдык жөлөк пулдарды алган адамдар үчүн медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөр жылына 1,5 эсептешүү көрсөткүчү өлчөмүндө республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөнөт.
Юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкерлик ишти аткарган адамдар медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү өз алдынча төлөйт.
Айыл чарба ишин жүзөгө ашырган жана жер өндүрүштүн негизги каражаты болуп саналган жеке жана юридикалык жактар медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз алдынча төлөйт.
Балдар он алты жаш куракка жеткенге чейин (жалпы билим берүүчү мекемелеринин окуучулары – алар окууну аяктаганга чейин, бирок алар он сегиз куракка жеткенге чейинкиден ашык эмес) алар үчүн медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөр жылына 1,5 эсептешүү көрсөткүчү өлчөмүндө республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөнөт.
Башталгыч кесиптик окуу жайлардын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын окуучулары (анын ичинде сырттан же кечки бөлүмдө окуп жаткандар) алар жыйырма бир жаш куракка жеткенге чейин медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү камсыздандыруу полистерин сатып алуу аркылуу өз алдынча төлөйт.
Эгерде мамлекеттер аралык макулдашууларда башкасы каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар үчүн төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш берүүчү төлөйт же чет өлкөлүк жаран өз алдынча төлөйт.
Мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчылары, офицерлер, прапорщиктер, мөөнөттөн тышкаркы кызматтагы аскер кызматчылары, аскер кызматчысы болуп саналган аялдар медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү камсыздандыруу полистерин сатып алуу аркылуу өз алдынча төлөйт.
Медициналык милдеттүү камсыздандыруу системасына камтылбаган адамдар медициналык милдеттүү камсыздандыруунун полистерин сатып алуу аркылуу медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү төлөө укугуна ээ.
Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдар жана чет өлкөлүк жарандар жагынан ушул статьянын биринчи-сегизинчи бөлүктөрү колдонулат.”;
3) 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“10-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган
Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жана аларды Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фондуна жана башка камсыздандыруучуларга берүүнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.”;
4) 11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу органдар
Медициналык милдеттүү камсыздандырууну камсыздандыруучулар - Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары - Медициналык камсыздандыруу фонду) өзүнүн аймактык башкаруу органдары жана тиешелүү лицензиясы бар камсыздандыруу компаниялары аркылуу жүзөгө ашырат.
Медициналык милдеттүү камсыздандыруу системасындагы камсыздандыруучуну тандоо укугу камсыздандырылган жакка гана таандык жана камсыздандыруу төлөмдөрү чегерилген учурдан тартып келип чыгат.”;
5) 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“17-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөр
Камсыздандыруу төлөмдөрүн медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган Медициналык камсыздандыруу фондунун жана башка камсыздандыруучулардын өзүнчө эсептешүү эсептерине чогулат, ал жерде алар топтолот жана медициналык милдеттүү камсыздандыруу системасын каржылоого жумшалат.
Эгерде камсыздандыруу төлөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каралган төлөө мөөнөтүнүн жылы аяктагандан кийин келип түшпөсө, жарандарды медициналык милдеттүү камсыздандыруу убактылуу токтотулат.
Медициналык милдеттүү камсыздандыруу камсыздандырылган адамга камсыздандырылуучу болуп саналган иштеген жеринен бошотулган датадан тартып кийинки үч ай боюу сакталат.
Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин жаран жаӊы иштеген дери боюнча кайра келишим түзүүдө же болбосо медициналык милдеттүү камсыздандыруунун полисин өз алдынча сатып алууга милдеттүү.
6) төмөнкүдөй мазмундагы 22-1-статья менен толукталсын:
«22-1-статья. Медициналык камсыздандыруу жагынан камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын каражаттары
Медициналык камсыздандыруу жагынан камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын каражаттары бардык төлөм төлөөчүлөр төлөгөн медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү түзөт.
