Демилгечилер: Жогорку Кенештин депутаттары И. Омуркулов, О. Бабанов, М. Абдылдаев
Сунуш-пикирлерди төмөнкү телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-87-23
Каттоо № 6-5466/17 09.03.2017
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин (мындан ары – Коопсуздук кеңеши) укуктук статусун, милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын, ошондой эле анын ишинин уюштуруучулук принциптерин белгилейт.
1-глава
Жалпы жоболор
1-берене. Коопсуздук кеңешинин укуктук статусу жана ыйгарым укуктары
1. Коопсуздук кеңеши Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү ишке ашырган конституциялык кеңешүү органы болуп саналат.
2. Коопсуздук кеңеши азыркы учурдун чакырыктарынан жана коркунучтарынан Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, суверенитетин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталган тышкы жана ички саясат маселелери, анын узак мөөнөттүү келечекте туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча чечимдерди иштеп чыгат.
2-берене. Коопсуздук кеңешинин укуктук негизи
1. Коопсуздук кеңешинин ишинин укуктук негиздерин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана аларга ылайык кабыл алынган коргоо жана коопсуздук жаатындагы мамилелерди жөнгө салган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, белгиленген мыйзам тартибинде күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери түзөт.
2-глава
Коопсуздук кеңешинин милдеттери жана функциялары
3-берене. Коопсуздук кеңешинин милдеттери
Төмөндөгүлөр Коопсуздук кеңешинин милдеттерине кирет:
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында мамлекеттик тышкы жана ички саясатты түзүү жана аны жүзөгө ашырууну контролдоо;
- улуттук кызыкчылыктарды коргоонун негизги багыттарын белгилөө, улуттук коопсуздуктун коркунучун алдын-алуу, талдоо жана баа берүү, аны болтурбоого багытталган чараларды иштеп чыгуу;
- ушул чөйрөдөгү иштеп жаткан же жаңы түзүлгөн мамлекеттик органдарды реформалоо жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу жолу менен улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасын өркүндөтүү;
- мамлекеттин коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылган мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугуна баа берүү;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык коллективдүү коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруу боюнча чечимдерди даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаралганда ыкчам аракеттенүүнүн комплекстүү чараларын кабыл алуу;
- өзгөчө абалды киргизүү, узартуу жана алып салуу; Кыргыз Республикасына агрессия болгон учурда же агрессиянын түздөн-түз коркунучу жаралганда жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону, согуштук абалды жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды даярдоо; бул маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү менен өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугун коргоо кызыкчылыгында аскердик абалды жарыялоо;
- аскер кызматчыларын, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле аскердик кызматтан бошонгон адамдарды социалдык коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүү;
- коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү башка милдеттер.
4-берене. Коопсуздук кеңешинин функциялары
Төмөндөгүлөр Коопсуздук кеңешинин функциялары болуп саналат:
- инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына ички жана тышкы коркунучтарды ачып табуу;
- мамлекеттик коопсуздук чөйрөсүндөгү концепцияларды, стратегияларды, доктриналарды жана башка стратегиялык документтерди, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу;
- коргоо жаатындагы стратегиялык пландаштырууну жана коопсуздукту камсыз кылууну ишке ашыруу;
- улуттук коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөнү камсыз кылуу жаатындагы тышкы жана ички саясатты жүзөгө ашыруунун жүрүшүн; социалдык-саясий жана экономикалык абалды; өлкөдөгү мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин абалын; терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун, чек ара коопсуздугун камсыз кылууну, өзгөчө кырдаалдар учурунда калкты жана мамлекеттин аймагын коргоону талдоо жана баа берүү;
- коргоону жана коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Коопсуздук кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын иштерин координациялоо, ошондой эле алардын натыйжалуулугуна баа берүү;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугуна коркунуч жаралганда ыкчам аракеттенүү чаралары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөргө жана укук коргоо органдарына инспекция жүргүзүүнү, коргонууну жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын иштерине текшерүүнү уюштуруу, аларды өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды киргизүү;
- мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн жетекчилеринин коргоо жөндөмдүүлүгү жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча отчётторун угуу;
- Коопсуздук кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча иштеп чыгууларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик актыларынын долбоорлорун кароону демилгелөө;
- коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы кол башчысынын директиваларынын, буйруктарынын жана чечимдеринин долбоорлорун даярдоо;
- Коопсуздук кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча илимий изилдөөлөрдү уюштуруу.
3-глава
Коопсуздук кеңешинин курамы жана түзүмү
5-берене. Коопсуздук кеңешинин курамы жана аны түзүүнүн тартиби
1. Коопсуздук кеңеши Коопсуздук кеңешинин Төрагасынан жана коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнөн турат.
