Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзам долбоору  2016-жылдын 4-июлунан тартып коомдук талкууга коюлат

04-07-2016
11:47

ДЕМИЛГЕЧИЛЕР:  Жогорку Кеңештин депутаттары Д.Бекешев, М.Бакиров   

 Сунуш-пикирлерди төмөнкү электрондук даректерге жөнөтүңүз   akismailov@adm.gov.kga.aiylchiev@adm.gov.kgcivic@platforma.kg

Каттоо номери: № 6-18461/16     01.07.16

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Долбоор

 

 Кыргыз Республикасынын

"Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзамы

I- глава. Жалпы жоболор.

1-     статья. Ушул Мыйзамдын иштөө чөйрөсү

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында электрондук башкаруу тартибин аныктайт.

2. Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызматкерлери, уюмдардын жана жарандардын электрондук документтерди жана ар түрдүү маалыматтарды электрондук формада колдонуу менен ар кандай юридикалык маанилүү чечимдерди кабыл алуусу жана аткаруусу электрондук башкаруу деп эсептелинет.

3. Ушул Мыйзам мамлекеттик инфраструктураларды жана башка тармактарды электрондук башкаруу менен колдонууда, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук формада кызмат көрсөтүү боюнча аракеттерде колдонулат.

2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулган аныктамалар.

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн колдонулган аныктамалар төмөндөгүдөй түшүндүрүлөт:

1)маалымат –  берилген формасына карабастан маалыматтар жана билдирүүлөр.

2)маалымат технологиясы - процесстер, издөө ыкмалары, маалыматтарды чогултуу, сактоо, колдонуу, сунуштоо, маалымат таратуу;

3)маалымат системасы - маалымат базаларында камтылган, маалыматтык технологияларды жана техникалык каражаттарды кайра иштетүүнү камсыздаган маалыматтардын жыйындысы;

4)маалымат ээси - бир жактын (жеке же юридикалык, анын ичинде Кыргыз Республикасында жана муниципалдык билим берүү), өз алдынча маалымат жараткан же болбосо мыйзамдын же келишимдин негизинде алган кайсы бир малыматка уруксат берүү жана ага жетүүгө тыюу салуу укугуна ээ болсо;

5)маалыматка жетүү - маалымат алуу жана аны пайдалануу  мүмкүнчүлүгү;

6)маалымат берүү – айрым бир адамдардын тобу тарабынан маалымат алууга багытталган, же айрым бир адамдардын тобуна маалымат берүүгө багытталган иш-аракеттер;

7) маалымат таратуу – белгилүү топтогу жактардын маалымат алуусуна же болбосо белгилүү жактарга маалымат берүү аракеттери;

8)документ – материалдык алып жүрүүчүдө реквизиттери менен документтештирилип, андагы маалыматты, же болбосо материалдык алып жүрүүчүнү аныктоого ылайык  катталуусу;

9)электрондук документ –  электрондук эсептегич машиналарды колдонуу менен  адам кабыл алгыдай түрүндө берилген электрондук формадагы документтештирилген маалымат;

3-статья. Кыргыз Республикасында электрондук башкаруунун милдеттери

Кыргыз Республикасында электрондук башкаруунун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1)инсанды, коомду жана мамлекетти, маалыматтык коомдун техникалык жана технологиялык негиздерин өнүктүрүүнүн натыйжалуу жана туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;;

2)мамлекетти жана бизнести башкаруу системасында коррупциялык факторлорду жоюу,

3)заманбап маалымат-байланыш технологияларын пайдалануу менен жарандар сапаттуу кызматтарды үзгүлтүксүз жана өз убагында алуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле, бул маалымат алуу үчүн зарыл;

4)мамлекеттик башкаруу органдарынын толук кандуу ачык-айкындуулугун камсыз кылуу;

5)Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу.

4-статья. Электрондук башкаруунун принциптери

1. Электрондук башкаруу адамдын жана жарандын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу жана коргоо максатында ишке ашырылат. Адамдын жана жарандын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуу коркунучун жараткан учурда электрондук башкарууга өтүүгө уруксат берилбейт. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары жана башка уюмдар электрондук башкаруунун каражаттарын колдоноор алдында алардын коопсуздугуна жана ишенимдүүлүгүнө ишенүү үчүн текшерип алуулары кажет.

2. Жеке жактар мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара кызматташуунун электрондук же башка түрүн тандап алууга укуктуу. Жеке жактардын укуктарын жүзөгө ашыруу жана мазмуну мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташтыкты ишке ашырууда кандай түрдө жүргүзүлөөрү (электрондук же башка) эч нерсеге көз каранды эмес.

3. Электрондук башкаруунун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын ушул жана башка Мыйзамдарында бекитилген талаптарына ылайык маалымат технологияларын пайдаланууга укуктуу.

4. Электрондук башкарууда колдонулуучу электрондук документтердин форматы жана электрондук документтерди алмашууда маалымат технологиялары электрондук башкаруунун баардык кызыкдар болгон мүчөлөрү тарабынан ушул электрондук документтерди пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышы керек.

5. Электрондук башкаруу, жөнүндө маалымат, анын ичинде электрондук формада  мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алуу ыкмалары, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына суроо-талап, кайрылуу же башка билдирүүлөрдү жолдоонун жолдору баарына жеткиликтүү. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Интернетте өздөрүнүн сайттарына ушундай маалыматтарды жарыялоого жана жарандар менен уюмдардын кайрылууларына ылайык жоопторду камсыз кылууга милдеттүү.

II-глава. Электрондук башкаруунун мамлекет тарабынан тескелиши.

5-статья. Электрондук башкарууну мамлекет тарабынан тескөөнү уюштуруу.

1. Электрондук башкарууну мамлекет тарабынан тескөө Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүү координациясын төмөндөгүлөр ишке ашырышат:

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу электрондук башкаруу жана  маалымат-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү борюнча Кеңеш (мындан ары – Кеңеш) Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүү координациясы боюнча жогорку орган болуп саналат;

б) Ведомстволор аралык макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелерде электрондук башкарууга өтүү боюнча  ведомстволордун долбоорлорун координациялоо, аны менен катар электрондук түрдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жана киргизүү процессин камсыз кылган ведомстволор аралык маалыматташтырууну координациялоо комиссиясы (мындан ары Комиссия).

3. уюштуруу-усулдук, Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук башкарууга өтүү үчүн маалыматтык-аналитикалык жана техникалык колдоо электрондук башкаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу болуп эсептелет (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган).

4. Башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана коммуналдык ишканалар жана мекемелер, ошондой эле башка уюмдар өз уюмдарынын алкагында электрондук башкаруу тартибин, эгерде ушул Мыйзамда каралган жана ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган актыларда башка каралбаса, анда өз алдынча аныктай алышат.  

5. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана жарандар өз ара кызматташууда электрондук башкарууну жүргүзүү тартибин аныктоочу макулдашууларды түзүүгө укуктары бар. Мындай келишимдердин шарттары келишимдеги бардык тараптар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

6-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктары

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү электрондук башкаруу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылат.  

