Протокол № 34 23.01.2019-жыл

26-04-2019 15:10

34

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН V СЕССИЯСЫ

 

2018-2019-ЖЫЛДАР

 

2019-жылдын 23-январы                                                  9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

Төрагалык кылды                                 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

Д.А. Джумабеков

 

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: Н.К.Алимбеков, А.Алтынбеков, О.М.Артыкбаев, А.Артыков, К.Ш.Баймуратов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Ж.К.Турускуловго берилген), М.И.Бакиров (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Б.Э.Торобаевге берилген), А.Ш.Жээнбеков, Т.У.Жоробеков (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат С.А.Келдибаевге берилген), Т.З.Зулпукаров (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат А.А.Карашевге берилген), А.Маматов, С.К.Нышанов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Б.И.Сулеймановго берилген), И.Ш.Өмүркулов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат А.К.Касымалиевага берилген), А.О.Узакбаев.

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн эксперти Б.К.Кенжематов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

110 депутат каттоодон өттү.

 

 

1. 2019-жылдын 23-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы – жок, бардыгы 72 добуш берди, 101 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2019-жылдын 23-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы – жок, бардыгы 77 добуш берди, 103 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенко, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаков, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.К.Дюшембиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары К.А.Бокоев, депутаттар А.Б.Баатырбеков, З.К.Рысалиев.

Депутат А.Б.Баатырбековдун сунушу боюнча каралып жаткан маселе боюнча чакырылгандардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен «Сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган, 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу» добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 57, каршы – 7, бардыгы 64 добуш берди, 109 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2. «Сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган, 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу» маселени кароо.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар З.К.Рысалиев, Б.Ж.Субанбеков, Т.Т.Мамытов, төрагалык кылуучу.

 

 

Каралып жаткан маселе боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаковдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаков, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.К.Дюшембиев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри К.А.Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Т.Т.Жапаров, депутат К.С.Нурматов.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Ч.А.Турсунбеков, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаков, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.К.Дюшембиев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөө жана изин-суутпай издөө ишин контролдоо боюнча башкармалыгынын начальниги З.К.Бейшекеев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри К.А.Джунушалиев, депутат А.Ү.Жапаров, Кыргыз Республикасынын юстиция министри М.Т.Джаманкулов, депутат Б.Ж.Субанбеков, Кыргыз Республикасынын финансы министри Б.Ж.Жеенбаева, депутат К.Т.Зулушев, төрагалык кылуучу, депутат У.Т.Кыдыралиев, эксперттик жумушчу топтун мүчөсү Г.Р.Маткеримова, эксперттик жумушчу топтун мүчөсү Т.М.Ашуралива.

 

Сөз сүйлөштү: депутат З.К.Рысалиев, төрагалык кылуучу, депутат М.Ю.Абдылдаев.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат М.Ю.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Г.У.Калиева.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат З.К.Рысалиев, төрагалык кылуучу, депутаттар Д.Д.Бекешев, Б.Э.Торобаев, К.Дж.Рыспаев, М.Ю.Абдылдаев, А.Ү.Жапаров, Ж.К.Турускулов.

 

 

«Сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган, 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу» маселени кароону улантуу.

 

 

Сөз сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаков, депутат Э.Ж.Сурабалдиева, эксперттик жумушчу топтун мүчөсү Г.Р.Маткеримова, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри К.А.Джунушалиев.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

15 мүнөткө тыныгуу жарыяланды.

