Протокол № 44 27.02.2019-жыл

26-04-2019 15:52

  44

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН V СЕССИЯСЫ

 

(2018-2019-жылдар)

 

 

 

2019-жылдын  27-февралы                                                                 9 саат 30 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун басары

                                                                                 

А.К.Касымалиева

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев, А.Б.Баатырбеков, К.Ш.Баймуратов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ж.К.Турускуловго берилген).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  К.Р.Садыков,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

82 депутат катталды.

           

1. 2019-жылдын 27-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 62, каршы - жок, бардыгы 62 депутат добуш берди, 85 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат А.А.Карашев.

 

Чечим кабыл алынды: - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Карашев, А.Т.Алтыбаева, Н.В.Никитенко, Т.Г.Тиллаев, Д.Э.Төлөнов, К.Жолдошбаев, И.И.Матраимов, М.К.Жеенчороев тарабынан демилгеленген  "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизүү.

 

2019-жылдын 27-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун жалпысынан кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 71, каршы - жок, бардыгы 71 депутат добуш берди, 97 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө” (2018-жылдын 5-мартындагы № 124 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Ж.Акматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат П.Р.Тулендыбаев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Э.У.Чодуев.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: “Bio-KG” органикалык кыймыл федерациясынын директору  И.Р.Айдаралиев, депутат К.Б.Орозова.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 64, каршы-1, бардыгы 65 депутат добуш берди, 101 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат М.Э.Мавлянова, төрагалык кылуучу, депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жерди иштетүү, үрөнчүлүк жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн башчысы Ж.Ж.Жумалиев, “Bio-KG” органикалык кыймыл федерациясынын директорунун орун басары М.М.Боронбаев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Э.У.Чодуев, төрагалык кылуучу, депутат З.И.Жамалдинов.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Ж.Акматов, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жерди иштетүү, үрөнчүлүк жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн башчысы Ж.Ж.Жумалиев, депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Э.У.Чодуев, депутат Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргызагробиоборборунун директорунун орун басары  Ж.Т.Бакирова,  депутат З.Э.Шарапов, “Bio-KG” органикалык кыймыл федерациясынын директору  И.Р.Айдаралиев, депутаттар А.М.Эргешов, У.З.Ормонов, Э.Ж.Байбакпаев, М.Э.Мавлянова, төрагалык кылуучу, депутат М.И.Бакиров.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Ж.Акматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Ж.Байбакпаев, Б.Ж.Субанбеков тарабынан демилгеленген  “Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси-депутат Э.Ж.Байбакпаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү:  депутаттар Д.Д.Бекешев, Э.Ж.Байбакпаев - мыйзам долбоорунун демилгечиси.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

11 саат 25 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

89 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Ж.Байбакпаев, Б.Ж.Субанбеков тарабынан демилгеленген  “Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, Э.Ж.Байбакпаев - мыйзам долбоорунун демилгечиси, Т.З.Зулпукаров, К.Ж.Рыспаев, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары К.О.Иманалиев.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Э.Ж.Сурабалдиева, Э.Ж.Байбакпаев - мыйзам долбоорунун демилгечиси, Б.Ж.Субанбеков - мыйзам долбоорунун демилгечиси, Г.К.Асылбаева, Т.И.Икрамов,  Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары К.О.Иманалиев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндө депутат Б.Ж.Субанбековдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 48, каршы - 1, бардыгы 49 депутат добуш берди, 98 депутат катталган. 

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндө депутат Б.Ж.Субанбековдун сунушу боюнча кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 54, каршы - 2, бардыгы 56 депутат добуш берди, 99 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Б.С.Турусбеков, Э.Ж.Байбакпаев-мыйзам долбоорунун демилгечиси, У.З.Ормонов, Т.А.Масабиров, И.А.Масалиев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар С.Шер-Нияз, Т.И.Икрамов, Г.К.Асылбаева, У.Т.Кыдыралиев, Э.Ж.Сурабалдиева, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.И.Икрамовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (2018-жылдын 7-июнундагы № 275 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимов, депутат Э.Ж.Сурабалдиева.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндө депутат Э.Ж.Сурабалдиеванын сунушу боюнча  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -64, каршы-2, бардыгы 64 депутат добуш берди, 108 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат М.А.Маматалиев,  Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимов, депутат Э.Ж.Сурабалдиева,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы  А.Т.Эркебаев,  депутат Б.С.Турусбеков,  Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары М.М.Каратаев,  депутаттар Э.Ж.Байбакпаев, А.Т.Алтыбаева,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы А.А.Мамыралиев, депутат М.К.Жеенчороев,  Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары  Э.К.Абакиров, депутаттар Д.Д.Бекешев, Б.Э.Төрөбаев, А.Ү.Жапаров, төрагалык кылуучу, депутат У.Т.Кыдыралиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

14 саат 5 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

111 депутат катталды.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Күрөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2018-жылдын 26-декабрындагы № 638 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Э.К.Абакировдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат М.К.Жеенчороев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгулов,  Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Э.К.Абакиров,  депутаттар С.К.Нышанов, П.Р.Тулендыбаев, “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК башкармачылыгынын төрагасы Б.А.Шамкеев, депутаттар Г.К.Асылбаева, К.С.Нурматов.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндө депутат Э.Ж.Сурабалдиеванын сунушу боюнча  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 61, каршы - 1, бардыгы 62 депутат добуш берди, 109 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат М.И.Бакиров, төрагалык кылуучу, “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК башкармачылыгынын төрагасы  Б.А.Шамкеев, депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Э.К.Абакиров, депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгулов,  депутаттар  К.С.Бокоев, К.С.Нурматов, Д.Д.Бекешев, М.К.Жеенчороев, Р.Н.Чойбеков, А.Ш.Осмонова, Э.Ж.Байбакпаев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат М.К.Жеенчороев.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

6. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2019-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерликтерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Каралып жаткан токтом долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгуловдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоору добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Карашев, А.Т.Алтыбаева, Н.В.Никитенко, Т.Г.Тиллаев, Д.Э.Төлөнов, К.Жолдошбаев, И.И.Матраимов, М.К.Жеенчороев тарабынан демилгеленген  "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

8. 2019-жылдын 27-февралында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

95 депутат катталды.

 

“Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 90, каршы - 5, бардыгы 95 депутат добуш берди, 95 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 82, каршы - 12, бардыгы 94 депутат добуш берди, 95 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 87, каршы - 9, бардыгы 96 депутат добуш берди, 96 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 95, каршы - 1, бардыгы 96 депутат добуш берди, 96 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Күрөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 94, каршы - 3, бардыгы 97 депутат добуш берди, 97 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 96, каршы - 1, бардыгы 97 депутат добуш берди, 97 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2019-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерликтерин бекитүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 95, каршы - жок, бардыгы 95 депутат добуш берди, 97 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору  кабыл алынды).

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                          А. Касымалиева

 



Көрүүлөрдүн саны : 161