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

а)Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүү программаларын жана пландарын карап чыгат жана бекитет, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт;

б)Кеңеш, Комиссия жана Ыйгарым укуктуу орган, анын ичинде аталган органдардын ыйгарым укуктары жана алардын түзүү тартиби тууралуу жоболорду бекитет, бул органдардын пайда болушун камсыз кылат жана алардын иш-аракетин көзөмөлдөйт;

в)Кеңештин жеке курамын бекитет;

г)электрондук кызмат боюнча мамлекеттик порталды колдонуу эрежелерин, анын ичинде порталда маалымат жайгаштыруу, актуалдаштыруу жана маалымат алуу эрежелерин бекитет;

д)ведомство аралык электрондук өз ара кызматташуу системасынла талаптарды, анын ичинде сурап билүү маалымат системасында талаптарды, ошондой эле ведомство аралык өз ара кызматташуу системасына кошулуу тартибин жана ведомство аралык өз ара кызматташуу системасында маалымат алмашуу интерфейстерге жана маалыматтарга карата талаптарды, аларга биригүүчү маалымат системаларын бекитет; 

е)мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электрондук документтеринде, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына түшкөн кайрылуулар түрүндө электрондук документтердеги маалыматтардын реквизитине жана формасына (формат)  карата талаптарды бекитет;

ж)идентификациянын бирдиктүү системасы тууралуу жобону бекитет, анын ичинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарга кайрылууда жөнөкөй электрондук кол тамгаларды пайдалануу эрежелерин, ошондой эле жөнөкөй электрондук кол тамгалардын ачкычтарын түзүү жана берүү эрежелерин, мындан тышкары мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарга кайрылууда жөнөкөй электрондук кол тамгалардын ачкычтарын түзүү жана берүү укугуна ээ болгон орган жана уюмдардын тизмесин бекитет;   

з)мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуучу, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына түшкөн кайрылууларда колдонулуучу электрондук кол тамгалардын түрлөрүн аныктайт; 

и)мамлекеттик маалымат системаларын түзүү, өнүктүрүү, ишке киргизүү, иштетүү, иштен чыгаруу тартибине болгон талаптарды, мындан тышкары,  алардын маалымат базаларында камтылган маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды бекитет; 

к)мамлекеттик маалыматтарды иштетүү борборлору үчүн жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптарды, анын ичинде алардын коргонуу  жана туруктуулугу боюнча талаптарды, ошондой эле, электрондук башкаруу боюнча мамлекеттик инфраструктуранын курамына  мамлекеттик маалыматтарды иштетүү борборлору жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарын кошуу тартибин  бекитет;

л)электрондук почта боюнча мамлекеттик система жана аны колдонуу эрежелери тууралуу жобону бекитет; 

м)электрондук төлөмдөр боюнча мамлекеттик система тууралуу жобону, анын ичинде аталган  системага кошулуу эрежелерин бекитет;

н)базалык мамлекеттик маалымат ресурстарын түзүү, актуалдаштыруу жана колдонуу тартибине болгон талаптарды, анын ичинде, жеке маалымат субъектилеринин укуктарынын сакталышына багытталган чараларды, ушул Мыйзамга ылайык маалыматты коргоо чаралары, ошондой эле, базалык мамлекеттик маалымат ресурстарындагы жашыруун маалыматтардын купуялуулугун сактоо боюнча чаралардын тизмесин бекитет;

о)базалык мамлекеттик маалымат ресурстарынын реестрин түзүү, актуалдаштыруу жана колдонуу тартибин бекитет;

п)электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктура реестрин жүргүзүү эрежелерин, анын ичинде инфраструктура элементтерин реестрге киргизүү жана чыгаруу эрежелерин бекитет. 

7-статья. Кеңеш

1. Кеңештин ишинин максаты электрондук башкаруу жаатында Кыргыз Республикасынын саясатын иштеп чыгуу жана талкуулоо болуп саналат. Кеңештин өз ыйгарым укуктарынын алкагында кабыл алган чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан актылар менен бекитилет жана бардык министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, уюмдар жана жарандар тарабынан аткарылууга тийиш.    

2. Кеңештин ыйгарым укуктары:

а) электрондук башкарууга өтүү, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук формада көрсөтүү маселелери боюнча сунуштарды кароо;

б) Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүү үчүн программаларды жана пландарды даярдоо жана талкуулоо;

в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында электрондук башкаруу укуктук актылардын долбоорлорун, ошондой эле, электрондук башкаруу жаатында мыйзамдардын долбоорлорун шайкеш келтирүү;

г) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан электрондук башкаруу жаатында ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка Мыйзамдарын, Президенттин актыларын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;    

д) Комиссиянын ишин контролдоо жана көзөмөлдөө;   

е) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын жана административдик регламенттеринин долбоорлорун макулдашуу.

3. Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдарга маалымат алуу максатында кайрылуларды жасоого жана Кеңештин жыйынына бул органдардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин жекече катышуусун талап кыла алат. Кеңештин электрондук башкаруу маселелерине арналган кайрылууларын Кыргыз Республикасынын баардык органдары жана уюмдары канааттандырганга милдеттүү. Кеңештин жооптуу катчысы болуп Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси саналат.

4. Кеңеш жыл сайын Интернетте өзүнүн сайтында электрондук башкарууга өтүү боюнча өткон жылдагы план жана программаларды ишке ашыруу тууралуу отчетун, ошону менен бирге Кеңештин сунушу менен электрондук башкаруу жаатында кабыл алынган нормативдик укуктук актылар жана аталган актылардын аткарылышынын мониторингинин жыйынтыгы, мындан тышкары, Кыргыз Республикасында электрондук башкаруууга өтүүдө чыгымдар тууралуу маалыматтарды жарыялап турат.

8-статья. Комиссия

1. Комиссия Кеӊештин туруктуу жумушчу органы болуп саналат. Комиссиянын максаты болуп, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалар жана мекемелердин мамлекеттик башкарууга өтүү процессинде, ошондой эле, электрондук түрдө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү жана ишке киргизүү процесстеринде иштерин башкаруу болуп эсептелет.

2. Комиссияны төрага(төрайым) жетектейт, ал Комиссиянын ишин уюштурат жана жыйындарын өткөрөт, Кеӊеште жана башка мамлекеттик органдарда Комиссиянын атынан иш алып барат.  Комиссиянын төрагасы(төрайымы) укуктук актыларда каралган милдеттенмелерди, ошондой эле, Комиссияга карата Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдерди аткарууга жеке жооптуу.  Комиссиянын жооптуу катчысы болуп, Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси саналат.

3. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

а) электрондук башкарууга өтүү боюнча өз ара ички пландарды даярдоо жана ишке ашырууга башчылары тарабынан буйрук менен ыйгарым укук берилип дайындалган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамындагы министрлердин, баардык министрликтердин административдик ведомстволорунун, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жетекчилеринин  орун басарлары;

б) маалымат технологиясы жана маалымат-коммуникативдик технологиялар жаатында жогорку даражалуу кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына кирген бардык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун кызмат адамдары - . - электрондук башкарууга өтүүдө техникалык жактан жооптуу  

 

4. Комиссиянын иши Комиссиянын отуруму жана комиссиянын жумушчу топторунун отуруму түрүндө уюштурулат. Комиссия мүчөлөрү өздөрү кирген комисииянын отурумуна жана комиссиянын жумушчу топторунун жыйналыштарына катышууга милдеттүү. Комиссиянын чечимдери көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана Комиссиянын бардык мүчөлөрү үчүн милдеттүү түрдө күчкө ээ болот. Комиссиянын мүчөлөрү жеке Комиссиянын чечимдерин ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп саналат.

