Биринчи бөлүм

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН НЕГИЗДЕРИ

1-берене.

1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) – эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет.
2. Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагында толук мамлекеттик бийликке ээ, ички жана тышкы саясатты өз алдынча жүргүзөт.

2-берене.

1. Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат.
2. Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат.
3. Мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка олуттуу маселелер референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) коюлушу мүмкүн. Референдумду өткөрүүнүн тартиби, референдумга коюлуучу маселелердин тизмеги конституциялык мыйзам менен белгиленет.
4. Шайлоо эркин болуп саналат.
Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын депутаттарын шайлоо жашыруун жалпы добуш берүү менен тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары шайлоого укуктуу.
5. Мамлекет мыйзамда белгиленген ар кайсы социалдык топтордун мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, анын ичинде чечим чыгаруу деңгээлинде өкүлчүлүгү үчүн шарттарды түзөт.

3-берене.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик:
1) бүткүл эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш жана Президент өкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үстөмдүгүнүн;
2) мамлекеттик бийликти бөлүштүрүүнүн;
3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл алдындагы жоопкерчилигинин жана ачыктыгынын, өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашыруусунун;
4) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын так ажыратуунун принциптерине негизденет.

4-берене.

1. Кыргыз Республикасында саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук таанылат.
2. Саясий партиялар, кесиптик бирликтер, дагы башка коомдук бирикмелер өздөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруу жана жарандардын өз эркин коргоо, саясий, экономикалык, социалдык, эмгектик, маданий жана башка кызыкчылыктарын канааттандыруу үчүн эркин билдирүү жана кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлүшү мүмкүн.
3. Саясий партиялар жарандардын саясий эркин билдирүүгө көмөк көрсөтөт, Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого катышат.
4. Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) мамлекеттик, муниципалдык жана партиялык институттардын кошулушуна; мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде жана уюмдарда партиялык уюмдардын түзүлүшүнө жана иштешине; мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кызматтык иштен тышкары жүзөгө ашырган учурларды кошпогондо, партиялык ишти аткарышына;
2) аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана судьялардын саясий партияларга мүчө болушуна, алардын кайсы бир саясий партияларды колдоп чыгышына;
3) диний, этностук негизде саясий партияларды түзүүгө, диний бирикмелердин саясий максаттарды көздөшүнө;
4) жарандардын бирикмелери тарабынан аскерлешкен курумдардын түзүлүшүнө;
5) иш-аракети конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бүлдүрүүгө, социалдык, расалык, улут аралык, этностор аралык жана диний касташууну тутандырууга багытталган максаттарды көздөгөн саясий партиялардын, коомдук жана диний бирикмелердин, алардын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иштешине.

5-берене.

1. Мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылат.
2. Элдин эч бир бөлүгү, бир да бирикме, бир да адам мамлекетте бийликти өзүнө ыйгарып алууга укуксуз. Мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелет.
3. Мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт.
4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары укукка каршы иш-аракети үчүн мыйзамда каралган тартипте жоопкерчилик тартышат.

6-берене.

1. Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат.
2. Конституциянын негизинде конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат.
3. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат.
Адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин ченемдери түздөн-түз колдонулат жана башка эл аралык келишимдин ченемдерине караганда артыкчылыкка ээ.
4. Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө кириши үчүн милдеттүү шарт болуп эсептелет.
5. Жаңы милдеттерди же оордотуучу жоопкерчиликти белгилөөчү мыйзам же башка ченемдик укуктук акты өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

7-берене.

1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес.
2. Дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган.
3. Диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

8-берене.

1. Кыргыз Республикасынын азыркы чек арасындагы аймагы бүтүн жана кол тийгис.
2. Мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагы мыйзамда аныкталган администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүнөт.
3. Бишкек жана Ош шаарлары республикалык маанидеги шаарлар деп эсептелет, алардын статусу мыйзам менен аныкталат.

9-берене.

