2019-жылдын 26-июнундагы № 3190-VI “КТ Мобайл” ЖЧКсынын ишине байланыштуу маселелерди иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын ишинин жыйынтыгы жөнүндө

26-06-2019 20:24

“КТ Мобайл” ЖЧКсынын ишине байланыштуу маселелерди иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын ишинин жыйынтыгы жөнүндө

“КТ Мобайл” ЖЧКсынын ишине байланыштуу маселелерди иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын
15-майындагы № 3050-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Т. Зулушевдин маалыматын угуп жана убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

1. “КТ Мобайл” ЖЧКсынын ишине байланыштуу маселелерди иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын корутундусу бекитилсин.

2. “КТ Мобайл” ЖЧКсы менен “Альфа Телеком” ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде виртуалдык оператор түзүү жөнүндө чечимдин туура болгондугу белгиленсин.

3. “КТ Мобайл” ЖЧКсынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун, “Кыргызтелеком” ААКсынын, “Альфа Телеком” ЖЧКсынын ишине “Ачык Өкмөт” эл аралык уюмунун катчылыгынын мурдагы жетекчиси И.З. Рысалиевдин тикелей кийлигишкендигинин аныкталгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д. Абылгазиевдин моралдык жоопкерчилиги көрсөтүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д. Абылгазиевге төмөнкүлөр сунушталсын:

-аткаруу бийлигинин бардык органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын толук, өз убагында, так жана бирдей аткарылышын камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү;

-төмөнкүлөрдүн жоопкерчилигин кароо:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Р.Т. Түлөбердиевдин;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору И.М. Смановдун;

“Кыргызтелеком” ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы, башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу Э. Акматовдун жана “КТ Мобайл” ЖЧКсынын ишине тиешелүү көзөмөлдү камсыз кылбагандыгы үчүн башкарманын мүчөлөрүнүн.

5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына төмөнкүлөр сунушталсын:

-Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлорунун
“КТ Мобайл” ЖЧКсынын финансылык-чарбалык ишин талдоо бобюнча маалымкатында көрсөтүлгөн мыйзам бузууларга укуктук баа берүү;

-Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Б.Н. Шаршембиевге байланыштуу козголгон жазык иштерин тез арада аягына чыгаруу, анын ичинде Н.С. Мукамбетов уюштурган менчик ишканалар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин кызмат адамдарынын өз кызмат абалдарынын кызматтык кызыкчылыктарга каршы пайдалануу менен аракеттенүү аркылуу мамлекеттик бюджетке олуттуу зыян келтирүү фактысына өзгөчө көңүл буруу жана укуктук баа берүү;

-И.З. Рысалиевдин Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, “Кыргызтелеком” ААКсынын, “Альфа Телеком” ЖЧКсынын, “КТ Мобайл” ЖЧКсынын ишине тикелей аралашуу, ошондой эле “Альфа Телеком” ЖЧКсынын башкы директору А.А. Жамангуловго карата ар кандай мүнөздөгү коркутуу фактылары боюнча аракеттерине укуктук баа берүү.

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ушул токтому Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн жиберилсин.

 

Төрага                                                                                  Д.А. Джумабеков



Көрүүлөрдүн саны : 111