5. Комиссия, анын ыйгарым укуктарынын чегинде:

а) жамааттык жана өз ара кабыл алган чечимдердин негизинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат орундарына жана пландар боюнча мекеме аралык макулдашууну жүзөгө ашырат;

б) электрондук башкарууга өтүү бекитилген программаларды жана пландарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон издөө макулдашууну жана мыкты уюштуруу-техникалык чечимдерди камсыз кылуу, электрондук башкаруу тармагындагы чечимдер жана башка ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу;

в) Электрондук башкаруунун бирдиктүү инфраструктурасынын алкагында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнүн стандарттары иштелип чыгып, анын ишке ашуусун камсыз кылат;

г) электрондук башкарууга өтүүдө бекитилген программалар жана пландар ведомстволук ички пландардын «жол картасы» аткарылышын, Кеңештин чечимдерин жана электрондук башкаруунун башка бир тармактарындагы укуктук актылардын аткарылышын макулдашат жана камсыз кылат,;

д) электрондук башкаруу тармагына бирдиктүү глоссарийи терминин киргизип, Глоссарийге киргизүү үчүн аныктамаларды макулдашат;

 е) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, электрондук башкаруу сунуштар жаатындагы ченемдик-техникалык документтер менен иштеп жаткан эл аралык жана улуттук тажрыйбаны эске алуу менен, иштеп чыгуу жана басып чыгаруу;

ж) зарыл болгон учурда өзүнүн ишине же жумушчу топтордун ишине тиешелүү эксперттерди жана эл аралык эксперттерди тартат.

6. Комиссиянын төрагасы (төрайымы) Кеңештин ар бир жыйынында Комиссиянын иши жөнүндө отчет берет. Комиссиянын иши тууралуу отчеттор Интернеттеги сайтында жарыяланып турушу керек.

9-статья. Ыйгарым укуктуу орган

1. Ыйгарым укуктуу органдын максаты Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүүнү уюштуруу, усулдук, маалымат-аналитикалык жана техникалык жагынан камсыздоо болуп саналат.

2. Алдыга койгон максаттардын алкагында Ыйгарым укуктуу орган төмөндөгүдөй иш-милдеттерди жүзөгө ашырат

а) Кеңештин жана Комиссиянын ишин камсыз кылуу, аны менен бирге Кеңештин жана Комиссиянын катчылыгынын иш-милдеттерин аткаруу;

б) электрондук башкарууга өтүүдө мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарга көмөктөшүү, аны менен бирге электрондук түрдө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө алардын регламенттерин, стандарттарды, жол жоболорун иштеп чыгуу жана макулдашууга көмөктөшүү, ачык жана отчет берип туруучу башкаруунун ыкмаларын, заманбап маалымат технологияларынын негизинде ачык маалымат моделдерин пайдалануу механизмдерин түзүүдө айкындуулук жана отчет берип тургандай кылган демилгелерди жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун баалоочу усулдарды иштеп чыгууга, ачык маалымат порталын түзүүгө көмөктөшүү;

в) мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ишканалар, мекемелер үчүн маалымат системаларын жана технологияларын сатып алууда (модерндештирүү) техника-экономикалык негиздемелер, техникалык спецификация, техникалык тапшырмаларга карата талаптарды иштеп чыгуу;

г) электрондук башкаруунун инфраструктурасын түзүүнү камсыз кылуу;   

д) электрондук башкарууну натыйжалуу түрдө ишке киргизүү үчүн иштеп жаткан ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу, анын ичинде электрондук түрдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жол жоболорун, ведомство аралык өз ара кызматташуунун жол жоболорун жакшыртуу боюнча  сунуштарды даярдоо жана максатка ылайык анализ жүргүзүү;  

е) электрондук башкаруунун натыйжалуулугунун, аны менен бирге  мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аныктоо жана мониторинг жүргүзүү;  

ж) мамлекеттик маалымат системаларынын жана электрондук башкаруунун маалымат ресурстарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгууга катышуу жана жүзөгө ашырууда көмөк көрсөтүү;   

з) электрондук башкаруу жаатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин билимин көтөрүү үчүн билим берүү усулдарын иштеп чыгууга, электрондук башкаруу жаатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин кызматкерлеринин билимин жана тажрыйбаларын текшерүүнүн усулдарын иштеп чыгууга катышуу;

и) мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана уюмдардын суроо-талабы боюнча электрондук башкаруу жаатында эксперт жана кеп-кеңеш кызматтарын, аны менен бирге үйрөтүү кызматтарын көрсөтүү;

к) электрондук башкаруу жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө катышуу.

III-глава. Электрондук башкаруунун негиздери

10-статья. Электрондук башкарууда маалымат жана маалымат технологиялары

1. Кыргыз Республикасында электрондук башкаруу толук, так жана актуалдуу маалыматтын негизинде ишке ашырылат. Электрондук башкарууну жүргүзүүдө маалыматтын толуктугун, аныктыгын жана актуалдуулугун камсыз кылуу маалыматтын ээсине жүктөлөт.        

2. Маалымат коомдук, жарандык жана башка укуктук мамилелердин объектиси боло алат. Маалыматты адамдар эркин пайдалана алышат, бир адамдан башка бир адамга жиберилет, ошондой эле, ушул максаттарга ылайык иштетилет.

3. Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын максаттарына ылайык, кандайдыр бир мазмундагы же тийиштүү формада берилген маалыматты чогултууга, жайылтууга жана берүүгө, ошондой эле, кээ бир маалымат технологияларын колдонууга чектөөлөр болушу мүмкүн. 

11-статья. Маалымат ээсинин укуктары жана милдеттери

1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, маалымат ээси төмөнкүлөргө укуктуу:

а) өз ыктыяры менен маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө уруксат берүү же чектөө, мындай жеткиликтүүлүктүн шарттарын жана тартибин аныктоо;

б) маалыматты пайдалануу, ошондой эле өз ыктыяры менен аны бөлүштүрүү;

в) башка адамдарга келишимдүү түрдө же мыйзамда көсөтүлгөн негиздемелерге ылайык маалымат берүүгө;

г) башка адамдар тарабынан мыйзамсыз түрдө маалымат алуу же мыйзамсыз пайдалануу учурларында мыйзамдарда бекитилген ыкмаларга ылайык өз укуктарын коргоо;

д) маалымат менен башка иш-аракеттерди жүргүзүүнү ишке ашырат же болбосо мындай иш-аракеттерди жүргүзүүгө уруксат берет.

2.Маалымат ээси милдеттүү:

а) башка адамдарга маалыматтын жеткиликтүүлүгү менен камсыз болуу укугун ишке ашырууга көмөктөшүү;

б) эгерде мындай милдеттенме мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же тараптардын макулдашуусунда белгиленсе, анда маалыматтын жеткиликтүүлүгүн чектөө.  

3. Маалымат ээси, эгерде мыйзам тарабынан жол берилсе, маалыматты башка адамга маалымат ээсинин макулдугусуз (маалыматтардын купуялуулугун сактоо талабы) үчүнчү адамга өтүп кетпегидей шарт менен берүүгө укуктуу. Маалыматты алуучу, маалыматтардын купуялуулугун сактоо талабын бузса, маалымат ээсине келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү, бирок төмөнкү учурлар эске алынбаганда: 

а) маалымат жалпыга жеткиликтүү болуп саналат же ушундай болуп калганына маалымат алуучу өз милдеттерин так аткарбагандыгы себеп эмес;

б) маалымат алуучу тарабынан мурда эле өз алдынча иштелип чыккан  же үчүнчү жактан купуялугун сактоо боюнча талаптар сакталбай алынган.

 

12-статья. Жалпыга жеткиликтүү маалымат жана ачык маалыматтар

1. Маалымат жалпыга жеткиликтүү болуп саналат, эгерде ага жетүү мыйзам боюнча же маалыматтын ээсинин чечимине ылайык чектелбесе.

