5
VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН II СЕССИЯСЫ
(2016-2017-жылдар)
2016-жылдын 22-сентябры 19 саат 30 мүнөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы
111 депутат катталган.
Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Ч.А.Турсунбеков
Жыйналышка катышпаган депутаттар: Ф.А.Иминов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.У.Сыдыковго берилген), М.Г.Мадеминов, (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.М.Джураевге берилген), А.Т.Мамашова, (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Н.В.Никитенкого берилген), А.М.Нурбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ш.Омуркуловго берилген), К.У.Сатыбалдиев, Б.И.Сулейманов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Н.В.Никитенкого берилген), Д.Э.Төлөнов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ч.А.Султанбековага берилген).
Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев.
111 депутат катталган.
1. 2016-жылдын 22-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 67, каршы - жок, бардыгы 67 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: депутаттар Ч.И.Джакупова, А.А.Арапбаев, У.К.Жылкыбаев, К.С.Бокоев, И.Ш.Омуркулова, Р.Ч.Момбеков, К.Дж.Рыспаев, Т.Г.Тиллаев, М.И.Бакиров, төрагалык кылуучу, депутат Т.З.Зулпукаров.
Депутаттар Б.Э.Торобаев, О.Ч.Текебаев, Т.У.Шайназаров, А.Н.Шыкмаматов тарабынан демилге кылынган “Кыргыз Республикасынын референдумдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоорун экинчи окууда жыйналыштын күн тартибинин долбоорунан чыгаруу жөнүндө депутат Ч.И.Джакупованын сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 11, каршы - 63, бардыгы 74 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
Депутат К.Дж.Рыспаев тарабынан демилге кылынган “Телеберүүлөр жана радиоуктуруулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда жыйналыштын күн тартибинин долбоорунан чыгаруу – чечими кабыл алынды.
2016-жылдын 22-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 82, каршы - жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрага.
Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.К.Алимбеков төрагалык кылды.
Сөз сүйлөдү: депутаттар М.И.Бакиров, К.Ш.Баймуратов, М.А.Аманкулов, А.Ж.Акматов, А.Т.Алтыбаева, А.Ж.Жамангулов, Д.А.Джумабеков, И.А.Кадыркулов, Т.И.Икрамов, П.Р.Тулендыбаев, А.Ж.Исмаилова, Жунус уулу Алтынбек, Ж.К.Турускулов, Р.Ч.Момбеков, Т.А.Масабиров, Р.М.Туманбаева, З.И.Жамалдинов, Д.Асылбек уулу, К.С.Бокоев, М.Э.Мавлянова, К.Жолдошбаев, У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, депутаттар О.М.Артыкбаев, Ч.А.Султанбекова, төрагалык кылуучу.
Депутат Ч.А.Султанбекованын сөзү боюнча Аскер бөлүктөрүндө солдаттар каза болгон учурларга катышуу жана анын алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Коргоо кеңеши менен биргеликте чараларды кабыл алуусунун зарылдыгы жөнүндө маселени кароо тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.
Депутат М.А.Аманкулов менен К.Ш.Баймуратовдун сөздөрү боюнча азыр жабылуу чегинде турган Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарындагы мектеп-интернатты каржылоо жөнүндө маселени кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.
Депутат К.С.Бокоевдин сөзү боюнча “Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы жөнүндө маселени кароо тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.
Депутат У.З.Ормоновдун сөзү боюнча Калк үчүн электр энергиясынын тарифтерин төмөндөтүү жөнүндө Ноокат, Өзгөн райондорунун, ошондой эле, Баткен областынын Кадам-Жай районунун тургундарынын кайрылууларын кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.
Депутат М.И.Бакиров менен А.Т.Алтыбаеванын сөзү боюнча Варшава шаарындагы адамдык чен-өлчөмдөр боюнча ЕӨКУ Бюросунун жыл сайын өтүүчү Кеңешмесинде К.Батыровдун сөз сүйлөөсүнө карата маселени кароо жана парламент тарабынан баа берүүнүн зарылдыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.
15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.
11 саат 30 мүнөт
Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С.Омурбекова төрагалык кылды.
108 депутат катталды.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2015-жылдын 3-декабрындагы №827 токтом) “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин чыгымын декларациялоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы А.С.Кодуранованын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 11-апрелиндеги №203 токтом) “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы А.С.Кодуранованын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 31-майындагы №283 токтом) Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы А.С.Кодуранованын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
6. Депутаттар Г.А.Скрипкина, Ч.А.Султанбекова, А.Н.Шыкмаматов, Ч.И.Джакупова, И.А.Масалиев, К.Т.Зулушев, Т.Б.Исакунова тарабынан демилге кылынган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы А.С.Кодуранованын сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутат Д.А.Джумабекова.
Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы А.С.Кодуранованын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
7. Депутаттар Б.Э.Төрөбаев, Ө.Ч.Текебаев, Т.У.Шайназаров, А.Н.Шыкмаматов тарабынан демилге кылынган “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.
