Протокол № 38 06.02.2019-жыл

26-04-2019 15:41

38

 

                                                                                                                               

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН V СЕССИЯСЫ

 

(2018-2019-жылдар)

 

 

2019-жылдын 6-февралы                                                                     9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                                        Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

                                                                                            Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев, А.К.Дюшалииев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат К.Ш.Баймуратовго берилген), К.К.Иманалиевге (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Э.Т.Токтошевге берилген), А.К.Касымалиева (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Ш.Осмонова берилген), Ж.А.Мусабекова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.И.Матраимовго берилген), Б.И.Сулейманов (Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторун шайлоо жөнүндө маселе боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Э.Т.Токтошевге берилген), Э.Ж.Сурабалдиева (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.М.Джураевге берилген), П.Р.Тулендыбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Э.Дж.Байбакпаевге берилген), С.Шер-Нияз (Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторун шайлоо жөнүндө маселе боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Т.Гайпкуловго берилген), А.Н.Шыкмаматов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Э.Т.Токтошевге берилген).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн эксперти Б.К.Кенжематов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

80 депутат катталды.

        

         1. 2019-жылдын февралына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календардык иш планынын долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 61, каршы - жок, бардыгы 61 депутат добуш берди, 81 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         2019-жылдын февралына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календардык иш планынын долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 67, каршы - жок, бардыгы 67 депутат добуш берди, 85 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         2. 2019-жылдын 6-февралына жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 69, каршы - жок, бардыгы 69 депутат добуш берди, 85 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         2019-жылдын 6-февралына жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 70, каршы - жок, бардыгы 70 депутат добуш берди, 89 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 19-апрелиндеги №213 токтом) “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Экономика министри О.М.Панкратов, депутат З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Ш.М.Сабиров, депутаттар Ж.К.Турускулов, А.С.Токторов, К.Дж.Рыспаев, Б.С.Турусбеков, У.Б.Примов, Э.Т.Токтошев, Д.Д.Бекешев.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Д.Д.Бекешевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 69, каршы - 2, бардыгы 71 депутат добуш берди, 100 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

 

         Сөз сүйлөдү: депутат Б.У.Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Экономика министри О.М.Панкратов, депутаттар А.М.Эргешов, Д.Д.Бекешов, А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Ш.М.Сабиров, депутат З.И.Жамалдинов, төрагалык кылуучу, депутаттар Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаева, А.А.Карашев.

        

         Каралып жаткан мыйзам долбоорун экинчи окуу режиминде кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине кайтарып берүү жөнүндө депутат А.А.Карашевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 80, каршы - жок, бардыгы 80 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 22-сентябрындагы №440 токтом) “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.С.Токторовдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат У.Б.Примов, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри К.С.Чолпонбаев, депутаттар С.К.Нышанов, М.И.Бакиров, Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Р.С.Артыкбаев, депутат А.М.Нурбаев.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

                                               11 саат 20 мүнөт

 

         Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

72 депутат катталган.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 22-сентябрындагы №440 токтом) “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо улантылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Б.С.Турсбеков, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри К.С.Чолпонбаев, депутат К.С.Нурматов.

 

Депутат Б.С.Турусбековдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Депутат К.С.Нурматовдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Р.Ч.Момбеков, төрагалык кылуучу, депутат К.С.Нурматов.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат К.С.Нурматовдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 53, каршы - 5, бардыгы 58 депутат добуш берди, 82 депутат катталган.

 

         Чечим кабыл алынды.

        

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри К.С.Чолпонбаев, депутаттар Т.И.Икрамов, А.Т.Алтыбаева, М.Э.Мавлянова, А.А.Арапбаев, А.А.Карашев, төрагалык кылуучу, депутаттар Т.А.Масабиров, О.М.Бакиров, У.Т.Кыдыралиев, А.К.Назаров, А.Т.Мамашев, З.Э.Шарапов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары А.М.Эргешов.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар М.И.Бакиров, А.Т.Алтыбаева.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.С.Токторовдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 23-октябрындагы №501 токтом) “Туризм жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (четке кагууга киргизилет) кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору М.Дамир уулунун сөзү.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны Комитет тарабынан четке кагуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору М.Дамир уулу, депутат Б.Ж.Субанбеков, төрагалык кылуучу, депутат А.Т.Алтыбаева.

 

1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

 

                                               14.00 саат

        

         Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

        

         89 депутат катталды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Р.Ч.Момбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов, төрагалык кылуучу, депутаттар Ж.К.Акаев, Г.К.Асылбаева, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору М.Дамир уулу, депутаттар И.Т.Гайпкулов, М.Э.Мавлянова, Э.Дж.Байбакпаев, Б.Ж.Субанбеков, төрагалык кылуучу, депутат Б.С.Турусбеков.

        

         Каралып жаткан мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинен чыгарып салуу жөнүндө депутаттар З.И.Жамалдиновдун жана Б.Ж.Субанбековдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 77, каршы - 9, бардыгы 86 депутат добуш берди, 102 депутат катталган.

