Протокол № 32 16.01.2019-жыл

26-04-2019 15:08

 32

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН V СЕССИЯСЫ

 

2018-2019-ЖЫЛДАР

 

2019-жылдын 16-январы                                                  9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

Төрагалык кылды                                 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

Д.А. Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев.

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

89 депутат каттоодон өттү.

 

 

1. 2019-жылдын январы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын ишинин календардык планынын долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – жок, бардыгы 68 добуш берди, 89 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2019-жылдын январы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын ишинин календардык планынын долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы – жок, бардыгы 65 добуш берди, 93 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2. 2019-жылдын 16-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 79, каршы – жок, бардыгы 79 добуш берди, 98 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Б.Э.Торобаев, төрагалык кылуучу.

 

 

2019-жылдын 16-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 добуш берди, 100 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөштү: депутат Б.Э.Торобаев, төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат Б.Э.Торобаевдин сунушу боюнча «Миграция саясаты жана 2019-жылдын 1-январында колдонууга киргизилген жаңы кодекстер менен закондордун тегерегинде сот-укук реформаларын жүргүзүү боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу» жыйналыштын күн тартибинин долбоору боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 83, каршы – жок, бардыгы 83 добуш берди, 104 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, С.А.Келдибаев, Д.Д.Бекешев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 17-октябрындагы № 482 токтому) «Инвестициялык фонддордун иштеринин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Инвестициялык фонддор жөнүндө», «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө», «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынын демилгеленген (2018-жылдын 30-октябрындагы № 507 токтому) «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назарованын сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат И.Ш.Өмүркулов, төрагалык кылуучу, депутат Р.А.Казакбаев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары К.С.Исаков, депутаттар Р.М.Туманбаева, А.А.Турсунбаев, Т.Т.Мамытов, Р.Ч.Момбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директорунун орун басары К.А.Байтилешов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын жерлерди пайдалануу жана коргоо үчүн контролдоо боюнча бөлүмдүн башчысы А.А.Кенжебаева, депутаттар А.К.Касымалиева, М.Э.Мавлянова.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Э.Дж.Байбакпаев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары К.С.Исаков, депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директорунун орун басары К.А.Байтилешов, депутат Б.С.Турусбеков.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.Ш.Осмонова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары К.С.Исаков, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, депутат М.Э.Сабиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын жерлерди пайдалануу жана коргоо үчүн контролдоо боюнча бөлүмдүн башчысы А.А.Кенжебаева, депутаттар А.Т.Мамашова, Э.Дж.Байбакпаев, Э.Ж.Сурабалдиева, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаров.

 

 

Ушул мыйзам долбоорду экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сөзү.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

15 мүнөткө тыныгуу жарыяланды.

 

 

Саат 11. 25

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

111 депутат каттоодон өттү.

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 10-майындагы № 229 токтому) «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Э.Ирсалиевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.С.Токторов, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Э.Ирсалиев, депутат Т.Г.Тиллаев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимов.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалдиева төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.К.Назаров, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Э.Ирсалиев, депутат Б.С.Турсунбеков.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.С.Токторов, төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат А.С.Токторовдун сунушу боюнча «Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга Президенттин каршы пикири жөнүндө» маселени кезексиз тартипте кароо тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – жок, бардыгы 59 добуш берди, 83 депутат катталды.

Чечим кабыл алынды.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалдиева төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Д.А.Джумабеков, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Э.Ирсалиев, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору А.М.Садыркулов.

 

 

Андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Э.Ирсалиев, депутаттар Р.М.Туманбаева, А.А.Арапбаев, төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат А.А.Арапбаевдин сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуулоо жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 52, каршы – 2, бардыгы 54 добуш берди, 92 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Э.Ирсалиев, депутат А.С.Токторов, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору А.М.Садыркулова, депутаттар А.А.Карашев, А.Т.Мамашова, Р.А.Казакбаев, И.А.Масалиев, Б.К.Райымкулов, К.С.Нурматов, М.И.Бакиров, Д.Д.Бекешев.

 

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

 

Сөз сүйлөдү: депутат И.А.Масалиев.

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

6. «Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» (мыйзам долбоордун демилгечиси - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты И.К.Гусаров) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин кароо.

 

 

Каралып жаткан каршы пикир боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.С.Токторовдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Е.Г.Строкова, А.А.Арапбаев, төрагалык кылуучу.

 

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

 

Саат 14. 05

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

102 депутат каттоодон өттү.

 

 

«Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» (мыйзам долбоордун демилгечиси - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты И.К.Гусаров) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин кароону улантуу.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.Ш.Осмонова, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары М.М.Каратаев, депутаттар И.А.Масалиев, А.С.Токторов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, А.Э.Самигуллина, Д.Д.Бекешев, А.К.Назаров, А.К.Касымалиева, З.И.Жамалдинов, М.И.Бакиров, төрагалык кылуучу.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети каралып жаткан маселени кайтарып берүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы – 1, бардыгы 68 добуш берди, 105 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

7. Депутаттар М.К.Жеенчороев, Д.А.Джумабеков, А.А.Карашев, Д.Д.Бекешев, Т.З.Зулпукаров, Дж.А.Бакчиев, С.Шер-Нияз, А.Ш.Жээнбеков, Э.Дж.Байбакпаев, К.К.Исаев, Ж.К.Акаев, Д.Ш.Исаева, Р.А.Казакбаев, Б.У.Сыдыков, А.Т.Алтыбаева тарабынан демилгеленген «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – М.К.Жеенчороевдин сөзү.