2. Жалпыга жеткиликтүү маалыматтарды интеллектуалдык менчик обьектилерине болгон өзгөчө укуктарды коргоо шарттарын эске алуу менен, ошондой эле маалыматтардын айрым түрлөрүн таратуу, берүү, пайдалануу, иштетүүдө мыйзамдарда бекитилген чектөөлөрдү кармануу менен ар ким каалагандай пайдаланса болот.  

3. Маалымат ээси ал тарабынан жалпыга жеткиликтүү болгон маалыматты андан ары таратууга, өзүн бул маалыматтын булагы катары көрсөтүүнү шарттай алат.

4. Маалымат, ошону менен катар аны пайдалануу максатында алдын ала өзгөртүүсүз автоматтуу түрдө иштетүүгө боло турган форматта Интернет аркылуу таралып жаткан маалыматтар ачык маалымат болуп саналат .

13-статья. Купуя маалымат

1. Купуя маалымат деп мыйзамга ылайык же маалымат ээсинин чечими менен жеткиликтүүлүгү чектелген маалымат эсептелет. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары тарабынан маалымат улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, саламаттыкты жана коомдук адептүүлүлүктү сактоого, жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндигин коргоо максаттарында чектелет.  Киргизилген чектөөлөр айтылган максаттарга туура келиши керек.

2. Купуя маалыматтарга төмөнкү маалыматтар кирет:

а) адамдын жеке жашоосу тууралуу;

б) кабарлашуу, телефон же башка сүйлөшүүлөр, почта, телеграф аркылуу  сүйлөшүүлөр, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн мазмуну тууралуу;

в) коммерциялык сырды камтыган;

г) алдын-ала тергөө материалдары, процессуалдык мыйзамдарга ылайык чектөө киргизилген маалыматтар тууралуу;

д) салык, банк, медициналык, адвокаттык, журналисттик сырлар, бала багып алуу жана камсыздандыруу сырлары, же кесипке байланышкан сыр камтылган; 

е) мамлекеттик жашыруун сырга тийешелүү;

ж) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маалыматтар.

3. Мамлекеттик жашыруун сырга тийешелүү маалыматтын жеткиликтүүлүгүн чектөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашыруун сыр тууралуу мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.  

4. Маалыматтын жеткиликтүүлүгүн чектөө тууралуу Мыйзамга ылайык бекитилген талаптарды же менчик ээсинин чечимин бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.

5. Төмөнкү маалыматтарга жетүү чектелбейт:

а) укук коргоо, адамдын жана жарандын эркиндиктери жана милдеттери, ошондой эле уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын укуктук макамын аныктоочу ченемдик укуктук актылар;  

б) адамдардын ден соолугуна коркунуч келтирүүчү табигый кырсыктар, кыйроолор жана өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматтар, адамдардын жеке коопсуздугуна, жарандардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына коркунуч жараткан башка жагдайлар боюнча маалыматтар;

в) айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө маалыматтар;

г) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалыматтар, ошондой эле бюджет каражаттарын пайдалануу тууралуу маалыматтар (мамлекеттик жашыруун сыр маалыматтарды кошпогондо);

д) мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматтар;

е) китепканалар, музейлер жана архивдердин ачык фонддорундагы маалыматтар.

14-статья. Маалымат таратуу жана маалымат берүү

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды эске алуу менен Кыргыз Республикасында маалыматты таратуу эркин түрдө ишке ашырылат.

2. Жайылтылып жаткан маалымат, анын ээси тууралуу, же маалымат жайылтуучу башка адамды аныктоо үчүн жетиштүү көлөмдө маалыматтарды чогултууга боло турган формада же көлөмдө так маалыматтарды камтууга тийиш.  Маалыматты Интернет аркылуу жайылтууда маалымат таратуучу өзү же маалымат ээси менен байланыштыргыдай кылып, электрондук дарек же башка жолун билдириши керек.

3. Маалыматтарды, аны менен бирге почта жана электрондук каттарды алуучуларды аныктоого мүмкүнчүлүк жаратуучу маалымат каражаттарын пайдаланууда, маалымат таратуучу маалымат алуучуга катына жооп болбой калышы мүмкүн экендигин билдириши керек.

4. Маалымат берүү маалымат алмашууга катышкан адамдардын ортосунда ченемдик укуктук акт же келишим түрүндө белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

5. Маалыматтарды милдеттүү түрдө жайылтуу же берүү учурлары жана шарттары, анын ичинде документтердин нускаларын милдеттүү түрдө берүү мыйзам менен бекитилет.

6. Согушту пропагандалоо, улуттук, расалык же диний жек көрүүнү жана кастыкты козутууга багытталган, кылмыш же административдик жоопко тарта турган башка да маалыматтарды таратууга тыюу салынат.

15-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын,  мамлекеттик жана жергиликтүү бирикмелердин катышуусундагы юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана муниципалдык бюджеттерден каржыланган уюмдардын карамагындагы  маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнүн  өзгөчөлүктөрү

1. Мамлекеттик органдар жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар,  мамлекеттик жана жергиликтүү бирикмелердин катышуусундагы юридикалык жактар, ошондой эле республикалык жана муниципалдык бюджеттерден каржыланган уюмдар Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык өздөрүнүн иши тууралуу маалыматтарды таратууга, анын ичинде Интернет аркылуу да жайылтууга милдеттүү. Мындай маалыматты алуучу адам маалыматты алуу зарылчылыгынын себебин түшүндүрүүгө милдеттүү эмес.  

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана жергиликтүү бирикмелердин катышуусундагы юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана муниципалдык бюджеттерден каржыланган уюмдардын карамагындагы маалыматтар мыйзам менен башкача белгиленбесе, анда акысыз жайылтылууга милдеттүү.  

16-статья. Электрондук документтер

1. Электрондук башкарууда электрондук документтерди алмашуу электрондук башкарууда катышкан электрондук документтерди жиберүүчүлөр жана алуучуларды так аныктоочу байланыш каналдарын колдонуу менен ишке ашырылат.

2. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электрондук документтериндеги, ошондой эле мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына түшкөн кайрылуулар боюнча электрондук документтердеги маалыматтарды берүүнүн реквизити жана формасы(форматы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.  

3. Электрондук башкарууда электрондук кол тамганы пайдалануу Кыргыз Республикасынын «Электрондук кол тамга коюу жөнүндө» Мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу, ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына түшкөн кайрылуулар үчүн колдонулуучу электрондук кол тамганын түрлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

5. Мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууда жөнөкөй электрондук кол тамгаларды пайдалануунун эрежелери, анын ичинде жөнөкөй электрондук кол тамгалардын ачкычтарын түзүү жана берүү эрежелери, ошондой эле мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу максатында жөнөкөй электрондук кол тамгалардын ачкычтарын түзүү жана берүү эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.   Бул эрежелер төмөндөгүлөрдү эске алат:

а) жөнөкөй электрондук кол тамгалар жана (же) алардын түзулүшүнүн технологиясы туура келүүчү талаптар;

б) мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу максатында колдонулуучу жөнөкөй электрондук кол тамганын ачкычын берүүдө адамдын өздүгүн аныктоо ыкмалары. 

6. Мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөндөгүлөрдү камсыз кылуулары керек:

а) бул органдарга кайрылуу үчүн баардык адамдарга акысыз түрдө жөнөкөй электрондук кол тамгалардын ачкычын алуу мүмкүнчүлүгү;

б) мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууда пайдаланылуучу жөнөкөй электрондук кол тамгалар үчүн  жеке жана юридикалык жактар тарабынан программалык жана аппараттык каражаттарды пайдалануу зарылчылыгынын жоктугу;     

7. Жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган кайрылуулар менен ага тиркелген докменттер жана арыз берүүчү ушул берененин 5-бөлүгүнүн талаптарына ылайык жөнөтсө, ал кагаз жүзүндө кол тамга коюлган кайрылууга, мыйзамдар же башка ченемдик укуктук актылар тарабынан мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына электрондук формада кайрылууга болбойт деген учурлар эске алынбаганда, тете деп эсептелет.

17-статья. Маалымат системалары

1. Маалыматтык системанын ээси болуп, маалымат каражаттарын, маалымат технологияларын иштеп чыгуу же сатып алуу, маалымат базаларын түзүү жана жүргүзүү менен МС түзүлүшүн жана ишин уюштурган адам саналат. 

2. Алардын ээси ким экендигине жараша, мамлекеттик, муниципалдык же башка маалымат системалары деп ажыратылат. Кыргыз Республикасына жана муниципалдык бирикмелерге таандык маалымат системаларынын ээлеринин ыйгарым укуктары ченемдик укуктук актыларга ылайык мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ыйгарым укуктарынын алкагында ишке ашырылат.

3. Маалымат системасын түзүү жана иштетүү тартиби, аны менен бирге маалымат системасындагы маалыматтарды коргоо боюнча талаптар, Кыргыз Республикасынын Мыйзамында башкача белгиленгендигин эске албаганда, анын ээси тарабынан аныкталат.   

4. Маалыматтык системанын ээси аны иштетүүнү өзүнө же башка адамга – маалымат системасынын операторуна - жүктөсө болот. Маалыматтык системаны иштетүү функциясын башка адамга дайындабастан өзү иштеткен маалымат системасынын ээси (маалымат системасынын ээсинин ыйгарым укуктарын колдонуучу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,) маалымат системасынын оператору болуп саналат. 

18-статья. Интернет жана башка компьютер тармактары

1. Кыргыз Республикасында Интернет жана башка тармактарды колдонуу ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын байланыш тууралуу мыйзамдарында белгиленген талаптарды эске алуу менен чектөөлөрсүз жүзөгө ашырылат. 

2. Итернетти колдонуу маселелерин камтыган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында Интернеттин түзүлүшү менен ишин тескеген эл аралык стандарттарга жана башка эл аралык техникалык мүнөздөгү документтердин талаптары эске алынышы керек. Интернеттин бүтүндүгүн жана туруктуулугун, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жеткиликтүүлүгүн бузууга алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынуусуна жол берилбейт. 

3. Билим берүү мекемелеринде Интернетти жана башка компьютердик тармактарды пайдалануунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык белгилениши мүмкүн. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электрондук башкаруусунда Интернет жана башка компьютердик тармактарды пайдалануунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн.

IV-глава. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасы

19-статья. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасынын курамы

1. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасы деп, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана уюмдар тарабынан электрондук башкарууда колдонуучу маалымат технологиялары жана техникалык каражаттардын ирээттүү жыйындысын түшүнсө болот.

2. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасы төмөнкү баскычтарда түзүлөт:

а) маалыматтарды иштетүүчү мамлекеттик борборлор жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдары тарабынан пайда болгон инфраструктура баскычы;

б) электрондук башкарууда колдонулган маалымат базалары жана электрондук эсептегич машиналар үчүн программалар пайда кылган тиркемелер баскычы;

в) электрондук башкарууда сакталуучу, алынуучу, таратылуучу же башка жол менен иштетилүүчү  маалыматтар жана электрондук документтерден турган маалыматтардын баскычы;  

г) инфраструктуранын алкагында сервистердин деңгээли, программалык камсыздоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн колдоно турган маалыматтар, мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды аткаруу,электрондук башкаруунун алкагында мыйзам тарабынан тыюу салынбаган  ишмердүүлүктү жүргүзүү

3. Электрондук башкаруу мамлекеттик инфраструктурасынын курамына төмөндөгүлөр кирет:

а)Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы;

б)Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы;

в)Идентификациянын бирдиктүү системасы;

г)Маалыматтарды кайра иштетүүчү жана алардын байланыш каналдарын бириктирүүчү мамлекеттик борборлор;

д)электрондук маалыматтар

е)электрондук төлөмдөр боюнча  мамлекеттик система;

ж)базалык мамлекеттик маалымат ресурстары;

з)«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык түзүлгөн ачык маалыматтар инфраструктурасы;

и)Кыргыз Республикасынын геодезия жана картография боюнча мыйзамдарына шайкеш түзүлүп жаткан ачык аймактык жана даректүү регистр инфраструктурасы;

к)башка мамлекеттик маалымат системалары.

4. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасынын курамына маалымат системаларын, маалыматтарды иштетүү борборлорун жана башка элементтерди киргизүү төмөндөгүдөй жүзөгө ашырылат:  

а) ушул Мыйзам күчүнө кирүүгө чейин – Кыргыз Респбликасынын Өкмөтүнүн актысынын негизинде -  ишке киргизилген элементтерге карата;

б) ушул Мыйзамга ылайык ишке киргизилген – ушул Мыйзамга ылайык ишке киргизилген элементтерге карата; 

5. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасынын реестри базалык мамлекеттик маалымат ресурсу болуп саналат;

6. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасынын пайда болушу, өнүгүшү жана анын иши Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамында каралган талаптарды эске алуу менен жүргүзүлөт.

20-статья. Мамлекеттик маалымат системалары

1. Мамлекеттик маалымат системалары мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу жана бул органдар ортосунда маалымат алмашууну камсыз кылуу, ошондой эле мыйзамдарда көрсөтүлгөн башка максаттарды ишке ашыруу үчүн түзүлөт.

2. Мамлекеттик маалымат системаларына карата ушул Мыйзам тарабынан бекитилген талаптар муниципалдык маалымат системаларына, эгерде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарына каршы келбесе, тийиштүү болуп саналат. 

3. Мамлекеттик мааалымат системаларынын түзүлүшү жана иштетилиши Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамында каралган талаптарды эске алуу жүргүзүлөт.

4. Мамлекеттик мааалымат системалары мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, жеке жактар тарабынан берилген маалыматтардын негизинде түзлөт жана иштетилет. Мамлекеттик маалымат системаларына милдеттүү түрдө маалымат берүү учурлары мыйзам тарабынан бекитилет.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик маалымат системаларын түзүү, өнүктүрүү ишке киргизүү, иштен чыгаруу тартиби боюнча талаптарды, ошондой эле алардын маалымат базасында камтылган маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды бекитет.  

6. Мамлекеттик маалымат системаларын, интеллектуалдык менчик объектилери болуп саналган анын компоненттерин пайдалануу үчүн укуктары мыйзамдаштырылбаган учурда, иштетүүгө тыюу салынат.

21-статья. Базалык мамлекеттик маалымат ресурстары

1. Электрондук башкарууда актуалдуу, так жана толук маалыматтарды колдонуу максаттарында; Кыргыз Республикасында бир жолу чогултуу жана бир нече жолу колдонуу үчүн базалык мамлекеттик маалымат ресурстары түзүлөт жана пайдаланылат. 

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары башка адамдардан базалык мамлекеттик маалымат ресурстарында маалыматтарды актуалдаштыруу максатында гана базалык мамлекеттик маалымат ресурстарында камтылган маалыматтарды сурап-билүүгө укуктуу.