2. Төмөндөгүлөр кызматтары боюнча коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү болуп саналышат:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги;
- милдетине укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери кирген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик көпчүлүк коалициясынын лидери;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин саны боюнча мүчөлөрү көп оппозициялык фракциясынын лидери;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коргоо жана коопсуздук маселелерин тейлеген комитеттин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси;
- Коопсуздук кеңешинин катчысы;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
- тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- финансы чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.
Ыкчам чечимдерди же башка токтоосуз каралуучу мүнөздөгү чечимдерди кабыл алууну талап кылган улуттук коопсуздук маселелерин талкуулоо үчүн Коопсуздук кеңешинин Төрагасы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен тар курамда жыйын же оперативдүү кеңешме өткөрөт, ал курамга төмөндөгүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги;
- Коопсуздук кеңешинин катчысы;
- тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.
6-берене. Коопсуздук кеңешинин Төрагасы
1. Кыргыз Республикасынын Президенти Коопсуздук кеңешинин Төрагасы болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын милдеттери Кыргыз Республикасынын жаңы Президенти шайланганга жана кызматка киришкенге чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлөт.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын ыйгарым укуктарын аткарууга мүмкүн болбогон учурда, аталган ыйгарым укукту Кыргыз Республикасынын Премьер-министри же Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткарган адам аткарат.
7-берене. Коопсуздук кеңешинин катчысы
1. Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
2. Коопсуздук кеңешинин катчысынын укуктук статусу, укуктары, милдеттери жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.
3. Коопсуздук кеңешинин катчысы Коопсуздук кеңешинин ишин камсыз кылуу жана чечимдерин аткаруу боюнча жоопкерчиликти алып жүрөт.
4. Коопсуздук кеңешинин катчысы Коопсуздук кеңешинин катчысынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуучу жана бошотулуучу орун басарларына ээ болот.
8-берене. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы
1. Коопсуздук кеңешинин ишин тынч мезгилде анын катчылыгы, ал эми согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы камсыз кылат.
2. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмүнө кирет.
3. Катчылыктын жобосу, түзүмү жана штаттык тизмеси Коопсуздук кеңешинин катчысынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
4. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы зарылчылыкка жараша аналитикалык иштерге мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, уюмдардын адистерин, эксперттерин тартат.
5. Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызмат адамдары мамлекеттик кызматчы болуп саналат.
4-глава
Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруунун тартиби
9-берене. Коопсуздук кеңешинин жыйыны
1. Коопсуздук кеңешинин жыйыны анын ишинин негизги уюштуруучулук формасы болуп саналат. Коопсуздук кеңешинин жыйыны зарылчылыкка жараша, эреже катары, жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт. Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын чечими боюнча кезексиз жыйын, ошондой эле ушул Мыйзамдын 5-беренесине ылайык тар түзүмдө жыйын өткөрүлүшү мүмкүн.
Коопсуздук кеңешинин жыйынынын күн тартиби жана аны кароонун тартиби Коопсуздук кеңешинин катчысынын сунуштамасы боюнча Төрага тарабынан аныкталат.
2. Коопсуздук кеңешинин жыйынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасы алып барат.
3. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн анын жыйынына катышуусу милдеттүү болуп саналат. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү анын ишинин жүрүшүндө жана чечимдерди кабыл алууда тең укуктарга ээ болушат. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү өздөрүнүн ыйгарым укуктарын башка кызмат адамдарына өткөрүп берүүсүнө жол берилбейт.
4. Эгерде жыйынга Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын же тар курамынын санынын көпчүлүгү катышса анын жыйыны ыйгарым укуктуу болуп саналат.
5. Коопсуздук кеңешинин чечимдери жыйынга катышкан Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат, Коопсуздук кеңешинин Төрагасы бекиткенден кийин күчүнө кирет.
6. Зарылчылыкка жараша күн тартибинин маселелери Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн жумушчу кеңешмесинде алдын-ала талкууланат, ал Коопсуздук кеңешинин катчысынын жетекчилигинде жүргүзүлөт.
7. Коопсуздук кеңешинин жыйынына мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жетекчилери жана талкуулануучу маселеге түздөн-түз тийиштиги бар башка адамдар чакырылышы мүмкүн.
8. Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдерди жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары жана тескемелери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик актылары чыгарылышы мүмкүн.
