Протокол № 54 26.05.2016-жыл

06-07-2016 16:05

 

 

 

 

54

                                                                                              

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН I СЕССИЯСЫ

 

(2015-2016-жылдар)

 

 

2016-жылдын 26-майы                                                                9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

107 депутат катталды

 

Төрагалык кылган                                                           Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

                                                                                              Ч.А.Турсунбеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: Ж.К.Акаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат У.Б.Примовго берилген), А.Алтынбеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.К.Райымкулов берилген), Жунус уулу Адыл, Жунус уулу Алтынбек (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.Э.Торобаевге берилген), А.Ж.Исмаилова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат П.Р.Тулендыбаевге берилген), У.Т.Кыдыралиев, А.Т.Мамашова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.К.Нышановго берилген), Н.Н.Нишанов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.Г.Тиллаевге берилген), Э.Ж.Сурабалдиева (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.А.Аманкуловго берилген), П.Р.Тулендыбаев.

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

107 депутат катталды.

 

1. 2016-жылдын 26-майындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 72, каршы - жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияз, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкина, төрагалык кылуучу.

           

            2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” (депутат У.З.Ормонов жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун жыйналыштын көн тартибинин долбооруна кошумча киргизүү.

           

2016-жылдын 26-майындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 89, каршы - жок, бардыгы 89 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

2. “Өкмөттүк саатта”: Балдардын арасында өз өмүрүн кыйюунун учурларынын көбөйүп кеткендиги жөнүндө жана аларды болтурбоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу.

 

Каралган маселе тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Г.К.Кудайбердиеванын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Э.К.Сариева, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары К.Токтогулов, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимов, депутат М.Дж.Мискенбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Ш.Т.Бакиров, депутаттар А.Т.Алтыбаева, Ч.А.Султанбекова, төрагалык кылуучу.

 

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу” маселени саат 12.00го чейин кийинки маселе катары кароо жөнүндө добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 75, каршы - 3, бардыгы 78 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Б.Аттокуров, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары А.Н.Орозалиев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Э.К.Сариева, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри К.Б.Базарбаев, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Т.А.Батыралиев, депутаттар М.К.Жеенчороев, Р.Ч.Момбеков, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары К.Токтогулов, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) К.Т.Оторбаев, депутаттар Т.А.Масабиров, Н.В.Никитенко, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Г.К.Кудайбердиева, төрагалык кылуучу, депутаттар А.Л.Халикова, О.М.Артыкбаев, Б.К.Райымкулов, И.Ш.Омуркулов.

 

Каралып жаткан маселени талкуулоо.

 

Сөз сүйлөдү: депутат М.К.Жеенчороев.

 

3. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу” маселени кароо.

 

Каралып жаткан маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Г.К.Кудайбердиеванын сөзү.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

                                               11 саат 25 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С.Омурбекова төрагалык кылды.

 

80 депутат катталды.

 

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу” маселени кароо улантылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Э.К.Сариева, депутат К.С.Бокоев.

 

Саат 12.00го чейин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу” маселени кароо жөнүндө добуш берүүнүн натыйжасын жокко чыгаруу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 48, каршы - жок, бардыгы 48 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат И.А.Масалиев, төрагалык кылуучу, депутаттар Ч.А.Султанбекова, М.К.Жеенчороев.

 

Саат 13.00го чейин ушул маселени кароону улантуу жөнүндө депутат К.С.Бокоевдин сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 40, каршы - 17, бардыгы 57 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынган жок.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар К.С.Бокоев, О.М.Артыкбаев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Э.К.Сариева, депутаттар Т.И.Икрамов, Е.Г.Строкова, С.Шер-Нияз, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Г.К.Кудайбердиева.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков Төрагалык кылды.

           

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар С.Шер-Нияз, К.Дж.Рыспаев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Г.К.Кудайбердиева, депутаттар А.Т.Алтыбаева, Р.Ч.Момбеков, К.Т.Зулушев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Э.Эрматов, депутаттар А.Ж.Жамангулов, Б.К.Райымкулов, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Э.К.Сариева, депутаттар З.И.Жамалдинов, И.А.Масалиев, Ж.К.Турускулов, К.С.Бокоев, А.У.Жапаров.

 

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 49, каршы - жок, бардыгы 49 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынган жок.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияз, төрагалык кылуучу.

 

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө кайталап добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 62, каршы - жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, К.С.Бокоев, З.И.Жамалдинов, С.Шер-Нияз, И.А.Масалиев, төрагалык кылуучу.

