Протокол № 35 24.01.2019-жыл

26-04-2019 15:11

35

 

                                                                                                                               

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН V СЕССИЯСЫ

 

(2018-2019-жылдар)

 

 

2019-жылдын 24-январы                                                                     9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                                        Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун басары

                                                                                            А.К.Касымалиева

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: Н.К.Алимбеков, А.Алтынбеков, М.А.Аманкулов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ш.Омуркуловго берилген), О.М.Артыкбаев, А.Артыков, К.Ш.Баймуратов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ж.К.Турускуловго берилген), Д.А.Джумабеков, А.Ш.Жээнбеков, Т.У.Жоробеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.А.Келдибаевге берилген), Т.З.Зулпукаров (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.А.Карашевге берилген), А.Маматов, С.К.Нышанов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.И.Сулеймановго берилген), Р.М.Туманбаев, А.О.Узакбаев, А.М.Эргешов.

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү, эксперт А.А.Айылчиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

        

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

98 депутат катталды.

        

         1. 2019-жылдын 24-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 72, каршы - жок, бардыгы 72 депутат добуш берди, 98 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

2019-жылдын 24-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 72, каршы - жок, бардыгы 72 депутат добуш берди, 99 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

         2. Ар кандай

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Б.К.Райымкулов, К.Б.Орозова, Ж.К.Турускулов, И.Ю.Карамушкина, Д.Д.Бекешев, К.М.Жумалиев, Ж.Б.Исаев, Т.И.Икрамов, П.Р.Тулендыбаев, Б.Ж.Субанбеков, Ч.А.Турсунбеков, А.Ж.Акматов, К.Жолдошбаев, М.Э.Мавлянова, Б.С.Турусбеков, Р.Ч.Момбеков, Э.С.Тагаев, Т.А.Масабиров, З.И.Жамалдинов, Т.К.Конушбаев, А.А.Карашев, А.Б.Баатырбеков, Н.Т.Каримов, О.М.Бакиров, Т.Г.Тиллаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, төрагалык кылуучу.

        

         Депутат М.Э.Мавлянованын сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Депутат Н.Т.Каримовдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

                                               11 саат 20 мүнөт

           

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

108 депутат катталды.

 

3. “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри кызматына дайындоого жактыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев сунуштаган Бейшенов Жанат Саматовичтин талапкерлиги жөнүндө” маселени кароо.

Каралып жаткан маселе боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Бороновдун сөзү.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Г.К.Асылбаеванын сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 75, каршы - жок, бардыгы 75 депутат добуш берди, 99 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Б.Ж.Субанбеков, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри кызматына талапкер Ж.С.Бейшенов, депутаттар У.Б.Примов, Р.Ч.Момбеков, Ж.А.Мусабеков, М.Э.Сабиров, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Боронов, депутаттар Ж.К.Акаев, А.Н.Шыкмаматов, Т.И.Икрамов, М.А.Маматалиев, У.З.Ормонов, О.М.Бакиров, Ж.К.Турускулов, А.К.Дюшалиев, А.Б.Баатырбеков, З.К.Рысалиев, Н.Т.Каримов, Т.К.Конушбаев, М.Э.Мавлянова, М.К.Жеенчороев, Т.А.Масабиров, У.О.Самаев, А.К.Назаров, А.Т.Сулайманов, У.Т.Кыдыралиев, А.Л.Юсуров, Д.Д.Бекешев, З.И.Жамалдинов, А.Ш.Осмонова, Т.Г.Тиллаев.

 

“Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри кызматына дайындоого Ж.С.Бейшеновдун талапкерлигин жактыруу жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги №2379-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сөзү.

 

         “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги №2379-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 94, каршы - жок, бардыгы 94 депутат добуш берди, 111 депутат катталды.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

         Сөз сүйлөдү: “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри кызматына жактырылган талапкер Ж.С.Бейшенов, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Боронов.

        

         1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

        

                                                         14 саат 00 мүнөт

        

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

86 депутат катталды.

        

         4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 7-августундагы №365 токтом) “Үрөндөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат А.М.Нурбаев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, депутат Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жер иштетүүнү өнүктүрүү, үрөнчүлүк жана органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн бөлүм башчысы Ж.Ж.Жумалиев, депутат М.Э.Сабиров, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн эксперттөө боюнча департаментинин директору Т.А.Айдаралиев, депутаттар - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаров, К.С.Бокоев, И.А.Масалиев, төрагалык кылуучу, депутаттар К.Дж.Рыспаев, М.Э.Мавлянова, З.Э.Шарапов, С.Шер-Нияз, У.Т.Кыдыралиев, Т.А.Масабиров.

