Протокол № 32 25.12.2019-жыл

27-01-2020 16:00

32

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VII СЕССИЯСЫ

2019-2020-ЖЫЛДАР

 

 

 

2019-жылдын 25-декабры                                                9 саат 30 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылды                                 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутат: О.М.Артыкбаев.

 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

 

 

 

100 депутат каттоодон өттү.

1. 2019-жылдын 25-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы – жок, бардыгы 84 депутат добуш берди, 100 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Г.С.Молдобекова, Т.Г.Тиллаев.

 

 

 

Чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын эске алуу менен 2019-жылдын 25-декабрындагы жыйналышынын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы – жок, бардыгы 77 депутат добуш берди, 99 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат И.Ш.Омуркулов.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.И.Бакировдун сөзү.

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 22-ноябрындагы № 626 токтому) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сөзү.

Сөз сүйлөштү: депутат Т.Г.Тиллаев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары М.М.Каратаев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С.Омурбекова, депутаттар С.М.Джураев, М.А.Маматалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Э.К.Боронбаева, депутаттар И.Ш.Омуркулов, Т.А.Масабиров, К.М.Жумалиев, Б.Ж.Субанбеков, Ж.А.Мусабекова, О.М.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору З.С.Жоошбеков, депутаттар З.И.Жамалдинов, К.С.Нурматов, А.К.Касымалиева.

 

 

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутаттар А.Ү.Жапаров, А.Ш.Осмонова, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары М.М.Каратаев.

 

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Э.Толонов, А.К.Назаров, К.Т.Зулушев, У.Б.Примов, Р.Н.Чойбеков, Т.Г.Тиллаев, А.Ш.Жээнбеков тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасында соода биржасы жана биржа соодасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар У.З.Ормонов, Г.К.Асылбаева – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, А.Ш.Осмонова, К.С.Нурматов.

 

 

Депутат К.С.Нурматовдун пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жана Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

4. «Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин кароо. (Мыйзам долбоордун демилгечиси - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутат И.К.Гусаров).

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат К.М.Жумалиев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары М.М.Каратаев.

 

 

 

Мыйзамды четке кагуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн Мыйзамды добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Керезбеков тарабынан демилгеленген «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Депутат К.К.Керезбеков – демилгечи, сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө сөзү.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары М.Э.Канулькулов, депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Д.Д.Догоев, депутаттар К.К.Керезбеков – демилгечи, А.Ж.Акматов, К.С.Нурматов.

 

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Дж.Байбакпаев тарабынын демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик финансыларды башкаруунун маалымат системасын (МФБМС) жайылтууну тездетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

Сунушталган токтом долбоору жөнүндө демилгечи – депутат К.Ш.Баймуратовдун сөзү.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, депутаттар Э.Дж.Байбакпаев – демилгечи, А.Ү.Жапаров, А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Д.Д.Догоев, депутат Э.Т.Токтошев.

 

 

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сөзү.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, депутат Э.Дж.Байбакпаев – демилгечи.

 

 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик финансыларды башкаруунун маалымат системасын (МФБМС) жайылтууну тездетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорунун редакциясындагы 3-пунктту кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – 1, бардыгы 69 депутат добуш берди, 111 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Чыгып сүйлөгөндөрдүн оозеки сунуштарын эске алуу менен «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик финансыларды башкаруунун маалымат системасын (МФБМС) жайылтууну тездетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 111 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

 

7. «Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлүгүнө коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо боюнча жумушчу комиссиянын курамын жана Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешине коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо жана мүчөлөрдү тандоону жүргүзүү боюнча жумушчу комиссиянын жобосун бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

Сунушталган токтом долбоор жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сөзү.

 

 

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

 

 

«Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлүгүнө коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо боюнча жумушчу комиссиянын курамын жана Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешине коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо жана мүчөлөрдү тандоону жүргүзүү боюнча жумушчу комиссиянын жобосун бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы – жок, бардыгы 84 депутат добуш берди, 111 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                                 Д. Джумабеков

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 121