Протокол № 51 18.05.2016-жыл

20-06-2016 11:32

 

 

 

 

51

                                                                                              

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН I СЕССИЯСЫ

 

(2015-2016-жылдар)

 

 

2016-жылдын 18-майы                                                                9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

109 депутат катталды

 

Төрагалык кылган                                                           Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

                                                                                              Н.К.Алимбеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: М.А.Айнакулов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.А.Кадыркуловго берилген), Ж.К.Акаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат У.Б.Примовго берилген), А.Т.Алтыбаева (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат К.Б.Орозовага берилген), А.А.Арапбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат У.К.Жылкыбаевге берилген), Д.Асылбек уулу, (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.А.Айдаровго берилген), Ө.Т.Бабанов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.С.Омурбековага берилген), К.Ш.Баймуратов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.У.Сыдыковго берилген), М.И.Бакиров (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.Э.Торобаевге берилген), К.С.Бокоев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Ж.Жамангуловго берилген), Д.А.Джумабеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Д.Э.Толоновго берилген), З.И.Жамалдинов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.Э.Торобаевге берилген), К.Жолдошбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.О.Узакбаевге берилген), К.М.Жумалиев, Жунус уулу Алтынбек (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.И.Икрамовго берилген), А.Т.Жутанов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.Э.Торобаевге берилген), К.Т.Зулушев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат П.Р.Тулендыбаевге берилген), К.К.Иманалиев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Э.Т.Токтошевге берилген), Ф.А.Иминов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.У.Сыдыковго берилген), Т.Б.Исакунова, А.Ж.Исмаилова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Т.Абжалиевге берилген), Р.А.Казакбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Алтынбековго берилген), Н.Т.Каримов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.М.Джураевге берилген), А.С.Кодуранова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ш.Омуркуловго берилген), Н.К.Макеев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Б.Баатырбековго берилген), А.Т.Мамашева (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.К.Нышановго берилген), Т.Т.Мамытов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.К.Жеенчороевге берилген), И.А.Масалиев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.И.Икрамовго берилген), М.Дж.Мискенбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Е.Г.Строковага берилген), Н.Н.Нишанов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Алтынбековго берилген), К.С.Нурматов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.А.Айдаровго берилген), И.Ш.Омуркулов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.З.Зулпукаровго берилген), И.А.Пирматов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.Ю.Абдылдаевге берилген), М.Э.Сабиров (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.С.Омурбековага берилген), У.О.Самаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.А.Масабировго берилген), Ж.А.Саматов, А.Э.Самигуллина (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Артыковго берилген), Б.И.Сулейманов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Э.Т.Токтошевге берилген), Э.Ж.Сурабалдиева (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.А.Аманкуловго берилген), Т.Г.Тиллаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.К.Райымкуловго берилген), А.А.Турсунбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ж.А.Калмаматовго берилген), Ч.А.Турсунбеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.А.Аманкуловго берилген), Ж.К.Турускулов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Алтынбековго берилген), У.С.Чолпонбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.К.Жеенчороевге берилген), С.Шер-Нияз (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Э.Т.Токтошевге берилген).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев.

 

109 депутат катталды.

 

1. 2016-жылдын 18-майындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 64, каршы - жок, бардыгы 64 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар А.Н.Шыкмаматов, Д.Д.Бекешев, К.С.Бокоев, Т.З.Зулпукаров, И.А.Кадыркулов, Ө.Т.Бабанов, К.Дж.Рыспаев, А.Т.Абжалиев, С.К.Нышанов.

 

            “Кыргыз Республикасынын жараны паспорту менен чет элдик жарандар кармалган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө” маселени кароо тууралуу депутат А.Н.Шыкмаматовдун сунушу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 61, каршы - 6, бардыгы 67 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

            Сөз сүйлөдү: депутат А.Н.Шыкмаматов, төрагалык кылуучу.

 

            Үчүнчү окууда каралууга жаткан мыйзам долбоорлорунан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 1-апрелиндеги №169токтом) “Кыргыз Республикасынын энергетикалык тармагын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө” маселени кароо тууралуу И.А.Кадыркуловдун сунуш боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 62, каршы - 29, бардыгы 91 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Чечим кабыл алынды: “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө” маселелерди;

- депутат Д.Д.Бекешев тарабынан демилге кылынган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүүчү тутум жөнүндө”, “Банктык сыр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда жыйналыштын күн тартибинин долбооруна кошумча киргизүү;

 

2016-жылдын 18-майындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 76, каршы - 15, бардыгы 91 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2015-жылдын 15-июнундагы №362 токтом) “Ломбарддардын иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2014-жылдын 16-декабрындагы №707 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”, “Маданият жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2015-жылдын 7-июлундагы №459 токтом) “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын экономика министри А.О.Кожошев, депутат О.М.Артыкбаев.