Медициналык камсыздандыруу жагынан камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын каражаттары тиешелүү уюмдардын менчиги болуп саналат, алып коюлууга жана кайра бөлүштүрүлүүгө тийиш эмес.”;
7) 23-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“23-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандыруу системасын башкаруу органдары
Медициналык милдеттүү камсыздандыруу системасынын жогорку башкаруу органы болуп Байкоочу кеӊеш саналат, ал бардык таламдаш министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомтсволордун, камсыздандыруучулардын, медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү төлөөчүлөрдүн, берүүчүлөрдүн, коомдук уюмдардын өкүлчүлүгүнүн принциби боюнча түзүлөт.
Медициналык милдеттүү камсыздандыруу системасынын аткаруучу органдары болуп Медициналык камсыздандыруу фонду, анын аймактык башкаруу органдары жана мамлекеттик, ошондой эле жеке камсыздандыруучулар саналат.”;
8) төмөнкүдөй мазмундагы 27-1-статья менен толукталсын:
«27-1-статья. Медициналык камсыздандыруу жагынан камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар
Медициналык камсыздандыруу жагынан камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар:
- медициналык камсыздандыруу жагынан мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышат;
- Кыргыз Республикасында жарандарды кошумча медициналык милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырат;
- төлөмдөрдү топтойт, төлөмдөр келип түшүшүнө жана кошумча медициналык милдеттүү камсыздандырууга жумшалуучу каражаттардын сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланылышына контролдук кылат, берүүчүлөр менен келишимдик мамилелердин алкагында медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына контролдукту уюштурат;
- жарандарды медициналык милдеттүү камсыздандыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет.”;
9) 29-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“29-статья. Медициналык камсыздандыруу фондунун, анын аймактык башкаруу органдарынын жана медициналык камсыздандыруу жагынан камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын жоопкерчилиги
Медициналык камсыздандыруу фондунун, анын аймактык башкаруу органдарынын жана медициналык камсыздандыруу жагынан камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын медициналык милдеттүү камсыздандыруу субъекттеринин алдындагы жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана берүүчүлөр менен келишимдик мамилелер менен аныкталат.
10) 30-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“30-статья. Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдын жоопкерчлиги
Медициналык милдеттүү камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган медициналык милдеттүү камсыздандырууга чогултулган каражаттарды Медициналык камсыздандыруу фондуна жана медициналык камсыздандыруу жагынан камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жактарга өз учурунда эмес жана толук эмес которгондугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын андан ары өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.
Рыноктук экономиканын шартында медициналык камсыздандыруу саламаттык сактоо системасынын маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналат, ал эмгекке жарамдуулукту толук же жарым-жартылай калыбына келтирүү аркылуу адамдын өмүрүндө келип чыккан жана ден соолугуна терс таасир эткен капыстыктан пайда болгон бир катар жагдайларды жоюуга же анын таасирин жеӊилдетүүгө чакырылган.
Советтик медицинанын башкы артыкчылыктарынын бири өзүнүн төлөөгө кудуретине карабастан медициналык жардамдын базалык көлөмүнө бардык ооруулулардын бирдей жеткиликтүүлүгү болгон. Бирок бул система тар жана чыгымдуу болгон, ал эми сапаты дайыма эле тиешелүү деӊгээлде болгон эмес. Борбордук Азия өлкөлөрү мураска алган саламаттык сактоо системасы ооруларды амбулаториялык алдын алууга караганда негизинен оорулууну стационардык дарылоо жана өнөкөт абалды киргизүү менен алектенген.
Союздун кыйрашы менен мамлекет тарабынан дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу кыскарган. Медициналык кызматкрелердин эмгек акысы кескин кыскарган. Расмий түрдө медицина постсоветтик өлчөлөрдүн калкы үчүн акысыз бойдон калганы менен, оорулуулар врачтарга алдын ала күтүлбөгөн расмий эмес суммаларды төлөй албаган жана көп учурда ооруканага дары-дармектерди жана буюмдарды өзү менен бирге алып келген кырдаалга дуушарланган.