3. Базалык мамлекеттик маалымат ресурстарына төмөндөгүлөр кирет:

мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын реестри;

электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасынын реестри;

калктын мамлекеттик реестри;

кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын реестри;

транспорттун реестри;

юридикалык жактардын реестри;

Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларына ылайык, базалык мамлекеттик маалымат ресурстарына тийешелүү башка мамлекеттик маалымат ресурстары жана реестрлери.

4.  Базалык мамлекеттик маалымат ресурстарын түзүү, актуалдаштыруу жана колдонуу тартибине карата талаптарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. Бул талаптар жеке мүнөздөгү маалыматтардын субъектилеринин укуктарынын сакталышын камсыз кылууга багытталган чаралардын тизмесин жана ушул Мыйзамга ылайык маалыматтарды коргоо чараларын, анын ичинде базалык мамлекеттик маалымат ресурстарында камтылган купуя маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн чектөө боюнча чараларды камтышы керек.  Базалык мамлекеттик маалымат ресурстары тууралуу маалыматтар жана базалык мамлекеттик маалымат ресурстарынын маалыматтарынын жеткиликтүүлүгүнүн тартиби базалык мамлекеттик маалымат ресурстарынын реестрине кирет, анын түзүлүшүн, актуалдуулугун жана пайдалануу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

22-статья. Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы

1. Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы (портал) мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестри менен муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестрлерине киргизилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук түрдө көрсөтүүнү жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кайрылуучулар тарабынан жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу жана бул үчүн Интернетти пайдаланган мамлекеттик маалымат системасы болуп саналат. 

2. Портал камсыз кылат:

а) мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестри менен муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестрлерине киргизилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын административдик регламенттеринде камтылган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын кайрылуучуларга жеткиликтүүлүгүн;

б) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алуу үчүн керек болгон жолдомо жана башка документтерди электрондук формада көчүрүү жана толтуруу мүмкүнчүлүгүн; 

в) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү малыматтары же башка документтерди алуу тууралуу кайрылуучу тарабынан жолдомо жиберүү мүмкүнчүлүгүн;  

г) кайрылуучу талап кылган учурда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнү аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгүн; 

д) кайрылуучу талап кылган учурда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгүн, эгерде бул маалыматты берүүгө мыйзам тарабынан тыюу салынбаса;  

е) көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн кайрылуучу тарабынан төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн, эгерде мыйзамда башкача көрсөтүлбөсө;

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышын портал камсыз кылган башка иш-аракеттер да каралышы мүмкүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укуктары бекитилген орган Порталдын оператору болуп эсептелет.

23-статья. Ведомство аралык электрондук өз ара иш-аракеттердин системасы

1. Ведомство аралык электрондук өз ара иш-аракеттердин системасы мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана уюмдар ортосунда электрондук башкаруу иши учурунда маалымат алмашууну, ошону менен катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук түрдө көрсөтүү учурнда малымат алмашууну камсыз калат.

2. Ведомство аралык электрондук өз ара иш-аракеттердин системасынын оператору болуп ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген орган саналат.   

3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөткөн жана көрсөтүүгө катышкан мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана уюмдар ушул органдардын жана уюмдардын маалымат системалары ортосунда маалымат алмашууну ведомство аралык электрондук өз ара иш-аракеттердин системасынын жардамы менен камсыз кылууга милдеттүү.  

4. Ведомство аралык электрондук өз ара иш-аракеттердин системасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген талаптарга ылайык электрондук башкарууда маалымат жаатында өз ара иш-аракеттерди уюштуруу-технологиялык мыкты дүйнөлүк ыкмалардын, Кеңеш жана Комиссиянын чечимдеринин негизинде  түзүлөт, өнүгөт жана иштейт.

5. Ведомство аралык электрондук өз ара иш-аракеттердин системасынын жардамы менен жиберилүүчү документтер жана маалыматтардын тизмеси Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» Мыйзамына ылайык электрондук мамлекеттик кызматтардын регламенти тарабынан бекитилет.  

6. Ведомство аралык электрондук өз ара иш-аракеттердин системасынын курамында мамлекеттик реестрлерди автоматтуу түрдө түзүү, актуалдаштыруу жана колдонууга багытталып, мамлекеттик жана муниципалдык иш-аракеттерди аткарууда жана электрондук түрдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү учурунда пайдалданылууга алар тууралуу маалыматтар мамлекеттик жана муниципалдык маалымат ресурстарында сакталган маалымат алмашууу объектилерин бирдей теңдикте көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн жана мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишеринде колдонуучу ведомство аралык электрондук өз ара иш-аракеттерди жүргүзүүдө пайдаланылуучу техникалык мүнөздөгү маалыматтарды жайгаштыруу, сактоо, актуалдаштыруу жана маалыматты тутумдаштыруу жана коддоо чөйрөсүнүн маалыматтарына болгон талаптарды эске алуу менен иш жүргүзгөн сурап-билүү маалыматтардын системасы пайда болот.

24-статья. Идентификациянын бирдиктүү системасы

1. Идентификациянын бирдиктүү системасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда маалымат системаларында камтылган маалыматтын санкциялаштырылган жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.

2. Бирдиктүү система төмөнкү иш-аракеттерди жасоо үчүн колдонулат:

а) маалыматтык өз ара иш-аракеттердин катышуучулары тууралуу маалыматтардын, аны менен катар маалыматтык өз ара иш-аракеттердин катышуучусунун идентификаторун же бирдиктүү системага тийиштүү базалык маалымат ресурсунда камтылган катышуучу же анын маалымат системасы туууралуу маалыматтар менен чогуу  киргизилүүчү анын маалымат системасынын идентификаторун салыштыруунун жардамы менен электрондук кол тамганы текшерүүчү ачкычтардын тажрыйбалуу сертификаттарын пайдалануу менен маалыматтардын идентификациясы,.

б) маалыматтык өз ара иш-аракеттердин катышуучулары тууралуу маалыматтардын (алардын маалымат системалары тууралуу маалыматтардын), аны менен катар маалыматтык өз ара иш-аракеттердин катышуучусуна же анын маалымат системасына, ал тарабынан киргизилген идентификатордун таандыктыгын текшерүүнүн, мындан тышкары идентификатордун аныктыгын тастыктоонун жардамы менен электрондук кол тамганы текшерүүчү ачкычтардын тажрыйбалуу сертификаттарын пайдалануу менен маалыматтардын аутентификациясы,

в) маалыматтык өз ара иш-аракеттердин катышуучуларынын авторлугун аныктоо – көбүн эсе алардын суралып жаткан маалыматтар камтылган маалымат системаларына карата маалыматтык өз ара иш-аракеттердин катышуучуларынын ыйгарым укуктары тууралуу маалыматтарды алуу жана жүргүзүү үчүн авторлугун аныктоо;  

г) идентификация  жана аутентификациядан өтүшкөн маалыматтык өз ара иш-аракеттердин катышуучуларынын, органдардын жана уюмдардын, ошондой эле бирдиктүү системадагы каттоодо электрондук кол тамганы текшерүүчү ачкычтардын тажрыйбалуу сертификаттарын пайдалануу менен түзүлгөн алардын идентификаторлорунун тизмесин түзүү; 

д) идентификациялык маалыматтардын тактыгын текшерүү;

е) ведомство аралык электрондук өз ара иш-аракеттердин системасын пайдалануу менен идентификациялык маалыматтарды маалымат системаларына жөнөтүү; 

ж) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алуу үчүн кайрылган адамдарды идентификациялоо бирдиктүү системасында каттоо үчүн жөнөкөй электрондук кол тамгалардын ачкычтарын жана актидештирүү кодун даярдоо (генерация).

