Протокол № 53 25.05.2016-жыл

20-06-2016 11:39

 

 

 

 

53

                                                                                              

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН I СЕССИЯСЫ

 

(2015-2016-жылдар)

 

 

2016-жылдын 25-майы                                                                9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

105 депутат катталды

 

Төрагалык кылган                                                           Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

                                                                                              Ч.А.Турсунбеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: Ж.К.Акаев, Н.Алимбеков, А.Алтынбеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.Г.Тиллаевге берилген), А.Ж.Исмаилова, Ф.А.Иминов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.У.Сыдыковго берилген), Т.З.Зулпукаров (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.А.Амангуловго берилген), Жунус уулу Алтынбек, Жунус уулу Адыл (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.Э.Мавляновага берилген), А.Т.Мамашева, Р.А.Казакбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.Г.Тиллаевге берилген), Ж.А.Калмаматов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат О.Т.Бабановго берилген), У.Т.Кыдыралиев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат О.Т.Бабановго берилген), М.Э.Мавлянова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.К.Жеенчороевге берилген), К.С.Нурматов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.А.Айдаровго берилген), Д.Э.Толонов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.А.Айдаровго берилген), П.Р.Тулендыбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Э.Дж.Байбакпаевге берилген), А.О.Узакбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.И.Икрамовго берилген).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

105 депутат катталды.

 

1. 2016-жылдын 25-майындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 67, каршы - жок, бардыгы 67 депутат добуш берди.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар И.А.Пирматов,Р.Ч.Момбеков, төрагалык кылуучу.

 

            “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарфтери жөнүндө” (демилгечилер – депутаттар И.А.Пирматов, Ч.И.Джакупова, А.У.Жапаров, А.Т.Сулайманов, М.И.Бакиров) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинин долбооруна кошумча киргизүү.

            2016-жылдын 25-майындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 81, каршы - жок, бардыгы 81 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар С.К.Нышанов, А.У.Жапаров, А.Н.Шыкмаматов, төрагалык кылуучу.

 

Чечим кабыл алынды: - “Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспорттору менен чет өлкөлүк жарандардын кармалыш окуясы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө” маселе жыйналыштын күн тартибинин долбооруна кошумча киргизилсин.

 

Депутаттар С.К.Нышанов, А.У.Жапаровдун сөздөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө алар тарабынан көтөрүлгөн маселени карап чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берүү тапшырылды.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 26-январындагы №31 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кароо.

          Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

3. Депутаттар К.С.Бокоев, Н.В.Никитенко, У.Т.Кыдыралиев тарабынан демилге кылынган “Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексине, “Адамдарды сатуу менен күрөшүү жана алдын алуу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугун сактоо жөнүндө”, “Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө”, “Психиатриялык жардамдар жана аны көрсөтүүдө жарандардын укугуна кепилдик берүү жөнүндө”, “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө”, “Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө”, “Нан унун байытуу жөнүндө”, “Энергоүнөмдөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, “Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө”, “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө, Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө”, “Качкындар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы социалдык фонддор жөнүндө”, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө”, “Калкты каттоо жана туракжай фонду жөнүндө”, “Озон катмарын коргоо жөнүндө”, “Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө”, “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Аңчылык жана аңчылык чарбалары жөнүндө”) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

 

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            4. Бишкек шаарында 2015-жылдын 8-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик Макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2016-жылдын 1-марты, №94 токтом), Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун экинчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.Т.Алтыбаеванын сөзү.

           

            Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Нарын шаарынын мэри Р.Н.Адиев, депутат КС.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы ичилүүчү суу менен камсыздоону жана сууну кайтарууну өнүктүрүү департаментинин директору А.С.Токтошев, төрагалык кылуучу, депутаттар Ж.К.Турускулов, С.К.Нышанов, З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы С.Н.Борубаев, депутаттар М.Э.Сабиров, А.У.Жапаров, К.Дж.Рыспаев, М.К.Жеенчороев, М.Ю.Абдылдаев.

           

            Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

           

            Сөз сүйлөдү: депутат К.С.Бокоев.

           

            5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2016-жылдын 18-февралындагы №77 токтом) 2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашуу жана Кыргыз Республикасы, Баткен шаарынын мэриясы, “Таза-Суу” муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы ЕРӨБдүн уюштуруучуларынын атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка карата Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.Т.Алтыбаеванын сөзү.

           

            Сөз сүйлөдү: депутат К.Ш.Баймуратов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы ичилүүчү суу менен камсыздоону жана сууну кайтарууну өнүктүрүү департаментинин директору А.С.Токтошев, депутат К.Б.Орозова.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 17-февралындагы №73 токтом) “Вена шаарында 2005-жылдын 8-июлунда кол коюлган, 1979-жылдын 26-октябрындагы Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө 1979-жылдын 26-октябрындагы конвенцияга түзөтүүнү ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.Т.Алтыбаеванын сөзү.

           

            Сөз сүйлөдү: депутат М.Ю.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Р.А.Мамасадыков.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 26-январындагы №26 токтом) “Уфа шаарында 2015-жылдын 10-июлунда кол коюлган, Чек ара маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.Т.Алтыбаеванын сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2015-жылдын 14-сентябрында 634 токтом) “Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россиялык-Кыргыздык Өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында Россиялык-Кыргыздык Өнүктүрүү фондунун болуу шарттары жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.Т.Алтыбаеванын сөзү.

           

            Сөз сүйлөдү: депутат А.С.Өмүрбекова.

