Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 2 14.09.2016-жыл

22-09-2016
16:51

 

 

 

 

2

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН II СЕССИЯСЫ

 

2016-2017-жылдар

 

2016-жылдын 14-сентябры                                                   9 саат 30 мүнөт

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

Төрагалык кылган                                   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А. Турсунбеков

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: Э.Дж.Байбакпаев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат П.Р.Тулендбаевге берилген), М.Г.Мадеминов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат С.М.Джураевге берилген), Т.А.Масабиров (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат К.К.Исаевге берилген), Р.М.Туманбаева (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат М.К.Жеенчороевге берилген), А.Э.Самигуллина (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Ч.А.Турсунбековго берилген), И.В.Чудинов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат А.Т.Сулаймановго берилген).

 

          Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басарлары К.А.Абышев.

107 депутат каттоодон өттү.

 

1. 2016-жылдын 14-сентябрындагы календардык планынын долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 76, каршы- жок, бардыгы 76 депутат добуш берди.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар С.Шер-Нияз - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы, Б.Э.Торобаев - “Өнүгүү_Прогресс” парламенттик фракциясынын лидери, М.Дж.Мискенбаев, С.К.Нышанов, Ж.К.Акаев, А.Ж.Салянова, М.К.Жеенчороев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Укук коргоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары, Ө.Ч.Текебаев, төрагалык кылуучу, депутаттар К.Дж.Рыспаев, И.А.Масалиев, И.Ш.Өмүркулов – КСДП парламенттик фракциясынын лидери, К.С.Бокоев, Т.З.Зулпукаров.

Парламенттик фракциянын лидерине 10 минута жана депутат К.Дж.Рыспаевге, М.Дж.Мискенбаевге 5 минута боюнча чыгып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 97, каршы - 4, бардыгы 101 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар М.Ю.Абдылдаев, И.Ш.Өмүркулов, Т.З.Зулпукаров, Б.Э.Төрөбаев.

Төрагалык кылуучу 15 мүнөт тыныгуу жарыялады.

 

10 саат 10 мүнөт

 

          95 депутат катталды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Чечим кабыл алынды - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин V чакырылышынын депутаттары Т.Т.Туманов, К.Абдиев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” үчүнчү окуу; депутаттар Ж.А.Мусабекова, Ж.К.Акаев тарабынан демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”; депутат К.Дж.Рыспаев тарабынан демилгеленген биринчи окууда “Телекөрсөтүү жана радтоуктуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынн мыйзамдарынын долборлору жыйналыштын күн тартибинин долбоорунан алып салуу.

 

2016-жылдын 14-сентябрындагы календардык планынын долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 95, каршы - жок, бардыгы 95 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөгөндөр: төрагалык кылуучу, депутаттар Ө.Ч.Текебаев – “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери, И.Ш.Өмүркулов – КСДП парламенттик фракциясынын лидери, Б.Э.Төрөбаев – “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын лидери, К.Дж.Рыспаев.

 

“Республика-Ата-Журт” парламенттик фракциясынын лидери депутат Ө.Т.Бабановдун сунушу боюнча ага 10 минута чыгып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 105, каршы – жок, бардыгы 105 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Ө.Т.Бабанов – “Республика-Ата-Журт” парламенттик фракциясынын лидери, Ө.Ч.Текебаев – “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери, төрагалык кылуучу.

Төрагалык кылуучу 15 мүнөт тыныгуу жарыялады.

 

11 саат 15 мүнөт

 

          Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

          109 депутат катталды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар М.Дж.Мискенбаев, М.И.Бакиров.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселеси жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө” маселени жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө депутат Б.Э.Төрөбаевдин (“Өнүгүү-Прогресс”) сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 46, каршы – 55, бардыгы 101 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

2. Депутаттар А.Б.Баатыров, А.М.Нурбаев, А.Ж.Жамангулов, Д.Э.Төлөнов, И.И.Матраимов, Н.В.Никитенко жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2016-жылдын 16-майындагы № 250 токтому) тарабынан демилгеленген “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун кароо.

Берилген мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы А.Б.Баатырбеков сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Т.Г.Тиллаев, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А.Э.Усенов.

 

          Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын орун басары Н.К.Алимбеков төрагалык кылды.

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 85, каршы- 7, бардыгы 92 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

Сөз сүйлөдү: депутаттар Т.И.Икрамов, Т.И.Нишанов, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А.Э.Усенов, депутат Ө.Т.Бабанов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Б.А.Адылов, депутаттар Р.А.Казакбаев, К.К.Иманалиев.

 

Бул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы А.Б.Баатырбековдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2015-жылдын 27-октябрндагы токтому) тарабынан демилгеленген “Паралимпиадалык спорт жөнүнд” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароо.

Берилген мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Р.К.Казакбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иши, дене тарбиясы жана спорт боюнча мамлекеттик комитетинин директорунун орун басары Б.Ж.Эгембердиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басарлары К.А.Абышев, депутат Ч.А.Султанбекова.

 

Бул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5. Депутаттар А.Ж.Салянова, Ө.Ч.Текебаев, Б.И.Сулейманов, Г.К.Асылбаева, А.Ж.Исмаилова, Ч.И.Джакупова, И.А.Масалиев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

6. “2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (депутат Т.У.Шайназаров жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомунун долбоорун кароо.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Н.Шыкмаматовдун токтом долбоорун кароо жөнүндө сөзү.

“2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (депутат Т.У.Шайназаров жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 88, каршы - жок, бардыгы 88 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2016-жылдын 30-июнундагы № 367 токтому)“Бишкек шаарында 2016-жылдын 30-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза алуу талаптарынан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А.Э.Усенов берилген мыйзам долбоору жөнүндө сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат К.Ш.Баймуратов.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат А.А.Турсунбаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 69, каршы - жок, бардыгы 69 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Б.Ж.Субанбеков, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А.Э.Усенов, депутаттар К.С.Нурматов, К.Дж.Рыспаев, А.К.Назаров, С.Шер-Нияз - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сунушу боюнча “Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбековдун сунуштамасы менен Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри кызматына дайындоону жактыруу үчүн Казаков Түгөлбай Токтогуловичтин талапкерлиги жөнүндө” маселени 2016-жылдын 15-сентябрындагы жыйналышка калтыруу.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы А.Б.Баатырбековдун сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2016-жылдын 30-июнундагы № 368 токтому) “Париж шаарында 2016-жылдын 15-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А.Э.Усеновдун берилген мыйзам долбоору жөнүндө сөзү.

 

Бул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы А.Б.Баатырбековдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                                       Ч.Турсунбеков