Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“ Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө ” Мыйзам долбоору  2016-жылдын 12-июлунан тартып коомдук талкууга коюлат

12-07-2016
17:13

ДЕМИЛГЕЧИ:  Жогорку Кеңештин депутаты  М. Жеенчороев

Сунуш-пикирлерди төмөнкү электрондук дарекке жөнөтсөңүз болот  cholponbek79@mail.ru  же ушул телефон аркылуу билдирсеңиз болот 0312 63-85-07

Каттоо номери: № 6-18886/16     12.07.16

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-бөлүк менен толукталсын:

«6-1. Мыйзамда белгиленген тартипте оперативдик-алдын алма каттоодо турган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаты болуп шайланууга укугу жок.»;

2. 13-берененин 2, 4-бөлүктөрүндө «15» деген сандар «30» деген сандар менен алмаштырылсын;

3. 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 22-бөлүк менен толукталсын:

«22. Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күнгө чейинки мезгилде саясий партиялардын шайлоо штабдарынын мүчөлөрү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары иштегендиги, ошондой эле колтамгаларды чогултуу жана шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү боюнча жумуштарды (кызматтарды) аткаргандыгы (көрсөткөндүгү) үчүн жарандарга акы төлөө келишимдери салыктарды жана социалдык чегеримдерди төлөөдөн бошотулат.»;

4. 29-беренетөмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менентолукталсын:

« 4-1. Добуш берүү үчүн жайда идентификациядан өтүп жаткан шайлоочулардын фотосүрөттөрүн көрсөтүп туруу үчүн диагоналы 1 метрден кем болбогон монитор орнотулууга тийиш. Монитор байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү көрүп контролдоону жүзөгө ашыра алгандай жерге орнотулушу керек.»;

5.  41-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:

«8. Арызды кароодон укук ченемсиз баш тартуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамын ээлеп турган кызмат ордунан бошотуу үчүн негиз болуп саналат.»;

6. 44-берененин 1-бөлүгүндө «өкүмү күчүнө киргендигинин,» деген сөздөрдөн кийин «соттун талапкерди оперативдик-алдын алма каттоого коюу жөнүндө күчүнө кирген чечими бар экендигинин фактысы далилденгенде,» деген сөздөр менен толукталсын;

7. 51-беренеде:

2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Жергиликтүү кеңештин депутатынын ырастамасы жана төш белгиси тийиштүү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен даярдалат.»;

3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

8. 52-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:

«13) тийиштүү депутаттык фракциянын, саясий партиянын саясий кеңешинин, саясий партиянын баштапкы уюкчасынын сунушунун негизинде  саясий партиянын жетекчи органы тарабынан чакыртылып алынышы.»;

9. 53-берененин 8-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:

«2-1) соттун талапкерди оперативдик-алдын алма каттоого коюу жөнүндө күчүнө кирген чечиминин бар экендиги;»;

10. 56-1-беренеде:

2 жана 3-бөлүктөрдө «7» деген сандар «10» деген сандар менен алмаштырылсын;

4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«4. Талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү шайлоонун жыйынтыгы боюнча бир жолу, саясий партиянын жетекчи органынын чечиминин негизинде, бул партиядан катталган талапкерлердин аларды тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясында каттоодо түзүлгөн тизмесине жараша жүргүзүлөт.».

2-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

            «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракетинде саясий партиялардын ролун жогорулатуу, шайлоо алдындагы өнөктүктөрдүн ачыктыгын камсыздоо жана шайлоо жарышына катышуучулардын бардыгына бирдей шарттарды  камсыз кылуу максатында иштелип чыкты.

Бул мыйзам долбоорунда аталган Мыйзамга төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталууда.

1. Азыркы убакта уюшкан кылмыштуу түзүлмөлөрдүн (УКТ) өкүлдөрүнүн иш-аракеттери иш жүзүндө жашоо-турмуштун финансылык жана материалдык абалды чыңдоого негизги күч-аракеттер жумшалып жаткан бардык чөйрөлөрүндө көрүнүүдө. Мындан тышкары, кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу максатында алар мамлекеттик бийлик органдарына кирүүгө аракет кылып жатат, бул болсо орчундуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Криминалдык чөйрөнүн айрым өкүлдөрү иш жүзүндө мыйзам чыгаруу органын мандатына да ээ болуп калгандыгын маалымат иретинде белгилөө зарыл, бирок, тийиштүү мыйзам нормаларынын жоктугунан улам алар тууралуу маалыматтарды жарыя кылууга бүгүнкү күндө мүмкүн эмес.

Уюшкан кылмыштуулук өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсү үчүн кетенчиктетүүчү фактор болуп саналат, анткени анын көрүнүштөрү инвестициялык климат үчүн жагымсыз шарттарды түзөт, бул болсо инвесторлордун кетип калышына, мунун натыйжасында ишкердик иш-аракеттин өнүгүшүнө тоскоолдуктардын келип чыгышына алып келет.

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, эгерде кылмышкер кармалбаса, сот тарабынан күнөөлүү деп табылбаса жана түрмөдө отурбаса, мыйзам анын укугун чектөөгө мүмкүндүк бербейт. УКТ мүчөлөрүн жергиликтүү кеңештерге эл гана, курамында УКТ мүчөлөрү же ошондой деп шектелген адамдар бар саясий партияларга добуш бербей коюу жолу менен  өткөрбөй коё алат. Бирок, практика көрсөтүп жаткандай, шайлоочулардын талапкерлер жөнүндө жетишсиз кабардар болгондугунан улам жогоруда айтылган механизм азырынча иштебей турат.

Ошентип, уюшкан кылмыштуулукка каршы чектөө чараларын көрүү үчүн ченемдик укуктук базанын жоктугу уюшкан кылмыштуулуктун субъекттеринин бийлик структураларына жылып кириши үчүн шарттарды түзүп жатат.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу мыйзам долбоорунда соттун чечими менен оперативдик-алдын алма каттоого коюлган адамдын жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталууга укугун чектеген норма сунушталып жатат.

2. Өлкөбүздө шайлоо системасынын өнүгүшүнүн азыркы этабында  бардык деңгээлдердеги шайлоо комиссияларынын, анын ичинде участкалык шайлоо комиссияларынын орчундуу милдеттеринин бири болуп шайлоо өнөктүгүнүн бардык этаптарында, айрыкча добуш берүүнү уюштурууда, добуштарды эсептөөдө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда шайлоочулардын ишенимин камсыз кылуу саналат. Мындай ишеним шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын ачык, айкын жана маалымдуу иши менен камсыз кылынат. Шайлоолордун ачыктыгына жана айкындыгына шайлоонун жаңы технологияларын колдонуу менен жетишүүгө болот. Жарандардын шайлоо процессине ишениминин деңгээлин жогорулатуу, добуш берүү жана добуштарды саноо жол-жоболорунун максималдуу ачыктыгын жана маалымдуулугун камсыз кылуу максатында мыйзам долбоорунда баардык шайлоо участокторунда идентификациядан өтүп жаткан шайлоочулардын фотосүрөттөрүн көрсөтүп туруу үчүн диагоналы 1 метрден кем эмес мониторлорду орнотуу сунуш кылынып жатат. Монитор байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү көрүп контролдоону жүзөгө ашыра алгандай жерге орнотулушу керек.

3. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине ылайык,шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү мезгилинде шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыз же даттануу менен кайрыла алат. Арыз, даттануу жүйөлүү болууга жана алар негизденген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.

            Шайлоочуларынын, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздары (даттануулары) прокуратура жана ички иштер органдары тарабынан арыз (даттануу) келип түшкөн учурдан баштап 2 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүүдөн мурунку күнү түшкөндө - токтоосуз каралууга тийиш.

            Бирок, мыйзамдын жогоруда аталган талаптарын келип түшкөн арыздарды кароо кызматтык милдеттүүлүктөрүнө кирген кызмат адамдары аткарбай койгон учурлар аз эмес.

            Шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө арыздарды кароого ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында аларды ээлеп турган кызмат ордунан бошотуу үчүн негиздердин тизмегине арызды кароодон кызмат адамынын укук ченемсиз баш тартуусун киргизүү сунушталат.

            4. Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын салык системасы мыйзамдардын туруксуздугу жана карама-каршылыктуулугу менен мүнөздөлөт. Жарандардын кирешелерин эсепке алуу да аксаган абалда. Ушуга байланыштуу шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде көптөгөн саясий партиялар, талапкерлер жарандарды саясий партиялардын шайлоо штабдарынын мүчөлөрү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары иштөөгө, ошондой эле колтамгаларды чогултуу жана шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү боюнча жумуштарды  аткарууга тартат, бирок, салыктарды жана социалдык чегеримдерди толук төлөөнү каалабастан, ишке тартылган жарандардын акысынын негизги суммасын легалдуу эмес берет. Мындай схемалар аларга киреше салыгын жана милдеттүү пенсиялык камсыздандырууга камсыздандыруу салымдарын төлөбөй коюуга мүмкүндүк берет. Бул салыктарды жана салымдарды төлөөдөн качуу менен, алар мамлекетти гана алдабастан, шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө кеткен чыгымдардын реалдуу көлөмдөрүн да бүдөмүк кылат. Жыйынтыгында саясий партиялар өз бюджеттерин айкын эмес калыптайт жана алар күңүрт, шектүү булактардан финансыланат жана шайлоо өнөктүгүн финансылоо жагында тең эмес шарттарда калат.

            Жогоруда көрсөтүлгөн маселени чечүү жана саясий партиялардын шайлоо алдындагы иш-аракеттеринин айкындыгын камсыз кылуу максатында, шайлоо өнөктүгүнө байланышкан бардык келишимдик жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү салык салуудан жана социалдык төлөмдөрдөн бошотуу сунуш кылынууда.

            5. Шайлоодон өтүү босогосунун деңгээлин жогорулатуу саясий партиялардын ириленишине түрткү берет, саясий айдыңдын бытырагандыгын жана фрагменттүүлүгүн жоёт, демек, партиялык системанын өнүгүшүнө жана чыңдалышына кызмат кылат. Саясий партиялар толук кандуу болуу жана өлкөнүн турмушуна реалдуу таасир кылуу үчүн бириге баштайт. Саясий партиялардын ириленүүсү – бул, демократиялык өлкөлөр үчүн мыйзам ченемдүү процесс, бул процессте саясий уюмдар нормалдуу саясий күрөштүн же саясатта да болуучу табигый тандалуу эрежесинин натыйжасында биригет жана ириленет. Азыркы убакта Кыргызстанда 200дөн ашуун саясий партиялар катталган, алардын көпчүлүгү жасалма түрдө түзүлгөн жана иш жүзүндө коомдун белгилүү бир бөлүгүнүн кызыкчылыктарын билдире албайт. Эгерде коомдук активисттер чындыгында эле саясий иш-аракет менен алектенүүнү пландаса, калк арасында аларды колдоо да олуттуу болууга, алардын өкүлчүлүктүүлүгү – көп сандуу болууга тийиш. Мындан тышкары, ири партиялар мамлекеттик башкаруу системасына күчтүү инсандардын келишине көмөк берер эле.

            Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу мыйзам долбоорунда саясий партиялардын шайлоодон өтүү босогосун 7 пайыздан 10 пайызга көтөрүү сунушталууда.

            6. Шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу жана шайлоочулардын тизмелери жагында ар кандай амал-айла жасоолорду жокко чыгаруу максатында мыйзам долбоорунда тийиштүү шайлоо комиссиялары добуш берүү күнүнө 30 күн (азыр -15 күн) калганга чейин  шайлоочулардын акыркы тизмелерин ар бир шайлоо участогу боюнча өзүнчө калыптай тургандыгын тастыктаган норма сунуш кылынып жатат.

            7. Парламентаризмдин өнүгүүсүнүн азыркы этабында жергиликтүү кеңешти шайлоодо жеңип чыккан саясий партиянын талапкерлеринин бирдиктүү тизмесинин ичинде мандаттарды бөлүштүрүүнүн жаңы тартибин белгилөөнүн зарылдыгы бышып жетилди. Практика көрсөтүп жаткандай, азыркы тартип мандаттарды бөлүштүрүүгө карата объективдүү жана адилеттүү мамиле жасоо принцибин толук өлчөмдө камсыз кылбайт. Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол койгондон кийин, жеңип чыккан тизмедеги талапкерлердин кезектүүлүгүнө өзгөртүү киргизүү мүмкүндүгүн кароо зарыл. Мында,  өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби, тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол койгондон кийин, саясий партиянын жетекчи органын чечими менен бир жолу милдеттүү түрдө бекитилет, бул чечимде шайлоонун жыйынтыктары боюнча жана конкреттүү талапкер жасаган иштин жыйынтыгы боюнча депутаттык мандаттар бөлүштүрүлөт. Мындай бөлүштүрүүнүн зарылдыгы төмөнкүдөй шарталган: шайлоо алдындагы мезгилде белгилүү талапкерлердин аларга бекитилген шайлоо чөлкөмдөрү боюнча зор үгүт иштерин жүргүзүүсүнүн натыйжасында партия ушул чөлкөмдөр боюнча добуштардын зарыл санын алат, бирок бул талапкерлер тизменин аягында болгондуктан депутаттык мандат ала албайт, ошол эле учурда тизменин биринчи позицияларында турган, бирок шайлоо алдындагы иштерде шайлоочулардын жетиштүү колдоосуна ээ боло албаган  талапкерлер шайлоонун жалпы жыйынтыгы боюнчадепутаттык мандат алат.

            Ушуга байланыштуу, аталган маселени чечүү максатында саясий партиянын тизмесиндеги кезектүүлүктү саясий партиянын жетекчи органынын чечиминин негизинде бир жолу өзгөртүүгө мүмкүндүк берүүчү норма киргизилип жатат.

            8. Жергиликтүү кеңештин депутатынын жогорку талаптарына туура келбеген, кесипкөй эмес, демилгесиз д.у.с. депутаттар айкындалганда, саясий уюм депутаттык ыйгарым укуктарды майнапсыз жүзөгө ашыруудан качуу үчүн мындай депутаттарды өзүнүн демилгеси менен чакыртып алуу жөнүндө мыйзам чыгаруу деңгээлинде бекемделген укукка ээ болушу керек.