 

 

Саат 11. 25

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

53 депутат каттоодон өттү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар К.С.Нурматов, Б.С.Турусбеков, И.А.Масалиев, К.Дж.Рыспаев, төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат К.С.Нурматовдун сунушу боюнча «Сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган, 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу» саат 13.00гө чейин маселени кароону аяктоо жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 48, каршы – 2, бардыгы 50 добуш берди, 83 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Т.Г.Тиллаев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаков.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаков.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Э.Дж.Байбакпаев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаков, депутат К.Т.Зулушев, төрагалык кылуучу, эксперттик жумушчу топтун мүчөсү Т.М.Ашуралиев, эксперттик жумушчу топтун мүчөсү А.Кулбаев, депутаттар З.И.Жамалдинов, А.К.Касымалиева, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри К.А.Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.Э.Кожобеков, төрагалык кылуучу, депутат Б.Э.Торобаев, эксперттик жумушчу топтун мүчөсү Г.Р.Маткеримова, депутат А.Н.Шыкмаматов, Кыргыз Республикасынын Башы прокурорунун орун басары Н.К.Дюшембиев, депутаттар А.Ш.Осмонова, Т.У.Шайназаров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Б.Д.Таиров, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Г.У.Калиева, депутат И.А.Масалиев, Кыргыз Республикасынын юстиция министри М.Т.Джаманкулов, депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын финансы министри Б.Ж.Жеенбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Дж.М.Джунушев, депутаттар Р.А.Казакбаев, Р.Ч.Момбеков, Т.И.Икрамов.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Төрагалык кылуучунун сунушу боюнча каралып жаткан маселенин аягына чыкканга чейин жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялабастан улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 50, каршы- 3, бардыгы 53 добуш берди, 102 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат К.Дж.Рыспаев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаков, төрагалык кылуучу.

 

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

 

Саат 14. 05

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

93 депутат каттоодон өттү.

 

 

«Сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган, 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу» маселени кароону улантуу.

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутаттар К.Т.Зулушев, Д.Д.Бекешев, Ж.К.Акаев, А.Ү.Жапаров, Кыргыз Республикасынын финансы министри Б.Ж.Жеенбаева, депутаттар И.А.Масалиев, И.А.Пирматов, М.Ю.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаков, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.К.Дюшембиев, депутаттар З.Э.Шарапов, Ч.А.Турсунбеков, З.К.Рысалиев, Н.В.Никитенко - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы.

 

 

Депутаттардын сунушун эске алуу менен «Сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган, 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы – жок, бардыгы 73 добуш берди, 93 депутат катталды.

 

Кабыл алынган чечим (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаков.

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 5-ноябрындагы № 521 токтому) «2018-жылдын 17-августунда кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттары жөнүндө Макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунушталган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 5-ноябрындагы № 522 токтому) «2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин үчүнчү мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык интеграциялык бирикмелер менен эл аралык келишимдери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Б.Э.Торобаев, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А.М.Мадмаров, депутаттар И.А.Пирматов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, Е.Г.Строкова.

 

 

Ушул мыйзам долбоорду үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорду үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 5-ноябрындагы № 244 токтому) «2018-жылдын  2-февралында Алматы шаарында кол коюлган Европа экономикалык бирлигинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунушталган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 16-октябрындагы № 479 токтому) «2018-жылдын 17-майында Астана шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.Ү.Жапаров, Кыргыз Республикасынын экономика министри О.М.Панкратов.

 

 

Ушул мыйзам долбоорду үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 18-сентябрындагы № 433 токтому) «Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ж.И.Алыбаева, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 20-июнундагы № 297 токтому) «1925-жылдын 17-июнунда кол коюлган Согушта тумчуктуруучу, уулуу жана башка ушул сыяктуу газдар менен бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

9. Депутат Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күндүк мөөнөткө чейин визасыз режимди киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Б.Э.Торобаев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары К.Б.Исаков, депутаттар И.А.Пирматов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, Э.Ж.Сурабалдиева, Д.Д.Бекешев - мыйзам долбоордун демилгечиси; Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары О.Н.Опумбаев, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А.М.Мадмаров, депутат Р.Ч.Момбеков, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору М.Дамир уулу, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов, депутат У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Н.Т.Шерипов.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

15 мүнөткө тыныгуу жарыяланды.

 

 

Саат 16. 20

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

68 депутат каттоодон өттү.

