Протокол № 46 06.03.2019-жыл

26-04-2019 16:02

 46

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН V СЕССИЯСЫ

 

2018-2019-ЖЫЛДАР

 

2019-жылдын 6-марты                                                      9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

Төрагалык кылды                                 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

Д.А. Джумабеков

 

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.А.Алыбаев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат К.К.Исаевге берилген), О.М.Артыкбаев, К.Ш.Баймуратов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Ж.К.Турускуловго берилген) К.Т.Зулушев, А.К.Касымалиева (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат А.Ш.Осмоновага берилген), Е.Г.Строкова (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат А.А.Карашевге берилген) Э.Ж.Сурабалдиева (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат И.Ш.Өмүркуловго берилген).

 

 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн эксперти А.А.Айылчиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

 

82 депутат каттоодон өттү.

 

 

1. 2019-жылга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планынын долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы – жок, бардыгы 72 добуш берди, 93 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2019-жылга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планынын долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 75, каршы – жок, бардыгы 75 добуш берди, 95 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2. 2019-жылдын 6-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 76, каршы – 1, бардыгы 77 добуш берди, 96 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2019-жылдын 6-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы – жок, бардыгы 77 добуш берди, 96 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

3. «Кыргыз Республикасында 2019-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн маалыматы тууралуу» маселени кароо.

 

 

Сунушталган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Бороновдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат У.Т.Кыдыралиев, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Боронов, төрагалык кылуучу, депутат А.С.Токторов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин директору Ш.М.Сабиров, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары А.Ш.Алыбаев, депутат С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.М.Мурашев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору А.А.Рустамов, депутат З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Материалдык резервдер мамлекеттик фондунун төрагасы К.А.Айдаров, депутат М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.М.Онолбеков, депутат А.М.Нурбаев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Э.У.Чодуев, депутаттар П.Р.Тулендыбаев, Ж.К.Турускулов, А.Б.Баатырбеков, Б.Ж.Субанбеков, М.А.Маматалиев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарбасы жана мелиорация департаментинин башкы директору К.Дж.Таштаналиев, депутаттар А.М.Эргешов, М.Ю.Абдылдаев.

 

15 мүнөткө тыныгуу жарыяланды.

 

 

Саат 11. 25

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

82 депутат каттоодон өттү.

 

 

«Кыргыз Республикасында 2019-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн маалыматы тууралуу» маселени кароону улантуу.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Т.У.Шайназаров, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Боронов, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарбасы жана мелиорация департаментинин башкы директору К.Дж.Таштаналиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору К.Т.Жумаканов, депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Механизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаментинин директору Н.Ж.Кожогулов, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Э.У.Чодуев, депутат Б.С.Турусбеков.

 

Депутат Б.С.Турусбековдун сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – нет, бардыгы 59 депутат добуш берди, 94 депутат катталды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.М.Мурашев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарбасы жана мелиорация департаментинин башкы директору К.Дж.Таштаналиев, депутат У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Боронов, депутаттар Д.Д.Бекешев, А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору К.Т.Жумаканов, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору А.С.Исаев, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары А.Ш.Алыбаев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Э.У.Чодуев, депутат Т.К.Конушбаев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Механизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаментинин директору Н.Ж.Кожогулов, депутаттар М.И.Бакиров, А.Ү.Жапаров, Т.З.Зулпукаров, Э.С.Тагаев, Т.А.Масабиров, С.А.Айдаров, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментинин директору Ж.С.Дербишалиев.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.А.Турсунбаев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.М.Мурашев, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Боронов, депутат Н.Т.Тотонов, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарбасы жана мелиорация департаментинин башкы директору К.Дж.Таштаналиев, төрагалык кылуучу.

 

 

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

 

Саат 14. 00

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

65 депутат каттоодон өттү.