            Жергиликтүү өз алдынча башкарууо ргандарынын иш-аракетинде саясий партиялардын ролун жогорулатуу максатында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын чакыртып алууга саясий партияларга мүмкүндүк берүүчү толуктоо киргизилип жатат.

            Сунушталып жаткан мыйзам долбооруКыргыз Республикасынын Конституциясына, бүтүндөй жарандык мыйзамдарына, белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык мыйзамдардын нормаларына туура келет.

            Бул мыйзам долбоору ишкердик иш-аракет чөйрөсүн козгобогондуктан, анын жөнгө салуу таасирин талдоо талап кылынбайт.

            «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктукактылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык бул мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылды, сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.

            Мыйзам долбоору гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы жана башка экспертизаларды жүргүзүүгө жатпайт, аны кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорду талап кылбайт.

Жогорку Кеңештин депутаты                                                    М. Жеенчороев

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна салыштырма таблица

Колдонуудагы редакция

Сунушталып жаткан редакция

3-берене. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн шайлоо укуктары

1. Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.

2. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын түздөн-түз шайлайт.

3. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого тең негизде катышат.

4. 21 жаш куракка толгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.

5. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого жана шайланууга укугу жок.

6. Соттуулугу алып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок.

7. Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгаштырылган аскер бөлүктөрүнүн мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, өзүнүн туруктуу жашаган жеринен тышкары альтернативдүү кызмат өтөгөн адамдар, ошондой эле тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналбаган, окутуунун күндүзгү формасынын студенттери жана аспиранттар иш жүзүндө жайгашкан жери (кызматы, окуусу) боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт.

8. Кылмыш жасоодо шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандары, алар шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жана алардын камакта кармоо жайлары ушул администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан шартта, камакта кармоо жайларында добуш берүүгө укуктуу.

6-1. Мыйзамда белгиленген тартипте оперативдик-алдын алма каттоодо турган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаты болуп шайланууга укугу жок.

7. Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгаштырылган аскер бөлүктөрүнүн мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, өзүнүн туруктуу жашаган жеринен тышкары альтернативдүү кызмат өтөгөн адамдар, ошондой эле тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналбаган, окутуунун күндүзгү формасынын студенттери жана аспиранттар иш жүзүндө жайгашкан жери (кызматы, окуусу) боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт.

8. Кылмыш жасоодо шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандары, алар шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жана алардын камакта кармоо жайлары ушул администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан шартта, камакта кармоо жайларында добуш берүүгө укуктуу.

13-берене. Шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу

1. Участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин тиешелүү шайлоо участкасынын аймагында жашаган шайлоочулардын таанышуусу үчүн добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганга чейин илип коюуга милдеттүү.

2. Ар бир шайлоочу кандай гана болбосун ката же так эместиктерди, ошондой эле өзүнүн шайлоочулардын тизмесинде жок экенин тапкан учурда, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен, бышыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу. Ушул арыз участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан токтоосуз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кароо үчүн жиберилет.

Шайлоочунун ушул арызына жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоочуга аны шайлоочулардын тизмесине киргизген, каталар же так эместиктер оңдолгон күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен жиберет.

3. Биометрикалык маалыматтар жок болгон учурда шайлоочу биометрикалык каттоодон өтүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күн калганда шайлоочулардын тизмесиндеги каталар жана так эместиктер, ошондой эле тизмеде жок экендиги жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот.

Арыздарды иштеп чыккандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоо участкаларынын чек араларына ылайык бөлүштүрүлгөн шайлоочулардын акыркы тизмесин түзөт жана добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен аны Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет.

Борбордук шайлоо комиссиясы номурланган, көктөлгөн жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын кагаздагы тизмесин добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына токтоосуз өткөрүп берет.

5. Добуш берүү күнүндө шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш берүүгө укуктуу болот.

6. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү, өткөрүп берүү, шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу, шайлоочулардын тизмесиндеги каталар жана так эместиктер, ошондой эле тизмеде жок экендиги тууралуу шайлоочулардын арыздарын кароо, добуш берүү күнү шайлоочуларды идентификациялоо тууралуу, ошондой эле ыкчам чечүүнү талап кылган башка маселелер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз ара аракеттенүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.

13-берене. Шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу

1. Участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин тиешелүү шайлоо участкасынын аймагында жашаган шайлоочулардын таанышуусу үчүн добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганга чейин илип коюуга милдеттүү.

2. Ар бир шайлоочу кандай гана болбосун ката же так эместиктерди, ошондой эле өзүнүн шайлоочулардын тизмесинде жок экенин тапкан учурда, добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен, бышыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу. Ушул арыз участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан токтоосуз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кароо үчүн жиберилет.

Шайлоочунун ушул арызына жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоочуга аны шайлоочулардын тизмесине киргизген, каталар же так эместиктер оңдолгон күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен жиберет.

3. Биометрикалык маалыматтар жок болгон учурда шайлоочу биометрикалык каттоодон өтүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда шайлоочулардын тизмесиндеги каталар жана так эместиктер, ошондой эле тизмеде жок экендиги жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот.

Арыздарды иштеп чыккандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоо участкаларынын чек араларына ылайык бөлүштүрүлгөн шайлоочулардын акыркы тизмесин түзөт жана добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен аны Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет.

Борбордук шайлоо комиссиясы номурланган, көктөлгөн жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын кагаздагы тизмесин добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына токтоосуз өткөрүп берет.

5. Добуш берүү күнүндө шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш берүүгө укуктуу болот.

6. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү, өткөрүп берүү, шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу, шайлоочулардын тизмесиндеги каталар жана так эместиктер, ошондой эле тизмеде жок экендиги тууралуу шайлоочулардын арыздарын кароо, добуш берүү күнү шайлоочуларды идентификациялоо тууралуу, ошондой эле ыкчам чечүүнү талап кылган башка маселелер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз ара аракеттенүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.

15-берене. Шайлоо фонддору

1. Жарандар айылдык кеңештерге өзүн өзү көрсөткөн учурдан тартып, саясий партиялар айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып каттоого документтерди бергенге чейин шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуктуу.

Өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерге, ошондой эле айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн саясий партияларга шайлоо фонду түзүлбөгөн учурда, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө, шайлоо алдында үгүт жүргүзүү, башка шайлоо алдындагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.

Шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондун түзөт.

Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон расмий баш тартылган учурда шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттар кайрымдуулукту жана которууну жүзөгө ашырган уюмдарга жана адамдарга кайтарылып берилет.

Саясий партиялар тарабынан айылдык кеңештерге көрсөтүлгөн талапкерлер, саясий партия тарабынан шаардык кеңештерге көрсөтүлгөн талапкерлер өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуксуз.

2. Талапкер же талапкерлердин тизмеси катталган учурда талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорунун ачылган эсебин жүргүзүүнү уланта берет.

(2-абзац КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонду төмөнкүдөй каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарынан;

2) ушул берененин 4-бөлүгүндө саналып өткөн жактарды кошпогондо, жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынан.