 

 

Депутаттар 2017-жылдын 16-январында болуп өткөн «Манас» эл аралык аэропортунун жанындагы «Дача-СУ» айылындагы авиакыйроонун натыйжасында каза болгондорду бир мүнөт унчукпай эскеришти.

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.Э.Самигуллина, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары К.Б.Кожобеков.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Б.И.Сулейманов, М.К.Жеенчороев - мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, А.С.Токторов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, А.Т.Мамашова, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин финансылоо жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн башчысы Т.А.Тынысов, төрагалык кылуучу, депутат Р.М.Туманбаева.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.К.Назаров, Кыргыз Республикасынын билим берүү министринин орун басары К.Б.Кожобеков, депутат М.К.Жеенчороев - мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, төрагалык кылуучу.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселени талкуулоо жана суроо-жооп жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 добуш берди, 114 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөштү: депутат Б.Ж.Субанбеков, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары К.Б.Кожобеков, депутаттар М.К.Жеенчороев - мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, төрагалык кылуучу.

 

Төрагалык кылуучунун сунушу боюнча жыйналыштын күн тартибиндеги маселелерди кароону өткөргөндөн кийин мурда каралган мыйзам долбоорлор боюнча добуш берүү жол-жобосун өткөрүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 добуш берди, 114 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат К.К.Керезбеков, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары К.Б.Кожобеков, депутаттар М.К.Жеенчороев - мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, М.Э.Мавлянова, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимов, депутаттар А.Т.Мамашова, А.М.Эргешов, Б.К.Райымкулов, төрагалык кылуучу.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.С.Токторовдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

8. 2018-жылдын 30-майындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 2435-VI токтому макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан «Калкты туберкулездон сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» (мыйзам долбоордун демилгечиси – Өкмөт, 2017-жылдын 20-сентябрындагы №592 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо.

 

 

Сунушталган Мыйзамдын макулдашылган варианты жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Б.У.Салиевдин сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары М.М.Каратаев, депутат А.Э.Самигуллина, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Фтизиатрия улуттук борборунун директору А.С.Кадыров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Б.У.Салиев, депутат П.Р.Тулендыбаев, төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат А.Э.Самигуллинанын сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы – 1, бардыгы 78 добуш берди, 114 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Төрагалык кылуучунун сунушу боюнча Жогорку Кеңештин ишин тыныгуу жарыялабастан улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66, каршы – 8, бардыгы 74 депутат добуш берди, 114 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.Т.Мамашова, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Фтизиатрия улуттук борборунун директору А.С.Кадыров, депутат М.Э.Мавлянова, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары М.М.Каратаев, депутаттар Е.Г.Строкова, У.Т.Кыдыралиев, төрагалык кылуучу.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоордун макулдашылган вариантын добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

9. «Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өндүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуу режимине кайтарып берүү тууралуу» (мыйзам долбоордун демилгечиси – 2018-жылдын 5-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 124 токтому) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

Сунушталган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

10. «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароонун жол-жобосуна кайтаруу тууралуу» (мыйзам долбоордун демилгечиси - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2018-жылдын 30-мартындагы № 175 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

Сунушталган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

11. 2019-жылдын 16-январында каралган мыйзамдар менен токтом долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

 

111 депутат каттоодон өттү.

 

 

«Инвестициялык фонддордун иштеринин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Инвестициялык фонддор жөнүндө», «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө», «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорго экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 104, каршы – жок, бардыгы 104 добуш берди, 111 депутат каттоодон өттү.

 

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

 

«Инвестициялык фонддордун иштеринин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Инвестициялык фонддор жөнүндө», «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө», «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорго экинчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 113, каршы – жок, бардыгы 113 добуш берди, 114 депутат каттоодон өттү.

 

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

 

«Инвестициялык фонддордун иштеринин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Инвестициялык фонддор жөнүндө», «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө», «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорго экинчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 111, каршы – жок, бардыгы 111 добуш берди, 114 депутат каттоодон өттү.

 

 

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

 

«Инвестициялык фонддордун иштеринин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Инвестициялык фонддор жөнүндө», «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө», «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорго экинчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 112, каршы – жок, бардыгы 112 добуш берди, 112 депутат каттоодон өттү.

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 111, каршы – 1, бардыгы 112 добуш берди, 112 депутат каттоодон өттү.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы – 48, бардыгы 109 добуш берди, 109 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 108, каршы – 1, бардыгы 109 добуш берди, 109 депутат каттоодон өттү.

 

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

2018-жылдын 30-майындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 2435-VI токтому макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан «Калкты туберкулездон сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» (мыйзам долбоордун демилгечиси – Өкмөт, 2017-жылдын 20-сентябрындагы № 592 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 109, каршы – жок, бардыгы 109 добуш берди, 109 депутат каттоодон өттү.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өндүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуу режимине кайтарып берүү тууралуу» (мыйзам долбоордун демилгечиси – 2018-жылдын 5-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 124 токтому) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 109, каршы – жок, бардыгы 109 добуш берди, 109 депутат каттоодон өттү.

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

«Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароонун жол-жобосуна кайтаруу тууралуу» (мыйзам долбоордун демилгечиси - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2018-жылдын 30-мартындагы № 175 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 109, каршы – жок, бардыгы 109 добуш берди, 109 депутат каттоодон өттү.

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                                 Д. Джумабеков



Көрүүлөрдүн саны : 87