Протокол № 36 30.01.2019-жыл

26-04-2019 15:12

   36

 

                                                                                                                               

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН V СЕССИЯСЫ

 

(2018-2019-жылдар)

 

 

2019-жылдын 30-январы                                                                     9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                                        Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун басары

                                                                                            А.К.Касымалиева

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: Н.К.Алимбеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.М.Эргешовго берилген), А.А.Арапбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Ш.Осмоновага берилген), О.М.Артыкбаев, Т.И.Икрамов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Г.К.Асылбаевага берилген), К.К.Иманалиев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Н.Шыкмаматовго берилген), Д.Ш.Исаева (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.К.Жеенчороевге берилген), Р.А.Казакбаев (Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоо кеңешинин курамына талапкерлер боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.К.Жеенчороевге берилген), М.Э.Мавлянова (Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоо кеңешинин курамына талапкерлер боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат З.Э.Шараповго берилген), А.Т.Мамашова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Т.Гайпкуловго берилген), И.И.Матраимов (Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоо кеңешинин курамына талапкерлер боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ж.А.Мусабековага берилген), И.А.Пирматов (Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоо кеңешинин курамына талапкерлер боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Т.Сулаймановго берилген), У.Б.Примов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ш.Омуркуловго берилген), У.О.Самаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ж.Б.Исаевге берилген), Е.Г.Строкова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.А.Карашевге берилген), А.М.Султанов (Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоо кеңешинин курамына талапкерлер боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.О.Узакбаевге берилген), Б.У.Сыдыков (Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоо кеңешинин курамына талапкерлер боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.К.Жеенчороевге берилген), А.С.Токторов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Б.Баатырбековго берилген), Б.Э.Торобаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.И.Бакировго берилген), А.А.Турсунбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Б.Баатырбековго берилген), Р.Н.Чойбеков (Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоо кеңешинин курамына талапкерлер боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ж.Б.Исаевге берилген), Т.У.Шайназаров (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.И.Бакировго берилген), М.Б.Эгембердиев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.М.Джураевге берилген).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн эксперти А.А.Айылчиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

         Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

99 депутат катталды.

        

         1. 2019-жылдын 30-январына жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 80, каршы - жок, бардыгы 80 депутат добуш берди, 99 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         2019-жылдын 30-январына жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 75, каршы - жок, бардыгы 75 депутат добуш берди, 99 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         2. Депутаттар М.И.Бакиров, Д.А.Джумабеков, Т.Г.Тиллаев, А.Ж.Акматов, Э.Т.Токтошев, И.А.Маннанов, К.С.Бокоев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Сугат айдоо жерлерин жердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын бириктирилген Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

        

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сөзү.

 

Cөз сүйлөдү: депутаттар Ж.К.Акаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаров, депутат А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо департаментинин директорунун орун басары К.А.Байтилешов, депутаттар А.Т.Абжалиев, И.А.Масалиев, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – М.И.Бакиров, К.Б.Орозова, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, депутат З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.Н.Карагулова, депутат Р.М.Туманбаева.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Р.М.Туманбаеванын сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 84, каршы - жок, бардыгы 84 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Б.Ж.Субанбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо департаментинин директорунун орун басары К.А.Байтилешов, депутаттар Т.А.Масабиров, М.Э.Мавлянова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Р.С.Артыкбаев, депутаттар Д.Д.Бекешев, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – М.И.Бакиров, Т.У.Жоробеков, З.Э.Шарапов, А.М.Эргешов, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, депутаттар А.М.Нурбаев, К.С.Бокоев, У.З.Ормонов.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 22-сентябрындагы №440 токтом) “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басарыЭ.М.Чечейбаев, “Профилактикалык медицина” илимий-өндүрүштүк бирикмесин инфекциялык контролдоо республикалык илимий-практикалык борборунун жетекчиси А.А.Кравцов, депутат И.Ю.Карамушкина, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын Экологиялык коопсуздук башкармасынын начальниги М.Б.Омуров, депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы А.Т.Эркебаев, депутат А.М.Нурбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, төрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 22-сентябрындагы №440 токтом) “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинен чыгарып салуу жөнүндө төрагалык кылуучунун сунуш боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 72, каршы - 2, бардыгы 74 депутат добуш берди, 1131 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

         Депутат А.М.Нубаевдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча жана Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

        

         4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.А.Масалиев, Т.Т.Мамытов, Т.И.Икрамов, К.Дж.Рыспаев, Ж.А.Мусабекова тарабынан демилгеленген “Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70-жылдыгынын жана  Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80-жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат И.А.Масалиевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат М.Э.Сабиров, төрагалык кылуучу.

        

         Жогорку Кеңештин жыйналышынын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жөнүндө депутат М.Э.Сабировдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 71, каршы - жок, бардыгы 71 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Ж.А.Дуйшенбиев, төрагалык кылуучу, депутаттар – мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири И.А.Масалиев, К.К.Иманалиев.

 

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар М.Э.Мавлянова, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири И.А.Масалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Ж.А.Дуйшенбиев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, төрагалык кылуучу, депутат Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.К.Дюшембиев, депутат Э.Ж.Сурабалдиева.