3. Кыргыз Республикасынын «Электрондук кол тамга жөнүндө» Мыйзамына ылайык башкы тастыктоочу борбордун маалымат системасы идентификациянын бирдиктүү системасынын негизги бөлүгү болуп саналат.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укугу бекитилген орган идентификациянын бирдиктүү системасынын оператору болуп   саналат.  

25-статья. Маалыматтарды иштетүүчү мамлекеттик борборлор

1. Маалыматтарды иштетүүчү мамлекеттик борборлор жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдары мамлекеттик маалымат системаларын жайгаштырууга жана иштетүүгө багытталган.  

2. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасынын курамында республикалык жана жергиликтүү каражаттардын эсебинен курулган, ошондой эле арендага берүү, кызмат көрсөтүү жана башка келишимдердин негизинде маалыматтарды иштетүүчү мамлекеттик борборлор жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдары да иштей берсе болот.

3. Маалыматтарды иштетүүчү мамлекеттик борборлор жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына болгон талаптарды, анын ичинде туруктуулук жана коргонуу талаптарын, ошондой эле маалыматтарды иштетүүчү борборлорду жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарын электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасынын курамына киргизүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.   

26-статья. Электрондук каттардын мамлекеттик системасы

1. Электрондук каттардын мамлекеттик системасы мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына жарандар жана уюмдар тарабынан расмий түрдө электрондук кат түрүндө кайрылуу жолдоо жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан жарандар жана уюмдарга расмий түрдө электрондук кат түрүндө кайрылуу алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укугу бекитилген орган электрондук каттардын мамлекеттик системасынын опеартору болуп саналат.

3. Электрондук каттардын мамлекеттик системасы электрондук кызматтар боюнча мамлекеттик портал, ведомство аралык өз ара электрондук иш-аракеттердин системасы жана идентификациянын бирдиктүү системалары менен өз ара кызматташуу жолу менен иш алып барат. 

4. Жарандар жана уюмдар электрондук каттардын мамлекеттик системасын пайдаланууну электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы аркылуу, ошондой эле кыймылдуу радиотелефон байланыштарынын жардамы менен, аны менен катар кыска билдирүүлөрдү (SMS) жиберүү жана алуу жолу менен жүргүзүшөт.

5. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары электрондук каттардын мамлекеттик системасын пайдаланууну ведомство аралык электрондук өз ара иш-аракеттердин системасы аркылуу жүргүзүшөт. Эгерде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ведомство аралык электрондук өз ара иш-аракеттердин системасына кошулбаса, анда электрондук каттардын мамлекеттик системасына Интернет менен ушул органдын электрондук кабинети аркылуу кире алат. 

27-статья. Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы

1. Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин пайдасына жумшалчу дагы башка төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн жеке жана юридикалык жактар ортосунда төлөмдөрдү ишке ашыруу тууралуу маалыматтарды алмашууга багытталган.

2. Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасын иштетүү, өнүктүрүү жана тейлөөнү Кыргыз Респбликасынын Өкмөтү ыйгарым укуктарды бөлүп берген мамлекеттик орган жүргүзөт.

3 Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Жободо төмөнкүлөр аныкталат:

а) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жана ошондой эле төлөнчү сумманы кошуп, дагы башка маалыматтарды берүү жана алуу тартиби, жана башка маалыматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүгө керек болгон маалыматтардын тизмеси; 

б) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жана ошондой эле төлөнчү сумманы кошуп, дагы башка маалыматтарды берүү жана алуу тартиби, жана башка маалыматтар үчүн төлөмдөрдүн жүргүзүлгөндүгүн тастыктоочу маалыматтардын тизмеси; 

в) электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасына жетүүнүн тартиби. 

4. Банк, же башка кредиттик уюм, ошондой эле кайрылуучу башка органдар же уюмдар аркылуу акча каражаттарын төлөгөн учурда, ал орган же уюм төлөм жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалыматты электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасына кечиктирбестен өз убагында жиберүүгө милдеттүү.

5. Кайрылуучу тарабынан көрсөтүлүп жаткан кызматтар үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка төлөмдөр үчүн сумманы төлөө жүргүзүлгөн соң, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер кечиктирбестен өз убагында мамлекеттик жана муниципалдык төлөмдөрдүн мамлекеттик системасына төлөм жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымат жөнөтүшү керек.

V-глава. Электрондук башкаруу чөйрөсүндө укуктарды коргоо

28-статья. Маалыматка жетүү укуктарын коргоо

1. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын, кызмат адамдарынын маалыматка жетүүгө болгон укукту бузган чечимдерине жана иш-аракеттерине (аракетсиздиги) арызданып, жогорку жактагы органдарга, Кыргыз Республикасынын Акыйктчысына же жогорку жактагы кызмат адамдарына же сотко кайрылса болот.  

 2. Маалыматка жетүүгө мыйзамсыз түрдө тыюу салынса, өз убагында берилбесе, так эмес же кайрылууга жооп бербеген мазмундагы маалымат берилип, мунун артынан чыгымдар келтирилсе, анда жарандык мыйзамдарга ылайык мындай чыгымдардын ордун толтуруу каралган. Маалыматка жетүү укугунун бузулушунун жыйынтыгында келтирилген моралдык зыяндын орду мүлктүк зыян жана келтирилген чыгымдарга карабастан толтурулушу керек. 

29-статья. Маалымат ээсинин укуктарын коргоо

1. Маалымат ээсинин укуктарын коргоо төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырылат: 

1) маалыматты коргоо боюнча техникалык чараларды киргизүү;

2) укук бузулганга чейинки абалды калыбына келтирүү, укук бузуу же коркунуч жаратуучу аракеттердин алдын алуу;

3) маалыматты алуучуну анын милдеттерин же маалымат ээсинин мыйзамдуу талаптарын аткарууга мажбурлоо;

4) чыгымдардын ордун толтуруу, анын ичинде маалыматка жетүүгө болгон мыйзамдуу түрдө бекитилген чектөөлөрдүн бузулушунан, ошондой эле маалыматтын купуялуулугун сактоо жана таралып жаткан маалыматтын булагын көрсөтүү талаптарын аткарбагандыктан келип чыккан чыгымдардын ордун толтуруу;   

5) моралдык зыяндын ордун толтуруу;

6) мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын мыйзамга каршы келген актын сот колдонбосо;

7) мыйзамда каралган башка жолдор менен.

2. Ушул берененин 4 жана 5 бөлүгүнүн пунктарында каралган чаралар маалымат ортомчуларына, башкача айтканда кызмат көрсөткөн адамдарга карата колдонулбайт:

1) же башка адам тарабынан өзгөрүүсүз жана оңдоосуз берүү шарты менен маалыматты берүү боюнча; 

2) же бул адам маалыматты мыйзамсыз түрдө таратып жаткандыгын билбегендей шарт менен маалыматты коргоо жана ага жетүүнү камсыз кылуу боюнча.

VI-глава. Корутунду жана өтмө жоболор

30-статья. Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам чыгаруу актыларын күчүн жоготту деп таануу

Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып, Кыргыз Республикасынын «Маалыматташтыруу жөнүндө» 1999-жылдын 8-октябрындагы № 107 Мыйзамы күчүн жоготту деп таанылсын.

31-статья. Кеңеш жана Комиссиянын түзүлүшү

Ушул Мыйзамда каралган Кеңеш жана Комиссия ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып, алты айдан кечиктирилбей түзүлүп ишин башташы керек. 

