Протокол № 37 31.01.2019-жыл

26-04-2019 15:13

 37

 

                                                                                                                               

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН V СЕССИЯСЫ

 

(2018-2019-жылдар)

 

 

2019-жылдын 31-январы                                                                     9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                                        Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

                                                                                            Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев, А.У.Жапаров (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Д.Г.Торокуловго берилген), А.М.Султанов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.Э.Торобаевге берилген).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн эксперти А.А.Айылчиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

         Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

113 депутат катталды.

        

         1. 2019-жылдын 31-январына жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 81, каршы - жок, бардыгы 81 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

         2019-жылдын 31-январына жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 84, каршы - жок, бардыгы 84 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         2. Ар кандай

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Б.Ж.Субанбеков, Т.И.Икрамов, С.А.Келдибаев, М.Э.Сабиров, М.А.Маматалиев, төрагалык кылуучу.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Т.У.Жоробеков, А.Ж.Исмаилова, А.Т.Алтыбаева.

 

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

        

         3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүнүн ант берүүсү.

        

         Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министри Б.Ж.Жеенбаева, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Ж.С.Бейшенов ант берди.

        

         Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков (төрагалык кылуучу), Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

        

         “Ар кандай” маселесин кароо улантылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар К.Б.Орозова, Н.Т.Тотонов, К.Ш.Баймуратов, М.И.Бакиров, Ж.К.Турускулов, А.М.Эргешов, А.Т.Сулайманов, Т.А.Масабиров, төрагалык кылуучу, З.Э.Шарапов, У.Б.Примов, О.М.Бакиров, Б.С.Турусбеков, Н.В.Никитенко, Т.Т.Мамытов.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, П.Р.Тулендыбаев, Ж.К.Акаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, төрагалык кылуучу.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

        

                                                        11 саат 20 мүнөт

        

         Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

        

         99 депутат катталды.

        

         4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 27-февралындагы №114 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, “Суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин директорунун орун басары Э.Ж.Жусуматов, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин юристи А.К.Байитова, депутат А.Т.Мамашов, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин сууну пайдалануу жана мамлекеттер аралык сууну бөлүштүрүү боюнча суу ресурстары бөлүмүнүн начальниги А.Т.Сулайманов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Р.С.Артыкбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Э.Дж.Шерипов, төрагалык кылуучу.

        

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 46, каршы - 4, бардыгы 50 депутат добуш берди, катталган 99 депутат.

Чечим кабыл алынган жок.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 64, каршы - 6, бардыгы 70 депутат добуш берди, катталган 100 депутат.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Т.У.Шайназаров, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин директорунун орун басары Э.Ж.Жусуматов, депутат А.С.Токторов, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин юристи А.К.Байитова, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин сууну пайдалануу жана мамлекеттер аралык сууну бөлүштүрүү боюнча суу ресурстары бөлүмүнүн начальниги А.Т.Сулайманов.

 

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат К.Ш.Баймуратов, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, “Кыргызалтын” ААКынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары М.Джумадилде уулу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Р.С.Артыкбаев, депутат А.А.Турсунбаев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин юристи А.К.Байитова, депутат Э.С.Тагаев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин сууну пайдалануу жана мамлекеттер аралык сууну бөлүштүрүү боюнча суу ресурстары бөлүмүнүн начальниги А.Т.Сулайманов, төрагалык кылуучу, депутат Р.М.Туманбаева, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин директорунун орун басары Э.Ж.Жусуматов, депутаттар Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаров, А.Т.Алтыбаева, Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.Т.Кадырбаев, депутат А.Алтынбеков, төрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан маселе бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин тыныгуусуз улантуу жөнүндө депутат А.Алтынбековдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 55, каршы - жок, бардыгы 55 депутат добуш берди, катталган 109 депутат.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин сууну пайдалануу жана мамлекеттер аралык сууну бөлүштүрүү боюнча суу ресурстары бөлүмүнүн начальниги А.Т.Сулайманов, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин юристи А.К.Байитова, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин директорунун орун басары Э.Ж.Жусуматов, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Р.С.Артыкбаев, депутат А.Т.Мамашова, “Кыргызалтын” ААКынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары М.Джумадилде уулу, депутат А.Ш.Осмонова, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, депутат А.Алтынбеков, Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.Т.Кадырбаев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

Сөз сүйлөдү: депутаттар У.Т.Кыдыралиев, И.Ш.Омуркулов.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат У.Т.Кыдыралиев, төрагалык кылуучу.

1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

 

                                               14 саат 40 мүнөт

 

         Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

112 депутат катталды.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 4-октябрындагы №455 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Эксперттик контроль жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык – уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлү А.Т.Мамашованын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Д.К.Кадыров, депутат Б.С.Турубеков, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу жана эксперттик контроль бөлүмүнүн башчысы Н.К.Малаев, депутат А.С.Токторов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.М.Онолбеков, депутаттар А.К.Назаров, Т.А.Масабиров, Р.М.Туманбаев, төрагалык кылуучу.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат С.М.Джураевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 63, каршы - жок, бардыгы 63 депутат добуш берди, 92 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат К.С.Нурматов, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Д.К.Кадыров, депутат М.Э.Мавлянова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.М.Онолбеков, депутат Т.У.Шайназаров, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу жана эксперттик контроль бөлүмүнүн башчысы Н.К.Малаев, депутат Э.Дж.Байбакпаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлү А.Т.Мамашованын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 26-июлундагы №349 токтом) “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенко, А.С.Токторов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Н.Т.Шерипов, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары А.Э.Кожобеков, төрагалык кылуучу.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө төрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 70, каршы - жок, бардыгы 70 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат М.Э.Мавлянова, төрагалык кылуучу, депутат А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары А.Э.Кожобеков, депутат Т.У.Шайназаров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Н.Т.Шерипов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Ж.А.Дуйшенбиев, төрагалык кылуучу.

        

         Жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жөнүндө төрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 67, каршы - жок, бардыгы 67 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Н.Т.Шерипов, депутат А.Т.Мамашева, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары К.Б.Исаков, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары А.Э.Кожобеков, депутат А.К.Назаров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Ж.А.Дуйшенбиев, депутаттар Т.А.Масабиров, К.С.Бокоев, Б.Ж.Субанбеков, Н.Т. Каримов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн эксперти А.А.Айылчиев, депутат А.Ш.Осмонова, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, депутат У.З.Ормонов.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

 

         7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 12-ноябрындагы №527 токтом) “Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асановдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, депутаттар Т.У.Шайназаров, Э.Ж.Сурабалдиева, Б.С.Турусбеков, М.К.Жеенчороев, Алтынбек Жунус уулу, Ж.К.Акаев.

        

         Депутат М.К.Жеенчороевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

 

         8. 2019-жылдын 31-январында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

        

         113 депутат катталды.

        

         “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, “Суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 113, каршы - жок, бардыгы 113 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

         “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Эксперттик контроль жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык – уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 113, каршы - жок, бардыгы 113 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

         “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - 1, бардыгы 113 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

         “Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 114, каршы - жок, бардыгы 114 депутат добуш берди, 114 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

           

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                                                     Д.А.Джумабеков

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 125