Протокол № 55 01.06.2016-жыл

06-07-2016 16:10

 

 

 

 

55

                                                                                              

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН I СЕССИЯСЫ

 

(2015-2016-жылдар)

 

 

2016-жылдын 1-июну                                                                   9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

107 депутат катталды

 

Төрагалык кылган                                                           Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

                                                                                              Ч.А.Турсунбеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: М.А.Айнакулов, Н.К.Алимбеков, А.Т.Алтыбаева, А.Т.Алтыбаева, М.К.Жеенчороев, Адыл Жунус уулу, Ф.А.Иминов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.С.Омурбекова берилген), М.Э.Сабиров, Б.Ж.Субанбеков, А.Т.Сулайманов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.Ю.Абдылдаевге берилген), И.В.Чудинов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Т.Сулайманов берилген).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев.

 

107 депутат катталды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

1. 2016-жылдын июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календардык иш планынын долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 82, каршы - жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Ж.К.Турускулов, Д.А.Джумабеков, төрагалык кылуучу.

 

2016-жылдын 1-июнуна жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 87, каршы - жок, бардыгы 87 депутат добуш берди.

           

            Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкина, депутаттар Ж.К.Турускулов, С.К.Нышанов, төрагалык кылуучу.

           

            Чечим кабыл алынды – “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри кызматына дайындоого жактыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбеков сунуш кылган Джунушалиев Кашкар Астакановичтин талапкерлиги жөнүндө” маселени жыйналыштын күн тартибинин долбооруна кошумча киргизилсин.

           

            2015-жылдын 1-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 86, каршы - жок, бардыгы 86 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

           

            Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

           

            Депутаттар Баткен областынын Кадамжай районундагы табигый кырсыктын натыйжасында каза тапкан адамды бир мүнөт эскеришти.

           

            Баткен областынын Кадамжай районунда сел жүрүүнүн кесепетинен жок кылынуулардын жүрүшү жөнүндө маалымат менен депутат З.И.Жамалдиновдун сөзү.

           

            Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев.

           

            3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2016-жылдын 1-мартындагы №94 токтом) Бишкек шаарында 2015-жылдын 8-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик Макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы А.Б.Баатырбековдун сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

            4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2016-жылдын 18-мартындагы №77 токтом) 2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашуу жана Кыргыз Республикасы, Баткен шаарынын мэриясы, “Таза-Суу” муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы ЕРӨБдүн уюштуруучуларынын атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка тийиштүү Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы А.Б.Баатырбековдун сөзү.

           

            Сөз сүйлөдү: депутат Д.А.Джумабеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы ичилүүчү суу менен камсыздоону жана сууну кайтарууну өнүктүрүү департаментинин директору А.С.Токтошев, депутат Б.Э.Торобаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы С.Н.Борубаев, депутат А.Ж.Салянова, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары А.К.Азимов, депутаттар А.С.Токторов, Р.Ч.Момбеков, төрагалык кылуучу, депутат К.Дж.Рыспаев.

           

            Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы А.Б.Баатырбековдун сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2016-жылдын 17-февралындагы №73 токтом) “Вена шаарында 2005-жылдын 8-июлунда кол коюлган, 1979-жылдын 26-октябрындагы Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө 1979-жылдын 26-октябрындагы конвенцияга түзөтүүнү ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы А.Б.Баатырбековдун сөзү.

           

            Сөз сүйлөдү: депутат Б.Э.Торобаев, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Т.Ш.Джунусалиев, депутат К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары А.А.Рустамов, депутаттар Т.А.Масабиров, К.С.Нурматов.

           

            Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы А.Б.Баатырбековдун сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 26-январындагы №26 токтом) “Уфа шаарында 2015-жылдын 10-июлунда кол коюлган, Чек ара маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

           

            Сөз сүйлөдү: депутаттар А.У.Жапаров, К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы А.К.Алимбаев.

           

            Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы А.Б.Баатырбековдун сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 10-мартындагы №118 токтом) Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

           

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы А.Б.Баатырбековдун сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

            8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 23-мартындагы №141 токтом), “Белград шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сирия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жоюу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

           

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы А.Б.Баатырбековдун сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2016-жылдын 28-мартындагы №158 токтом) “Бишкек шаарында 2015-жылдын 24-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы (Борбордук Азия-Түштүк Азия электроэнергиясын өткөрүп берүү жана сатуу долбоору) каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу”, “Люксембург шаарында 2015-жылдын 2-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы (Борбордук Азия-Түштүк Азия электроэнергиясын өткөрүп берүү) каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу”, “Джидда шаарында 2016-жылдын 4-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы (Борбордук Азия-Түштүк Азия (CASA-1000) электроэнергиясын өткөрүп берүү жана сатуу долбоорунун Кыргыздык бөлүгү) Кредиттик Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун экинчи окууда кароо.

           

Сунуш кылынган мыйзам долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы А.Б.Баатырбековдун сөзү.