Биринчи кадам саламаттык сакттоо ресрустарын бириктирүү жана областтык же улуттук деӊгээлде каражаттардын бир булагын түзүү болду. Медициналык камсыздандыруунун жалпы принциби катары ресурстарды топтоо буларды билдирген: мамлекет курактык топтор боюнча жана географиялык жактан көп сандаган оорулууларды (чыгымы көп), ошондой эле дени сак (чыгымы аз) жарандарды дарыялоодо муктаждыктын тобокелдигин бөлүштүрө алган. Кыргыз Республикасында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду түзүлгөн, ал каражаттарды топтоону тескейт жана аларды пайдаланууга көз салат.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо секторун реформалоонун Улуттук программасынын негизги багыты алгачкы саламаттык сактоону: ФАПтарды, үй-бүлөлүк врачтардын топторун, шашылыш жана адистешкен жардам жана коомдук саламаттык сакттоо кызматтарын өнүктүрүү болуп саналган.
2003-жылы мыйзамдарга ылайык Бирдиктүү Төлөөчүнүн системасы түзүлгөн, ал мамлекеттик бюджеттин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарын башкарууга ыйгарым укуктуу саламаттыктык сактоонун бирдиктүү финансылык органын караган. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аткаруучу орган болуп калган. Мындан тышкары, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун жаӊы механизмдери киргизилген. Бардыгы ушул жаӊы нерселер саламаттык сактоо секторун алда канча адилеттүү, ачык жана туруктуу каржылоо муктаждыктарына жооп бере алган каржылоо моделин түзүүгө багытталган.
Алмсак, Кыргызстанда милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын түзүү боюнча кадамдар жасалды, бирок бул багытта түп тамырынан өнүгүүгө жетишүүгө мүмкүн болгон жок. Кыргыз Республикасында ишке ашырылган модель мамлекеттик бюджетте толугу менен көз каранды, ошол эле учурда бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү кыйла чектелүү. Азыркы учурда бюджеттин каражаттарынын эсебинен камсыздандырылган бир адамга жылына 150 сом өлчөмүндө каражаттар каралган. Башкача айтканда, саламаттык сактоонун учурдагы системасы калктын сапаттуу медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга кудуретсиз экендиги айкын.
Кыргыз Республикасында милдетүү жана ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу удаалаш өкүмсүрөт жана бир-бирин толуктап турат. Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун (ММК) жана ыктыярдуу медициналык камсыздандыруунун (ЫМК) жалпы белгиси – катышуучулардын – камсыздандыруучунун, камсыздандырылуучунун жана медициналык уюмдун ортосундагы мамилелердин келишимдин негизи, негизги айырма: милдеттүү камсыздандырууну – мыйзамдын күчүнөн улам, ал эми ыктыярдуу камсыздандырууну – түзүлгөн камсыздандыруу келишиминин алкагында аткарууда турат.
Мында милдеттүү медициналык камсыздандыруу укуктук, ошондой эле экономикалык жана уюштуруу мүнөзүндөгү ар кыл чаралардын жыйындысы катары кабылданат, алар камсыздандырылган адамдарга акысыз медициналык жардамды берүүгө тийиш. Мындай жардам мыйзамда белгиленген учурлардын алкагында камсыздандыруунун ушул түрүнүн базалык программаларынын негизинде жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Ошентип, Кыргыз Республикасында ишке ашырылган, “милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасы” деп аталып калган модель камсыздандыруунун чыныгы модели болуп саналбайт. Ал болгону салык органдары жана Социалдык фонддун органдары чогултуучу салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кайра бөлүштүрүү функцияларын гана аткарат. ММКнын каражаттары система түзүлөн учурдан тартып Социалдык фондго түзөт жана андан соӊ Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (ММКФ) багытталат.
