Протокол № 50 12.05.2016-жыл

20-06-2016 11:27

 

 

 

 

50

                                                                                              

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН I СЕССИЯСЫ

 

(2015-2016-жылдар)

 

 

2016-жылдын 12-майы                                                                9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

115 депутат катталды

 

Төрагалык кылган                                                           Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

                                                                                              Ч.А.Турсунбеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: А.Алтынбеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.Г.Тиллаевге берилген), Д.Б.Аттокуров (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.А.Аманкуловго берилген), М.И.Бакиров (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.Э.Төрөбаевге берилген), А.Дж.Бакчиев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ч.И.Джакуповага берилген), Ф.А.Иминов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.У.Сыдыковго берилген), Т.И.Икрамов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.О.Узакбаевге берилген), М.Э.Сабиров, З.И.Жамалдинов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Г.К.Асылбаевага берилген), А.Ж.Жамангулов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.К.Жеенчороевге берилген), К.Жолдошбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.Э.Төрөбаевге берилген), А.С.Жутанов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.Э.Төрөбаевге берилген), У.К.Жылкыбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ч.А.Турсунбековго берилген), Р.А.Казакбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат К.С.Бокоевге берилген), У.Т.Кыдыралиев, И.А.Масалиев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.И.Икрамовго берилген), А.С.Омурбекова, А.Э.Самигуллина (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ш.Өмүркуловго берилген), Б.Э.Төрөбаев, Т.У.Шайназаров (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.Э.Төрөбаевге берилген), У.С.Чолпонбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.Т.Мамытовго берилген), А.Л.Юсуров (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Г.К.Асылбаевага берилген).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев.

 

115 депутат катталды.

 

1. 2016-жылдын 12-майындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 84, каршы - жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Г.А.Скрипкина, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы А.Б.Баатырбеков, төрагалык кылуучу.

 

            Чечим кабыл алынды: - “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана “Фирмалык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготкондугун таануу жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын) (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2015-жылдын 8-октябрындагы №690 токтом); “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө” “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) (демилгечи- депутат Г.А.Скрипкина); “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” (демилгечи- депутат Г.А.Скрипкина) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору; “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө” (депутаттар М.Э. Мавлянова, М.К.Жеенчороев жөнүндө); “2015-жылга кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын-алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун баяндамасы жөнүндө” маселелер жыйналыштын күн тартибинин долбооруна кошумча киргизилсин;

            -Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2016-жылдын 25-февралындагы №80 токтому) “Кыргыз Республикасынын Коргоо жана Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинин долбоорунан чыгарып салынсын.

           

            2016-жылдын 12-майындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 92, каршы - жок, бардыгы 92 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

            2. Ар кандай.

 

            Сөз сүйлөдү: депутаттар А.С.Токторов, М.Дж.Мискенбаев, Т.И.Икрамов, З.И.Жамалдинов, Д.А.Джумабеков, А.Т.Мамашова, П.Р.Тулендыбаев, У.К.Жылкыбаев, Д.Д.Бекешев, А.К.Назаров, К.Б.Орозова, К.С.Бокоев, Т.У.Шайназаров, Т.З.Зулпукаров, Ч.А.Султанбекова, А.Ж.Исмаилова, Т.А.Масабиров, Ж.А.Калмаматов, У.О.Самаев, Б.У.Сыдыков, У.Б.Примов, Р.Ч.Момбеков, төрагалык кылуучу, депутаттар Б.Ж.Субанбеков, Р.М.Туманбаева, Т.К.Конушбаев, У.З.Ормонов, М.Э.Мавлянова, А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, депутат Б.Э.Төрөбаев.

 

            Депутат М.Дж.Мискенбаевдин сөзү боюнча кыргыз-казактын мамлекеттик чек арасына жакын жердеги Талас областынын Манас районунун аймагына каналдын курулушунун мыйзамдуулугу жөнүндө маселени карап чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

            Депутат Т.И.Икрамовдун сөзү боюнча республикабыздагы, анын ичинде Жалал-Абад областынын Сузак районундагы жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган иш-чаралар жөнүндө маселени кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

            Депутат Ч.А.Султанбекованын сөзү боюнча Кытай Эл Республикасында жашаган этникалык кыргыздар үчүн визасыз режимди киргизүү жөнүндө маселени карап чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

            15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

                                                           11 саат 30 мүнөт

 

            Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков жыйналышка төрагалык кылды.

 

            119 депутат катталды.