 

 

«Кыргыз Республикасында 2019-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн маалыматы тууралуу» маселени кароону улантуу.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Н.Т.Каримов, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Боронов, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.М.Мурашев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарбасы жана мелиорация департаментинин башкы директору К.Дж.Таштаналиев, депутаттар Т.Г.Тиллаев, З.И.Жамалдинов, М.И.Бакиров.

 

 

Каралып жаткан маселелер менен суроо-жооп жол-жоболорду талкуулоо боюнча ар бир парламенттик фракциядан эки өкүлүнө чыгып сүйлөөгө мүмкүндүк берүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64, каршы – жок, бардыгы 64 депутат добуш берди, 95 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат С.М.Джураев (КСДП), Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментинин директору Ж.С.Дербишалиев, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Боронов, депутат Т.З.Зулпукаров (КСДП), Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарбасы жана мелиорация департаментинин башкы директору К.Дж.Таштаналиев, депутат А.Алтынбеков («Республика – Ата Журт»), Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.М.Мурашев, депутаттар К.Жолдошбаев («Өнүгүү-Прогресс»), М.К.Жеенчороев («Республика – Ата Журт»), К.С.Нурматов («Кыргызстан»), У.О.Самаев («Кыргызстан»), З.И.Жамалдинов («Өнүгүү-Прогресс»), «Кыргызстандын Нефтетрейдерлер Ассоциациясы» БЮЖнын аткаруучу директору К.С.Эшатов, депутаттар М.И.Бакиров («Өнүгүү-Прогресс»), Б.С.Турусбеков («Бир Бол»), Д.Г.Торокулов («Бир Бол»), төрагалык кылуучу.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар К.Дж.Рыспаев, А.А.Карашев, Р.М.Туманбаева.

 

 

 

«Кыргыз Республикасында 2019-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн маалыматы тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Р.М.Туманбаеванын сөзү.

 

 

«Кыргыз Республикасында 2019-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн маалыматы тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы –жок, бардыгы 82 депутат добуш берди, 108 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

Сөз сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Боронов.

 

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Дж.Рыспаев, А.А.Турсунбаев, А.Т.Жутанов, Э.Дж.Байбакпаев, М.А.Исаков, У.Т.Кыдыралиев, А.И.Кулбараков, А.Маматов, Н.Н.Нишанов, И.А.Пирматов, А.М.Султанов, Ж.К.Турускулов, Н.В.Чудинов, И.З.Сарсейитов жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 31-январындагы № 71 токтому) «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

 

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы К.Дж.Рыспаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 5-июнундагы № 271 токтому) «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору К.Т.Жумаканов.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат П.Р.Тулендыбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору К.Т.Жумаканов.

 

 

Андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору К.Т.Жумаканов, депутат П.Р.Тулендыбаев.

 

 

Депутат П.Р.Тулендыбаевдин сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы – жок, бардыгы 43 депутат добуш берди, 109 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору К.Т.Жумаканов, депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этнос аралык мамилелер мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары М.К.Байдылдаев, депутаттар А.А.Турсунбаев, Д.Д.Бекешев.

 

 

Депутат Д.Д.Бекешевдин сунушу боюнча каралып жаткан маселени аяктамайынча тыныгуу жарыялабастан жыйналыштын ишин улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – жок, бардыгы 71 депутат добуш берди, 112 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору К.Т.Жумаканов, депутаттар У.З.Ормонов, Т.Г.Тиллаев, Д.Д.Бекешев, У.Т.Кыдыралиев, төрагалык кылуучу, депутат З.И.Жамалдинов.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Р.М.Туманбаеванын сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

6. 2019-жылдын 6-мартында каралган мыйзам долбоорлор боюнча добуш берүү.

 

 

94 депутат каттоодон өттү.

«Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 94, каршы – жок, бардыгы 94 добуш берди, 94 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

«Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 92, каршы – 2, бардыгы 94 добуш берди, 94 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                 Д. Джумабеков

 



Көрүүлөрдүн саны : 210