Протокол № 40 13.02.2019-жыл

26-04-2019 15:49

 40

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН V СЕССИЯСЫ

 

2018-2019-ЖЫЛДАР

 

2019-жылдын 13-февралы                                                9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

Төрагалык кылды                                 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

Д.А. Джумабеков

 

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: Н.К.Алимбеков, О.М.Артыкбаев, А.К.Дюшалиев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Э.Т.Баймуратовго берилген), Н.В.Никитенко (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Э.Т.Токтошевге берилген), А.М.Нурбаев, У.З.Ормонов, М.Э.Сабиров Э.Ж.Сурабалдиева (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат И.Ш.Өмүркуловго берилген), А.Н.Шыкмаматов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Э.Т.Токтошевге берилген).

 

 

 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

 

91 депутат каттоодон өттү.

 

 

1. 2019-жылдын 13-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – 1, бардыгы 72 добуш берди, 92 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар М.И.Бакиров, Т.З.Зулпукаров, төрагалык кылуучу.

 

 

Кабыл алынган чечим - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Т.Зулушев, И.А.Масалиев тарабынан демилгеленген экинчи окуудагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.З.Зулпукаров, К.Т.Зулушев тарабынан демилгеленген биринчи окуудагы «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорун жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизүү.

 

 

Чыгып сүйлөгөндөрдүн сунуштарын эске алуу менен 2019-жылдын 13-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – 1, бардыгы 72 добуш берди, 95 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөштү: депутат И.Ш.Өмүркулов, төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат И.Ш.Өмүркуловдун сунушу боюнча 2019-жылдын 14-февралындагы жыйналышынын күн тартибинен «Ар кандай» маселелерди алып салуу жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы № 2221-VI токтому менен түзүлгөн 2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин реабилитациялоо үчүн 2014-жылы алынган 386 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттин сарамжалдуу пайдаланылышын териштирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө» 2018-жылдын 17-майындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 2408-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу» маселени жыйналышынын күн тартибине кошуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – 1, бардыгы 79 депутат добуш берди, 99 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору З.А.Сатаевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдындагы аты.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 30-октябрындагы № 507 токтому) «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Ж.Акматовдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат И.Ш.Өмүркулов, төрагалык кылуучу, депутат Б.И.Сулейманов, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, депутат Г.К.Асылбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жерди сактоону жана пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн башчысы А.А.Кенжебаева, депутаттар Б.Ж.Субанбеков, А.Ж.Акматов.

 

 

Депутат Г.К.Асылбаеванын сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

 

Депутат А.Ж.Акматовдун сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 87, каршы – жок, бардыгы 87 депутат добуш берди, 112 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар А.А.Карашев, Р.М.Туманбаева, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, төрагалык кылуучу, депутат Н.Т.Тотонов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жерди сактоону жана пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн башчысы А.А.Кенжебаева, төрагалык кылуучу, депутат Б.И.Сулейманов.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Ж.Акматовдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 26-июнундагы № 349 токтому) «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары И.И.Матраимовдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы А.Т.Омокеев, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору А.К.Имангазиев, депутаттар Т.З.Зулпукаров, И.И.Матраимов.

 

 

Депутат И.И.Матраимовдун сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы – жок, бардыгы 77 депутат добуш берди, 113 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат К.Ш.Баймуратов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Н.Т.Шерипов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары К.Б.Исаков, депутаттар У.Т.Кыдыралиев, А.К.Касымалиева, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, депутаттар Р.А.Казакбаев, А.Т.Мамашова, Ж.К.Акаев, Д.Б.Аттокуров, Д.Д.Бекешев.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары И.И.Матраимовдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

15 мүнөткө тыныгуу жарыяланды.

 

 

Саат 11. 25

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

86 депутат каттоодон өттү.

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 20-июнундагы № 297 токтому) «1925-жылдын 17-июнунда Женева шаарында кол коюлган Согушта тумчуктуруучу, уулуу же ушул сыяктуу башка газдарды жана бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Т.Мамашова, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Д.К.Кадыров.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты тарабынан демилгеленген «Айрым мамлекеттердин жарандар үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.К.Касымалиева, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Д.К.Кадыров, депутат А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары О.Н.Опумбаев, депутаттар А.Т.Мамашова, Д.Д.Бекешев - мыйзам долбоордун демилгечиси, Р.А.Казакбаев, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы А.Т.Омокеев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору М.Дамир уулу, депутат Т.А.Масабиров.

