3
VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН II СЕССИЯСЫ
(2016-2017-жылдар)
2016-жылдын 15-сентябры 9 саат 30 мүнөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы
Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Ч.А.Турсунбеков
Жыйналышка катышпаган депутаттар: А.Ж.Акматов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.Ж.Субанбековго берилген), Асылбек уулу Д (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.А.Айдаровго берилген), Э.Ж.Байбакпаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат П.Р.Тулендыбаевге берилген), Д.Д.Бекешев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.А.Аманкуловго берилген), А.Ү.Жапаров (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Т.Сулаймановго берилген), К.М.Жумалиев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.В.Чудиновго берилген), Жунус уулу Адыл (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.С.Өмүрбековага берилген), Ф.А.Иминов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ө.Т.Бабановго берилген), Т.К.Исаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат У.К.Жылкыбаевге берилген), Д.Ш.Исаева (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.К.Жеенчороевге берилген), У.Т.Кыдыралиев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Р.А.Казакбаевге берилген), М.Г.Мадеминов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.М.Жураевге берилген), Т.А.Масабиров (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат К.К.Исаевге берилген), Н.Н.Нишанов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ө.Т.Бабановго берилген), И.А.Пирматов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Т.Сулаймановго берилген), П.Р.Тулендыбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Р.А.Казакбаевге берилген), Р.М.Туманбаева (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Н.Н.Нишановго берилген), И.В.Чудинов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Т.Сулаймановго берилген).
Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев.
105 депутат катталды.
1. 2016-жылдын 15-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -57, каршы-жок, бардыгы 57 депутат добуш берди.
Чыгып сүйлөштү: С.Шер-Нияз- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы, Н.В.Никитенко, төрагалык кылуучу.
1. 2016-жылдын 15-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибинин долбоорун жалпысынан кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -95, каршы-жок, бардыгы 95 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
2. Ар түрдүү.
Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.К.Алимбеков төрагалык кылды.
Чыгып сүйлөштү: депутаттар М.Э.Сабиров, М.Ж.Мискенбаев, С.Шер-Нияз, А.Ж.Жамангулов, Т.И.Икрамов, Б.Ж.Субанбеков, У.К.Жылкыбаев, А.Ж.Исмаилова, М.К.Жеенчороев, С.М.Джураев, А.Т.Алтыбаева, А.К.Назаров, К.У.Сатыбалдиев, Р.Ч.Момбеков, Ж.К.Акаев, К.Ш.Баймуратов, К.С.Бокоев, К.Ж.Рыспаев, А.Л.Юсуров, У.Б.Примов, А.Артыков, У.З.Ормонов, Г.С.Молдобекова, М.И.Исаков, З.И.Жамалдинов, К.Т.Зулушев, К.С.Нурматов, Ж.К.Турускулов, А.А.Арапбаев, Т.Г.Тиллаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, төрагалык кылуучу.
Депутат А.Ж.Исмаилованын сүйлөгөн сөзү боюнча Ысык-Көл областын өнүктүрүү Фондунун ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү жана Бюджет жана финансы боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.
Депутат У.З.Ормоновдун сүйлөгөн сөзү боюнча Ош областынын Өзгөн районунун фермерлеринин кайрылууларын кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы жана коррупцияга каршы аракеттенүү жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.
15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.
11 саат 25 мүнөт
Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.
90 депутат катталды.
Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутаттар К.Ж.Рыспаев, С.К.Нышанов, А.А.Шадиев, Ө.Т.Бабанов.
Депутат К.Ж.Рыспаевдин сунушу боюнча «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасын шайлоо тууралуу» маселе боюнча убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -87, каршы-жок, бардыгы 87 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
Чыгып сүйлөштү: депутаттар Ө.Т.Бабанов («Республика-Ата-Журт»), Т.З.Зулпукаров (КСДП), С.К.Нышанов («Ата Мекен»), М.И.Бакиров («Өнүгүү-Прогресс»), А.А.Турсунбаев («Кыргызстан»), Б.Ж.Субанбеков («Бир Бол»).