32-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, ___ күн ичинде күчүнө кирет, күчүнө киришинде өзгөчө тартип киргизилген жоболорду эске албаганда. 

2. Ушул Мыйзамдын 16-статьясынын 3-7-бөлүгү Кыргыз Республикасынын «Электрондук кол тамга жөнүндө» Мыйзамы менен бир маалда күчүнө кирет.

3. Ушул мыйзамдын 22- статьясынын 2-бөлүгүнүн «в» пункту 201_ж. ______ баштап кчүнө кирет.

4. Ушул мыйзамдын 22- статьясынын 2-бөлүгүнүн «г» пункту 201_ж. ______ баштап кчүнө кирет.

5. Ушул мыйзамдын 22- статьясынын 2-бөлүгүнүн «д» пункту 201_ж. ______ баштап кчүнө кирет.

6. Ушул мыйзамдын 22- статьясынын 2-бөлүгүнүн «е» пункту 201_ж. ______ баштап кчүнө кирет.

7. Ушул мыйзамдын 26- статьясы 201_ж. ______ баштап кчүнө кирет.

8. Ушул мыйзамдын 27- статьясы 201_ж. ______ баштап кчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө»

 Мыйзам долбооруна карата

Маалымдама-негиздеме

Ченем жаратууга системалуу мамилени ишке ашыруу, электрондук башкаруу чөйрөсүндө КР ченемдик укуктук базасында натыйжалуулукту жана бири-бирине каршы келбестикти камсыз кылуу КР азыркы мыйзамдарынын жоболорун маалымат технологияларынын тармактары үчүн, ошондой эле электрондук башкарууга негиз болуп берүүчү, ошону менен бул чөйрөдө КР башка ченемдик укуктук багыттоочу жоболору, жаңы базалык мыйзам долбоорунун принциптери менен синхрондоштуруу шарттарында гана чечүүгө боло турган максаттары болуп эсептелет.  

КР азыркы «Маалыматташтыруу жөнүндө» Мыйзамы технологиялык жана уюштуруу-укуктук жагынан алып караганда азыркы талаптарга жооп бербейт. Ал артыкчылык жагынан декларативдүү деп эсептелип, аракеттер эрежелеринин башкача айтканда укуктук нормалардыназын(минимум) камтыйт.  Аталган мыйзамдын көпчүлүк жоболору талашсыз деп эсептелет же ачык каталардан турат. Ошондой эле мыйзамда колдонгон терминологиянын бири-бирине каршы келишин жана чийкилигин белилеп кетүү керек.

КР «Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамын кабыл алуу менен мамлекеттик органдардын маалымат системаларын башкаруу, электрондук формада ведомство аралык маалымат алмашууда керектүү укуктук база түзүлөт.  Баарынан мурда, электрондук башкарууга өтүүнү жетектеген органдардын тобу, алардын ыйгарым укуктары, электрондук башкаруу чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алуу тартиби аныкталат.

Иштелип чыккан мыйзам долбоору төмөнкү маселелерди жөнгө салууга чакырат:

  • электрондук башкаруунун негиздерин бекитүү: түшүнүктөрдү аныктоо, принциптерди түзүү, бул чөйрөдө укуктук тескөө системасын түзүү;
  • электрондук башкаруунун базалык элементтеринин (каражаттарынын) укуктук режимин бекитүү; маалыматты, электрондук документти, маалымат ресурстары жана маалымат системаларын, Интернет жана башка компьютердик тармактар; 
  • электрондук башкарууда электрондук документ алмашуунун негиздерин аныктоо (электрондук кол тамга жөнүндө толугу жаңы мыйзамды кабыл алуу зарылчылыгын эске алганда);
  • электрондук өкмөттүн архитектурасын түзүүнүн механизмдерин, ведомство аралык маалымат өз ара иш-аракеттенүүнүн механизмдерин, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук түрдө көрсөтүүдө багыттоо, мамлекеттик жана муниципалдык органдарды маалыматташтыру механизмдерин   иштеп чыгуу;
  • мамлекеттик маалымат системаларында жана ресурстарында расмий маалыматтардын толуу механизмдерин жана аларда камтылган маалыматтарга жетүү механизмдерин бекитүү («Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» өзүнчө мыйзам бар экендигин эске алуу менен);
  • маалыматка жетүүгө чектөөлөрдүн тартибин, жалпыга жеткиликтүү маалыматты колдонуу жана таратуу тартибин бекитүү;
  • электрондук башкарууда жеке маалыматтарды коргоо жана колдонуу шарттарын аныктоо;
  • маалымат ээлеринин укуктарын коргоо механизмин бекитүү.

Мыйзам долбоорунда бекитилген электрондук башкаруунун механизмдери Кыргызстандын заманбап, технологиялык мамлекет катары өнүгүшүнө, паракордук тобокелдерди азайтууга, улуттук экономиканын инвестициялык жагымдуулугун жана натыйжалуулукту көтөрүүгө, мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын азайтууга же аларды натыйжалуу пайдаланууга жол ачмакчы.

Көрсөтүлгөн долбоордун жоболору азыркы ченемдик укуктук актыларга каршы келбейт жана долбоор ишкердүүлүк ишин жөнгө салууга багытталбагандыктан ага регулятивдик таасир анализин жасоо кажет эмес, 

Долбоорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укуккоргоочулук, гендерлик, экологиялык, паракорлук кесепеттерди жаратпайт. Долбоорду кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансы каражаттарынын сарпталышын талап кылбайт, анткени ал тарабынан каралган мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары алардын азыркы (негизги) ишмердүүлүгүнүн алкагында жүргүзүлөт.

Мыйзам долбоору коомдук талкуу үчүн http://www.kenesh.kg маалымат ресурсунда жарыяланган. Коомдук талкуу учурунда келип түшкөн сунуштардын бардыгы мыйзам долбоорунун редакциясында эске алынган.

Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин, Кыргыз Респбликасынын Өкмөтү мыйзам долбоорунда камтылган жоболорду ишке ашырууга багытталган бир нече ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу жана кабыл алуусу керек. Анын ичинде:

- Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын электрондук документтериндеги, ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына кайрылуу болуп түшкөн электрондук документтердеги  маалыматтарды берүүнүн формасы жана реквизиттерине болгон талаптар;

- Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына кайрылуу учурунда жөнөкөй электрондук кол тамгаларды колдонуу эрежелери, ошондой эле жөнөкөй электрондук кол тамгалардын ачкычтарын түзүү жана берүү эрежелери;

- мамлекеттик маалымат системаларын түзүү, өнүктүрүү, ишке киргизүү, иштен чыгаруу тартибине болгон талаптар, ошону менен катар алардын маалымат базаларында камтылган маалыматтарды коргоого болгон талаптар;

- Мамлекеттик электрондук башкаруу борбору жана анын курамы тууралуу жобо;

- Электрондук башкаруунун архитектурасынын коомдук сегментинин элементтеринин өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби;

- Электрондук башкаруунун архитектурасынын, туруктуу ишин камсыз кылуучу жана маалыматты коргоочу коомдук сегментинин элементтерине коюлган техникалык талаптар;

- Электрондук башкаруунун архитектурасынын коомдук сегментиндеги маалымат алмашуу интерфейстеринин форматына болгон талаптар;

- Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталына болгон талаптар, анын ишинин тартибине, анда мамлекеттик жана мунициплдык кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалыматтардын жайгашуусуна, ошондой эле аталган маалыматтардын тизмегине болгон талаптар.