 

Жазылган депутаттардын кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутаттардын Т.З.Зулпукаров, Д.Д.Бекешевдердин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 72, каршы - 1, бардыгы 73 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

           

            Сөз сүйлөдү: депутат М.Э.Мавлянова, Кыргыз Республикасынын экономика министри А.О.Кожошев, депутаттар Ө.Т.Бабанов, Т.З.Зулпукаров.

           

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2015-жылдын 7-декабрындагы №836 токтом) “Тооруктарды, аукциондорду өткөрүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жана сот аткаруучулардын статусу жөнүндө”, “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

           

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын экономика министри А.О.Кожошев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, депутаттар У.З.Ормонов, К.Дж.Рыспаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

6. Депутаттар Н.К.Макеев, А.У.Жапаров, А.Л.Юсуров демилге кылган “Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.С.Өмүрбекова, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н.Жениш.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 1-апрелиндеги №169 токтом) “Кыргыз Республикасынын энергетикалык тармагын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө” маселени кароо.

           

            Каралган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министри А.О.Кожошевдин сөзү.

           

            Сөз сүйлөдү: депутат Р.Ч.Момбеков, төрагалык кылуучу.

           

            Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 46, каршы - 5, бардыгы 51 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

            Сөз сүйлөдү: депутат Р.Ч.Момбеков, Кыргыз Республикасынын экономика министри А.О.Кожошев, “Улуттук энергетикалык холдингдик компания” ААКынын директору А.Р.Калиев, депутат Ө.Т.Бабанов.

 

            15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

                                                           11 саат 20 мүнөт

 

            Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.К.Алимбеков төрагалык кылды.

           

            102 депутат катталды.

           

            Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 1-апрелиндеги №169 токтом) “Кыргыз Республикасынын энергетикалык тармагын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө” маселени кароо улантылды.

           

            Сөз сүйлөдү: депутат А.А.Шадиев, “Улуттук энергетикалык холдингдик компания” ААКынын директору А.Р.Калиев, депутат К.Дж.Рыспаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары А.М.Абдыбеков, депутаттар У.Т.Кыдыралиев, А.Т.Абжалиев, Кыргыз Республикасынын экономика министри А.О.Кожошев, депутат М.К.Жеенчороев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев, депутат О.М.Артыкбаев, төрагалык кылуучу, депутаттар М.Ю.Абдылдаев, А.С.Өмүрбекова, Т.З.Зулпукаров, Ө.Ч.Текебаев (“Ата Мекен”), Ө.Т.Бабанов (“Республика-Ата-Журт”), И.Ш.Өмүркулов (КСДП), Б.Э.Төрөбаев (“Өнүгүү-Прогресс”), А.Т.Сулайманов (“Бир Бол”), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, депутаттар Б.У.Сыдыков, У.З.Ормонов, Б.Ж.Субанбеков, К.Т.Зулушев, Б.Ж.Райымкулов, А.К.Назаркулов.

           

            1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

           

                                                           14 саат 15 мүнөт

           

            Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.К.Алимбеков төрагалык кылды.

           

            107 депутат катталды.

           

            Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 1-апрелиндеги №169 токтом) “Кыргыз Республикасынын энергетикалык тармагын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө” маселени кароо улантылды.

           

            Сөз сүйлөдү: депутаттар А.У.Жапаров, А.С.Токторов, “Улуттук энергетикалык холдингдик компания” ААКынын директору А.Р.Калиев.

           

            Каралып жаткан маселени талкуулоо.

           

            Сөз сүйлөдү: депутаттар И.Ш.Омуркулов (СДПК), Р.Ч.Момбеков, Б.Э.Төрөбаев (“Өнүгүү-Прогресс”), Ө.Т.Бабанов (“Республика-Ата-Журт”), К.К.Исаев (“Кыргызстан”), А.А.Шадиев (“Бир Бол”), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы К.Дж.Рыспаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешев, депутат М.К.Женчороев, “Улуттук энергетикалык холдингдик компания” ААКынын директору А.Р.Калиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууФинансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары М.Т.Пирназаров.

           

            Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин катышуусу менен каралып жаткан токтом долбоору боюнча добуш берүүнү өткөрүү боюнча депутат Ө.Ч.Текебаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 35, каршы - 57, бардыгы 92 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынган жок.

           

            Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар Ө.Т.Бабанов, А.С.Омурбекова.

           

            Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети тарабынан сунуш кылынган “Кыргыз Республикасынын энергетикалык тармагын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 76, каршы - 27, бардыгы 103 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

           

            Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар Б.Э.Торобаев, Д.А.Джумабеков, С.К.Нышанов.