5-глава
Коопсуздук кеңешине кирген адамдардын ыйгарым укуктары
10-берене. Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын ыйгарым укуктары
Коопсуздук кеңешинин Төрагасы:
- Коопсуздук кеңешинин ишине жалпы жетекчиликти ишке ашырат;
- Коопсуздук кеңешинин иш планын жана анын жыйындарынын күн тартибин бекитет;
- Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүү убактысын жана ордун белгилейт;
- Коопсуздук кеңешинин жыйындарына жана Коопсуздук кеңешинин тар курамдагы жыйындарына төрагалык кылат;
- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү стратегиялык документтерди (концепцияларды, стратегияларды, доктриналарды), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн колдонуу боюнча пландалуучу жана директивдүү документтерди бекитет;
- өзүнүн демилгеси боюнча Коопсуздук кеңештин кезектеги жана кезексиз жыйындарын чакырат;
- Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Коопсуздук кеңешинин катчысынын учурдагы маалыматын угат;
- Коопсуздук кеңешине кароого киргизилген маселелер боюнча материалдарды, ошондой эле анын чечимдеринин долбоорлорун даярдоо боюнча Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө тапшырмаларды берет;
- каралып жаткан маселе боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынына мамлекеттик бийлик органдарынын жана коомдук уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, ошондой эле эксперттерди жана адистерди чакырат;
- Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштурат;
- жамааттык коопсуздук, аскердик кызматташтык, азыркы учурдун чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекет башчыларынын кеңешмелерине катышат, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин макулдугу боюнча коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге кол коёт;
- зарылчылык болгондо тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди өлкөдөн тышкаркы жерлерде аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн пайдалануу боюнча маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет;
- коргонуу жана коопсуздук жаатында мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт;
-Коопсуздук кеңешинин эмблемасын уюштурат.
11-берене. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары
Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү:
- Коопсуздук кеңешинин жыйындарына, күн тартибинин маселелерин талкуулоого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга өздөрү катышат;
- Коопсуздук кеңешинин иш планы, анын жыйынынын күн тартиби жана аны талкуулоонун тартиби боюнча сунуштарды киргизет;
- Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынында кароо үчүн материалдарды, анын чечиминин долбоорлорун даярдоону уюштурат;
- кабыл алынган чечимдерге макул болбогон учурда өзүнүн өзгөчө пикирин билдирүү укугуна ээ.
12-берене. Коопсуздук кеңешинин катчысынын ыйгарым укуктары
Коопсуздук кеңешинин катчысы:
- улуттук коопсуздуктун абалы жана Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине маалымдайт;
- Коопсуздук кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын ишине жалпы жетекчиликти ишке ашырат;
- Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын жетекчилигинде Коопсуздук кеңешинин иш планын иштеп чыгууну уюштурат, анын жыйындарынын күн тартибин түзөт, Коопсуздук кеңешинин жыйынына жумушчу материалдарды, ошондой эле анын чечимдеринин долбоорлорун даярдоону камсыз кылат;
- Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышын контролдоону ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча анын ишине байланышкан маселелер боюнча чет өлкөлүк мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын тийиштүү органдары менен мамилелерде Коопсуздук кеңешинин атынан чыгат;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана тескемелеринин долбоорлорун иштеп чыгууну уюштурат;
- Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө жана чакырылган адамдарга Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын датасы, өткөрүлүүчү жери жана күн тартиби жөнүндө өз учурунда маалымдайт, аларды зарыл маалымат берүүчү материалдар менен камсыз кылат;
- Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүн маалымдайт;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, илимий мекемелерден, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан жана уюмдардан Коопсуздук кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды суроого жана алууга укугу бар;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөргө, укук коргоо органдарына инспекция жүргүзүүнү, коргонууну жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын иштерин текшерүүнү, анын ичинде мамлекеттик контролдоочу жана көзөмөлдөөчү органдардын адистерин тартуу менен уюштурат;
- ушул Мыйзамдын 8-беренесине ылайык Коопсуздук кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча ведомстволор аралык комиссияларды, эксперттик жана жумушчу топторун түзөт;
- Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдер боюнча түшүндүрмө берет.
13-берене. Маалыматтын купуялуулугу
Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери жана чакырылган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу белгилүү болгон Коопсуздук кеңешинин иши жөнүндө купуя маалыматтарды же башка маалыматтарды жарыя кылууга укуксуз.
6-глава.
Корутунду жоболор
14-берене. Коопсуздук кеңешинин ишин каржылоо
Коопсуздук кеңешинин ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан ишке ашырылат.
15-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамды бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жоопкерчиликке тартылат.
16-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:
- мыйзам актыларын ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштарды киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
“Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Азыркы мезгилде мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунда Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү ишке ашырган конституциялык кеңешүүчү орган катары Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши иштеп жатат.