 

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар М.И.Бакиров, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири И.А.Масалиев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.К.Дюшембиев, депутат У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Ж.А.Дуйшенбиев, депутаттар К.К.Иманалиев, Ж.К.Акаев, Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу, депутат Т.И.Икрамов.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Т.И.Икрамовдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 66, каршы - жок, бардыгы 66 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

Сөз сүйлөдү: депутаттар Р.М.Туманбаева, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири И.А.Масалиев, С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Ж.А.Дуйшенбиев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, депутаттар Т.А.Масабиров, О.М.Бакиров, З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.К.Дюшембиев, депутаттар А.Алтынбеков, М.К.Жеенчороев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5. «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө» “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 1548-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

        

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекова.

        

         Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлер боюнча добуш берүүлөрдү электрондук тутумду пайдаланып эсептөө менен рейтингдик жашыруун добуш берүү жүргүзүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 84, каршы - жок, бардыгы 84 депутат добуш берди, 114 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына М.Ааматовдун талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 31, каршы - 51, бардыгы 82 депутат добуш берди, 114 депутат катталган.

        

         Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына Ч.А.Капарованын талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 79, каршы - 16, бардыгы 95 депутат добуш берди, 114 депутат катталган.

        

         Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына А.О.Сарыбаеванын талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 60, каршы - 33, бардыгы 93 депутат добуш берди, 114 депутат катталган.

        

         Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына М.Ж.Мурзабековдун талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 22, каршы - 64, бардыгы 86 депутат добуш берди, 114 депутат катталган.

        

         Каралып жаткан токтом долбоору жана аны кабыл алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат М.И.Бакиров.

        

         “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө» 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 1548-VI токтомуна (Ч.А.Капарова тууралуу) өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 75, каршы - жок, бардыгы 75 депутат добуш берди, 114 депутат катталган.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат М.И.Бакиров, төрагалык кылуучу, депутаттар И.А.Масалиев, С.Шер-Нияз, С.К.Нышанов, Ж.К.Акаев, Т.Т.Мамытов, З.И.Жамалдинов, К.Т.Зулушев, А.Н.Шыкмаматов, М.К.Жеенчороев, М.Э.Сабиров, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкер Н.М.Мусаев, депутат К.С.Бокоев.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан маселе боюнча добуш берүүлөрдүн мурда кабыл алынган бардык натыйжаларын жокко чыгаруу жөнүндө депутат С.К.Нышановдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 94, каршы - 5, бардыгы 99 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат К.С.Бокоев, төрагалык кылуучу, депутаттар И.А.Масалиев, А.К.Касымалиева.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар Ч.А.Турсунбеков, М.К.Жеенчороев, С.Шер-Нияз, Д.Д.Бекешев, К.Т.Зулушев.

        

Каралып жаткан маселе бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жөнүндө төрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 41, каршы - 4, бардыгы 45 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынган жок.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

        

                                                        14.00 саат

        

         Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

        

         85 депутат катталды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат С.Шер-Нияз.

        

         Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына Н.М.Мусаевдин талапкерлиги боюнча добуш берүү жүргүзүү жөнүндө депутат С.Шер-Нияздын сунушу боюнча добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 33, каршы - 3, бардыгы 36 депутат добуш берди, 95 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынган жок.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Т.Т.Мамытов, төрагалык кылуучу.

        

         Каралып жаткан маселе боюнча чечимдердин мурда кабыл алынган натыйжаларынын баарын жокко чыгаруу жана бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү жүргүзүү жөнүндө депутат Т.Т.Мамытовдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 80, каршы - 8, бардыгы 88 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Р.Ч.Момбеков, төрагалык кылуучу, депутаттар Т.Т.Мамытов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекова.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы Ж.Ж.Жекшеев, депутат К.Жолдошбаев.

        

         Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлерди бекитүү боюнча жашыруун добуш берүү жүргүзүү үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө төрагалык кылуучу.

        

         Эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар И.А.Маннанов, А.И.Кулбараков, М.Б.Эгембердиев, О.М.Бакиров (КСДП), А.Алтынбеков, Т.Т.Мамытов, А.Ж.Исмаилова (“Республика-Ата-Журт”), А.М.Эргешов, Ж.Б.Исаев (“Кыргызстан”), А.Л.Юсуров (“Өнүгүү-Прогресс”), Д.Г.Торокулов (“Бир бол”), Э.Т.Токтошев (“Ата-Мекен”).

 

         Сөз сүйлөдү: депутаттар С.Шер-Нияз, Р.Ч.Момбеков, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы Ж.Ж.Жекшеев, депутат М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкер А.О.Сарыбаева.