 

Депутаттардын сунуштарын эске алуу менен “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 71, каршы - жок, бардыгы 71 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

            1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

           

                                                           14.00 саат

           

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков Төрагалык кылды.

 

113 депутат катталды.

 

4. Депутат Д.Д.Бекешев тарабынан демилге кылынган “2015-жылдын 26-февралындагы №40 “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири-депутат Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы М.А.Аманкуловдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаттары К.С.Бокоев, К.ДЖ.Рыспаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Электрэнергетикасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

           

Сунуш кылынган мыйзам долбоору мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы К.ДЖ.Рыспаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2015-жылдын 23-декабрындагы №872 токтом) “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

           

Сунуш кылынган мыйзам долбоору мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макешевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

7. Депутат Д.Д.Бекешев тарабынан демилге кылынган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Банктык сыр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

           

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окуудан кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макешевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

Сөз сүйлөдү: депутат К.Дж.Рыспаев, төрагалык кылуучу.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2015-жылдын 24-июнундагы №405 токтом) “Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2015-жылдын 20-январындагы №16 токтом) «Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулагандыгын эске алуу менен жумушкерге иш берүүчүнүн күнөөсүнөн эмгек милдеттерин аткаруу учурунда майып болуусунан, кесиптик оорудан же ден соолугунун башкача бузулуусунан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруунун суммасын индексациялоо жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

10). Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2015-жылдын 9-апрелиндеги №207 токтом) “Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар М.К.Жеенчороев, Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун директору А.С.Кадыров, төрагалык кылуучу, депутат О.М.Артыкбаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окуда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат М.К.Жеенчороев.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2015-жылдын 13-майындагы №286 токтом) “Канга жана анын компоненттерине донорлук жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

           

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

           

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2015-жылдын 28-декабрындагы №887 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, Пенсияларды чегерүү үчүн эмгек акыга түзөтүү коэффициенттери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

           

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

           

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 16-январындагы №8 токтом) “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтолгон бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

           

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

           

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2015-жылдын 7-декабрындагы №835 токтом) “Эмгекти коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

           

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

           

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2015-жылдын 27-октябрындагы №745 токтом) “Параолимптик спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

           

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

           

            Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу.

           

            Ушул мыйзам долбоорун экинчи окуу режиминде кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетине кайтарып берүү жөнүндө добуш берүү.

           

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 72, каршы - жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

           

            16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2015-жылдын 1-сентябрындагы №614 токтом) “Китепкана иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Б.Ш.Секимовдун сөзү.

           

            Сөз сүйлөдү: депутаттар М.И.Бакиров, А.Ж.Жамангулов.

           

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Ж.К.Турускуловдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 73, каршы - жок, бардыгы 73 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

           

            Сөз сүйлөдү: депутат К.ДЖ.Рыспаев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Б.Ш.Секимов, депутаттар Э.Дж.Байбакпаев, Б.Ж.Субанбеков, Ч.А.Султанбекова, Т.А.Масабиров.

           

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

           

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

           

            17. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси –депутатат С.Шер-Нияздын сөзү.

           

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 11-февралындагы №59 токтом) “Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары А.Ж.Мурзалиевдин сөзү.

           

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2015-жылдын 8-октябрындагы №695 токтом) “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Т.Ж.Абжапаровдун сөзү.

           

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

20. Депутаттар А.Ж.Салянова, Ө.Ч.Текебаев, Б.И.Сулейманов, Э.Т.Токтошев, Г.К.Асылбаева, А.Ж.Имаилова, Ч.И.Джакупова, И.А.Масалиев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жазык кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – депутат А.Ж.Салянованын сөзү.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары  А.С.Омурбекова төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

            21. Депутаттар А.Ж.Салянова, Ө.Ч.Текебаев, А.Н.Шыкмаматов, С.К.Нышанов, Р.Ч.Момбеков, Д.Д.Бекешев, Э.Т.Токтошев тарабынан демилге кылынган “Кыргыз Республикасында салттарды, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды тартипке салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – депутат А.Ж.Салянованын сөзү.

           

            22. 2016-жылдын 25 жана 26-майында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

           

            Сүз сүйлөдү: депутат Т.З.Зулпукаров, төрагалык кылуучу.

104 депутат катталды.

