Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 29-июну № 800-VI 2016-жылдын 21-январындагы № 222-VI “2014-2015-жылдарда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан жарандарды мыйзамсыз жазык жоопкерчилигине тартуу маселелерин иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышы тууралуу

01-07-2016
09:05

2014-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын жазык жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуунун фактыларын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын (мындан ары - убактылуу депутаттык комиссия) төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.У.Шайназаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши укук коргоо органдары тарабынан адамдарды жазык жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуунун жана кайтаруу алдында кармоонун натыйжасында жарандардын конституциялык укуктары бузулуп жаткандыгын белгилейт. Прокуратура органдары тарабынан жазык иштерин тергөөнүн жүрүшүндө жарандардын укуктарын сактоо үчүн көзөмөл боюнча көрүлүп жаткан чаралар дайыма эле таасирдүү болуп саналбайт.

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана Жогорку сотунун айрым жетекчилери жарандарды жазык жоопкерчилигине тартууда жана кайтаруу алдында кармоодо мыйзамдуулуктун абалына тиешелүү деңгээлде кызыкпайт, бул жөнүндө алардан суратылган маалыматты комиссияга толук көлөмдө бербөө айтып турат.

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

1. Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.У.Шайназаровдун маалыматы эске алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинде 2014-2015-жылдарда адамдарды жазык жоопкерчилигине тартууда жарандардын конституциялык укуктарын бузуулар бар экендиги таанылсын.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- жарандардын конституциялык укуктарын бузууларга жол берген МУККтун, БКМКнын, МБКнын, ИИМдин, ЖАМКтын, ЭККМКнын  жетекчилеринин жана тергөө кызматкерлеринин жоопкерчилиги жөнүндө маселени карасын.

 

4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:

- жарандарды жазык жоопкерчилигине тартууда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн көзөмөлдү күчөтсүн;

-  мыйзамдуулукту көрсөтүлгөн өтө одоно бузууларга жол берген тергөө кызматкерлеринин, жетекчилердин жана кызмат адамдарынын тартиптик жоопкерчилиги жөнүндө маселени карасын.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Башкы прокуратурасы ушул токтомду кароонун жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2016-жылдын 15-сентябрына чейин маалымдасын.

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна республиканын сот органдарынын ишинин кошмо отчетуна акталган адамдар жөнүндө маалыматты киргизүү сунушталсын.

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын маалымкаты чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Башкы прокуратурага жиберилсин (тиркелет).

 

8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                     Ч. А. Турсунбеков