2019-жылдын 26-июнундагы № 3173-VI “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

26-06-2019 19:42

 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т: 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э. Мавлянова, А.А. Турсунбаев, Т.З. Зулпукаров, У.З. Ормонов, А. Алтынбеков жана Т.Г. Тиллаев демилгелеген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага                                                                                 Д.А. Джумабеков

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 71