Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 16-июну № 733-VI “2015-жылдын 13-декабрында Эль-Кувейт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

29-06-2016
12:00

2016-жылдын 16-июну № 733-VI

“2015-жылдын 13-декабрында Эль-Кувейт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 1-апрелиндеги № 168-токтому) “2015-жылдын 13-декабрында Эль-Кувейт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

 

Төрага                                                                                 Ч.А. Турсунбеков