           

            8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2015-жылдын 15-июлундагы №498 токтом) “Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

           

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

           

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2015-жылдын 7-декабрындагы №833 токтом) “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

           

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

           

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2015-жылдын 20-ноябрындагы №793 токтом) “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

           

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

           

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2015-жылдын 20-октябрындагы №718 токтом) “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

           

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

           

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

            12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаттары М.А.Расулов, А.Ш.Султанов тарабынан демилге кылынган “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

           

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

           

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

            Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагасынын орун басарларын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын курамы жөнүндө төрагалык кылуучу.

            Эсептөө комиссиясынын курамы: депутаттар А.И.Кулбараков, И.А.Маннанов, А.Л.Халикова, Д.Б.Аттокуров (КСДП), А.Ж.Жамангулов, Б.К.Райымкулов, Р.М.Туманбаева (“Республика-Ат-Журт”), А.С.Токторов, А.К.Назаров (“Кыргызстан”), Г.К.Асылбаева (“Өнүгүү-Прогресс”), А.Ж.Акматов (“Бир Бол”), А.Маматов (“Ата Мекен”).

           

            13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 3-февралындагы №50 токтом) Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министри А.О.Кожошевдин сөзү.

 

            Сөз сүйлөдү: депутат Г.К.Асылбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Р.Ш.Айдралиева.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

           

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

            14. Депутаттар Д.Д.Бекешев, Ч.А.Турсунбеков, Э.Ж.Сурабалдиева, М.А.Аманкулов, А.А.Арапбаев тарабынан демилге кылынган “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

           

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

           

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            15. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаттары А.Н.Измалкова, Ж.К.Исаев, У.Т.Кочкоров, Н.Т.Арипов, К.К.Иманалиев, Б.Э.Төрөбаев, Т.Балтабаев, З.И.Бекбоев, Д.Д.Бекешев тарабынан демилге кылынган “Баткен” Эркин экономикалык зонасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин кароо.

           

            Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министри А.О.Кожошеванын сөзү.

           

Ушул Мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин макул табуу тууралуу Комитеттин сунушу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

           

            Кыргыз Республикасынын Президентинин көрсөтүлгөн каршы пикирин добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            16. “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” (мыйзам долбоорунун демилгечиси- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты А.Н.Измалкова) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окуу жол-жобосунда кайтып келүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

           

Каралып жаткан токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

17. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Банктык сыр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси-депутат Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Н.Назаров.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            18. 2015-жылдын 13-декабрында Эль-Кувейт шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2016-жылдын 1-апрелиндеги №168 токтом) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларга дем берүү жана өз ара коргоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министри А.О.Кожошевдин сөзү.

           

            Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы А.Б.Баатырбековдун сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2016-жылдын 28-мартындагы №158 токтом) “Бишкек шаарында 2015-жылдын 24-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы (Борбордук Азия-Түштүк Азия электроэнергиясын өткөрүп берүү жана сатуу долбоору) каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу”, “Люксембург шаарында 2015-жылдын 2-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы (Борбордук Азия-Түштүк Азия электроэнергиясын өткөрүп берүү) каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу”, “Джидда шаарында 2016-жылдын 4-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы (Борбордук Азия-Түштүк Азия (CASA-1000) электроэнергиясын өткөрүп берүү жана сатуу долбоорунун Кыргыздык бөлүгү) Кредиттик Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору биринчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министри А.О.Кожошевдин сөзү.

           

            “Бишкек шаарында 2015-жылдын 24-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы (Борбордук Азия-Түштүк Азия электроэнергиясын өткөрүп берүү жана сатуу долбоору) каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы А.Б.Баатырбековдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

“Люксембург шаарында 2015-жылдын 2-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы (Борбордук Азия-Түштүк Азия электроэнергиясын өткөрүп берүү) каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы А.Б.Баатырбековдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

“Джидда шаарында 2016-жылдын 4-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы (Борбордук Азия-Түштүк Азия (CASA-1000) электроэнергиясын өткөрүп берүү жана сатуу долбоорунун Кыргыздык бөлүгү) Кредиттик Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы А.Б.Баатырбековдун сөзү.

           

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 25-мартындагы №147 токтом) “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Т.И.Нурбашевдин сөзү.

           

            Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы К.ДЖ.Рыспаевдин сөзү.

           

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 9-мартындагы №114 токтом) “Үй-бүлө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Э.У.Чотуевдин сөзү.

           

            Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Ж.Акматовдун сөзү.

           

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            22. 2016-жылдын 11 жана 18-майында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

           

            107 депутат катталды.