Шайлоо фондунун чек өлчөмү ушул Мыйзам менен аныкталат.

4. Шайлоо фонддоруна төмөнкүлөрдүн ыктыярдуу кайрымдуулук кылышына тыюу салынат:

1) чет өлкөлүк мамлекеттердин, чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башка чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн, чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын, чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактардын;

2) жарандыгы жок адамдардын;

3) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;

4) мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалардын;

5) уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүшү болгон, ошондой эле салыктарды, жыйымдарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча жеңилдиктерден пайдаланган юридикалык жактардын;

6) аскер бөлүктөрүнүн, аскердик мекемелердин жана уюмдардын;

7) укук коргоо органдарынын, соттордун;

8) кайрымдуулук иши менен алектенген уюмдардын;

9) диний уюмдардын;

10) жашыруун кайрымдуулук кылгандардын.

5. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна карызы бар, юридикалык жакты түзбөгөн ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык, жеке жактардын акча каражаттарын кошушуна тыюу салынат. Талапкер, саясий партия көрсөтүлгөн юридикалык жана жеке жактар тарабынан шайлоо фондуна акча каражаттары которулган учурда жоопкерчилик тартпайт. Эгерде талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна жогоруда көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактардан акча каражаттары келип түшкөн учурда соттун чечими боюнча банк же башка мекемелер ал каражаттарды Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна которууга милдеттүү, ал өз кезегинде бул каражаттарды мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которот.

6. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна келип түшүп жаткан акчалай каражаттар шайлоо дайындалган күнгө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнөн эсептелет. Белгиленген өлчөмдөн ашык келип түшкөн акча каражаттары шайлоо фондуна чегерилүүгө жатпайт жана жарандар менен уюмдарга кайтарып берилет. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайтарып берүүгө байланышкан чыгымдар аларды чегерген жарандар менен уюмдардын эсебинен жабылат.

7. Кайра добуш берүү жүргүзүлгөн учурда шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен талапкердин, саясий партиянын бардык чыгымдарынын жалпы чектелген суммасы бир жарым эсе көбөйтүлүшү мүмкүн.

8. Шайлоо фондун түзгөн бардык акча каражаттары банктагы же башка мекемедеги атайын эсепке которулат. Бул эсеп тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын уруксаты менен талапкер, саясий партия тарабынан ачылат. Шайлоо фонддоруна келип түшүүчү акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынууга тийиш. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер кошуп эсептелбейт жана төлөнбөйт.

9. Банк же башка мекемелердин тизмеси, көрсөтүлгөн эсептерди ачуунун, жүргүзүүнүн, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тартиби банк же башка мекемелер менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.

10. Шайлоо фонддорунун каражаттарын тескөө укугу аларды түзгөн талапкерлерге, саясий партияларга, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө таандык.

11. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу багытка ээ. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн.

12. Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылышы мүмкүн:

1) талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо боюнча чараларды уюштуруу-техникалык камсыз кылууну каржылоого;

2) шайлоо алдындагы үгүткө;

3) шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө түздөн-түз байланышкан иштерди (кызматтарды) аткаргандыгы (көрсөткөндүгү) үчүн жарандарга эмгек акы төлөөгө;

4) шайлоо алдындагы өнөктүктү өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан жайларды, жабдууларды ижаралоого төлөөгө, транспорттук жана иш сапар чыгымдарына, байланыш кызматына, кеңсе товарларын сатып алууга жана башка чыгымдарга.

13. Жарандар жана юридикалык жактар талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоого көмөктөшүүчү ишке шайлоо фонддору аркылуу гана каржылык (материалдык) жактан колдоо көрсөтүүгө укуктуу. Юридикалык жактарга, алардын филиалдарына, өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле жеке жактарга шайлоого тикелей же кыйыр түрдө байланышкан жумуштарды, кызматтарды, товарларды сатууну акысыз аткарууга же негизсиз төмөндөтүлгөн баалар боюнча аткарууга тыюу салынат.

14. Талапкерлерге, саясий партияларга жумуштарга жана тейлөө кызматтарына акы төлөөгө, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө, шайлоо алдындагы башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга өздөрүнүн шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттардан тышкары каражаттарды пайдаланууга тыюу салынат.

15. Банк же башка мекемелер жума сайын, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын талабы боюнча талапкердин, саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматты талапкерди каттаган аймактык шайлоо комиссиясына 24 сааттын ичинде билдирип турууга милдеттүү. Бул маалыматтар түшүшүнө жараша милдеттүү түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.

16. Талапкер өз талапкерлигин алып салган, саясий партия тарабынан өздөрүнүн талапкерлерин чакыртып алган, саясий партия тарабынан талапкерлердин тизмесин чакыртып алган же талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо алынып салынган (жокко чыгарылган) учурда шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттары аларды киргизген жарандар менен уюмдарга токтоосуз кайтарылып берилүүгө тийиш. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайтарып берүү менен байланышкан чыгымдар аларды киргизген жарандар менен уюмдардын эсебинен жабылат.

17. Талапкердин шайлоо өнөктүгү менен байланышкан белгилүү иш аткаруу жөнүндө (кызмат көрсөтүү жөнүндө) жарандар жана юридикалык жактар менен келишимдери (макулдашуулары) талапкердин жеке өзү же болбосо анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан түзүлөт. Талапкерлердин, саясий партиялардын атайын эсептеринен акы төлөө боюнча келишимдер жана макулдашуулар добуш берилүүчү күндүн алдындагы күндөн кечиктирилип түзүлүшү мүмкүн эмес.

Бардык каржылык операциялар, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептер боюнча эсептешүү добуш берүү күнүнөн мурунку күнү саат 18де токтотулат. Талапкердин, саясий партиянын жана юридикалык жактардын ортосунда белгилүү иш аткаргандыгы (кызмат көрсөткөндүгү) үчүн эсептешүүлөр накталай акча түрүндө эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат.

18. Кайра добуш берүү өткөрүүдө ага карата кайра добуш берүү өткөрүлүп жаткан талапкердин атайын эсеби боюнча финансылык операциялар кайра добуш берүү күнү дайындалган күнү кайра ачылат жана кайра добуш берүү күнүнөн мурунку күнү саат 18де токтотулат.

19. Талапкерлер, саясий партиялар шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмдөрү жана аны түзгөн бардык булактар жөнүндө, ошондой эле бардык сарпталган чыгымдар жөнүндө отчет берет. Ушул Мыйзам менен белгиленген шайлоо күрөөсү зарыл сандагы добуштарды алган талапкерлерге, саясий партияларга алар өз фондунун өлчөмдөрү жана аны түзгөн бардык булактар жөнүндө, ошондой эле бардык сарпталган чыгымдар жөнүндө отчетту Борбордук шайлоо комиссиясына бергенден кийин кайра кайтарылат.

20. Атайын эсептеги чыгымдалбаган акча каражаттарынын калдыгы талапкерге, саясий партияга кайтарып берилет.