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасын шайлоо үчүн убактылуу эсептөө комиссиясынын курамына депутаттар У.К.Жылкыбаев (КСДП), Д.Б.Аттокуров (КСДП), А.Э.Самигуллина (КСДП), Р.Ч.Момбеков (КСДП), А.Алтынбеков («Республика-Ата-Журт»), М.К.Жеенчороев («Республика-Ата-Журт»), А.Ж.Жамангулов («Республика-Ата-Журт»), Д.Э.Төлөнов («Кыргызстан»), А.К.Назаров («Кыргызстан»), З.И.Жамалдинов («Өнүгүү-Прогресс»), Ч.И.Жакупова («Бир Бол»), Б.И.Сулеймановду («Ата Мекен») шайлоо тууралуу добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -97, каршы-жок, бардыгы 97 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
3. . «Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбеков тарабынан Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматына дайындоону жактыруу үчүн сунуш кылынган Түгөлбай Токтогулович Казаковдун талапкерлиги жөнүндө» маселени кароо.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри М.Д.Абулгазиевдин сүйлөгөн сөзү.
Чыгып сүйлөдү: депутат С.Шер-Нияз.
Каралып жаткан маселе боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу сунуш боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -93, каршы-жок, бардыгы 93 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
Чыгып сүйлөштү: депутаттар С.Шер-Нияз, К.Б.Орозова, А.С.Өмүрбекова, Ж.К.Акаев, Т.Б.Исакунова, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматына талапкер Т.Т.Казаков, депутаттар М.А.Исаков, Ж.Б.Субанбеков, К.Ж.Рыспаев, А.А.Арапбаев, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри М.Д.Абулгазиев, депутаттар Т.Т.Мамытов, К.С.Бокоев, К.К.Иманалиев, төрагалык кылуучу.
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматына Т.Т.Казаков талапкерлигин жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А.Султанбекованын сүйлөгөн сөзү.
Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматына дайындоону жактыруу үчүн Т.Т.Казаковдун талапкерлиги боюнча добуштарды электрондук системаны колдонуу менен ачык добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -105, каршы-жок, бардыгы 105 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматына Т.Т.Казаковдун талапкерлигин дайындоону жактыруу тууралуу добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -105, каршы-1, бардыгы 106 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
Чыгып сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматына талапкер Т.Т.Казаков.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2016-жылдын 20-июнундагы №341 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы А.А.Шадиевдин сүйлөгөн сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2016-жылдын 16-майындагы №253 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Т.Ж.Абжапаровдун сүйлөгөн сөзү.
Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу сунуш боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -90, каршы-2, бардыгы 92 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
Чыгып сүйлөштү: депутат Б.К.Райымкулов, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Т.Ж.Абжапаров, депутаттар К.Б.Орозова, М.Э.Мавлянова, Б.И.Сулейманов.
Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ж.К.Акаевдин сүйлөгөн сөзү.
Чыгып сүйлөштү: депутат А.Ж.Салянова, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Т.Ж.Абжапаров, депутат Б.И.Сулейманов.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасын шайлоо тууралуу» маселе боюнча чечим кабыл алынганга чейин жыйналыштын ишин узартуу жөнүндө депутат И.Ш.Өмүркуловдун сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -93, каршы-3, бардыгы 96 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
6. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасын шайлоо тууралуу» маселени кароо.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасын шайлоо үчүн убактылуу эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн өз ара милдеттерин бөлүштүрүү (№1 протокол) жана бюллетендин формасы жөнүндө (№2 протокол) убактылуу эсептөө комиссиясынын төрагасы депутат М.К.Жеенчороевдин («Республика-Ата-Журт») сүйлөгөн сөзү.
Чыгып сүйлөдү: депутат Б.Э.Төрөбаев.