 

 

Депутат Т.А.Масабировдун сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы – 2, бардыгы 69 депутат добуш берди 101 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат К.Ш.Баймуратов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору М.Дамир уулу, төрагалык кылуучу, депутат А.К.Касымалиева, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Д.К.Кадыров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Н.Т.Шерипов, депутат У.Т.Кыдыралиев, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы А.Т.Омокеев, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары О.Н.Опумбаев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, депутаттар Ж.К.Акаев, З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов, депутаттар У.Б.Примов, Б.И.Сулейманов, Р.М.Туманбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Р.Р.Сарыбаев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорду талкуулоо.

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар У.Т.Кыдыралиев, А.Т.Алтыбаева.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат У.Т.Кыдыралиев, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматов.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 11-январындагы № 9 токтому) «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары А.К.Орозалиевдин сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары А.К.Орозалиев, депутаттар Б.И.Сулейманов, А.Ү.Жапаров, А.Т.Алтыбаева, У.Б.Примов, А.А.Турсунбаев, А.А.Карашев, А.К.Касымалиева.

 

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

 

Саат 14.05

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

113 депутат каттоодон өттү.

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 11-январындагы № 9 токтому) «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароону улантуу.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Р.И.Чойбеков, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматы бөлүмүнүн начальниги Т.К.Каунаш, депутаттар З.И.Жамалдинов, К.Ш.Баймуратов.

Андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөдү: депутат Б.Ж.Субанбеков.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары И.И.Матраимовдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ү.Жапаров тарабынан демилгеленген «Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода алкагында товарларды эсепке алууну камсыздоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына аткезчилик товарларды алып кирүүнү болтурбоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

Сунушталган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ү.Жапаровдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар И.А.Масалиев, А.Ү.Жапаров – токтом долбоордун демилгечиси, А.Т.Алтыбаева, Р.М.Туманбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Э.Асылкулов, депутат З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары С.Т.Абдылдаев, депутаттар К.Ш.Баймуратов, А.А.Карашев, А.И.Кулбараков, төрагалык кылуучу.

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

        

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Т.Зулушев, И.А.Масалиев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат И.А.Масалиев - мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.К.Дюшембиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбеков, депутаттар И.Ю.Карамушкина, Е.Г.Строкова, Т.Г.Тиллаев, У.Б.Примов.

 

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы – 1, бардыгы 68 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар И.Ю.Карамушкина, К.Ш.Баймуратов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбеков, депутат У.Т.Кыдыралиев, төрагалык кылуучу, депутаттар А.Ү.Жапаров, А.Э.Самигуллина, К.Т.Зулушев - мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, И.А.Масалиев - мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, М.К.Жеенчороев.

 

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорду талкуулоо.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар И.А.Масалиев - мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, А.С.Кодуранова, Т.Т.Мамытов, У.Т.Кыдыралиев.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.С.Кодуранова, төрагалык кылуучу, депутаттар И.А.Масалиев, Е.Г.Строкова.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын ишин тыныгуу жарыялабастан улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы – жок, бардыгы 74 депутат добуш берди, 112 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.З.Зулпукаров, К.Т.Зулушев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири – депутат Т.З.Зулпукаровдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, Т.З.Зулпукаров - мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, А.Т.Алтыбаева, төрагалык кылуучу, депутаттар Б.И.Сулейманов, М.К.Жеенчороев.

 

 

Ушул мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

 

 

11. 2019-жылдын 7 жана 13-февралында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

 

101 депутат каттоодон өттү.

 

 

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине жана Жазык-процесстик кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 депутат добуш берди, 101 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

«2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу Протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 102, каршы – жок, бардыгы 102 депутат добуш берди, 102 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 102, каршы – жок, бардыгы 102 депутат добуш берди, 102 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – 1, бардыгы 102 депутат добуш берди, 102 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

«1925-жылдын 17-июнунда Женева шаарында кол коюлган Согушта тумчуктуруучу, уулуу же ушул сыяктуу башка газдарды жана бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 102, каршы – жок, бардыгы 102 депутат добуш берди, 102 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

«Айрым мамлекеттердин жарандар үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 102, каршы – жок, бардыгы 102 депутат добуш берди, 102 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 102, каршы – жок, бардыгы 102 депутат добуш берди, 102 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 94, каршы – 8, бардыгы 102 депутат добуш берди, 102 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 102, каршы – жок, бардыгы 102 депутат добуш берди, 102 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

 

«Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода алкагында товарларды эсепке алууну камсыздоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына аткезчилик товарларды алып кирүүнү болтурбоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 99, каршы – жок, бардыгы 99 депутат добуш берди, 101 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Т.З.Зулпукаров, А.Ү.Жапаров, төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                 Д. Джумабеков

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 123