Протокол № 49 11.05.2016-жыл

20-06-2016 11:20

 

 

 

 

 

49

                                                                                              

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН I СЕССИЯСЫ

 

(2015-2016-жылдар)

 

 

2016-жылдын 11-майы                                                                9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

109 депутат катталды

 

Төрагалык кылган                                                           Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

                                                                                              Ч.А.Турсунбеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: А.Ж.Жамангулов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.К.Жеенчороевге берилген), А.Э.Самигуллина (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ш.Өмүркуловго берилген), У.Т.Кыдыралиев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ө.Т.Бабановго берилген), Н.Н.Нишанов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.Т.Мамытовго берилген).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев.

 

109 депутат катталды.

 

1. 2016-жылдын 11-майындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 83, каршы - жок, бардыгы 83 депутат добуш берди.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, Д.А.Джумабеков, төрагалык кылуучу.

 

            Депутат Д.Д.Бекешев тарабынан демилге кылынган, 2016-жылдын 26-февралындагы №40 “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жана “Республикада болуп өткөн нөшөрлөгөн жамгырдын жана сел алуулардын натыйжасында жапа чеккендерге жардам көрсөтүү боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы тууралуу” маселени жыйналыштын күн тартибинин долбооруна кошумча киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            2016-жылдын 11-майындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 88, каршы - жок, бардыгы 88 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

           

            2. 2016-жылдын майына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календардык иш планынын долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 93, каршы - жок, бардыгы 93 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

            3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.З.Ормоновдун (“Бир бол”) ант берүүсү.

            Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат А.У.Жапаров.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 29-мартындагы №162 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндө”) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Ж.Ж.Мамбеталиеванын сөзү.

      

Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, А.К.Назаров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын жерди пайдалануу жана сактоо үчүн контрол боюнча Башкармалыктын начальниги А.А.Кенжебаева, депутаттар Д.А.Джумабеков, Ө.Ч.Текебаев, С.К.Нышанов, О.М.Артыкбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо департаментинин директору Н.Д.Исабеков, төрагалык кылуучу, депутаттар И.А.Масалиев, М.Э.Сабиров, К.Дж.Рыспаев, А.Т.Абжалиев, У.Б.Примов, М.И.Бакиров, Ж.К.Турсункулов, А.Т.Алтыбаева, Т.З.Зулпукаров, А.Т.Абжалиев, Б.Э.Төрөбаев, З.И.Жамалдинов, Н.К.Алимбеов, М.А.Аманкулов, Э.Дж.Байбакпаев, Д.Б.Аттокуров, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Р.С.Артыкбаев.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

 

                                                11 саат 20 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

103 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 29-мартындагы №162 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндө”) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо улантылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат КДжРыспаев, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Ж.Ж.Мамбеталиева, депутат И.Ш.Өмүркулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын жерди пайдалануу жана сактоо үчүн контрол боюнча Башкармалыктын начальниги А.А.Кенжебаева, төрагалык кылуучу.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу маселесин токтотуу жөнүндө депутат М.А.Айнакулованын сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 53, каршы - 2, бардыгы 55 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

            Сөз сүйлөдү: депутат У.К.Жылкыбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо департаментинин директору Н.Д.Исабеков, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Ж.Ж.Мамбеталиева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын жерди пайдалануу жана сактоо үчүн контрол боюнча Башкармалыктын начальниги А.А.Кенжебаева, депутаттар Т.А.Масабиров, Д.А.Джумабеков, А.У.Жапаров, А.К.Назаров, төрагалык кылуучу.

 

            Каралып жаткан маселе боюнча көрмөматериалды көрүү.

 

            Сөз сүйлөдү: депутаттар Ө.Ч.Текебаев, М.Э.Сабиров, Д.А.Джумабеков, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Ж.Ж.Мамбеталиева, А.У.Жапаров, А.К.Назаров, А.Т.Сулайманов, М.И.Бакиров, Т.З.Зулпукаров, А.Т.Алтыбаева, А.Н.Шыкмаматов, төрагалык кылуучу.

Жыйналыштын күн тартибинен ушул мыйзам долбоорун чыгаруу жана жеткире иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетке кайтарып берүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 22, каршы - 8, бардыгы 30 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Г.А.Скрипкина, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинен чыгаруу жана жеткире иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетке кайтарып берүү жөнүндө кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 41, каршы - 38, бардыгы 79 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынган жок.

