ДЕМИЛГЕЧИ: Жогорку Кеңештин депутаттары М. Жеенчороев, Ө. Бабанов, Р. Казакбаев, И. Омуркулов, М. Аманкулов, А. Алтынбеков, А. Акматов, М. Бакиров, Жунус уулу Алтынбек, М. Мавлянова, А. Мамашева, Т. Масабиров, Н. Никитенко, Б. Сыдыков, Ч. Султанбекова, Е. Строкова, У. Чолпонбаев
Сунуш-пикирлерди төмөнкү электрондук дарекке жөнөтсөңүз болот cholponbek79@mail.ru же ушул телефон аркылуу билдирсеңиз болот 0312 63-85-07
Каттоо номери: № 6-15130/16 07.06.16
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы
“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы,
1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 364-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы “үч” деген сөз “он беш” деген сөзгө, “үч” деген сөз “он” деген сөзгө алмаштырылсын;
2-бөлүктүн экинчи абзацындагы “эки” деген сөз “он” деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 365-статьядагы “бир” деген сөз “он” деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 366-статьяда:
1) 1-бөлүктө:
биринчи абзацтагы “гүлбактарда,” деген сөздөрдөн кийин “көп батирлүү туракжай үйлөрүнүн короолорунда,” деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен онго чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.”.
2) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.”.
3) 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен жыйырмадан отузга чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.”.
4) 4-бөлүктүн экинчи абзацындагы “бирден экиге чейинки” деген сөздөр “ондон жыйырмага чейинки” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 367-беренедеги “ондон жыйырма өлчөмүнө чейин” деген сөздөр “элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Ушул Мыйзам долбоору жаштарды тарбиялоо деңгээлин жана коомдун нравалуулугун жогорулатууга, ошондой эле алкоголдук жана/же спирт камтылган азыктарды ичкендиги, ошондой эле коомдук жерлерде баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонгондугу үчүн административдик жоопкерчилик чараларын күчтөнтүү жолу менен коомдук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.
Акыркы мезгилдерде коомдук жана атайын белгиленбеген жерлерде спирт (алкоголь) ичимдиктерин ичкен адамдар көп кездеше баштады, ал эми укук коргоо органдары буга эч кандай маани бербей жатышат. Мындай көрүнүш кадыресе болуп калды жана көпчүлүк жарандар үчүн бул күндөлүк нерселердин бирине айланды. Ал эми балдар жаштайынан тартып мындай көрүнүштү нормалдуу деп карап, алардан үлгү ала башташты. Андыктан кылмыштардын көпчүлүгү мас болуу абалында жасалганы көчө кылмыштарынын өсүшүнө алып келээри белгилүү.
Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 364-367-статьяларына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. Атап айтканда, майда бейбаштык, коомдук жерлерде алкоголдук ичимдиктерди ичүү, ошондой эле андай жерлерде мас болуу абалында жүргөндүгү үчүн жаза берүүнү оорлотуу пландаштырылууда. Ошентип, азыркы учурда белгиленген 100-300 сомдун чектериндеги административдик айыптын өлчөмүн 1000ден-3000ге чейин көбөйтүү сунушталып жатат.
Мыйзам долбоорунда он сегиз жашка жете элек адамдар тарабынан алкоголдук азыктарды жана баш айланткан заттарды колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулган. Маселен, андай жаштар тарабынан тиешелүү укук бузгандыгы үчүн алардын ата-энелерине 2 миңден 3000 сомго чейинки өлчөмдө, (азыр – 100дөн 200 сомго чейин) айып салуу сунушталууда.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда жашы жете электи социалдык каршы жүрүм-турумдарга тарткандыгы үчүн жазалоону оорлотуу каралган. Ошондуктан айыптын суммасын азыркы 1000-2000 сомду 5000-10000 сомго чейин көбөйтүү сунушталган.
Мындай санкцияларды оорлотуунун зарылдыгы азыркы айыптар өз мааниси боюнча “жазалоонун функцияларын аткара албай тургандыгы” менен түшүндүрүлөт. Ошол себептүү салынган айыптын өлчөмүнө караганда жазаны мажбурлап аткартуу кыйла кымбат болууда.
Практика көрсөткөндөй, коомдук жерлерде спирт ичимдигин ичип, тамеки тартып, өзүнүн артында ар кандай керексиз идиштерди таштанды катары калтыргандар жана ал идиштердин сыныктары (бөтөлкөлөр, стакандар) жаракат алып келиши мүмкүн болгондуктан жарандардын нааразычылыктарын пайда кылууда. Буга байланыштуу азыркы айыптарды көбөйтүү менен тартип бузгандарды тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймактарын тазалоо боюнча коомдук иштерге кошумча жаза катары тартууну сунуштаймын.
Ошону менен эле катар, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексти тартип бузуу объектисине карата “коомдук жерлерде баңги каражаттарын же психотроптук заттарды колдонуу, спирт ичимдиктерин ичүү же адамдын кадыр-баркын кемсинткен мас болуу абалында жүрүү” деген 366-статья менен жана “көчөлөр, стадиондор, гүлбактар” деп аталган коомдук жерлердин типтүү көрүнүштөрүнүн тизмегин “көп батирлүү турак жай үйлөрүнүн короолору” деген сөздөр менен толуктоо сунушталат.
Ушул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, жарандык мыйзамдарга, белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык мыйзамдардын ченемдерине бүтүндөй ылайык келет.
Аталган мыйзам долбоору ишкердик иш чөйрөсүнө тиешелүү болбогондуктан регулятивдүү таасир көрсөтүү анализин жүргүзүү талап кылынбайт.