ММКнын ата мекендик системасынын олуттуу кемчиликтеринин бири камсыздандырылган пациентти, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнү камсыздандыруу мамлелеринин системасына киргизүү механизминин жоктугу болуп саналат. Ошондой эле ММКнын иштеп жаткан системасында камсыздандыруу учуру, камсыздандыруу тобокелдиги сыяктуу түшүнүктөр жок, ал эми каржфлык компенсациялар, эреже катары, сандык параметрлер: өзүнчө алынган кызмат көрсөтүүнүн нарктык мүнөздөмөлөрү, амбулаториялык келүү, койка-күн боюнча жүзөгө ашырылат.
Медициналык камсыздандырууну милдеттүү мамлекеттик жана ыктыярдуу (жекече) деп бөлүү көп сандаган дүйнө өлкөлөрүнө мүнөздүү. Ошондой эле жекече милдеттүү камсыздандыруунун тажрыйбасын да белгилеп кетүү зарыл (мисалы, камсыздандыруунун ушул түрү мамлекеттик чыгымдарды кысартуу максатында Нидерланддарда колдонулат), ал жерде камсыздандыруу мамлекеттик фонддордун жана бюджеттердин эсебинен жүзөгө ашырылат.
Мыйзам долбоорунда камсыздандыруу компанияларынын катышуусу менен республиканын иштеп жаткан калыкын кошумча милдеттүү камсыздандырууну белгилөө аркылуу милдеттүү жекече камсыздандыруу тажрыйбасын киргизүү сунуш кылынат. Мында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жүзөгө ашырып жаткан камсыздандыруунын колдонуудагы системасы сакталат.
Ушуга байланыштуу 2 пайыз өлчөмүндө кызматкердин кирешелеринин эсебинен милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн белгилөө сунуш кылынат (алдын ала эсептөөлөр боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн кошумча келип түшүшү 1,6 млрд сомго жакынды түзөт). Ушуну менен катар бюджетке жүктү жеӊилдетүү максатында аскер кызматчылары жана башталгыч кесиптий окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери 21 жаш куракка жеткенге чейин алар үчүн ММКга камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү кароо сунуш кылынат.
Мындан тышкары, камсыздандырылган пациентти камсыздандыруу мамилелеринин системасына киргизип, ага башкаруучу камсыздандыруу компаниясын тандоо укугун берүү сунуш кылынат. Мындай учурда медициналык мекемелердин - медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ортосунда жакшы атаандаштык келип чыгат. Бул өз кезегинде берилип жаткан медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын жакшырышына алып келет.
Алсак, саламаттык сактоону каржылоонун колдонуудагы бюджеттик-камсыздандыруу системасы камсыздандыруу принцибине негизделген каржылоо системасына өзгөртүп түзүлөт, ал эми эсептерди идентификациялоо (камсыздандыруу төгүмдөрүн персондоштуруу) ошондой эле камсыздандырылган жарандардын саны көбөйүшүнө жардам берет.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсепке алууну персондоштурууда камсыздандыруу эсептеринин ачыктыгы камсыз кылынат. Бул өз кезегинде жарандарга камсыздандыруу учуру келгенде аларга компенсация төлөнөт деген ишеничте болууга жаначегерүүлүөрдү жасоодон коркпоого мүмкүндүк берет. Жогоруда баяндалган жаӊы эрежелердин натыйжасында ММК системасына каражаттардын кошумча булактары саламаттык сактоонун консолидацияланган бюджетин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Сунуш кылынып жаткан чаралар милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына калкты алда канча толук камтууга мүмкүндүк берет, Кыргыз Республикасынын жарандарын тиешелүү деӊгээлдеги медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылат, камсыздандыруу маданиятын даӊазалайт жана бүтүндөй алганда милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын андан ары өркүндөтүүгө алып келет.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынны ченемдерине толук шайкеш келет.
Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылык чыгымдарды талап кылбайт, жана терс социалдык, экономикалык, укук коргоочу, гендердик, экологиялык жана коррупциялык натыйжаларга алып келбейт.
Баяндалгандардын негизинде «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору киргизилет.
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө», «Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
Салыштырма таблица