Протокол № 33 17.01.2019-жыл

26-04-2019 15:09

 33

 

                                                                                                                               

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН V СЕССИЯСЫ

 

(2018-2019-жылдар)

 

 

2019-жылдын 17-январы                                                          9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                                         Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

                                                                                            Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: А.Т.Абжалиев, О.М.Артыкбаев, Г.К.Асылбаева, Т.У.Жоробеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.А.Келдибаевге берилген), П.Р.Тулендыбаев.

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

         Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

97 депутат катталды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         1. 2019-жылдын 17-январына жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 74, каршы - жок, бардыгы 74 депутат добуш берди, 97 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

Сөз сүйлөдү: депутаттар У.З.Ормонов, З.И.Жамалдинов, төрагалык кылуучу.

 

2019-жылдын 17-январына жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 77, каршы - жок, бардыгы 77 депутат добуш берди, 101 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         Чечим кабыл алынды:

         - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 10-июлундагы №319-токтом), “Бишкек шаарында 2018-жылдын 26-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы (Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу долбоорун) каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизүү.

        

         Ар түркүн.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар С.А.Келдибаев, Ж.А.Мусабекова, М.А.Маматалиев, Д.Д.Бекешев, Т.К.Конушбаев, А.М.Эргешов, Т.У.Шайназаров, Б.Ж.Субанбеков, С.М.Джураев, З.К.Рысалиев, М.А.Аманкулов, А.С.Токторов, А.Ж.Исмаилова, Т.А.Масабиров, Р.Ч.Момбеков, С.К.Нышанов, Э.Ж.Сурабалдиев, Б.К.Райымкулов, К.Б.Орозова, М.Э.Мавлянова, З.И.Жамалдинов, Р.М.Туманбаева, У.З.Ормонов, Ж.К.Акаев, Т.З.Зулпукаров.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.А.Джумабеков, И.Ш.Омуркулов.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат А.У.Жапаров, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев.

        

         Депутат С.А.Келдибаевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

         15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

        

                                                        11 саат 25 мүнөт

        

         Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

        

         98 депутат катталды.

        

         3. “Миграциялык саясат маселелери боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу жана сот-укуктук реформаларды жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды 2019-жылдын 1-январынан колдонууга киргизүү боюнча” маселелерди кароо.

        

         Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаковдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Б.Э.Төрөбаев, төрагалык кылуучу, депутат Т.Т.Мамытов, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С.Омурбекова, депутаттар И.А.Масалиев, А.У.Жапаров, И.Ш.Омуркулов, Р.Ч.Момбеков.

        

         Саат 14.00дө “Миграциялык саясат маселелери боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалымат тууралуу” маселени кароо жөнүндө депутат И.А.Масалиевдин сунушу боюнча добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 79, каршы - 3, бардыгы 82 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат У.Т.Кыдыралиев, төрагалык кылуучу, депутаттар И.А.Масалиев, Т.Т.Мамытов.

 

         “Миграциялык саясат маселелери боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу жана сот-укуктук реформаларды жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды 2019-жылдын 1-январынан колдонууга киргизүү боюнча” маселелерди кароо.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Б.Э.Торобаев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаков, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу Ж.А.Ногойбаев, депутат Т.З.Зулпукаров, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.К.Дюшембиев, депутат З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Т.Т.Жапаров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматтын төрагасы Б.Д.Таиров, депутаттар И.А.Масалиев, М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Т.Карымшаков, депутат Т.У.Шайназаров, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Жазык-укуктук статистика, эсептик-каттоо тартиби үчүн талдоо жана контроль бөлүмүнүн начальниги Э.Дж.Чамбаев, депутаттар А.К.Назаров, Р.Ч.Момбеков, Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу, депутаттар Ж.К.Акаев, А.Н.Шыкмаматов, төрагалык кылуучу.

1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

 

                                               14 саат 05 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

102 депутат катталды.

 

“Миграциялык саясат маселелери боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу жана сот-укуктук реформаларды жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды 2019-жылдын 1-январынан колдонууга киргизүү боюнча” маселелерди кароо улантылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат М.А.Маматалиев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, депутат М.Э.Мавлянова, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаков, депутат Н.Т.Каримов сүйлөдү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат М.А.Маматалиев, төрагалык кылуучу, депутаттар Б.Ж.Субанбеков, Т.Т.Мамытов, И.А.Масалиев, К.С.Бокоев, С.А.Келдибаев.

 

“Миграциялык саясат маселелери боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө” жана суроо-жооп жол-жобосун улантуу жана каралып жаткан маселени талкуулоо боюнча маселени кароо тууралуу депутат М.А.Маматалиевдин сунушу боюнча добуш берүү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар С.К.Нышанов, И.А.Масалиев.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 55, каршы - 5, бардыгы 60 депутат добуш берди, катталган 111депутат.