        

         Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлерди бекитүү боюнча жашыруун добуш жүргүзүү үчүн эсептөө комиссиясынын курамына жогоруда көрсөтүлгөн депутаттарды И.А.Маннанов, А.И.Кулбараков, М.Б.Эгембердиев, О.М.Бакиров (КСДП), А.Алтынбеков, Т.Т.Мамытов, А.Ж.Исмаилова (“Республика-Ата-Журт”), А.М.Эргешов, Ж.Б.Исаев (“Кыргызстан”), А.Л.Юсуров (“Өнүгүү-Прогресс”), Д.Г.Торокулов (“Бир бол”), Э.Т.Токтошевди (“Ата-Мекен”) киргизүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 86, каршы - жок, бардыгы 86 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат М.К.Жеенчороев, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлер М.Ж.Мурзабеков, Ч.А.Капарова, М.Ааматов, Н.М.Мусаев, А.О.Сарыбаева, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы Ж.Ж.Жекшеев, депутаттар К.С.Бокоев, Д.Д.Бекешев, Б.Ж.Субанбеков, З.И.Жамалдинов, К.Жолдошбаев, төрагалык кылуучу.

        

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат К.Жолдошбаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 89, каршы - жок, бардыгы 89 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Ж.К.Акаев, К.Жолдошбаев, А.Т.Сулайманов, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы Ж.Ж.Жекшеев, депутаттар М.Ю.Абдылдаев, М.Э.Сабиров, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлер Ч.А.Капарова, М.Ж.Мурзабеков, М.Ааматов, А.О.Сарыбаева, төрагалык кылуучу, депутаттар М.Э.Сабиров, Р.Ч.Момбеков, М.Ю.Абдылдаев, С.Шер-Нияз, М.И.Бакиров, Т.Т.Мапмытов, Т.А.Масабиров.

        

         Жогорку Кеңештин жыйналышынын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жөнүндө төрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 98, каршы - жок, бардыгы 98 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекова, депутаттар К.С.Бокоев, М.И.Бакиров.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Т.Т.Мамытов, А.Н.Шыкмаматов, М.Ю.Абдылдаев, А.Артыков, Р.Ч.Момбеков, С.Шер-Нияз, К.С.Нурматов, А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекова, депутаттар Ч.А.Турсунбеков, С.К.Нышанов, А.Ш.Жээнбеков, М.И.Бакиров.

        

         Каралып жаткан маселелер боюнча мурда кабыл алынган чечимдердин натыйжаларынын баарын жокко чыгаруу жөнүндө депутат А.Ш.Жээнбековдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 94 каршы - 1, бардыгы 95 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар Т.Т.Мамытов, К.С.Бокоев, И.А.Масалиев, К.Дж.Рыспаев, А.Т.Алтыбаева, А.Т.Сулайманов, А.Н.Шыкмаматов, А.Артыков, А.Ш.Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекова.

        

         «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 1548-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин каралып жаткан токтом долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

        

         Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлер боюнча добуштарды электрондук эсептөө тутумун пайдалануу менен жашыруун добуш берүү жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 113 каршы - 1, бардыгы 114 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекова.

        

         Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына сунуш кылынган талапкерлер боюнча рейтингдик добуш берүү жүргүзүү.

        

         Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына М.Ааматовдун талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 18, каршы - 75, бардыгы 93 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

 

         Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына Ч.А.Капарованын талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы - 39, бардыгы 100 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

 

         Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына А.О.Сарыбаеванын талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 77 каршы - 37, бардыгы 114 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

        

         Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына М.Ж.Мурзабековдун талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 31 каршы - 68, бардыгы 99 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

        

         Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына Н.М.Мусаевдин талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 56 каршы - 45, бардыгы 101 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

        

         Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына А.О.Сарыбаеванын талапкерлигин бекитүү жөнүндө добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 1548-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” (А.О.Сарыбаева жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 103, каршы - 3, бардыгы 106 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына бекитилген талапкер А.О.Сарыбаева, депутат И.А.Масалиев.

        

         7. “Эркинбек уулу Эмилбекти ээлеген Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук кызматынан бошотуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

        

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сөзү.

 

“Эркинбек уулу Эмилбекти ээлеген Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук кызматынан бошотуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 115, каршы – жок, бардыгы 115 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

         Сөз сүйлөдү: КСДП парламенттик фракциясынын лидери И.Ш.Омуркулов, төрагалык кылуучу.

        

         “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (депутат А.К.Касымалиева жөнүндө) жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (депутат О.М.Бакиров жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорлорун жыйналыштын күн тартибине киргизүү тууралуу КСДП парламенттик фракциясынын лидери И.Ш.Омуркуловдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 114, каршы – жок, бардыгы 114 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды

        

        

         8. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (депутат А.К.Касымалиева жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

        

         Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин өкүлү М.И.Бакировдун сөзү.

        

         “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (депутат А.К.Касымалиева жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 115, каршы – жок, бардыгы 115 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды

        

        

         9. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (депутат О.М.Бакиров жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

        

         Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин өкүлү М.И.Бакировдун сөзү.

        

         “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (депутат О.М.Бакиров жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 105, каршы – жок, бардыгы 105 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         10. 2019-жылдын 30-январында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

        

         117 депутат катталган.

 

         “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын бириктирилген Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 116, каршы – 1, бардыгы 117 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

        

        

         "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 116, каршы – 1, бардыгы 117 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төраганын орун басары                                                                       А.Касымалиева

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 112