 

 

Депутат Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күндүк мөөнөткө чейин визасыз режимди киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароону улантуу.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар У.Т.Кыдыралиев, И.А.Пирматов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, төрагалык кылуучу, депутаттар Д.Д.Бекешев - мыйзам долбоордун демилгечиси, К.Дж.Рыспаев, К.С.Бокоев, А.А.Карашев, З.И.Жамалдинов.

 

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинен алып салуу жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине кайтарып берүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 54, каршы – жок, бардыгы 54 добуш берди, 82 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат Д.Д.Бекешев.

 

 

 

10. Депутат А.Ү.Жапаров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи – депутат А.Ү.Жапаровдун сөзү.

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Б.И.Сулейманов, мыйзам долбоордун демилгечиси – А.Ү.Жапаров, төрагалык кылуучу.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча талкуулоо жана суроо-жооп жол-жоболорун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 50, каршы – 1, бардыгы 51 добуш берди, 91 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Б.С.Турусбеков, А.Ү.Жапаров - мыйзам долбоордун демилгечиси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов, депутат К.Дж.Рыспаев, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, депутат Б.И.Сулейманов.

 

Ушул мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

Ушул мыйзам долбоорду биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

11. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (депутаттар Т.У.Жоробеков, О.А.Алыбаев, Н.Т.Тотонов жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунушталган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

12. «2015-жылдын 19-ноябрындагы № 31-VI «Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин достук депутаттык топторунун тизмегин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

Сунушталган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар А.А.Карашев, И.А.Пирматов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, төрагалык кылуучу.

 

 

Көрсөтүлгөн токтом долбооруна добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теӊештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» (мыйзам долбоордун демилгечиси - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2018-жылдын 22-январындагы № 42 токтому) Кыргыз Республикасынын токтомунун долбоорун кароо.

 

 

Сунушталган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

14. 2019-жылдын 17 жана 23-январында каралган мыйзамдар менен токтом долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

 

96 депутат каттоодон өттү.

 

 

«2018-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 94, каршы – 2, бардыгы 96 добуш берди, 96 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

«2018-жылдын 17-августунда кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттары жөнүндө Макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 96, каршы – жок, бардыгы 96 добуш берди, 96 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

«2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин үчүнчү мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык интеграциялык бирикмелер менен эл аралык келишимдери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 96, каршы – жок, бардыгы 96 добуш берди, 96 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

«2018-жылдын 2-февралында Алматы шаарында кол коюлган Европа экономикалык бирлигинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 88, каршы – 2, бардыгы 90 добуш берди, 96 депутат катталды.

 

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

 

«2018-жылдын 2-февралында Алматы шаарында кол коюлган Европа экономикалык бирлигинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 94, каршы – 2, бардыгы 96 добуш берди, 96 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

«2018-жылдын 17-майында Астана шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 96, каршы – жок, бардыгы 96 добуш берди, 96 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

«Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 95, каршы – жок, бардыгы 95 добуш берди, 96 депутат катталды.

 

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

 

«Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 95, каршы – жок, бардыгы 95 добуш берди, 96 депутат катталды.

 

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

 

«Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 94, каршы – жок, бардыгы 94 добуш берди, 96 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

 

«1925-жылдын 17-июнунда кол коюлган Согушта тумчуктуруучу, уулуу жана башка ушул сыяктуу газдар менен бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 96, каршы – жок, бардыгы 96 добуш берди, 96 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы – 12, бардыгы 96 добуш берди, 96 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (депутаттар Т.У.Жоробеков, О.А.Алыбаев, Н.Т.Тотонов жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 95, каршы – жок, бардыгы 95 добуш берди, 96 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

«2015-жылдын 19-ноябрындагы № 31-VI «Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин достук депутаттык топторунун тизмегин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 91, каршы – жок, бардыгы 91 добуш берди, 96 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

«Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теӊештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» (мыйзам долбоордун демилгечиси - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2018-жылдын 22-январындагы № 42 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 93, каршы – жок, бардыгы 93 добуш берди, 96 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                 Д. Джумабеков

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 138