Протокол № 45 28.02.2019-жыл

26-04-2019 15:53

45

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН V СЕССИЯСЫ

 

(2018-2019-жылдар)

 

 

 

2019-жылдын  28-февралы                                                                 9 саат 30 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

                                                                                 

Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев, А.Б.Баатырбеков, К.Ш.Баймуратов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ж.К.Турускуловго берилген), Т.З.Зулпукаров.

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары А.А.Абытов.

 

110 депутат катталды.

           

1. 2019-жылдын 28-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 83, каршы - жок, бардыгы 83 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат А.А.Карашев.

 

2019-жылдын 28-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун жалпысынан кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 85, каршы - жок, бардыгы 85 депутат добуш берди, 111 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 80 жылдыгынын урматына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо.

 

2. Ар түрдүү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар П.Р.Тулендыбаев, Э.Т.Токтошев, Б.С.Турусбеков, Н.Т.Тотонов, Н.Т.Каримов, Т.И.Икрамов, И.Т.Гайпкулов, Т.Т.Мамытов, А.М.Эргешов, З.И.Жамалдинов, С.А.Келдибаев, Д.Г.Төрөкулов, А.А.Алтыбаева, А.К.Дюшалиев, Р.Ч.Момбеков, М.Э.Мавлянова, У.Б.Примов, Б.К.Райымкулов, Т.А.Масабиров, Д.Д.Бекешев, Р.М.Туманбаева, А.М.Джураев, И.Ю.Карамушкина, А.К.Касымалиева, Р.А.Казакбаев, А.А.Карашев, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев.

 

Депутат Т.Т.Мамытовдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат А.Т.Алтыбаеванын сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат Р.Ч.Момбековдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат Р.Ч.Момбековдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат М.Э.Мавлянованын сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат Р.М.Туманбаеванын сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат А.А.Карашевдин  сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

11 саат 15 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

106 депутат катталды.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.Артыковдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Р.А.Казакбаев, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А.М.Мадмаров, депутат Д.Д.Бекешев-мыйзам долбоорунун демилгечиси,  төрагалык кылуучу, депутат К.Т.Зулушев, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директору А.К.Имангазиев,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Н.Т.Шерипов, депутаттар У.Т.Кыдыралиев, З.И.Жамалдинов, И.А.Масалиев, А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Дамир уулу М.

 

Каралып жаткан маселе боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 71, каршы - 1, бардыгы 72 депутат добуш берди, 110 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат К.С.Нурматов, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А.М.Мадмаров, депутат Т.А.Масабиров,  Кыргыз Республикасынын экономика министри Э.К.Абакиров, депутат А.Т.Мамашова, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директору А.К.Имангазиев, депутаттар Б.С.Турусбеков, Д.Д.Бекешев-мыйзам долбоорунун демилгечиси, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Дамир уулу М., депутаттар У.Т.Кыдыралиев, Э.Ж.Сурабалдиева, М.Э.Мавлянова, Ж.К.Акаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.Артыковдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

4. “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2018-жылдын 12-ноябрындагы №527 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенко,  Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, депутаттар И.А.Масалиев, Э.Ж.Байбакпаев.

 

Каралып жаткан мыйзам маселе боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 60, каршы-4, бардыгы 64 депутат добуш берди, 114 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, депутат М.А.Маматалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенко,  депутаттар А.Т.Мамашова, К.С.Бокоев, Р.А.Казакбаев, төрагалык кылуучу.

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

14 саат 5 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

73 депутат катталды.

 

“Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2018-жылдын 12-ноябрындагы №527 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Б.Ж.Субанбеков, Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, депутаттар Б.С.Турусбеков, К.С.Бокоев, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2019-жылдын 11-январындагы №9 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, Б.Ж.Субанбеков, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары А.К.Орозалиев.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат П.Р.Тулендыбаев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары А.К.Орозалиев, депутаттар Р.А.Казакбаев, Б.С.Турусбеков, А.Н.Шыкмаматов.

 

Каралып жаткан маселе боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 50, каршы-3, бардыгы 53 депутат добуш берди, 84 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Т.Мамашова, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары А.К.Орозалиев, депутаттар А.А.Турсунбаев, А.Алтынбеков, Д.Д.Бекешев,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенко, депутаттар К.С.Бокоев, Э.Ж.Сурабалдиева, А.Ж.Акматов, К.С.Нурматов, Т.А.Масабиров, У.Т.Кыдыралиев, Р.А.Казакбаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат У.Т.Кыдыралиев, төрагалык кылуучу.

 

6. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (депутаттар М.И.Бакиров, С.А.Келдибаев, А.С.Кодуранова, Б.С.Турусбеков жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Каралып жаткан токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү М.Э.Сабировдун сүйлөгөн сөзү.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (депутаттар М.И.Бакиров, С.А.Келдибаев, А.С.Кодуранова, Б.С.Турусбеков жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 59, каршы-жок, бардыгы 59 депутат добуш берди, 95 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

7. 2019-жылдын 28-февралында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

99 депутат катталды.

 

“Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 98, каршы - жок, бардыгы 98 депутат добуш берди, 98 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 92, каршы - 5, бардыгы 97 депутат добуш берди, 98 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 94, каршы - 2, бардыгы 96 депутат добуш берди, 98 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 95, каршы - 2, бардыгы 97 депутат добуш берди, 97 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 96, каршы - 1, бардыгы 97 депутат добуш берди, 97 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                                            Д. Джумабеков

 



Көрүүлөрдүн саны : 206