2019-жылдын 3-октябрындагы № 3264 -VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 3-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

03-10-2019 09:39

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 3-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 3-октябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

Ар кандай;

“2019-жылдын 6-апрелинде Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (өнүктүрүү максатында Ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы “Баткен жана Талас облустарында айылдарды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Жалал-Абад шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо (фаза 2)” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган “Жалал-Абад шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо (фаза 2)” долбооруна Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“2018-жылдын 21-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Каракол шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2018-жылдын 21-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган “Каракол шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо” долбоору үчүн Швейцария Конфедерациясынан, Швейцариянын Экономика боюнча мамлекеттик катчылыгынын атынан берилген инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасынын жана Каракол шаарынын “Суу каналы” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу.

 

 

 

 

Төрага                                                                                      Д.А. Джумабеков

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 15