21. Шайлоо фонддорунун каражаттарына, көрсөтүлгөн фонддорго ыктыярдуу кайрымдуулукка жана чегерилген каражаттарга, ошондой эле көрсөтүлгөн фонддордон чыгымдарына салык салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

22. Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күнгө чейинки мезгилде саясий партиялардын шайлоо штабдарынын мүчөлөрү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары иштегендиги, ошондой эле колтамгаларды чогултуу жана шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү боюнча жумуштарды (кызматтарды) аткаргандыгы (көрсөткөндүгү) үчүн жарандарга акы төлөө келишимдери салыктарды жана социалдык чегеримдерди төлөөдөн бошотулат.

29-берене. Добуш берүү үчүн жай

1. Добуш берүү үчүн жай участкалык шайлоо комиссиясынын пайдалануусуна мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан акысыз берилет.

2. Добуш берүү үчүн жайда добуш берүү үчүн ящиктер, жарык берүү системасы жана жазуу буюмдары менен атайын жабдылган кабиналар, мониторлор, манжалардын тактарынын термопринтерлери жана сканерлери, ошондой эле сервердик жана тарамдык жабдуулардын комплекттери жайгаштырылат.

Жарык кылуу системасында аны алмаштыргыдай жарык берүү булагы, фонарлар жана шамдар болуу керек. Электр жарыгы өчүп калганда добуш берүү (негизги же аны алмаштыруучу жарык булагынын эсебинен) жарык болгонго чейин токтотула турат. Бул учурда участкалык шайлоо комиссиясынын ишине натыйжалуу байкоо жүргүзүү үчүн байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү добуш берүүчү ящиктерден, добуш берүүчү кабиналардан шайлоо комиссиясынын жол-жобосун, алардын милдет аткарышын толук көрүп тургандай өз милдеттерин аткарууну камсыздагыдай аралыкта турууга укуктуу.

3. Добуш берүү үчүн жайда шайлоо комиссиясы стендди жасалгалайт, анда бардык талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар, ошондой эле талапкерлердин тизмесин каттаган саясий партиялар жөнүндө маалыматтык материалдар жайгаштырылат. Көрсөтүлгөн материалдарда үгүт чакырыктары камтылбоого тийиш. Стендде ошондой эле толтурулган шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрү жайгаштырылат, аларда бул шайлоо округунда катталган талапкерлердин фамилиялары, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин каттаган саясий партиялардын аталыштары камтылбоого тийиш.

4. Добуш берүү үчүн жайда шайлоо бюллетендерин берүүчү жер, ошондой эле ушул берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн жабдуулар шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн, байкоочулардын көз алдында болгудай түрдө жабдылууга тийиш.

5. Добуш берүү үчүн жан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүү болушу керек. Пандустардын жана кармагычтардын болушу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун ыкмаларынын бири болуп саналат.

4-1. Добуш берүү үчүн жайда идентификациядан өтүп жаткан шайлоочулардын фотосүрөттөрүн көрсөтүп туруу үчүн диагоналы 1 метрден кем болбогон монитор орнотулууга тийиш. Монитор байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү көрүп контролдоону жүзөгө ашыра алгандай жерге орнотулушу керек.

5. Добуш берүү үчүн жан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүү болушу керек. Пандустардын жана кармагычтардын болушу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун ыкмаларынын бири болуп саналат.

41-берене. Шайлоо эркиндигин камсыз кылуу боюнча шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын иши

1. Шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары, прокуратура органдары, ички иштер органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Мыйзамдын жана башка мыйзамдарынын талаптарынын так сакталышын камсыз кылат.

2. Добуш берүү күнү жана андан мурунку күнү соттор, прокуратура органдары, ички иштер органдары үчүн жумуш күнү болуп саналат. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин тейлеген банк же башка мекемелер үчүн добуш берүү күнүнөн мурдагы күн жумушчу күн болуп саналат.

3. Ички иштер органдары шайлоо участкасынын аймагында добуш берүүнү өткөрүүдө коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча шайлоо комиссиялары талап кылган, ошондой эле коомдук тартип бузулган учурда участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын чакыруусу боюнча добуш берүү үчүн жайда жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

4. Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын жарандардын шайлоо укуктарын, ушул Мыйзамдын талаптарын бузган чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) прокуратура органдарына, ички иштер органдарына же сотко Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.

Мында ички иштер органдары жарандардын коомдук тартипти бузууга тиешелүү болгон арыздарын жана даттанууларын, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга ылайык администрациялык жоопкерчиликти караган аракеттерди карайт.

Прокуратура органдары шайлоо мыйзамдарынын сакталышына, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга ылайык администрациялык жоопкерчиликти караган аракеттерге жалпы көзөмөлдү жүзөгө ашырат.

5. Шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыз же даттануу менен кайрыла алат. Арыз, даттануу жүйөлүү болуп жана алар негизденген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.

6. Шайлоочуларынын, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздары (даттануулары) прокуратура жана ички иштер органдары тарабынан арыз (даттануу) келип түшкөн учурдан баштап 2 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүүдөн мурунку күнү түшкөндө - токтоосуз каралууга тийиш. Эгерде шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, алар боюнча чечимдер 3 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Арыз (даттануу) боюнча кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн прокуратура органдары, ички иштер органдары тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз жөнөтөт.

7. Арыздарды (даттанууларды) кароодон баш тартылган учурда, прокуратура органдары, ички иштер органдары баш тартуунун негиздерин баяндоо менен чечимдердин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

8. Арызды кароодон укук ченемсиз баш тартуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамын ээлеп турган кызмат ордунан бошотуу үчүн негиз болуп саналат.

44-берене. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу үчүн негиздер

1. Талапкерди каттоо тиешелүү шайлоо комиссиясы же сот тарабынан талапкер өзүндө пассивдүү шайлоо укугу жок экендиги жөнүндө маалыматтарды жашырып койгондугунун фактысы далилденгенде, анын ичинде талапкерде ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте соттолгондугу алып салынбагандыгынын же жоюлбагандыгынын. талапкерге карата соттун айып коюлуучу өкүмү күчүнө киргендигинин, талапкер Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы же ажырагандыгы жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө жана колдонуудагы мыйзамдар менен белгиленген башка негиздери болгон учурларда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда жокко чыгарылат.

2. Талапкерди каттоону жокко чыгаруу добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен төмөнкү учурларда жокко чыгарылат.

1) талапкер өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз бергенде;

2) саясий партия талапкерлердин тизмесинен кээ бир талапкерлерди чыгарганда;

3) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо учурунда шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланса же болбосо талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды талапкердин шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын эң чоң белгиленген суммасынан 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда;

4) ушул Мыйзамдын 53 жана 60-беренелери менен аныкталган каттоо эрежелери бузулганда;

5) талапкердин, талапкердин өкүлдөрү тарабынан талапкерди шайлоо максатында кызматынын же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдалануу же талапкерди шайлоо максатында кызматынын же кызмат абалынын артыкчылыктарын анын өкүлдөрү пайдаланууга талапкердин тизмеси бар экендигинин фактылары ырасталганда;

6) ушул Мыйзамдын 22-28-беренелери менен каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга талапкердин, анын өкүлүнүн түздөн-түз тиешелүүлүгү бардыгы ырасталганда;

7) талапкер, анын өкүлдөрү, ошондой эле талапкердин жубайы жана (же) жакын туугандары тарабынан шайлоочуларды сатып алынгандыгынын же талапкердин шайлоочуларды сатып алууга тиешелүүлүгү бар экендигинин фактылары ырасталганда.

3. Талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:

1) саясий партия талапкерлердин тизмесин кайра чакыртып алганда жана шайлоого катышуудан баш тартканда;

2) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда же болбосо саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды саясий партиянын шайлоо фондундагы каражаттардын бардык эң көп белгиленген суммасынан 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда;

3) ушул Мыйзам менен аныкталган талапкерлердин тизмеси каттоонун эрежелери бузулганда;

4) саясий партиянын жетекчилиги тарабынан талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызматынын же кызматтык абалынын артыкчылыгын пайдалангандыгынын же саясий партиянын өкүлдөрүнүн талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызматынын же кызматтык абалынын артыкчылыгын пайдаланууга тиешеси бар экендигинин фактылары ырасталганда;

5) аткаруу органдарынын жетекчилигинин же кызматкерлеринин саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ушул Мыйзамдын 22-28-беренелери менен каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз тиешелүүлүгүнүн фактылары ырасталганда;

6) саясий партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, кызматкерлеринин же өкүлдөрүнүн шайлоочуларды сатып алуусунун же алардын шайлоочуларды сатып алууга тиешеси бар экендигинин фактылары ырасталганда.

4. Эгерде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталгандан кийин жана шайланган талапкерге мандат тапшырылганга чейин талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жок экендиги жөнүндө маалыматтар ырасталган учурда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда бул талапкерди шайлоо жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан сот тарабынан жокко чыгарылат. Бул учурда мандат ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте кийинки талапкерге өткөрүлүп берилет.

5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн талапкерди талапкерлердин тизмесин каттоону, добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу үчүн негиздер акыркы болуп саналат.

44-берене. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу үчүн негиздер

1. Талапкерди каттоо тиешелүү шайлоо комиссиясы же сот тарабынан талапкер өзүндө пассивдүү шайлоо укугу жок экендиги жөнүндө маалыматтарды жашырып койгондугунун фактысы далилденгенде, анын ичинде талапкерде ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте соттолгондугу алып салынбагандыгынын же жоюлбагандыгынын. талапкерге карата соттун айып коюлуучу өкүмү күчүнө киргендигинин, соттун талапкерди оперативдик-алдын алма каттоого коюу жөнүндө күчүнө кирген чечими бар экендигинин фактысы далилденгенде, талапкер Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы же ажырагандыгы жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө жана колдонуудагы мыйзамдар менен белгиленген башка негиздери болгон учурларда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда жокко чыгарылат.

2. Талапкерди каттоону жокко чыгаруу добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен төмөнкү учурларда жокко чыгарылат.

1) талапкер өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз бергенде;

2) саясий партия талапкерлердин тизмесинен кээ бир талапкерлерди чыгарганда;

3) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо учурунда шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланса же болбосо талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды талапкердин шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын эң чоң белгиленген суммасынан 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда;

4) ушул Мыйзамдын 53 жана 60-беренелери менен аныкталган каттоо эрежелери бузулганда;

5) талапкердин, талапкердин өкүлдөрү тарабынан талапкерди шайлоо максатында кызматынын же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдалануу же талапкерди шайлоо максатында кызматынын же кызмат абалынын артыкчылыктарын анын өкүлдөрү пайдаланууга талапкердин тизмеси бар экендигинин фактылары ырасталганда;

6) ушул Мыйзамдын 22-28-беренелери менен каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга талапкердин, анын өкүлүнүн түздөн-түз тиешелүүлүгү бардыгы ырасталганда;

7) талапкер, анын өкүлдөрү, ошондой эле талапкердин жубайы жана (же) жакын туугандары тарабынан шайлоочуларды сатып алынгандыгынын же талапкердин шайлоочуларды сатып алууга тиешелүүлүгү бар экендигинин фактылары ырасталганда.

3. Талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:

1) саясий партия талапкерлердин тизмесин кайра чакыртып алганда жана шайлоого катышуудан баш тартканда;

2) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда же болбосо саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды саясий партиянын шайлоо фондундагы каражаттардын бардык эң көп белгиленген суммасынан 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда;

3) ушул Мыйзам менен аныкталган талапкерлердин тизмеси каттоонун эрежелери бузулганда;

4) саясий партиянын жетекчилиги тарабынан талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызматынын же кызматтык абалынын артыкчылыгын пайдалангандыгынын же саясий партиянын өкүлдөрүнүн талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызматынын же кызматтык абалынын артыкчылыгын пайдаланууга тиешеси бар экендигинин фактылары ырасталганда;

5) аткаруу органдарынын жетекчилигинин же кызматкерлеринин саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ушул Мыйзамдын 22-28-беренелери менен каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз тиешелүүлүгүнүн фактылары ырасталганда;

6) саясий партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, кызматкерлеринин же өкүлдөрүнүн шайлоочуларды сатып алуусунун же алардын шайлоочуларды сатып алууга тиешеси бар экендигинин фактылары ырасталганда.

4. Эгерде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталгандан кийин жана шайланган талапкерге мандат тапшырылганга чейин талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жок экендиги жөнүндө маалыматтар ырасталган учурда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда бул талапкерди шайлоо жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан сот тарабынан жокко чыгарылат. Бул учурда мандат ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте кийинки талапкерге өткөрүлүп берилет.

5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн талапкерди талапкерлердин тизмесин каттоону, добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу үчүн негиздер акыркы болуп саналат.

51-берене. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын каттоо

1. Тиешелүү аймактык комиссия шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин депутаттыкка шайланган талапкерге бул жөнүндө кабарлайт. Депутаттыкка шайланган талапкер жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндө арыздын көчүрмөсүн 3 күндүк мөөнөттө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берет.

Эгер талапкерлердин тизмеси боюнча мандаттарды бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндөгү талапты 3 күндүк мөөнөттө аткарбаган учурда анын депутаттык мандаты ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган тартипте өткөрүлүп берилет.

Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин, депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алат.

2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялагандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндө арызды алгандан кийин шайланган депутаттарды 3 күндүк мөөнөттө каттайт жана аларга ырастаманы жана белгиленген үлгүдөгү төш белгини тапшырат.

3. Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин депутаттык мандаттарды бөлүштүргөнгө чейин, тизмедеги талапкердин ордуна (кезектүүлүгүнө) талаптанууну көздөгөн талапкердин макулдугу менен, ошондой эле саясий партиянын жогорку жана аймактык органдарынын макулдугу менен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына өзүнүн талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө арызы менен кайрылууга укуктуу.

Аймактык шайлоо комиссиясы саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкердин арызына жана саясий партиянын жогорку жана аймактык органдарынын тиешелүү чечимдерине ылайык, шайланган талапкердин талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алат.

Талапкерлердин тизмесинде турган талапкердин кезектүүлүгүн өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө саясий партиянын жогорку жана аймактык органдарынын чечимдери саясий партиянын уставында белгиленген тартипте кабыл алынат.