           

            “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин чыгымдарын декларациялоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө тууралуу”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда добушка коюлду.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 83, каршы - 24, бардыгы 107 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Ломбарддардын иши жөнүндө” Кыргыз республикасынын Мыйзам долбоору өчөнчө окууда добушка коюлду.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - 1, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”, “Маданият жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - 1, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик – жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - 1, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Тооруктарды, аукциондорду өткөрүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жана сот аткаруучулардын статусу жөнүндө”, “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 102, каршы - 5, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - 1, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - 1, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 105, каршы - 2, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

           

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - 1, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы - жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

            “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун чеке кагуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 102, каршы - 4, бардыгы 106 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

            Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун чеке кагуу тууралуу кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 104, каршы - 3, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору четке кагылды).

 

            “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Банктык сыр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы - жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

            “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы - жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы - жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Баткен” эркин экономикалык зонасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы - жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин макул табуу чечими кабыл алынды.

 

“Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окуу жол-жобосунда кайтып келүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - 1, бардыгы 107 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды. (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

“2015-жылдын 13-декабрында Эль-Кувейт шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларга дем берүү жана өз ара коргоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы - жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Бишкек шаарында 2015-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы (Борбордук Азия-Түштүк Азия электроэнергиясын өткөрүп берүү жана сатуу долбоорун) каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы - жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Люксембург шаарында 2015-жылдын 2-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы (Борбордук Азия-Түштүк Азия электроэнергиясын өткөрүп берүү) каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы - жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Джидда шаарында 2016-жылдын 4-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы (Борбордук Азия-Түштүк Азия (CASA-1000) электроэнергиясын өткөрүп берүү жана сатуу долбоорунун Кыргыздык бөлүгү) Кредиттик Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы - жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 103, каршы - 3, бардыгы 106 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 102, каршы - 5, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Үрөн жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы - жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

                                               16 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.К.Алимбеков.

106 депутат катталды.

 

23. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө” маселелерди кароо.

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүшүү жөнүндө (№1 протокол) жана бюллетендин формасы тууралуу (№2 протокол) эсептөө комиссиясынын төрагасы – депутат А.С.Токторовдун (“Кыргызстан”) сөзү.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүшүү жөнүндө (№1 протокол) жана бюллетендин формасы тууралуу (№2 протокол) эсептөө комиссиясынын төрагасы – депутат А.С.Токторовдун (“Кыргызстан”) сөзү.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарлары кызматына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (депутаттар М.А.Аманкулов, И.Ш.Омуркулов, Ч.А.Турсунбеков, Л.У.Мамытова жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 97, каршы - жок, бардыгы 97 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкина.

 

16:30 с -17:20 с. Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү жүргүзүлөт.

            17:20-17:50 добуштарды эсептөө жүргүзүлөт.

           

            98 депутат катталды.

           

            Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

           

            Каралып жаткан маселе боюнча чечим кабыл алынганга чейин жыйналыштын ишин узартуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 91, каршы - жок, бардыгы 91 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасын шайлоо үчүн жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы жөнүндө (№3 протокол) эсептөө комиссиясынын төрагасы – депутат А.С.Токторовдун (“Кыргызстан”) сөзү.

 

            Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагалыгына депутат М.А.Аманкуловду шайлоо боюнча: макул-101, каршы-10 добуш.

           

            Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагалыгына депутат М.А.Аманкулов шайланды.

           

            Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкина, төрагалык кылуучу.

           

            “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагалыгына депутат М.А.Аманкуловду шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 98, каршы - жок, бардыгы 98 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

“Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы жөнүндө (№3 протокол) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын төрагасы – депутат А.С.Токторовдун (“Кыргызстан”) сөзү.

 

Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча шайлоо:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына депутат М.Э.Мавляновага: макул -63 добуш;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына депутат Э.Т.Токтошевага: макул -48 добуш, баарына каршы-жок;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына депутат М.К.Жеенчороевге: макул -100, каршы-11 добуш;

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына депутат А.Ж.Исмаиловго: макул-37 добуш;

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына депутат Т.И.Икрамов: макул-72 добуш, баарына каршы-2 добуш.

 

Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча депутат М.Э.Мавлянава Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына; депутат М.К.Жеенчороев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына; депутат Т.И.Икрамов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына шайланды.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө” (депутаттар М.Э.Мавлянова, М.К.Жеенчороев, Т.И.Икрамов жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы №26-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 97, каршы - жок, бардыгы 97 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

           

           

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төраганын орун басары                                                                                      Н.Алимбеков



Көрүүлөрдүн саны : 7848