 

            3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаттары Т.Бакир уулу, Н.А.Мадалиев, Н.А.Нарматова тарабынан демилге кылынган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Сунуш кылынган Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Ж.Салянова, Ч.И.Джакупова, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Н.А.Таштанов, депутаттар Ж.К.Акаев, К.Б.Орозова, А.Т.Сулайманов, А.М.Нурбаев, М.К.Жеенчороев, Т.Б.Исакунов, К.С.Бокоев, Д.А.Джумабеков, А.Н.Шыкмаматов, С.К.Нышанов, О.М.Артыкбаев, М.Дж.Мискенбаев, У.К.Жылкыбаев, Р.Ч.Момбеков.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Ж.К.Акаев, К.Б.Орозова, А.Ж.Салянова, Т.Б.Исакунов, А.Н.Шыкмаматов.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаттары Ө.Ч.Текебаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров, Э.А.Кочкарова тарабынан сунуш кылынган “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Ж.Салянова.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

            Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкина.

 

            Жыйналыштын күн тартибиндеги №17, 18, 19 маселелерди кезексиз тартипте кароо жөнүндө депутат Г.А.Скрипкинанын сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 48, каршы - 8, бардыгы 56 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Сунуш четке кагылды).

 

            6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2015-жылдын 15-июлундагы №501токтом) “Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын суу кодексине, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.А.Джумабековдун сөзү.

           

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 23-мартындагы №141 токтом) Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 10-мартындагы №118 токтом), “Белград шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сирия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жоюу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Д.Б.Сыдыковдун сөзү.

 

            Парламенттик фракциялардын оң чечими болгон болсо, көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үч окуудан добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

                 8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2016-жылдын 18-февралындагы №77 токтом) 2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашуу жана Кыргыз Республикасы, Баткен шаарынын мэриясы, “Таза-Суу” муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы ЕРӨБдүн уюштуруучуларынын атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка тийиштүү Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” жана Бишкек шаарында 2015-жылдын 8-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик Макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2016-жылдын 1-марты, №94 токтом), Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарба Мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы С.Н.Борубаеванын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат О.М.Артыкбаев, төрагалык кылуучу.

Жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 56, каршы - 5, бардыгы 61 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынган жок.

 

Жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жөнүндө кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 74, каршы - жок, бардыгы 74 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар О.М.Артыкбаев, А.Ж.Салянова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарба Мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы С.Н.Борубаева, Нарын шаарынын мэри Р.Н.Адиев, депутаттар К.С.Бокоев, К.Ш.Баймуратов, Ж.К.Турускулов, Д.Б.Аттокуров.

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

 

                                                           14 саат 05 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

            109 депутат катталды.

 

            9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 26-январындагы №26 токтом) “Уфа шаарында 2015-жылдын 10-июлунда кол коюлган, Чек ара маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары А.К.Алимбаевдин сөзү.

 

            Сөз сүйлөдү: депутат С.К.Нышанов.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

            10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 17-февралындагы №73 токтом) “Вена шаарында 2005-жылдын 8-июлунда кол коюлган, 1979-жылдын 26-октябрындагы Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө 1979-жылдын 26-октябрындагы конвенцияга түзөтүүнү ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Р.А.Мамасадыковдун сөзү.

 

 

            Сөз сүйлөдү: депутаттар С.К.Нышанов, Д.Б.Аттокуров, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары М.К.Байгончоков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары А.А.Рустамов, депутаттар Ж.К.Турускулов, Т.Т.Мамытов.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

            11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2015-жылдын 23-ноябрындагы №798 токтом) “Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары А.А.Сапаралиевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары У.Д.Рыскулов.

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

12. “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окуу режиминде кайтарып берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – депутат А.Т.Алтыбаеванын сөзү.

 

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окуу режиминде кайтарып берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 96, каршы - 1, бардыгы 97 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

13. “2016-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кезектеги аткарылышы жөнүндө. 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Бюджеттик резолюциясынын долбоору жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө.”

Каралып жаткан маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.А.Касымалиевдин сөзү.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 86, каршы - 1, бардыгы 87 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Б.Абжалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.Т.Сулайманов, Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.А.Касымалиев, депутат Э.Дж.Байбакпаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары К.А.Кумашев, депутаттар Т.Г.Тиллаев, Ж.К.Акаев, И.И.Матраимов, У.К.Жылкыбаев, Д.Д.Бекешев, Т.Т.Мамытов, М.Дж.Мискенбаев, төрагалык кылуучу, депутаттар А.Т.Алтыбаева, Б.Э.Төрөбаев.

 

Ушул маселе боюнча токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары У.Б.Примовдун сөзү.

 

2017-жылга Кыргыз Республикасынын Бюджеттик резолюциясынын долбоору жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө.” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 101, каршы - 61, бардыгы 107 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат К.С.Бокоев, төрагалык кылуучу.

 

            14. 2016-жылдын 11 жана 12 майында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

            Сөз сүйлөдү: депутат Т.З.Зулпукаров, төрагалык кылуучу.

 

            114 депутат катталды.

 

            Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы - жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

            Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 113, каршы - жок, бардыгы 113 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.).

“Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, “Адамдарды сатуу менен күрөшүү жана алдын алуу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугун сактоо жөнүндө”, “Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө”, “Психиатриялык жардамдар жана аны көрсөтүүдө жарандардын укугуна кепилдик берүү жөнүндө”, “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө”, “Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө”, “Нан унун байытуу жөнүндө”, “Энергоүнөмдөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, “Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө”, “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө, Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө”, “Качкындар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы социалдык фонддор жөнүндө”, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө”, “Калкты каттоо жана туракжай фонду жөнүндө”, “Озон катмарын коргоо жөнүндө”, “Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө”, “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Аңчылык жана аңчылык чарбалары жөнүндө”) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - 2, бардыгы 112 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, “Адамдарды сатуу менен күрөшүү жана алдын алуу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугун сактоо жөнүндө”, “Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө”, “Психиатриялык жардамдар жана аны көрсөтүүдө жарандардын укугуна кепилдик берүү жөнүндө”, “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө”, “Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө”, “Нан унун байытуу жөнүндө”, “Энергоүнөмдөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, “Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө”, “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө, Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө”, “Качкындар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы социалдык фонддор жөнүндө”, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө”, “Калкты каттоо жана туракжай фонду жөнүндө”, “Озон катмарын коргоо жөнүндө”, “Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө”, “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Аңчылык жана аңчылык чарбалары жөнүндө”) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда кайрадан добуш берилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - 5, бардыгы 115 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

 

            2015-жылдын 26-февралындагы №40 “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 114, каршы - жок, бардыгы 114 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

2015-жылдын 26-февралындагы №40 “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 113, каршы - жок, бардыгы 113 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

2015-жылдын 26-февралындагы №40 “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 115, каршы - жок, бардыгы 115 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндө”) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 93, каршы - 21, бардыгы 114 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндө”) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 100, каршы - 15, бардыгы 115 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

 

            “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - 3, бардыгы 114 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 115, каршы - жок, бардыгы 115 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” (“Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк кодексине), Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берилди.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 115, каршы - жок, бардыгы 115 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

 

 

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 46, каршы - 65, бардыгы 111 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 46, каршы - 65, бардыгы 111 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 46, каршы - 65, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

 

            “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 90, каршы - 16, бардыгы 106 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 79, каршы - 31, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору четке кагылды.)

 

            “Судьялык өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 101, каршы - 9, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды.)

 

            “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын суу кодексине, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы - 2, бардыгы 109 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын суу кодексине, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 104, каршы - 5, бардыгы 109 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын суу кодексине, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы - 3, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды.)

 

“2015-жылдын 13-декабрында Эль-Кувейт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - 2, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.)

 

“2015-жылдын 2-декабрында Белград шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - 2, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.)

 

“2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашуу жана Кыргыз Республикасы, Баткен шаарынын мэриясы, “Таза-Суу” муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы ЕРӨБдүн уюштуруучуларынын атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка тийиштүү Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.)

 

 

“Бишкек шаарында 2015-жылдын 8-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча жана Бишкек шаарында 2015-жылдын 23-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - 1, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.)

 

“2015-жылдын 10-июлунда Уфа шаарында кол коюлган Чек ара маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүлөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“2015-жылдын 10-июлунда Уфа шаарында кол коюлган Чек ара маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүлөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“2015-жылдын 10-июлунда Уфа шаарында кол коюлган Чек ара маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүлөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.)

 

“2005-жылдын 8-июлунда Вена шаарында кабыл алынган Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө 1979-жылдын 26-октябрындагы Конвенцияга түзөтүүнү ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.)

 

“Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - 1, бардыгы 107 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - 2, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.)

 

            Сөз сүйлөдү: депутат Т.У.Шайназаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкина, депутат А.Н.Шыкмаматов, төрагалык кылуучу.

           

            “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоору боюнча добуш берүүгө кайтып келүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сунушу боюнча үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 79, каршы - 28, бардыгы 107 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды

 

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 74, каршы - 36, бардыгы 110 депутат добуш берди, катталган 110 депутат.

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору четке кагылды.)

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Ж.Салянова, төрагалык кылуучу, депутат Т.К.Конушбаев.

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

                                               16 саат 45 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

100 депутат катталды.

 

            Сөз сүйлөдү: депутат А.Т.Мамашова, төрагалык кылуучу.

 

            15. “104 чм. узундуктагы Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожол участогун реконструкциялоо, Бишкек шаары менен “Манас” Эл аралык аэропортунун ортосундагы 23,027 чм. узундуктагы автожол участогун капиталдык ремонттон өткөрүү, жаныбарларды идентификациялоону техникалык камсыз кылуу үчүн жабдууларды сатып алуу боюнча тендерлерди өткөрүүдө мыйзамдуулуктун сакталышын иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 3-декабрындагы №67-VI токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө” маселе каралды.