51-берене. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын каттоо

1. Тиешелүү аймактык комиссия шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин депутаттыкка шайланган талапкерге бул жөнүндө кабарлайт. Депутаттыкка шайланган талапкер жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндө арыздын көчүрмөсүн 3 күндүк мөөнөттө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берет.

Эгер талапкерлердин тизмеси боюнча мандаттарды бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндөгү талапты 3 күндүк мөөнөттө аткарбаган учурда анын депутаттык мандаты ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган тартипте өткөрүлүп берилет.

Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин, депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алат.

2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялагандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндө арызды алгандан кийин шайланган депутаттарды 3 күндүк мөөнөттө каттайт жана аларга ырастаманы жана белгиленген үлгүдөгү төш белгини тапшырат.

Жергиликтүү кеңештин депутатынын ырастамасы жана төш белгиси тийиштүү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен даярдалат.

Күчүн жоготту деп таанылсын

52-берене. Жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатынын ордун ээлөө

1. Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен төмөнкүлөргө өткөрүлүп берилет:

1) тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге;

2) (КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) пропорциялуу система боюнча шайлоодо саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан сунушталган саясий партиянын тизмесинен талапкерге же болбосо эгерде саясий партиянын жетектөөчү органы бош мандат пайда болгон күндөн тартып 3 күндүн ичинде ушундай укуктан пайдаланбаса, саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерге.

2. Ушул берененин маанисинде депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:

1) өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүсү;

2) анын сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылышы;

3) депутаттын каза болушу;

4) аны дайынсыз жоголду деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кириши;

5) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө кириши;

6) ишке өткөндө же анын депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишти таштабашы;

7) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кетиши;

8) башка жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кетиши, анда жашоо депутаттык иш-милдеттерди туруктуу жана натыйжалуу аткарууга мүмкүн болбошу;

9) жарандыктан чыгышы, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготушу же болбосо башка жарандыкты алышы;

10) жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына катары менен төрт жолу келбеши;

11) шайлоонун жараксыз деп табылышы;

12) (КР2015-жылдын 17-февралындагы N 34 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Эгерде көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер калбай калган учурда, мандат кийинки шайлоого чейин бош бойдон калат.

4. Эгерде пропорциялуу шайлоо округу боюнча саясий партиянын тизмесинде талапкерлер калбай калган учурда, мандат тиешелүү жергиликтүү кеңешке кийинки шайлоого чейин бош калат.

13) тийиштүү депутаттык фракциянын, саясий партиянын саясий кеңешинин, саясий партиянын баштапкы уюкчасынын сунушунун негизинде  саясий партиянын жетекчи органы тарабынан чакыртылып алынышы.

3. Эгерде көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер калбай калган учурда, мандат кийинки шайлоого чейин бош бойдон калат.

4. Эгерде пропорциялуу шайлоо округу боюнча саясий партиянын тизмесинде талапкерлер калбай калган учурда, мандат тиешелүү жергиликтүү кеңешке кийинки шайлоого чейин бош калат.

53-берене. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо

1. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын, өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калгандан кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкүлөрдү берет:

1) партиянын аталышын көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин;

2) талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган өзүн талапкерлеринин тизмесине киргизүүгө макулдугу жөнүндө арызын жана өзү жөнүндө маалыматтар бар атайын форманы (биографиялык жана башка маалыматтарды);

3) талапкерлердин паспортторунун көчүрмөлөрүн, иштеген же жашаган жеринен маалымкаттарын;

4) шайлоо күрөөсүн киргизгендигин ырастоочу документти.

2. Тиешелүү шайлоо комиссиясы ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди берген ыйгарым укуктуу өкүлгө ал документтерди алгандыгын жазуу жүзүндөгү ырастоону берүүгө милдеттүү.

3. Талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар, катталганга чейин жана берилген документтер текшерилгенден кийин өз шайлоо фонддорунун каражаттарынан тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын атайын фондуна ушул Мыйзамдын 50-беренеси менен белгиленген өлчөмдөгү шайлоо күрөөсүн киргизет.

4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып, 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин көрсөтүү тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Мында шайлоо комиссиясы документтерден талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайык келбөөчүлүктү тапса, документтер алынгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы бул ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө саясий партияга маалымдоого милдеттүү. Саясий партия маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

5. Бир эле адамды талапкерлердин бир тизмесинен ашыкка каттоого жол берилбейт.

6. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калгандан аяктайт.

7. Талапкерлердин тизмесин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн саясий партиянын, шайлоо комиссияларындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө чечим кабыл алган учурдан тартып бир сутканын ичинде берүүгө милдеттүү.

8. Талапкерлердин тизмесин каттоодо төмөнкүлөр баш тартуунун негиздери боло алат:

1) талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө, ошондой эле көрсөтүүнүн ушул Мыйзам менен каралган тартибин сактабоо:

2) талапкерде же талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

3) ушул шайлоодо талапкерди башка партиянын тизмесинде катталгандыгынын фактысынын бар экендиги;

4) саясий партиянын, өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү;

5) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгынын же болбосо анда Кыргыз Республикасынын жарандыгынын жоктугу.

Эгерде саясий партиянын, ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл бардык документтерди бербесе, бирок аларды каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кошумча берсе, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоого милдеттүү.

9. Талапкерлердин тизмесин киргизилген айрым талапкерлерге карата ушул берене менен каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болушу аларды ырасталган талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу үчүн гана негиз болуп кызмат кылышы мүмкүн.

10. Талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

11. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде саясий партиялардын аталыштарын, ошондой эле саясий партиялардан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесинин катталгандыгы жөнүндө кабарлоону басма сөздө жарыялайт.

12. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмеси катталган күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге каттоо датасын көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү ырастамасын берет.

2-1) соттун талапкерди оперативдик-алдын алма каттоого коюу жөнүндө күчүнө кирген чечиминин бар экендиги;

56-1-берене. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо

1. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык (төмөн турган) шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен тиешелүү бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмелеринин ар бири үчүн берилген шайлоочулардын добуштарын эсептеп чыгууну жүргүзөт.

2. Шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө ушул бөлүктүн экинчи-бешинчи абзацтарында каралган талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар киргизилет.

Талапкерлеринин тизмеси үчүн добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызы берилген саясий партиялар депутаттык мандаттарды алышат, алардын саны ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган тартипте аныкталат.

Эгерде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын бири да добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын албаган учурда, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү талапкерлердин тизмесин көрсөткөн жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын ала албаган башка саясий партияларга караганда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын көбүрөөк сандагы добушун алган биринчи үч саясий партиянын ортосунда жүзөгө ашырылат.

Эгерде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ичинен бир гана саясий партия добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын алган учурда, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын ала албаган, бирок добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын ала албаган башка саясий партияларга караганда, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын көбүрөөк сандагы добуштарын алган кийинки эки саясий партия да депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө киргизилет. Мында добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 же андан көп пайызын ала албаган бир нече саясий партиялар тарабынан шайлоочулардын бирдей сандагы добуштары алынса, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө эки саясий партияны киргизүү жөнүндө маселе добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын бирдей добуштарын алган саясий партиялардын ортосунда чүчү кулак өткөрүү жолу менен чечилет.

