Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 16-июну № 735-VI “2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2007-жылдын 6-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарын жабдуу үчүн атайын техниканы жана атайын каражаттарды берүүнүн жеңилдетилген шарттары тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө экинчи протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

29-06-2016
12:09

2016-жылдын 16-июну № 735-VI

“2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2007-жылдын 6-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарын жабдуу үчүн атайын техниканы жана атайын каражаттарды берүүнүн жеңилдетилген шарттары тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө экинчи протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 12-майындагы № 242-токтому) “2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2007-жылдын 6-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарын жана атайын кызматтарын жабдуу үчүн атайын техниканы жана атайын каражаттарды берүүнүн жеңилдетилген шарттары тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө экинчи протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

 

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн аларды негиздөө менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

 

Төрага                                                                                 Ч.А. Турсунбеков