 

            Сөз сүйлөдү: депутаттар Т.К.Конушбаев, Г.А.Скрипкина, төрагалык кылуучу, депутаттар К.М.Жумалиев-убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы, Б.Ж.Субанбеков.

 

Депутат Т.К.Конушбаевдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын экс-Премьер-министри Т.А.Сариевди жана башка ушул маселе боюнча чакырылган адамдарды угуу, андан кийин токтом долбоору боюнча добуш берүүгө киришүү добушка коюлду.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 44, каршы - 35, бардыгы 79 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынган жок.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.У.Жапаров, К.К.Иманалиев, К.Дж.Рыспаев, Д.Д.Бекешев.

 

Депутаттар К.К.Исаевдин, К.Дж.Рыспаевдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын экс-Премьер-министри Т.А.Сариевди жана башка ушул маселе боюнча чакырылган адамдарды угуу, андан кийин токтом долбоору боюнча добуш берүүгө киришүү добушка коюлду.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 59, каршы - 28, бардыгы 87 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Депутат К.Дж.Рыспаевдин сунушу боюнча ушул маселе тууралуу чакырылган адамдарга чыгып сүйлөөгө 5 мүнөттөн уруксат берүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 63, каршы - 6, бардыгы 69 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

            Сөз сүйлөдү: депутат Т.У.Конушбаев, төрагалык кылуучу.

 

            Каралып жаткан маселе боюнча маалымат берүү менен төмөнкүлөр чыгып сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын экс-Премьер-министри Т.А.Сариев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар боюнча экс-министри А.Дж.Малабаев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар боюнча министринин экс-орун басары У.К.Уезбаев.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар К.К.Исаев, Д.Д.Бекешев, Н.Н.Нишанов, С.Шер-Нияз, А.Ж.Салянова, М.А.Айнакулов.

 

Ар бир депутаттык фракциядан үчтөн депутаттын каралып жаткан маселе боюнча чыгып сүйлөөсүнө мүмкүндүк берүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 62, каршы - 27, бардыгы 89 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

            Сөз сүйлөдү: депутаттар, Ж.К.Акаев, А.А.Арапбаев, Кыргыз Республикасынын экс-Премьер-министри Т.А.Сариев, депутат И.И.Матраимов, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар экс-министри А.Дж.Малабаев, депутаттар Р.Ч.Момбеков, К.М.Жумалиев-убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы, Н.Н.Нишанов.

 

            Каралып жаткан маселе боюнча чечим кабыл алынганга чейин жыйналыштын ишин узартуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 71, каршы - 6, бардыгы 77 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

            Сөз сүйлөдү: депутат Н.Н.Нишанов, Кыргыз Республикасынын экс-Премьер-министри Т.А.Сариев, депутаттар М.Дж.Мискенбаев, К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар экс-министри А.Дж.Малабаев, депутаттар А.Ж.Исмаилов, К.К.Исаев.

 

            Ушул маселе боюнча видиоматериал көрсөтүлдү.

 

            Сөз сүйлөдү: депутат К.К.Исаев, Кыргыз Республикасынын экс-Премьер-министри Т.А.Сариев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар экс-министри А.Дж.Малабаев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар боюнча министринин экс-орун басары У.К.Уезбаев, депутаттар А.Б.Баатырбеков, Ч.А.Султанбекова, З.И.Жамалдинов, М.Ю.Абдылдаев, Б.Ж.Субанбеков, К.М.Жумалиев- убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы, А.У.Жапаров, К.К.Иманалиев, Т.К.Конушбаев, С.Шер-Нияз, К.К.Исаев (“Кыргызстан”), төрагалык кылуучу.

 

            78 депутат катталды.

 

            Сөз сүйлөдү: депутаттар А.У.Жапаров, А.А.Арапбаев, Б.Ж.Субанбек5ов, төрагалык кылуучу.

 

            “104 чм. узундуктагы Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожол участогун реконструкциялоо, Бишкек шаары менен “Манас” Эл аралык аэропортунун ортосундагы 23,027 чм. узундуктагы автожол участогун капиталдык ремонттон өткөрүү, жаныбарларды идентификациялоону техникалык камсыз кылуу үчүн жабдууларды сатып алуу боюнча тендерлерди өткөрүүдө мыйзамдуулуктун сакталышын иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 3-декабрындагы №67-VI токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 54, каршы - 6, бардыгы 60 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

           

            Убактылуу депутаттык комиссия сунуш кылган редакциядагы токтом долбоорунун 1 пунктун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 54, каршы - 6, бардыгы 60 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Депутат А.А.Арапбаев тарабынан сунуш кылынган редакциядагы токтом долбоорунун 1 пунктун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 49, каршы - 18, бардыгы 67 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынган жок.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар Б.Ж.Субанбеков, Т.Т.Мамытов.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төрага                                                                                              Ч.А.Турсунбеков

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 7038