1. Кыргыз Республикасы татыктуу жашоо-турмуш шартын түзүүгө жана инсанды эркин өстүрүүгө, жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүүгө багытталган социалдык программаларды иштеп чыгат.
2. Кыргыз Республикасы социалдык жактан корголбогон жарандардын категорияларына колдоо көрсөтүүнү, эмгек акынын кепилдик берилген минималдуу өлчөмүн, эмгекти жана саламаттыкты коргоону камсыз кылат.
3. Кыргыз Республикасы социалдык кызматтардын, медициналык тейлөөнүн системасын өнүктүрөт, мамлекеттик пенсияларды, жөлөкпулдарды, социалдык коргоонун дагы башка кепилдиктерин белгилейт.

10-берене.

1. Кыргыз тили Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат.
3. Кыргыз Республикасы Кыргызстан элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, аны окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет.

11-берене.

1. Кыргыз Республикасы мамлекеттик символдорго – Тууга, Гербге, Гимнге ээ. Алардын сыпаттамасы жана расмий пайдалануу тартиби мыйзам менен белгиленет.
2. Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын борбору болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын акча бирдиги сом болуп эсептелет.

12-берене.

1. Кыргыз Республикасында менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берилет.
2. Менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес.
Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет.
Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында соттун чечимисиз мүлктү алып коюуга мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет. Мындай алып коюунун мыйзамдуулугу сот тарабынан милдеттүү түрдө каралууга тийиш.
Мыйзамда каралган коомдук муктаждыктар үчүн мүлктү алып коюу, ал мүлктүн наркынын жана башка чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү адилеттүү жана алдын-ала камсыз кылуу менен соттун чечими боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Жарандардын жана юридикалык жактардын менчигинде турган мүлктү мамлекеттин менчигине өткөрүү (улутташтыруу) ал мүлктүн жана башка чыгымдардын наркынын ордун толтуруу менен мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасы өз жарандары менен юридикалык жактарынын менчигин, ошондой эле башка мамлекеттердин аймагында жайгашкан өзүнүн менчигин коргойт.
5. Жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет, бирдиктүү экологиялык системаны сактоо максатында Кыргызстан элинин жашоосу менен иш-аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат.
Жеке менчикте болушу мүмкүн эмес жайыттарды кошпогондо, жер ошондой эле менчиктин жеке, муниципалдык жана башка формаларында болушу мүмкүн.
6. Менчик ээлеринин өз укуктарын ишке ашыруунун чектери жана тартиби, аларды коргоонун кепилдиктери мыйзам менен аныкталат.

13-берене.

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден турат, мамлекеттин кирешелерин жана чыгашаларын өзүнө камтыйт.
2. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүнүн, кабыл алуунун, пайдалануунун тартиби, ошондой эле аларды аткаруунун аудити мыйзам менен аныкталат. Республикалык бюджет – мыйзам менен, жергиликтүү бюджеттер тиешелүү өкүлчүлүктүү органдардын чечими менен кабыл алынат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү салык системасы иштейт. Салыктарды белгилөө укугу Жогорку Кеңешке таандык. Жаңы салыктарды белгилөөчү жана салык төлөөчүлөрдүн абалын начарлатуучу мыйзамдар өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

14-берене.

1. Кыргыз Республикасы экспансиялык, агрессиялык максаттарды жана аскердик күч менен чечилүүчү аймактык дооматтарды көздөбөйт, мамлекеттик турмушту милитаризациялоону, мамлекетти, анын ишин согуш жүргүзүү милдеттерине баш ийдирүүнү четке кагат. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоно алуу принциптерине ылайык куралат.
2. Кыргызстанга жана биргелешип коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башка мамлекеттерге каршы жасалган агрессия учурларын кошпогондо, согуш жүргүзүү укугу таанылбайт. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жактарга жиберүүнүн ар бир учуру боюнча уруксат депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн мамлекеттин ички саясий маселелерин чечүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
4. Кыргыз Республикасы жалпыга бирдей жана адилеттүү жашоого, өз ара пайдалуу кызматташууга, дүйнөлүк жана регионалдык маселелерди тынчтык жол менен чечүүгө умтулат.

15-берене.

Кыргыз Республикасында өзгөчө абал менен согуш абалы ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте киргизилиши мүмкүн.