        

         Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         5. Депутаттар Э.Дж.Байбакпаев, А.А.Турсунбаев, И.А.Пирматов, А.Маматов, Ж.А.Калмаматов, Ж.К.Турускулов, А.М.Султанов, П.Р.Тулендыбаев, Г.К.Асылбаева, М.К.Жеенчороев, К.Дж.Рыспаев, А.Т.Жутанов, М.А.Исаков, И.В.Чудинов, Н.Н.Нишанов, У.Т.Кыдыралиев, А.И.Кулбараков, Д.Ш.Исаева, Д.Д.Бекешов, И.З.Сарсейитов, Б.С.Ибраимжанов демилгелеген “Энергиянын кайра жаралуу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Энергиянын кайра жаралуу булактары жөнүндө” “Электр энергетикасы жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Автомобилдик жолдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

        

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы К.ДЖ.Рыспаевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар У.Б.Примов, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – Э.Дж.Байбакпаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары М.М.Айдаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы К.Дж.Рыспаев, төрагалык кылуучу, депутаттар Д.Д.Бекешев, И.А.Масалиев, А.К.Назаров.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат А.К.Назаровдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 65, каршы - 4, бардыгы 69 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.Т.Кадырбаев, депутаттар – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы К.Дж.Рыспаев, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – Э.Дж.Байбакпаев, И.А.Масалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары М.М.Айдаров, депутаттар М.Э.Мавлянова, М.Э.Сабиров, А.К.Назаров, “Улуттук энергетикалык холдингдик компания” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары Б.У.Есенбаева, депутаттар Б.Ж.Субанбеков, У.Т.Кыдыралиев, Б.С.Турусбеков, З.И.Жамалдинов.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы К.Дж.Рыспаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

                                   16 саат 20 мүнөт

 

         Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

        

         104 депутат катталды.

        

         6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 30-мартындагы №175 токтом) “Бажылык жөнгө салуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

        

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 14-мартындагы №137 токтом) “Евразиялык экономикалык бирликтин Бажы кодекси жөнүндө Келишимге кол коюу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Г.К.Асылбаева, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Э.К.Абакиров, депутат И.Ю.Карамушкина, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы А.М.Онолбеков, депутат Б.С.Турусбеков.

        

         Депутат Б.С.Турусбековдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

        

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         8. Депутаттар Г.К.Асылбаева, С.А.Айдаров, И.Т.Гайипкулов, Д.Д.Бекешов, А.М.Султанов, Д.Ш.Исаева демилгелеген “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары У.Б.Примовдун сөзү.

        

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         9. Депутат М.Э.Сабиров демилгелеген “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат И.Т.Гайпкулов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Р.И.Ибраимов, депутат У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаев, мыйзам долбоорунун демилгечиси – М.Э.Сабиров, депутат К.Б.Орозова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Т.Т.Чаргинова, төрагалык кылуучу.

        

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Д.Д.Бекешевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 56, каршы - 1, бардыгы 57 депутат добуш берди, 97 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Э.Дж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Р.И.Ибраимов, депутаттар М.К.Жеенчороев, мыйзам долбоорунун демилгечиси – М.Э.Сабиров, Г.К.Асылбаева, Б.Ж.Субанбеков, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаев.

        

         Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сөзү.

        

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 6-ноябрындагы №525 токтом) “Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Балдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө” “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

        

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жазык аткаруу кызматынын төрагасы Т.Т.Жапаровдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат М.Э.Мавлянова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жазык аткаруу кызматынын төрагасы Т.Т.Жапаров, депутаттар К.С.Бокоев, А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы туруу боюнча комитетинин төрагасы - И.Никитенко, Ж.Б.Исаев, З.И.Жамалдинов, И.А.Масалиев, төрагалык кылуучу.

 

Жыйналыштын ишин узартуу жана күн тартибиндеги маселелер каралгандан кийин мурда каралган мыйзамдар боюнча добуш берүү жол-жобосун өткөрүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 46, каршы - жок, бардыгы 46 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

Чечим кабыл алынган жок.

        

Жыйналыштын ишин узартуу жана күн тартибиндеги маселелер каралгандан кийин мурда каралган мыйзамдар боюнча добуш берүү жол-жобосун өткөрүү жөнүндө кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 62, каршы - жок, бардыгы 62 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат К.С.Бокоев, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ж.И.Алыбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жазык аткаруу кызматынын төрагасы Т.Т.Жапаров.

        

         Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы туруу боюнча комитетинин төрагасы И.Никитенко.

        

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

11. “Кыргыз Республикасынын Президентинин (2017-жылдын 9-мартындагы “1407-VI) каршы пикири менен кайтарылып берилген (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар К.С.Бокоев, Н.В.Никитенко, У.Т.Кыдыралиев) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

“Кыргыз Республикасынын Президентинин (2017-жылдын 9-мартындагы “1407-VI) каршы пикири менен кайтарылып берилген (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар К.С.Бокоев, Н.В.Никитенко, У.Т.Кыдыралиев) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 83, каршы - жок, бардыгы 83 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

12. 2019-жылдын 24-январында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

111 депутат катталган.

 

“Үрөндөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Үрөндөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Үрөндөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - жок, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Энергиянын кайра жаралуу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Энергиянын кайра жаралуу булактары жөнүндө” “Электр энергетикасы жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Автомобилдик жолдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Энергиянын кайра жаралуу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Энергиянын кайра жаралуу булактары жөнүндө” “Электр энергетикасы жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Автомобилдик жолдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Бажылык жөнгө салуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - 1, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Евразиялык экономикалык бирликтин Бажы кодекси жөнүндө Келишимге кол коюу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

        

“Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

        

            “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

        

“Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Балдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө” “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - 1, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төраганын орун басары                                                                     А.Касымалиева

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 124