ДЕМИЛГЕЧИ: Жогорку Кеңештин депутаты К.Дж. Рыспаев
Сунуш-пикирлерди төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүңүз nurdinrahmanov@mail.ru же ушул телефон аркылуу билдирсеңиз болот 0312 63-91-48
Каттоо номери: № 6-15130/16 07.06.16
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
“Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
“Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 5, 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
17-статьянын I бөлүмүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Советтик Армиянын жана Аскер-Деңиз Флотунун, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары, СССРдин өкмөттүк органдарынын (КПСС БКнын, Министрлер Советинин, министрликтердин жана ведомстволордун) чечимдерине ылайык согуш аракеттерине катышкан аскер адистерин, кеңешчилерди кошуп алганда, СССРдин Ички иштер министрлигинин жетекчи жана катардагы курамынын адамдары ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган (1-пункттан тышкары) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын социалдык гарантияларынан, ал эми майыптар - 15-статьяда каралган (1-пункттан тышкары) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн социалдык гарантиялардан пайдаланышат.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 10-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы (2009-жылдын 30-декабрындагы № 319) күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
“Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна маалымкат-негиздеме
Сунуш кылынган мыйзам долбоору карама-каршылыктуу чечмелөөгө мүмкүнчүлүк берген, алардын натыйжасында СССРдин өкмөттүк органдарынын чечимдерине ылайык башка мамлекеттердин аймактарында согуш аракеттерине, анын ичинде Афганистандын аймагында кеңешчилер катары катышкан жарандар социалдык кепилдиктерди ала алышпаган мыйзамдын так эместиктерин четтетүү максатында даярдалган.
“Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 8-майындагы № 14 Мыйзамынын (мындан ары – “Согуштун ардагерлери жөнүндө” Мыйзам) биринчи редакциясына ылайык 17-статьянын I бөлүмүнүн биринчи абзацында Советтик Армиянын жана Аскер-Деңиз Флотунун, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары, СССРдин Ички иштер министрлигинин жетекчи жана катардагы курамынын адамдары, согуш аракеттерине катышкан аскер адистерин, кеңешчилерин кошуп алганда, мамлекеттик гарантияларды алууга укуктуу болушкан.
Кийин 2009-жылдын 30-декабрында № 319 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. 9-берененин 10-бөлүгүнүн үчүнчү абзацына ылайык “Согуштун ардагерлери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын биринчи абзацынын мазмуну өзгөртүлгөн жана “кеңешчилерин” деген сөздөн мурда “аскер” деген сөз менен толукталган.
Мында “Согуштун ардагерлери жөнүндө” Мыйзамдын колдонуудагы редакциясынын 3-статьясынын 4-бөлүгүндө ошол эле туюндурма, согуштун ардагерлерине СССРдин өкмөттүк органдарынын чечимдерине ылайык башка өлкөлөрдүн аймагында согуш аракеттерине катышкан Советтик Армиянын, Аскер-Деңиз Флотунун, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары жана СССРдин Ички иштер министрлигинин башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар (согуштук адистер жана кеңешчилерди кошкондо) кирээри каралган.
Ошентип аскер кеңешчилери бул Советтик Армиянын ошол эле аскер кызматчылары болгондуктан, “аскер кеңешчиси” деген терминдин алдында эмне түшүнүлөөрү түшүнүксүз бойдон калууда. Андан тышкары аталган Мыйзамдын колдонуудагы тексти боюнча СССРдин өкмөттүк органдарынын чечимдерине ылайык башка мамлекеттердин аймагында согуш аракеттерине катышкан “кеңешчилер” туюндурмасын кайталап пайдалануу кездешпейт.
Башка мамлекеттердин аймагында согуш аракеттерине аскер кызматчыларынан жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн тышкары СССРдин өкмөттүк органдары тарабынан иш сапарына жиберилген партиялык кызматкерлердин ичинен Советтик кеңешчилер да катышкан. Кеңешчилер аскердик жыйындарга аскер комиссариаттары аркылуу чакырылбагандыгына байланыштуу, ошондой эле иш сапарына жиберүүнүн купуялуулугуна байланыштуу алардын аскердик билеттерине жазуулар жасалган эмес.
Партиялык кеңешчилер 1978-жылдын ноябрынан тартып 1988-жылдын октябрын кошуп алганда Афганистанда болушкан. Бул топтордо бардык мезгилде 316 партиялык кеңешчи, КПСС БКнын Коомдук илимдер академиясынын 45 кеңешчи-окутуучусу, 150 комсомолдук кеңешчи иштеген. Кыргыз ССРинен бардыгы 4 партиялык кеңешчи жиберилген.
1978-жылдан тартып 1988-жылды кошуп алган мезгилдеги Афган согушунун убагында Советтик кеңешчилердин ролун да эске алуу керек, алар аскер кызматчылары менен катар Советтик армиянын бардык иш-чараларына катышышты, ошондой эле жеке өмүрүн тобокелдикке салуу менен өзүлөрүнүн интернационалдык милдетин аткарышты, өз салымын кошушту, согуш аракеттеринин катышуучулары сыяктуу эле алар да жеңилдиктерге жана кепилдиктерге ушундай эле укуктарга ээ болууга тийиш.
Ошентип, сунуш кылынган Мыйзам долбоору менен “Согуштун ардагерлери жөнүндө” КР Мыйзамына башка мамлекеттердин аймагында согуш аракеттерине катышкан мурдагы Советтик кеңешчилерге ошол эле согуштук аракеттердин башка катышуучулары менен катар социалдык кепилдиктерди алууга мүмкүндүк берүүчү түзөтүүлөрдү киргизүү каралат.
Улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерине өткөрүлгөн талдоонун натыйжалары боюнча сунуш кылынган мыйзам долбоорунун ченемдери колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбегендиги, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салууга багытталбагандыктан долбоор жөнгө салуу таасирин талдоого жатпай тургандыгы белгиленгенин белгилөө керек.
Мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылган.
Депутат К.Дж. Рыспаев
“Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы
эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбооруна салыштырма таблица