Протокол № 47 07.03.2019-жыл

26-04-2019 16:04

47

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН V СЕССИЯСЫ

 

2018-2019-ЖЫЛДАР

 

2019-жылдын 7-марты                                                      9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

Төрагалык кылды                                 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

Д.А. Джумабеков

 

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев, К.Т.Зулушев, Э.Ж.Сурабалдиева (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат И.Ш.Өмүркуловго берилген).

 

 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары А.А.Абытов.

107 депутат каттоодон өттү.

 

 

1. 2019-жылдын 7-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы – жок, бардыгы 73 добуш берди, 107 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар К.Дж.Рыспаев, Н.В.Никитенко, М.И.Бакиров.

 

 

Кабыл алынган чечим – жыйналыштын күн тартибине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Дж.Рыспаев, Г.С.Молдобекова, Ж.К.Турускулов, Т.Г.Тиллаев, М.А.Исаков, С.М.Джураев, У.Т.Кыдыралиев, М.Б.Эгембердиев, Н.Т.Каримов тарабынан демилгеленген үчүнчү окууда «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 6-ноябрындагы № 525 токтому) экинчи окууда «Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын балдар кодексине, «Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, К.С.Нурматов, Э.Т.Токтошев, Алтынбек Жунус уулу, З.И.Жамалдинов, М.Г.Мадеминов, Б.К.Райымкулов, А.Ш.Жээнбеков, Р.М.Туманбаева тарабынан демилгеленген үчүнчү окууда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун киргизүү.

 

 

 

2019-жылдын 7-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы – жок, бардыгы 74 добуш берди, 108 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат К.Б.Орозова.

 

 

2. Ар кандай маселелер.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Б.С.Турусбеков, А.Т.Алтыбаева, П.Р.Тулендыбаев, М.И.Бакиров, И.Ю.Карамушкина, М.Э.Мавлянова, З.И.Жамалдинов, Ж.К.Турускулов, А.Т.Сулайманов, Г.К.Асылбаева, У.З.Ормонов, Т.У.Жоробеков, А.К.Касымалиева, Н.Т.Каримов, К.С.Нурматов, Б.Ж.Субанбеков, К.М.Жумалиев, Э.С.Тагаев, А.А.Карашев, А.Т.Мамашова, Н.В.Никитенко, Т.Т.Мамытов, К.Дж.Рыспаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев.

 

 

Депутат М.И.Бакировдун пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

Депутат Н.В.Никитенконун пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

15 мүнөткө тыныгуу жарыяланды.

 

 

Саат 11. 20

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

113 депутат каттоодон өттү.

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 17-декабрындагы № 584 токтому) «Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасынын шаар куруусу жана архитектурасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө») Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы М.Э.Мавлянованын сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Т.К.Конушбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Б.А.Абдиев, депутаттар Б.Ж.Субанбеков, М.И.Бакиров, У.Т.Кыдыралиев, Н.Т.Тотонов, Т.Г.Тиллаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары М.А.Акматалиев, депутаттар А.Т.Алтыбаева, П.Р.Тулендыбаев, М.Э.Сабиров, Э.Т.Токтошев.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Б.А.Абдиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары М.А.Акматалиев, депутаттар Н.К.Алимбеков, А.М.Нурбаев, З.И.Жамалдинов, К.Ш.Баймуратов, У.З.Ормонов, К.Дж.Рыспаев, төрагалык кылуучу.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы М.Э.Мавлянованын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 6-ноябрындагы № 525 токтому) «Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын балдар кодексине, «Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кезексиз тартипте кароо жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 47, каршы – жок, бардыгы 47 депутат добуш берди, 113 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 6-ноябрындагы № 525 токтому) «Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын балдар кодексине, «Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кезексиз тартипте кароо жөнүндө кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 54, каршы – жок, бардыгы 54 депутат добуш берди, 113 депутат катталды.

Чечим кабыл алынган жок.

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 7-декабрындагы № 572 токтому) «2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын экономика министри О.М.Панкратов, төрагалык кылуучу.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 31-январындагы № 34 токтому) «2018-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын экономика министри О.М.Панкратов, депутат Э.С.Тагаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы А.Т.Эркебаев, депутат У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары М.М.Каратаев, «Мамлекеттик ипотека компаниясы» ААКсынын башкармалыгынын башчысы Б.А.Шамкеев, депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимов.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

 

Саат 14. 10

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

86 депутат каттоодон өттү.

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 6-февралындагы № 44 токтому) «2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Н.Б.Кедеевдин сөзү.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү М.Э.Сабировдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат К.Дж.Рыспаев, төрагалык кылуучу.

 

 

7. Депутаттар К.Дж.Рыспаев, Г.С.Молдобекова, Ж.К.Турускулов, Т.Г.Тиллаев, М.А.Исаков, С.М.Джураев, У.Т.Кыдыралиев, М.Б.Эгембердиев, Н.Т.Каримов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 6-ноябрындагы № 524 токтому) «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоолорун үчүнчү окууда кароо.

 

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу

 

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 6-ноябрындагы № 525 токтому) «Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын балдар кодексине, «Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө төрагалык кылуучунун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы М.Т.Турганбаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кабыл алынышы жөнүндө төрагалык кылуучунун сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, К.С.Нурматов, Э.Т.Токтошев, Алтынбек Жунус уулу, З.И.Жамалдинов, М.Г.Мадеминов, Б.К.Райымкулов, А.Ш.Жээнбеков, Р.М.Туманбаева тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

86 депутат каттоодон өттү.

 

 

Мурда каралган мыйзам долбоорлор боюнча добуш берүү жол-жоболорун өткөрүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 83, каршы – жок, бардыгы 83 депутат добуш берди, 85 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

10. 2019-жылдын 7-мартында каралган мыйзам долбоорлор боюнча добуш берүү.

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасынын шаар куруусу жана архитектурасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө») Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 85, каршы – жок, бардыгы 85 добуш берди, 85 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

«2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 85, каршы – жок, бардыгы 85 добуш берди, 85 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

«2018-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 85, каршы – жок, бардыгы 85 добуш берди, 85 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

«2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 89, каршы – жок, бардыгы 89 добуш берди, 89 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 89, каршы - жок, бардыгы 89 добуш берди, 89 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасында кепилдик фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 89, каршы – жок, бардыгы 89 добуш берди, 89 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

«Пробация институтун киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын балдар кодексине, «Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 88, каршы – 1, бардыгы 89 добуш берди, 89 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 88, каршы – жок, бардыгы 88 добуш берди, 89 депутат катталды.

 

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

 

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 88, каршы – жок, бардыгы 88 добуш берди, 89 депутат катталды.

 

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

 

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 89, каршы – жок, бардыгы 89 добуш берди, 89 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                                 Д. Джумабеков



Көрүүлөрдүн саны : 195