              

         Чечим кабыл алынды.

        

        

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 28-сентябрындагы №449 токтом) “Биоотун жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.М.Мурашевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат М.К.Жеенчороев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Э.У.Чодуев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.М.Мурашев, депутат Г.К.Асылбаева.

 

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

Сөз

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаров, депутат Г.К.Асылбаева, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Э.У.Чодуев, Этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирт болгон продукцияларды өндүрүүнү жана айлантууну жөнгө салуу, контролдоо боюнча башкармалыктын бөлүмүнүн начальниги А.К.Аманбаев, депутат Э.Дж.Байбакпаев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.М.Мурашев, депутат Б.С.Турусбеков, төрагалык кылуучу, депутаттар А.Маматов, А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Д.К.Кадыров, Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармасынын начальниги Б.К.Шабданов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы А.Т.Эркебаев, депутаттар Н.Т.Каримов, У.Т.Кыдыралиев, У.Б.Пирматов, Т.А.Масабиров, М.К.Жеенчороев, Т.У.Жоробеков, А.И.Кулбараков.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.К.Назаров, У.Т.Кыдыралиев, М.К.Жеенчороев.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ш.Жээнбеков, О.Ч.Текебаев, Ч.А.Турсунбеков, К.К.Иманалиев, Б.И.Сулейманов, О.М.Артыкбаев, А.Ж.Акматов, Э.Т.Токтошев, К.М.Жумалиев, А.А.Арапбаев, И.И.Матраимов, А.Ж.Жамангулов, Т.Б.Исакунова, С.А.Айдаров тарабынан демилгеленген, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 13-сентябрындагы №2566-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо.

 

Сунуш кылынган Мыйзамдын макулдашылган варианты жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министри М.Т.Джаманкуловдун сөзү.

 

Ушул Мыйзамдын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

         8. Депутаттар Алтынбек Жунус уулу, Г.К.Асылбаева, М.Э.Сабиров, Д.Д.Бекешев, А.Б.Баатыров тарабынан демилгеленген, Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген жана ал боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 13-сентябрындагы №2566-VI (четке кагуу) токтому менен макулдашуу тобу түзүлгөн “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана “Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кароо.

        

         “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана “Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) Кыргыз Республикасынын сунуш кылынган Мыйзамы тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министри М.Т.Джаманкуловдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Г.К.Асылбаева, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри М.Т.Джаманкулов, депутат М.Э.Сабиров, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаров, депутат Ж.К.Акаев.

        

         Ушул Мыйзамды четке кагуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

        

            Көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Мыйзамын добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         9. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты И.К.Гусаров) “Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы №300-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

        

         Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.С.Токторовдун сөзү.

        

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         Жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 78, каршы - 3, бардыгы 81 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         10. “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторун шайлоо жөнүндө” маселени кароо.

        

         Каралып жаткан маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.С.Токторовдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук кызматына талапкер З.А.Сатаев, төрагалык кылуучу.

        

         Каралып жаткан маселе боюнча добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен жашыруун добуш берүү жүргүзүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 90, каршы - 3, бардыгы 93 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат С.К.Нышанов, төрагалык кылуучу.

        

         Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлугуна З.А.Сатаевди шайлоо жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлугуна З.А.Сатаевди шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 100, каршы - жок, бардыгы 100 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды. (токтом долбоору кабыл алынды).

        

         11. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 18-январындагы токтому менен түзүлгөн, М.Бакиевге тиешеси бар, Бишкек шаарынын Скрябин көчөсүндөгү 45-45 “А” дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1, 28га жер аянтчасын сатуу фактысына тиешелүү маселени, ошондой эле, мурда К.Бакиевдин айланасындагыларга таандык объекттерди иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

         Каралып жаткан токтом долбоору боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы – депутат К.К.Исаевдин сөзү.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 18-январындагы токтому менен түзүлгөн, М.Бакиевге тиешеси бар, Бишкек шаарынын Скрябин көчөсүндөгү 45-45 “А” дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1, 28га жер аянтчасын сатуу фактысына тиешелүү маселени, ошондой эле, мурда К.Бакиевдин айланасындагыларга таандык объекттерди иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 96, каршы - жок, бардыгы 96 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

12. 2019-жылдын 6-февралында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

108 депутат катталды.

 

“Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 105, каршы - 1, бардыгы 105 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

“Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

“Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - 1, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 13-сентябрындагы №2566-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы - жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Макулдашылган вариант кабыл алынды).

        

         Депутаттар Алтынбек Жунус уулу, Г.К.Асылбаева, М.Э.Сабиров, Д.Д.Бекешев, А.Б.Баатыров тарабынан демилгеленген, Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген жана ал боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 13-сентябрындагы №2566-VI токтому менен макулдашуу тобу түзүлгөн “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана “Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамын четке кагуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 92, каршы - 20, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам четке кагылды).

        

         “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы №300-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - 1, бардыгы 109 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбору кабыл алынды).

        

                       

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төрага                                                                                                     Д.А.Джумабеков

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 114