Демилгечи: Жогорку Кенештин депутаты А.Баатырбеков
Сунуш-пикирлерди төмөнкү телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-88-75
Каттоо № 6-5983/17 14.03.2017
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы
долбоор
Кыргыз РеспубликасынынМыйзамы
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (“ЭркинТоо” газетасы, 2017-жылдын 17-февралы, № 12-13) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 211-беренетөмөнкүдөй мазмундагы абзац менентолукталсын:
“Экстремисттикже террористтик иш-аракетти жүзөгө ашырууга чакырган же болбосо аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаганмаалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө арыздар боюнча соттор чыгарган чечимдер жарыялангандан кийин дароо мыйзамдуу күчүнө кирет.”;
2) 3-бөлүмчө төмөнкүдөй мазмундагы 25-1-глава менентолукталсын:
“25-1-глава. Экстремисттик же террористтик иш-аракетти жүзөгө ашырууга чакырган же болбосо аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган маалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө арыздар боюнча өндүрүш
261-1-берене. Арызды берүү
1. Прокурор өз компетенциясынын чегинде, экстремисттик же террористтик иш-аракетти жүзөгө ашырууга чакырган же болбосо аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган маалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө арыз менен сотко мындай материалдар табылган же таркатылган жер боюнча же болбосо мындай материалдарды чыгарууну жүзө ашырган уюм жайгашкан жер боюнча, ушул Кодекстин 4-главасындагы сотко караштуулук жөнүндө эрежелерди сактоо менен кайрылууга укуктуу.
2. Прокурордун арызы боюнча сот ушул Кодекстин 14-главасында каралган тартипте чечим чыгарганга чейин маалыматтык материалдардын жеткиликтүүлүгүн убактылуу чектөөгө укуктуу.
1. Арызды сот ал келип түшкөн учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө кароого тийиш. Эгерде арызда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, алар боюнча чечим беш күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен кабыл алынат.
2. Арызды сот талапты билдирген прокурордун жана, эгерде турган орду белгилүү болсо, арызда көрсөтүлгөн жактардын катышуусунда карайт. Арызда көрсөтүлгөн, сот жыйналышынын убагы жана орду жөнүндө талаптагыдай түрдө кабардар кылынган жактардын сотко келбөөсү ишти кароого жана чечүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.
3. Эгерде арызда көрсөтүлгөн жактардын турган орду белгисиз болсо, сот арызды алардын катышуусусуз карайт.
261-3-берене. Соттун арыз боюнча чечими жана анын аткарылышы
1. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими юстиция чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органына жарыялоо үчүн жөнөтүлөт.
2. Соттун чечими ушул Кодекстин 41-главасында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.”.
2-берене
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
“Кыргыз РеспубликасынынЖарандыкпроцесстиккодексинеөзгөртүүлөрдүкиргизүүжөнүндө” Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын долбооруна карата
маалымкат-негиздеме
Экстремисттик же террористтик иш-аракетти жүзөгө ашырууга чакырган же болбосо аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган маалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө иштерди мындай материалдар табылган же таркатылган жер боюнча же болбосо мындай материалдарды чыгарууну жүзө ашырган уюм жайгашкан жер боюнча жөнөкөйлөтүп жана тездетип кароонун механизмдерин түзүү максатында 2016-жылдын 1-июлундагы № 97 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына) өзгөртүүлөрдүкиргизүү тууралуу” Кыргыз РеспубликасынынМыйзамында аталган материалдар боюнча өзүнчө арыздарды кароонун механизми аныкталган. Ошондон кийин, Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан сот реформасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик жаӊы кодекси кабыл алынды, ал “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына ылайык
2017-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде жогоруда аталган материалдар боюнча өзүнчө арыздарды кароо боюнча сот өндүрүшү каралган эмес.
Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кеӊешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнчакомитети экинчиокууда кабыл алынып калган Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик жаӊы кодексине ошол учурда өзгөртүүлөрдүкиргизүүгөмүмкүндүк болбогондуктан жана аталган Кодекс 2017-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кире тургандыгын көӊүлгө алып,2016-жылдын 17-ноябрында тийиштүү мыйзам долбоорун даярдоону сунуштаган.
Кылмыштуу максаттарда колдонулуучу маалыматтык технологиялар жалпы дүйнөлүк коркунучка айлангандыгын, мамлекеттин саясий жана экономикалык акыбалына көз карандысыз түрдө эл аралык мүнөздөгү көйгөй болуп санала тургандыгын эсепке алуу менен, ошондой элеКыргыз Республикасынынмыйзамдарындагы боштукту толтуруу масатында ушул мыйзам долбоору даярдалды.
“Кыргыз РеспубликасынынЖарандыкпроцесстиккодексинеөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата
салыштырма таблица