           

            “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 104, каршы - жок, бардыгы 104 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

            2015-жылдын 26-февралындагы №40 “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

           

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 103, каршы - 1, бардыгы 104 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

           

            “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Электрэнергетикасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шааркуруу жана архитектурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

           

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 104, каршы - жок, бардыгы 104 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

           

            “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

            Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 104, каршы - жок, бардыгы 104 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

           

            “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Банктык сыр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

            Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 103, каршы - 1, бардыгы 104 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

           

            “Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 104, каршы - жок, бардыгы 104 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулагандыгын эске алуу менен жумушкерге иш берүүчүнүн күнөөсүнөн эмгек милдеттерин аткаруу учурунда майып болуусунан, кесиптик оорудан же ден соолугунун башкача бузулуусунан улам  келтирилген зыяндын ордун толтуруунун суммасын индексациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 104, каршы - жок, бардыгы 104 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берилди.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 104, каршы - жок, бардыгы 104 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Канга жана анын компоненттерине донорлук жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берилди.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 104, каршы - жок, бардыгы 104 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, Пенсияларга чегерүү үчүн эмгек акыларга түзөтүү коэффициенттери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берилди.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 101, каршы - 3, бардыгы 104 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтолгон бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 101, каршы - 3, бардыгы 104 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Эмгекти коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 103, каршы - 1, бардыгы 104 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

“Китепкана иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 59, каршы - 46, бардыгы 105 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 100, каршы - 3, бардыгы 103 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

 

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

 

“Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 101, каршы - 4, бардыгы 105 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 87, каршы - 18, бардыгы 105 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 102, каршы - 3, бардыгы 105 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 44, каршы - 61, бардыгы 105 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору четке кагылды).

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Ж.Салянова, Т.З.Зулпукаров, төрагалык кылуучу.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна кайтып келүү жөнүндө депутат А.Ж.Салянованын сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 46, каршы - 47, бардыгы 93 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынган жок.

 

Депутаттар А.Ж.Салянова, Ө.Ч.Текебаев, А.Н.Шыкмаматов, С.К.Нышанов, Р.Ч.Момбеков, Д.Д.Бекешев, Э.Т.Токтошев тарабынан демилге кылынган “Кыргыз Республикасында салттарды, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды тартипке салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо улантылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Т.И.Икрамов, О.М.Артыкбаев, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири - А.Ж.Салянова, Ч.А.Султанбекова.

           

            15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

           

                                                           16 саат 30 мүнөт

           

            Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

           

            104 депутат катталды.

           

Депутаттар А.Ж.Салянова, Ө.Ч.Текебаев, А.Н.Шыкмаматов, С.К.Нышанов, Р.Ч.Момбеков, Д.Д.Бекешев, Э.Т.Токтошев тарабынан демилге кылынган “Кыргыз Республикасында салттарды, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды тартипке салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо улантылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Ж.Жамангулова, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири - А.Ж.Салянова, Т.А.масабиров, З.И.Жамалдинов.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат У.К.Макеевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 45, каршы - жок, бардыгы 45 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

           

Сөз сүйлөдү: депутат И.А.Пирматов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири - А.Ж.Салянова, М.Ю.Абдылдаев.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

            Сөз сүйлөдү: депутаттар Ж.К.Турускулов, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири - А.Ж.Салянова, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Б.Ш.Секимов, депутаттар Н.В.Никитенко, У.З.Ормонов.

           

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С.Омурбекова төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, К.Дж.Рыспаев, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири - А.Ж.Салянова.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

           

            Сөз сүйлөдү: депутаттар К.С.Бокоев, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири - А.Ж.Салянова, К.Т.Зулушев, М.И.Бакиров, А.Т.Сулайманов, Т.Б.Исакунов, А.Т.Алтыбаева, А.Н.Шыкмаматов, К.Дж.Рыспаев, төрагалык кылуучу, депутат А.Артыков.

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкина, төрагалык кылуучу.

           

            “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” (депутат У.З.Ормонов жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 76, каршы - жок, бардыгы 76 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

           

            23. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” (депутат У.З.Ормонов жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

           

            Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

           

           

            “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” (депутат У.З.Ормонов жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбооруна добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 79, каршы - жок, бардыгы 79 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

           

            24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2016-жылдын 25-февралындагы №82 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министри А.О.Кожошевдин сөзү.

           

            Сөз сүйлөдү: депутаттар Э.Дж.Байбакпаев, А.У.Жапаров, Т.А.Масабиров.

           

            Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макешевдин сөзү.

           

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            25. Депутаттар Г.К.Асылбаева, М.И.Бакиров, З.И.Жамалдинов, Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

           

            Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

           

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

            Жыйналыштын күн тартибиндеги калган маселелер боюнча чечим кабыл алынганга чейин жыйналыштын ишин узартуу жөнүндө депутат А.С.Омурбекованын сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 44, каршы - 8, бардыгы 52 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынган жок.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                                                          Ч.А.Турсунбеков

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 5213