Эгерде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ичинен эки саясий партия добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын алган учурда, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын ала албаган, бирок добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын ала албаган башка саясий партияларга караганда, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын көбүрөөк сандагы добуштарын алган кийинки бир саясий партия да депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө киргизилет. Мында добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 же андан көп пайызын ала албаган бир нече саясий партиялар тарабынан шайлоочулардын бирдей сандагы добуштары алынса, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө бир саясий партияны киргизүү жөнүндө маселе добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын бирдей добуштарын алган саясий партиялардын ортосунда чүчү кулак өткөрүү жолу менен чечилет.

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын алган саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелери үчүн бирдиктүү шайлоо округу боюнча берилген, же болбосо ушул берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү - бешинчи абзацтарында каралган учурларда шайлоочулардын добуштарынын суммасын эсептеп чыгат. Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын алынган суммасы бирдиктүү шайлоо округу боюнча бөлүштүрүлүүчү депутаттык мандаттардын санына бөлүнөт. Алынган натыйжа биринчи жеке шайлоо укугу (бир мандатты алуу үчүн квота) болот.

Андан кийин депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө катышкан талапкерлердин ар бир тизмеси алган добуштардын саны биринчи жеке шайлоого бөлүнөт. Санды бөлүүнүн натыйжасында алынган бүтүн бөлүк тиешелүү талапкерлердин тизмеси алган депутаттык мандаттардын саны болот.

Эгерде ушул бөлүктүн экинчи абзацына ылайык жүргүзүлгөн аракеттерден кийин бөлүштүрүлбөгөн мандаттар калса, аларды экинчи жолу бөлүштүрүү жүргүзүлөт. Бөлүштүрүлбөгөн мандаттар ушул бөлүктүн экинчи абзацына ылайык бөлүштүрүүнүн натыйжасында алынган сандын эн көп бөлчөк бөлүгүн (калдыгын) алган талапкерлердин тизмелерине бирден берилет. Бөлчөк бөлүктөр тең болгондо шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган талапкерлердин тизмесине артыкчылык берилет. Шайлоочулардын добуштарынын саны тең болгондо, артыкчылык мурда катталган талапкерлердин тизмесине берилет.

4. Талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү тизмени тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясында каттоодо белгиленген, бул тизмедеги талапкерлердин жайгашуусунун тартибине ылайык жүргүзүлөт.

5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттардын мыйзамдарга ылайык белгиленген протоколдун саптарына ылайык бөлүштүрүлүшү жөнүндө протокол түзөт.

Протоколго кошумча төмөнкүлөр киргизилет:

- депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө киргизилген саясий партиялардын аталыштары;

- талапкерлердин ар бир тизмесинен шайланган депутаттардын фамилиясы, аты, атасынын аты.

6. Шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо ушул Мыйзамдын 40-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.

56-1-берене. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо

1. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык (төмөн турган) шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен тиешелүү бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмелеринин ар бири үчүн берилген шайлоочулардын добуштарын эсептеп чыгууну жүргүзөт.

2. Шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө ушул бөлүктүн экинчи-бешинчи абзацтарында каралган талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар киргизилет.

Талапкерлеринин тизмеси үчүн добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 жана андан көп пайызы берилген саясий партиялар депутаттык мандаттарды алышат, алардын саны ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган тартипте аныкталат.

Эгерде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын бири да добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 жана андан көп пайызын албаган учурда, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү талапкерлердин тизмесин көрсөткөн жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 жана андан көп пайызын ала албаган башка саясий партияларга караганда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын көбүрөөк сандагы добушун алган биринчи үч саясий партиянын ортосунда жүзөгө ашырылат.

Эгерде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ичинен бир гана саясий партия добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 жана андан көп пайызын алган учурда, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 жана андан көп пайызын ала албаган, бирок добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 жана андан көп пайызын ала албаган башка саясий партияларга караганда, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын көбүрөөк сандагы добуштарын алган кийинки эки саясий партия да депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө киргизилет. Мында добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 же андан көп пайызын ала албаган бир нече саясий партиялар тарабынан шайлоочулардын бирдей сандагы добуштары алынса, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө эки саясий партияны киргизүү жөнүндө маселе добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын бирдей добуштарын алган саясий партиялардын ортосунда чүчү кулак өткөрүү жолу менен чечилет.

Эгерде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ичинен эки саясий партия добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 жана андан көп пайызын алган учурда, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 жана андан көп пайызын ала албаган, бирок добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 жана андан көп пайызын ала албаган башка саясий партияларга караганда, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын көбүрөөк сандагы добуштарын алган кийинки бир саясий партия да депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө киргизилет. Мында добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 же андан көп пайызын ала албаган бир нече саясий партиялар тарабынан шайлоочулардын бирдей сандагы добуштары алынса, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө бир саясий партияны киргизүү жөнүндө маселе добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын бирдей добуштарын алган саясий партиялардын ортосунда чүчү кулак өткөрүү жолу менен чечилет.

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 жана андан көп пайызын алган саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелери үчүн бирдиктүү шайлоо округу боюнча берилген, же болбосо ушул берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү - бешинчи абзацтарында каралган учурларда шайлоочулардын добуштарынын суммасын эсептеп чыгат. Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын алынган суммасы бирдиктүү шайлоо округу боюнча бөлүштүрүлүүчү депутаттык мандаттардын санына бөлүнөт. Алынган натыйжа биринчи жеке шайлоо укугу (бир мандатты алуу үчүн квота) болот.

Андан кийин депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө катышкан талапкерлердин ар бир тизмеси алган добуштардын саны биринчи жеке шайлоого бөлүнөт. Санды бөлүүнүн натыйжасында алынган бүтүн бөлүк тиешелүү талапкерлердин тизмеси алган депутаттык мандаттардын саны болот.

Эгерде ушул бөлүктүн экинчи абзацына ылайык жүргүзүлгөн аракеттерден кийин бөлүштүрүлбөгөн мандаттар калса, аларды экинчи жолу бөлүштүрүү жүргүзүлөт. Бөлүштүрүлбөгөн мандаттар ушул бөлүктүн экинчи абзацына ылайык бөлүштүрүүнүн натыйжасында алынган сандын эн көп бөлчөк бөлүгүн (калдыгын) алган талапкерлердин тизмелерине бирден берилет. Бөлчөк бөлүктөр тең болгондо шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган талапкерлердин тизмесине артыкчылык берилет. Шайлоочулардын добуштарынын саны тең болгондо, артыкчылык мурда катталган талапкерлердин тизмесине берилет.

4. Талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү шайлоонун жыйынтыгы боюнча бир жолу, саясий партиянын жетекчи органынын чечиминин негизинде, бул партиядан катталган талапкерлердин аларды тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясында каттоодо түзүлгөн тизмесине жараша жүргүзүлөт.