Бирок декабрдагы конституциялык реформа боюнча Коргоо кеңешин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши деп кайра түзүү каралды. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жалпы кырдаал ички жана тышкы өз ара байланышкан факторлор менен коштолгон бир катар олуттуу коркунучтардын күчөшү менен коштолууда. Дүйнөдө аскердик-саясий жана интеграциялык процесстердин жүрүшү мамлекет жана анын жарандары үчүн жаңы коркунучтардын жаралышынын фактору же болбосо анын күчөшү катары көрүнүүдө.
Мындай жагдай чечимдерди ыкчам кабыл алууну талап кылууда, бул өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү шарттардан болуп саналат.
Конституциялык органдын азыркы статусу жана аны түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна азыркы учурда жаралып жаткан коркунучтарга алдын ала таасир этүү системасын уюштурууда жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатты толук өлчөмдө чагылдыра албайт. Ушул Мыйзамдын айрым жоболору кыйла жагдайда өлкөнү коргоо алкагы мененаталган органдын компетенциясын чектеп коет. Мында “улуттук коопсуздук” түшүнүгүнүн башка маанилүү компоненттери органдын компетенциясынан сырткары калууда. Теориялык жана практикалык жагынан алганда “улуттук коопсуздук” деген түшүнүк кыйла кеңири болуп саналат жана өлкөнү куралдуу коргоо маселелерин гана эмес, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин жашап турушунун ар түрдүү чөйрөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу маселесин да өзүнө камтыйт. Баяндалгандарды эске алуу менен, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана бул чөйрөдө бирдиктүү мамлекеттик тышкы жана ички саясатты жүргүзүү маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу тартибин өркүндөтүү максатын кошуп алганда Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин ишмердигине айрым түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылабыз.
Азыркы учурдагы чакырыктардан жана коркунучтардан Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, суверенитетин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн коргоого, анын узак мөөнөттүү келечекте туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган ички жана тышкы саясат маселелери боюнча чечимдерди иштеп чыгуу боюнча Коопсуздук кеңешинин ыйгарым укуктары күчөтүлүүдө.
Ошондой эле, Коопсуздук кеңешинин укуктук статусуна, ылайык келтирүүнү камсыз кылуу максатында, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасын өркүндөтүүгө, инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарын ички жана тышкы тобокелчиликтенкоргоону, чакырыктарды жана коркунучтарды алдын алууну, талдоону жана баа берүүнү, ошондой эле алдын алуунун жетиштүү чараларын иштеп чыгууну өркүндөтүүгө анын ишмердигин (милдеттерин жана функцияларын) топтоштуруу сунуш кылынат.
Мындан тышкары, коргоону жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын иштерин текшерүү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана укук коргоо органдарына инспекция жүргүзүүнү уюштуруу жолу менен ишке ашырылат. Мындай чара алардын ишине объективдүү мониторингди камсыз кылууга, аларды өркүндөтүү боюнча практикалык жана негиздүү сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошону менен бирге, Коопсуздук кеңешинин курамын, түзүмүн жана уюштуруу тартибин кайра карап чыгуу сунуш кылынууда. Айтсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Коопсуздук кеңешинин курамына кызматы боюнча Төрага, коргоо жана коопсуздук маселелерин тейлеген комитеттин төрагасы, ошондой эле парламенттик көпчүлүк коалициянын лидери жана саны боюнча мүчөлөрү көп оппозициялык фракциянын лидери кирет.
Мында ыкчам чечимдерди жана башка кечиктирилгис мүнөздөгү чечимдерди кабыл алууну талап кылган улуттук коопсуздуктун маселелерин талкуулоо Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынында жана тар курамдагы оперативдүү кеңешмеде төраганын жетекчилигинин алдында жүргүзүлөт, ага Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги, Коопсуздук кеңешинин катчысы, ошондой эле тышкы иштер, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын жетекчилери киришет.
Мындан тышкары,мыйзамдын жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболоруна ылайык келтирүү сунуш кылынат. Негизги мыйзамдын жогоруда аталган беренелерине соңку өзгөрүүлөргө ылайык Президент өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда, анын ыйгарым укуктарын жаңы президент шайланганга чейин Жогорку Кеңештин Төрагасы, ал аткарууга мүмкүн болбогондо Премьер-министр же Премьер-министрдин милдетин аткаруучу адам аткарат.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору социалдык, гендердик, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.
Улуттук мыйзамдарга жүргүзүлгөн талдоонун натыйжалары боюнча мыйзам долбоору колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, күчүнө кирген эл аралык келишимдерге карама-каршы келбейт.
Жогорку Кеңештин депутаттары И. Омуркулов
О. Бабанов
М. Абдылдаев