Сунуш кылынган конституциялык Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы А.С.Кодуранованын сөзү.
Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Тунсунбеков төрагалык кылды.
Жазылган депутаттардан кийин конституциялык Мыйзам долбоорун кароо боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 69, каршы - 9, бардыгы 78 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Ж.Салянова, А.С.Кодуранова – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы, А.У.Жапаров, М.Ю.Абдылдаев, А.Н.Шыкмаматов – конституциялык Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, төрагалык кылуучу, депутаттар А.Артыков, Ч.И.Джакупова, М.И.Бакиров, Д.Д.Бекешев, И.А.Масалиев, Т.З.Зулпукаров, Н.В.Никитенко, З.И.Жамалдинов, И.Ш.Омуркулов.
Ушул конституциялык Мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы А.С.Кодуранованын сөзү.
Көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 69, каршы - 9, бардыгы 78 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды (Көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө киргизилди).
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 25-февралындагы №83 токтом) “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу мүчөлүк акыларынын тарифтери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө”) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
9. Депутаттар Ж.А.Мусабекова, Ж.К.Акаев тарабынан демилге кылынган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Маалыматка жетүүнү кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.
Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияз, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Б.Ш.Секимов, төрагалык кылуучу.
Ушул мыйзам долбоорун кароодон четке кагуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 66, каршы - жок, бардыгы 66 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
10. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна (депутаттар А.Т.Алтыбаева, Н.Т.Каримов, М.Б.Эгембердиев жөнүндө) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.
Каралып жаткан токтом долбоору жөнүндө КСДП парламенттик фракциясынын лидери И.Ш.Омуркуловдун сөзү.
Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы А.С.Кодуранованын сөзү.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна (депутаттар А.Т.Алтыбаева, Н.Т.Каримов, М.Б.Эгембердиев жөнүндө) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 72, каршы - жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
11. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” (мыйзам долбоорунун демилгечилери – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаттары Ө.Ч.Текебаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров, Э.А.Кочкарова) Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.
Каралып жаткан токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Ж.Ж.Мамбеталиеванын сөз.
Cөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, депутат У.К.Жылкыбаев, төрагалык кылуучу.
Депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 67, каршы - жок, бардыгы 67 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
12. Депутаттар А.Ш.Жээнбеков, Ө.Ч.Текебаев, Ч.А.Турсунбеков, К.К.Иманалиев, Б.И.Сулайманов, О.М.Артыкбаев, А.Ж.Акматов, Э.Т.Токтошев, К.М.Жумалиев, А.А.Арапбаев, И.И.Матраимов, А.Ж.Жамангулов, Т.Б.Исакунова, С.А.Айдаров тарабынан демилге кылынган” Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – депутат А.А.Арапбаевдин сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2015-жылдын 27-октябрындагы №756 токтом) “Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбор калаанын статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.
Cөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.А.Джумабеков.
Каралып жаткан мыйзам долбоорун экинчи окуу режиминде кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетине кайтарып берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.А.Джумабековдун сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 68, каршы - жок, бардыгы 68 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
1 сааттык тыныгуу жарыяланды.
14 саат
Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.
110 депутат катталды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
2016-жылдын 21 жана 22-сентябрында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү жол-жобосун өткөрүү жөнүндө депутат Н.К.Алимбековдун сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 98, каршы - жок, бардыгы 98 депутат добуш берди.
Чечим кабыл алынды.
14. 2016-жылдын 21 жана 22-сентябрында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.
110 депутат катталды.
“Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - 2, бардыгы 108 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.
Добуш берүү жараксыз деп табылды.
“Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 105, каршы - 3, бардыгы 108 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды.)
“Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды.)
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу мүчөлүк акыларынын тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы - жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.)
“Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 103, каршы - 5, бардыгы 108 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.)
“Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамды коргоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - 2, бардыгы 108 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.)
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.)
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.)
“Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин чыгымдарын декларациялоо маселеси боюнча “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы - жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды.)
“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 105, каршы - жок, бардыгы 105 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды.)
“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 104, каршы - жок, бардыгы 104 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.
Добуш берүү жараксыз деп табылды.
“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 102, каршы - жок, бардыгы 102 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.
Добуш берүү жараксыз деп табылды.
“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 105, каршы - жок, бардыгы 105 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.)
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 103, каршы - 2, бардыгы 105 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.)
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 98, каршы - 5, бардыгы 103 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.
Добуш берүү жараксыз деп табылды.
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 98, каршы - 6, бардыгы 104 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Конституциялык Мыйзамдын долбоору экинчи окууда кабыл алынды.)
“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын персондоштуруп (жекече) эсепке алуу жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу мүчөлүк акыларынын тарифтери жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө”) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 103, каршы - 1, бардыгы 104 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.)
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 102, каршы - 2, бардыгы 104 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.)
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.
Төрага Ч.А.Турсунбеков