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык аталган мыйзам долбоору коомдук талкуулоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына (www.kenesh.kg. жайгаштырылган, анын жыйынтыктары боюнча сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.
Мыйзам долбоору гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы жана башка экспертизаларды жасоого жатпайт, кабыл алынып калган учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча финансы каражаттарын талап кылбайт.
Депутат М. Жеенчороев
Ө. Бабанов
Р. Казакбаев
И. Омуркулов
М. Аманкулов
А. Алтынбеков
А. Акматов
М. Бакиров
Жунус уулу Алтынбек
М. Мавлянова
А. Мамашева
Т. Масабиров
Н. Никитенко
Б. Сыдыков
Ч. Султанбекова
Е. Строкова
У. Чолпонбаев
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна салыштырма таблица
Колдонуудагы редакция |
Сунушталган редакция |
364-статья. Майда бейбаштык Майда бейбаштык, башкача айтканда, коомдук жайларда сөгүнүү, жарандарды мазактап, тийишүү жана коомдук тартипти жана жарандардын тынчын алган башка ушул өңдүү аракеттер - сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешуү көрсөткүчүнүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо үч суткага администрациялык камакка алууга алып келет. Майда бейбаштыктык жашы жетпегендер жасаганда - ата-энелерге же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн эки өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
|
364-статья. Майда бейбаштык Майда бейбаштык, башкача айтканда, коомдук жайларда сөгүнүү, жарандарды мазактап, тийишүү жана коомдук тартипти жана жарандардын тынчын алган башка ушул өңдүү аракеттер - сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешуү көрсөткүчүнүн он беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо он суткага администрациялык камакка алууга алып келет. Майда бейбаштыктык жашы жетпегендер жасаганда - ата-энелерге же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. |
365-статья. Өндүрүштө спирт ичимдиктерин ичүү Өндүрүштө (жумуш орундарында) жана ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аймагында спирт ичимдиктерин ичүү же иште кызуу жүрүү - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
|
365-статья. Өндүрүштө спирт ичимдиктерин ичүү Өндүрүштө (жумуш орундарында) жана ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аймагында спирт ичимдиктерин ичүү же иште кызуу жүрүү - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. |
366-статья. Коомдук жайларда баңги каражаттарын же психотроптук заттарды колдонуу, спирт ичимдиктерин ичүү же коомдук жайларда адамдык беделди булгап мас болуп жүрүү Баңги каражаттарын же психотроптук заттарды колдонуу, ошого тете көчөлөрдө, стадиондордо, гүлбактарда, коомдук транспорттордун бардык түрлөрүндө жана башка коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүү же коомдук жайларда адамдык беделди, коомдук адеп-ахлакты булгап мас абалында жүрүү, - бир эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүнө чейинки администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жазалоо колдонулгандан кийинки жыл ичинде кайталанып жасалса, - бирден экиге чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракеттер баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды колдонгондугу үчүн администрациялык жазага жыл ичинде эки жолу тартылган адам тарабынан кайталанып жасалса, ага тете коомдук жайларда спирттик ичимдиктерди ичкендиги үчүн же коомдук жайларда адамдык беделди жана коомдук адеп-ахлакты булгап, мас абалында жүрүү, - экиден үчкө чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айыпты салууга алып келет. Жашы жетелектердин коомдук жайларда мас абалында жүрүүсү, ага тете алардын баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды колдонуусу же алардын спирттик ичимдиктерди ичүүсү - ата-энелерге же аларды алмаштыруучуларга - бирден экиге чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
|
366-статья. Коомдук жайларда баңги каражаттарын же психотроптук заттарды колдонуу, спирт ичимдиктерин ичүү же коомдук жайларда адамдык беделди булгап мас болуп жүрүү Баңги каражаттарын же психотроптук заттарды колдонуу, ошого тете көчөлөрдө, стадиондордо, гүлбактарда, көп батирлүү туракжай үйлөрүнүн короолорунда, коомдук транспорттордун бардык түрлөрүндө жана башка коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүү же коомдук жайларда адамдык беделди, коомдук адеп-ахлакты булгап мас абалында жүрүү, - сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен онго чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жазалоо колдонулгандан кийинки жыл ичинде кайталанып жасалса, - сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракеттер баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды колдонгондугу үчүн администрациялык жазага жыл ичинде эки жолу тартылган адам тарабынан кайталанып жасалса, ага тете коомдук жайларда спирттик ичимдиктерди ичкендиги үчүн же коомдук жайларда адамдык беделди жана коомдук адеп-ахлакты булгап, мас абалында жүрүү, - сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен жыйырмадан отузга чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Жашы жетелектердин коомдук жайларда мас абалында жүрүүсү, ага тете алардын баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды колдонуусу же алардын спирттик ичимдиктерди ичүүсү - ата-энелерге же аларды алмаштыруучуларга – ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
|
367-статья. Жашы жетпегендерди жосунсуз иштерге тартуу Жашы жетпегендерди кайырчылыкка, спирт ичимдиктерин ичүүгө, баңги же психиканы бузуучу зат болбогону менен, интеллектуалдык-эрктүүлүк сапаттарына таасир берүүчү заттарды же каражаттарды колдонууга тартуу - сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
|
367-статья. Жашы жетпегендерди жосунсуз иштерге тартуу Жашы жетпегендерди кайырчылыкка, спирт ичимдиктерин ичүүгө, баңги же психиканы бузуучу зат болбогону менен, интеллектуалдык-эрктүүлүк сапаттарына таасир берүүчү заттарды же каражаттарды колдонууга тартуу - сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
|