           

            Сөз сүйлөдү: депутат Ж.К.Турускулов, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Т.Ш.Джунусалиев, депутат К.С.Бокоев, “Улуттук энергетикалык холдингдик компания” ААКынын башкармасынын төрагасынын орун басары Н.М.Садыков, “Кыргызстан Улуттук энергетикалык тармактары” ААКынын башкы директору М.А.Айткулов, депутат Д.А.Джумабеков, “Улуттук энергетикалык холдингдик компания” ААКынын директору А.Р.Калиев, депутаттар А.А.Арапбаев, З.И.Жамалдинов, Н.Н.Нишанов, А.А.Шадиев, Э.Дж.Байбакпаев.

           

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы А.Б.Баатырбековдун сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

           

                                                           11 саат 25 мүнөт

           

            104 депутат катталды.

           

            10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабына демилгеленген (2015-жылдын 18-ноябрындагы №782 токтом) “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

           

            Сөз сүйлөдү: депутат С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Н.С.Момуналиев, депутаттар К.Т.Зулушев, Ч.И.Джакупова, төрагалык кылуучу.

           

            Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

           

            Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.А.Джумабеков, К.Т.Зулушев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкина, депутат С.К.Нышанов, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Н.С.Момуналиев, депутаттар Ч.И.Джакупова, Т.З.Зулпукаров, М.И.Бакиров, С.Шер-Нияз.

           

            Ушул мыйзам долбоорун экинчи окуу режиминде кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине кайтарып берүү жөнүндө депутат К.Т.Зулушевдин сунуш боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 78, каршы - 4, бардыгы 82 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

            11. Депутат Г.А.Скрипкина тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

           

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            12. Депутат Г.А.Скрипкина тарабынан демилге кылынган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү судьялар жөнүндө”, “Жарандардын кайрылуусун кароонун тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечимчи кабыл алынды.

           

            13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2015-жылдын 22-октябрындагы №722 токтом) “Ички миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

           

            Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечимчи кабыл алынды.

           

            14. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 9-декабрындагы №86-VI токтому менен түзүлүп, макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө” (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты А.Б.Баатырбеков) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо.

           

            Сунуш кылынган Мыйзамдын макулдашылган варианты жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын добуш берүүгө киргизүү чечимчи кабыл алынды.

           

            15. “Ишкерлик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” (мыйзам долбоорунун демилгечиси-Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2013-жылдын 9-апрелиндеги №182 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин кароо.

           

            Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

           

            Сөз сүйлөдү: депутат Д.А.Джумабеков, Экономика министринин орун басары Д.Ш.Иманалиев.

           

            Ушул мыйзамды четке кагуу жөнүндө Комитеттин сунушу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

           

            Ушул мыйзамды четке кагуу жөнүндө Комитеттин сунушун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2016-жылдын 6-майындагы №230 токтом) “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары У.Т.Дооталиевдин сөзү.

           

            Ушул мыйзам долбоорун биринчи окуудан кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            17. “Бузууларды, жоруктарды жана кылмыштарды жасаган адамдардын мамлекеттик реестри жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Г.А.Скрипкинанын сөзү.

           

            Сөз сүйлөдү: депутаттар Б.Э.Төрөбаев, К.Дж.Рыспаев, А.С.Омурбекова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев.  

           

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С.Омурбекова төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Ч.А.Султанбекова, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, депутаттар Т.Б.Исакунова, Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы маалымат борборунун начальниги А.Бообеков.

 

1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

 

                                                           14.00 саат

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

87 депутат катталды.

 

“Бузууларды, жоруктарды жана кылмыштарды жасаган адамдардын мамлекеттик реестри жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо улантылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар К.Т.Зулушев, мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Г.А.Скрипкина, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Т.З.Зулпукаровдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 63, каршы - жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

           

            Сөз сүйлөдү: депутат К.Жолдошбаев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, депутаттар Р.М.Туманбаева, мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Г.А.Скрипкина,Р.Ч.Момбеков, Д.Д.Бекешев.

           

            Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары И.И.Матраимовдун сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            18. Бузуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин долбоорун биринчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган Кодекстин долбоору жөнүндө Кодекстин долбоорунун демилгечиси – депутат Г.А.Скрипкинанын сөзү.

           

            Сөз сүйлөдү: депутат С.К.Нышанов.

           

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Т.З.Зулпукаровдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 73, каршы - жок, бардыгы 73 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

           

Сөз сүйлөдү: депутат К.Т.Зулушев, Кодекстин долбоорунун демилгечиси – депутат Г.А.Скрипкина, төрагалык кылуучу, депутат Р.Ч.Момбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев, депутаттар А.Н.Шыкмаматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы М.И.Бакиров, Т.А.Масабиров.

 

Ушул Кодекстин долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары И.И.Матраимовдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн Кодекстин долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

19. “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри кызматына дайындоого жактыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбеков тарабына сунуш кылынган Джунушалиев Кашкар Астакановичтин талапкерлиги жөнүндө” маселени кароо.