 

            Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар М.И.Бакиров, А.Т.Алтыбаева, Ө.Ч.Текебаев, төрагалык кылуучу.

1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

 

                                                           14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

                  

116 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 29-мартындагы №162 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндө”) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо улантылды.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

Сөз сүйлөдү: депутаттар Т.З.Зулпукаров, Б.Э.Төрөбаев (“Өнүгүү-Прогресс”), Д.А.Джумабеков, М.Э.Сабиров (“Республика-Ата-Журт”), К.Дж.Рыспаев, Т.А.Масабиров, У.Б.Примов, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын жерди пайдалануу жана сактоо үчүн контрол боюнча Башкармалыктын начальниги А.А.Кенжебаева.

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы М.И.Бакировдун сөзү.

 

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 26-январындагы №31 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, Э.Дж.Байбакпаев, Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Р.А.Мамасадыков.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

6. Депутаттар К.С.Бокоев, Н.В.Никитенко, У.Т.Кыдыралиев рабынан демилге кылынган “Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексине, “Адамдарды сатуу менен күрөшүү жана алдын алуу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугун сактоо жөнүндө”, “Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө”, “Психиатриялык жардамдар жана аны көрсөтүүдө жарандардын укугуна кепилдик берүү жөнүндө”, “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө”, “Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө”, “Нан унун байытуу жөнүндө”, “Энергоүнөмдөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, “Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө”, “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө, Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө”, “Качкындар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы социалдык фонддор жөнүндө”, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө”, “Калкты каттоо жана туракжай фонду жөнүндө”, “Озон катмарын коргоо жөнүндө”, “Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө”, “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Аңчылык жана аңчылык чарбалары жөнүндө”) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору каралды.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Т.Алтыбаева, Д.А.Джумабеков, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири - К.С.Бокоев, А.У.Жапаров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Б.К.Рыспаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

                                                                                                                                                   7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаттары Ө.Ч.Текебаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров, Э.А.Кочкарова тарабынан демилге кылынган “Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, М.К.Жеенчороев, У.Б.Примов, Г.К.Асылбаева, А.У.Жапаров, Б.Э.Төрөбаев, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев.

Жыйналыштын күн тартибинен ушул мыйзам долбоорун чыгарып салуу жана экинчи окуу режиминде кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана аны Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине кайтарып берүү жөнүндө депутат М.К.Жеенчороевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 74, каршы - 14, бардыгы 88 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

           

Сөз сүйлөдү: депутаттар Б.Э.Төрөбаев, Д.Д.Бекешев, К.ДЖ.Рыспаев, төрагалык кылуучу.

 

            8. Республикада болуп өткөн нөшөрлөгөн жамгырдын жана сел жүрүүлөрдүн натыйжасында жапа чеккендерге жардам көрсөтүү боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы жөнүндө.

 

            Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри К.А.Бороновдун сөзү.

           

1          5 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

                                                           16 саат 20 мүнөт

 

            Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

            88 депутат катталды.

 

9. Депутат Д.Д.Бекешев тарабынан демилге кылынган 2015-жылдын 26-февралындагы №40 “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин өкүлү М.Э.Мавлянованын сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2015-жылдын 3-декабрындагы №827 токтом) “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин чыгымдарын декларациялоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө тууралуу”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Н.С. Момуналиевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Т.Алтыбаева, А.А.Арапбаев, Д.А.Джумабеков, Р.Ч.Момбеков, О.М.Артыкбаев, А.К.Назаров, К.ДЖ.Рыспаев, Г.К.Асылбаева, Т.А.Масабиров, А.Ж.Салянова, У.Б.Примов, Д.Б.Аттокуров.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Н.С.Момуналиев.

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 19-январындагы №19 токтом) “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Б.К.Рыспаевдин сөзү.

Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.А.Джумабеков, А.Ж.Салянова, А.К.Назаров, К.Дж.Рыспаев, А.Т.Алтыбаева, М.К.Жеенчороев, Э.Дж.Байбакпаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Жыйналыштын күн тартибиндеги үч маселе боюнча чечим кабыл алынганга чейин жыйналыштын ишин узартуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 39, каршы - 1, бардыгы 40 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынган жок.

 

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2015-жылдын 20-июлундагы №509 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” (“Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкина, төрагалык кылуучу, депутат А.Ж.Салянова, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Ж.Ж.Мамбеталиева, депутат А.Т.Алтыбаева.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төрага                                                                                              Ч.А.Турсунбеков

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 7232