Чечим кабыл алынган жок.

 

“Миграциялык саясат маселелери боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу жана сот-укуктук реформаларды жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды 2019-жылдын 1-январынан колдонууга киргизүү боюнча” маселелерди кароону улантуу.

 

Сөз сүйлөдү: депутат И.А.Пирматов, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаков, депутат Р.А.Казакбаев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, депутат Р.М.Туманбаева, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Б.Ш.Секимов, депутаттар З.Э.Шарапов, Э.Т.Токтошев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, депутат И.Ш.Омуркулов, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри М.Т.Джаманкулов, төрагалык кылуучу, депутаттар У.Т.Кыдыралиев, К.Т.Зулушев, Б.Ж.Субанбеков.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар К.С.Бокоев, К.Т.Зулушев, Т.У.Шайназаров, Б.Э.Төрөбаев, Т.Т.Мамытов, И.Ш.Омуркулов.

 

“Миграциялык саясат маселелери боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу” жана сот-укуктук реформаларды жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды 2019-жылдын 1-январынан колдонууга киргизүү боюнча” маселени кароону Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кийинки жыйналышында улантуу жана таблодо жазылган депутаттардын тизмеси боюнча суроо-жооп жол-жобосун улантуу жөнүндө төрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 88, каршы - жок, бардыгы 88 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар Б.Э.Торобаев, Р.Ч.Момбеков, Т.У.Шайназаров, У.Б.Примов, К.С.Бокоев, А.У.Жапаров, А.Н.Шыкмаматов, Н.В.Никитенко, С.А.Келдибеков, Т.З.Зулпукаров, К.Т.Зулушев, М.Э.Сабиров.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабековдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

“Миграциялык саясат маселелери боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу” маселени кароо.

 

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С.Омурбекованын сөзү.

 

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Каралып жаткан маселе боюнча төрагалык кылуучунун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри А.С.Омурбекова, төрагалык кылуучу, депутат М.Э.Сабиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары С.Н.Токтоболотов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу.

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

                                   16 саат 20 мүнөт

 

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

105 депутат катталды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Ж.К.Акаев, М.Э.Мавлянова, Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри А.С.Омурбекова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары С.Н.Токтоболотов, депутаттар Т.И.Икрамов, Б.Ж.Субанбеков, К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.К.Дюшембиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.Э.Кожобеков, депутаттар Т.Г.Тиллаев, Т.Т.Мамытов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, депутат К.Б.Орозова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Р.Р.Сарыбаев, депутаттар Б.Э.Торобаев, У.Б.Примов, Э.Т.Токтошев.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Р.А.Казакбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.Э.Кожобеков, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегаралар кызматынын төрагасынын орун басары К.Б.Исаков, Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри А.С.Омурбекова, төрагалык кылуучу, депутаттар И.А.Пирматов, А.К.Касымалиева, М.И.Бакиров, Т.У.Шайназаров, А.Ш.Осмонова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары С.Н.Токтоболотов, депутат О.М.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Н.А.Абдрахманов, депутаттар У.Т.Кыдыралиев, Д.Э.Толонов, Т.А.Масабиров.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат Д.Э.Толонов.

 

 

“Миграциялык саясат маселелери боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу” маселени жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 10-июлундагы №319 токтом), “Бишкек шаарында 2018-жылдын 26-январында кол коюлган, “Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы (Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу долбоорун) каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароону бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин улантуу жөнүндө добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 60, каршы - жок, бардыгы 60 депутат добуш берди, катталган 109 депутат.

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Алтынбеков, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегаралар кызматынын төрагасынын орун басары К.Б.Исаков, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри А.С.Омурбекова, депутаттар Б.И.Сулейманов, К.С.Нурматов, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары А.Ш.Алыбаев.

 

Каралып жаткан маселени талкуулоо.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Р.А.Казакбаев, К.С.Бокоев, У.Т.Кыдыралиев, Б.Э.Торобаев, Д.Э.Толонов, Т.А.Масабиров, З.И.Жамалдинов, К.К.Иманалиев, К.С.Нурматов, төрагалык кылуучу.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 10-июлундагы №319 токтом) “Бишкек шаарында 2018-жылдын 26-январында кол коюлган, “Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы (Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу долбоорун) каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү Д.Э.Толоновдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар К.К.Иманалиев, Б.Э.Торобаев, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.Т.Кадырбаев, “Бишкектеплосеть” ААкынын башкы директору Э.Э.Абдыкалыков, депутаттар И.Ш.Омуркулов, Р.А.Казакбаев, У.Т.Кыдыралиев, М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, депутат Т.Т.Мамытов, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү Д.Э.Толоновдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

           

           

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төрага                                                                                                     Д.А.Джумабеков

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 89