 

Каралып жаткан маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри М.Д.Абулгазиевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар С.К.Нышанов, А.Артыков, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри кызматына талапкер К.А.Джунушалиев, депутаттар Т.З.Зулпукаров, Ч.А.Султанбекова, Р.Ч.Момбеков.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө сунуш боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 94, каршы - 3, бардыгы 97 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

           

Сөз сүйлөдү: депутаттар К.Дж.Рыспаев, Ж.К.Турускулов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри кызматына талапкер К.А.Джунушалиев, депутаттар К.С.Нурматов, У.Т.Кыдыралиев, Ч.А.Султанбеков, Б.К.Райымкулов, Т.А.Масабиров, Ж.К.Акаев, А.А.Турсунбаев.

 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри кызматына дайындоого К.А.Джунушалиевдин талапкерлигин жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

 

            Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри кызматына дайындоого жактыруу үчүн К.А.Джунушалиевдин талапкерлиги боюнча добуштарды эсептөөдө электрондук тутумду пайдалануу менен ачык добуш берүү өткөрүү жөнүндө депутат Т.З.Зулпукаровдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 101, каршы - 1, бардыгы 102 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

            Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри кызматына дайындоого К.А.Джунушалиевдин талапкерлигин жактыруу жөнүндө добуш берүү.

           

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 105, каршы - жок, бардыгы 105 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

           

            Сөз сүйлөдү: депутат Т.З.Зулпукаров, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри кызматына дайындоого талапкер К.А.Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри М.Д.Абулгазиев.

           

            20. 2016-жылдын 26-майында жана 1-июнунда каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

112 депутат катталды.

           

            Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы М.И.Бакиров.

           

            “Салттарды, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды иретке салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын долбооруна биринчи окуудан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 66, каршы - 40, бардыгы 106 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

           

            “Салттарды, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды иретке салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын долбооруна биринчи окуудан кайталап добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 56, каршы - 51, бардыгы 107 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

           

            “Салттарды, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды иретке салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын долбооруна биринчи окуудан кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 42, каршы - 70, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

            Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору четке кагылды).

           

            “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - 2, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

            Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

            “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - 4, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

           

            “Бишкек шаарында 2015-жылдын 8-июнунда кол коюлган “Нарын шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууну жана Бишкек шаарында 2015-жылдын 23-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Нарын шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - 1, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

           

            “Бишкек шаарында 2015-жылдын 8-июнунда кол коюлган “Баткен шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууну жана ЕРӨБдүн уюштуруучуларынын Атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка карата Кыргыз Республикасы, Баткен шаарынын мэриясы, “Таза-Суу” муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

           

            “Вена шаарында 2005-жылдын 8-июлунда кабыл алынган 1979-жылдын 26-октябрындагы Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга түзөтүүнү ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

         

            “Уфа шаарында 2015-жылдын 10-июлунда кол коюлган Чек ара маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүлөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

         

            “Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

         

            “Белград шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

         

            “Бишкек шаарында 2015-жылдын 24-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - 1, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

         

            “Люксембург шаарында 2015-жылдын 2-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - 1, бардыгы 111 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

         

            “Люксембург шаарында 2015-жылдын 2-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - 2, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

         

            “Джидда шаарында 2016-жылдын 4-январында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун (CASA-1000) кыргыз бөлүгү) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - 2, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

         

            “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

         

            “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - 1, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

         

            “Ички жер которуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

         

            “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - жок, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

         

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 9-декабрындагы № 86-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - 3, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынды).

         

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын четке кагуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 105, каршы - 6, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин макул табуу жана Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамын четке кагуу чечими кабыл алынды.

         

“Бузууларды, жоруктарды жана кылмыштарды жасаган адамдардын мамлекеттик реестри жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 52, каршы - 58, бардыгы 110 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Бузууларды, жоруктарды жана кылмыштарды жасаган адамдардын мамлекеттик реестри жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 45, каршы - 65, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору четке кагылды).

 

Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин долбооруна биринчи окууда добуш берилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 71, каршы - 39, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Ж.Салянова, төрагалык кылуучу.

 

104 депутат катталды.

 

Жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 87, каршы - 1, бардыгы 88 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды

           

            21. “2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету жөнүндө” маселе каралды.

           

            Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы А.А.Сатаровдун сөзү.

           

            Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

           

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 55, каршы - жок, бардыгы 55 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды

           

            Сөз сүйлөдү: депутат С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы А.А.Сатаров, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору И.Карыпбеков, депутаттар Д.А.Джумабеков, Т.З.Зулпукаров, К.С.Бокоев, К.С.Акаев, М.И.Бакиров, Ж.К.Турускулов, Т.Б.Исакунова, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияз, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары А.К.Темирбекова, депутаттар А.Н.Шыкмаматов, Жунус уушлу Алтынбек.

           

            Ушул отчетту маалымат катары кабыл алуу тууралуу Комитеттин сунушу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

           

            “2015-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 73, каршы - жок, бардыгы 73 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төрага                                                                                                          Ч.А.Турсунбеков

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 7501