Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 19-апрели № 1511-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2017-жылдын 19-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

03-05-2017
15:45

2017-жылдын 19-апрели № 1511-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2017-жылдын 19-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 19-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

“Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон, ижарага алынган жана менчиктештирилип кеткен жер участокторунун, имараттарынын, орун жайларынын жана курулмаларынын абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун жеткире иштелип чыккан долбоору тууралуу;

“2010-жылы болгон мародерлук, банктык ячейкаларды талап-тоноо, ошондой эле мурда К. Бакиевдин (М. Бакиев, А. Ширшов, А. Елисеев), К. Батыровдун айлана-чөйрөсүнө тиешелүү болгон “Альфа-Телеком” ЖАКсын (Мегаком), “Бишкек мунайзат компаниясы” ЖАКсын, “Дастан” ТУК ААКсын, “Азия Универсал Банк” АКсын, “Кыргыз көмүр” МИсин кошуп алганда, бардык улутташтырылган объектилерди сатууга тиешелүү жана “Кыргызтелеком” ААКсынын интернет-кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатуу бүтүмдөрүнүн фактыларына байланыштуу маселелерди изилдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.

 

 

 

Төрага                                                                                      Ч.А. Турсунбеков