12.40-13.30 бюллетень колдонуу менен жашыруун добуш берүү
13.30-13.40 добуштарды саноо.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасын шайлоо үчүн жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө (№3 протокол) убактылуу эсептөө комиссиясынын төрагасы депутат М.К.Жеенчороевдин («Республика-Ата-Журт») сүйлөгөн сөзү.
Талапкерлер боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы: депутат А.С.Кодурановага макул-72 добуш, депутат Т.У.Шайназаровго макул-46, баарына каршы-1 добуш.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутат А.С.Кодуранова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын кызматына шайланды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитүү тууралуу добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -102, каршы-жок, бардыгы 102 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын кызматына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.С.Кодуранованы шайлоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -101, каршы-жок, бардыгы 101 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI, 2016-жылдын 1-сентябрындагы №881-VI (депутат Т.З.Зулпукаров жөнүндө) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө КСДП парламенттик фракциясынын сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -99, каршы-1, бардыгы 100 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
КСДП парламенттик фракциясынын лидери депутат И.Ш.Өмүркуловдун 10 мүнөткө чейин сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -81, каршы-1, бардыгы 82 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
Чыгып сүйлөштү: депутаттар Б.Э.Төрөбаев-«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын лидери, И.Ш.Өмүркулов-КСДП парламенттик фракциясынын лидери.
1 саатка тыныгуу жарыяланды.
Саат 15.00
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.
101 депутат катталды.
Чыгып сүйлөдү: депутат А.Артыков.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2016-жылдын 1-июнундагы №291 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министри А.О.Кожошевдин сүйлөгөн сөзү.
Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макеевдин сүйлөгөн сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
8. Депутаттар Сабиров М.Э., Бакиров М.И., Жунус уулу Адыл, Өмүркулов И.Ш., Турускулов Ж.К., Мавлянова М.Э. тарабынан демилгеленген “Жер пайдалануу жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Жер кодексине, Турак жай кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” мыйзамдарга) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат М.Э.Сабировдун сүйлөгөн сөзү.
Чыгып сүйлөдү: депутат О.М.Артыкбаев.
Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу сунуш боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -61, каршы-1, бардыгы 62 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
Чыгып сүйлөштү: депутаттар О.М.Артыкбаев, М.Э.Сабиров-мыйзам долбоорунун демилгечиси, А.С.Өмүрбекова, А.Ж.Салянова, М.К.Жеенчороев, К.Б.Орозова.
Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы М.И.Бакировдун сүйлөгөн сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (Граждандык кодекске, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамга) (2016-жылдын 7-майындагы №234 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Н.А.Таштановдун сүйлөгөн сөзү.
Чыгып сүйлөштү: депутаттар К.Ш.Баймуратов, А.Ж.Салянова, А.Т.Алтыбаева.
Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А.Султанбекованын сүйлөгөн сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
10. “2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин токтомунун долбоорун кароо.
Ушул токтомдун долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Н.Шыкмаматовдун сүйлөгөн сөзү.
“2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -95, каршы-жок, бардыгы 95 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
11. 2016-жылдын 14-15-сентябрларында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.
112 депутат катталды.
“Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -112, каршы-жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).
“Паралимпиадалык спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -112, каршы-жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
“Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -102, каршы-9, бардыгы 111 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.
Добуш жараксыз деп табылды.
“Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -104, каршы-7, бардыгы 111 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.
Добуш жараксыз деп табылды.
“Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -102, каршы-10, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Yй-бүлө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -111, каршы-1, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
“Бишкек шаарында 2016-жылдын 30-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза алуу талаптарынан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -111, каршы-жок, бардыгы 111 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.
Добуш жараксыз деп табылды.
“Бишкек шаарында 2016-жылдын 30-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза алуу талаптарынан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -111, каршы-1, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
“Париж шаарында 2016-жылдын 15-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -112, каршы-жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -109, каршы-3, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -45, каршы-67, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору четке кагылды).
“Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -110, каршы-2, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
Жер пайдалануу жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -88, каршы-24, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекске, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -108, каршы-4, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.
Төрага Ч.Турсунбеков