           

            Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.Т.Алтыбаеванын сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 10-мартындагы №118 токтом) Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.Т.Алтыбаеванын сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 23-мартындагы №141 токтом), “Белград шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сирия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жоюу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.Т.Алтыбаеванын сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгенген (2016-жылдын 6-апрелиндеги №175 токтом) “2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптан, Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө-мамлекеттеринин жана экинчи тараптан, Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

           

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министри А.О.Кожошевдин сөзү.

           

            Сөз сүйлөдү: депутаттар М.К.Жеенчороев, Э.Дж.Байбакпаев.

           

            Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.Т.Алтыбаеванын сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаттары О.Ч.Текебаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров, Э.А.Кочкарова, Д.О.Тербишалиев тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин долбоорун экинчи окууда кароо.

           

Сунуш кылынган Кодекстин долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

           

            15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

           

                                                           11 саат 20 мүнөт

           

            Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

           

            100 депутат катталды.

           

            Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаттары О.Ч.Текебаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров, Э.А.Кочкарова, Д.О.Тербишалиев тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин долбоорун экинчи окууда кароо улантылды.

           

            Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкина.

           

            Ушул Кодекстин долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            13. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаттары О.Ч.Текебаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров, Э.А.Кочкарова тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинин долбоорун экинчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган Кодекстин долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

           

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

            14. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаттары О.Ч.Текебаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров, Э.А.Кочкарова тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Жазыктык-процесстик кодексинин долбоорун экинчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган Кодекстин долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

           

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары К.Токтогулов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары А.К.Орозалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары О.Ж.Энтериев, депутат К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов, депутат А.С.Омурбекова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Г.У.Калиева, депутаттар М.К.Жеенчороев, А.Т.Алтыбаева, Р.Ч.Момбеков, Т.У.Шайназаров, Д.Д.Бекешев.

 

Кийинки жумада добуш берүүгө киргизүү менен ушул Кодекстин долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат К.С.Бокоев, төрагалык кылуучу.

           

            Экинчи окуу режиминде кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин долбоорун кайтарып берүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 66, каршы - 3, бардыгы 69 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

            15. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаттары О.Ч.Текебаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров, Э.А.Кочкарова тарабынан демилгеленген “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

           

Сөз сүйлөдү: К.С.Бокоев, Д.Д.Бекешев, Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Соттук департаментинин статс-катчысы С.А.Калмаков, депутат М.К.Жеенчороев.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

16. Депутаттар Г.А.Скрипкина, Ч.И.Джакупова, А.С.Кодуранова тарабынан демилгеленген “Медиация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири-депутат Ч.И.Джакупованын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар К.С.Бокоев, Ж.К.Турускулов.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 53, каршы - жок, бардыгы 53 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар М.К.Жеенчороев, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири - Ч.И.Джакупова, А.Т.Алтыбаева, Н.Н.Нишанов, У.Б.Примов, М.Г.Мадеминов, Т.А.Масабиров.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

 

                                               14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

95 депутат катталды.

 

17. Депутаттар И.И.Матраимов, У.К.Жылкыбаев, Г.С.Молдобекова тарабынан демилге кылынган “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

18.Депутаттар Депутаттар Д.Д.Бекешев, Ч.А.Турсунбеков, Г.А.Скрипкина,М.А.Аманкулов, А.Ж.Салянова, Н.В.Никитенко, Ч.И.Джакупова, А.Н.Шыкмаматов тарабынан демилге кылынган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – депутат Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Ушул мыйзам долбоорунун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2016-жылдын 11-майындагы №238 токтом) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары М.К.Байгончоковдун сөзү.

 

            Сөз сүйлөдү: депутат А.С.Омурбекова.

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 65, каршы - 1, бардыгы 66 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

            Сөз сүйлөдү: депутат К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары М.К.Байгончоков, депутаттар А.Т.Алтыбаева, Б.Ж.Субанбеков, Т.Г.Тиллаев, Э.Дж.Байбакпаев, И.А.Кадыркулов, М.К.Жеенчороев, төрагалык кылуучу.

           

            Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары У.Б.Примовдун сөзү.

           

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

            Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкина;

           

            “Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына жаңы мүчөлөрдү бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун жыйналыштын күн тартибинен чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Г.А.Скрипкинанын сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 79, каршы - жок, бардыгы 79 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

            20. Депутаттар И.А.Пирматов, Ч.И.Джакупова, А.У.Жапаров, А.Т.Сулайманов, М.И.Бакиров тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруулар боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окуудан кароо.

           

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – депутат И.А.Пирматовдун сөзү.

           

            Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары К.Ж.Абдыжапаров.

           

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Г.А.Скрипкинанын сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 68, каршы - 3, бардыгы 71 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

            Сөз сүйлөдү: депутаттар С.К.Нышанов, И.А.Пирматов, төрагалык кылуучу.

           

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат С.К.Нышановдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 85, каршы - 8, бардыгы 93 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

            21. 12 жана 25-майында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

           

            108 депутат катталды.

           

            Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

           

            “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоору боюнча 2016-жылдын 12-майында өткөрүлгөн добуш берүүнүн натыйжасын жокко чыгаруу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 105, каршы - 3, бардыгы 108 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

           

            Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизз жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексине, “Адамдарды сатуу менен күрөшүү жана алдын алуу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугун сактоо жөнүндө”, “Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө”, “Психиатриялык жардамдар жана аны көрсөтүүдө жарандардын укугуна кепилдик берүү жөнүндө”, “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө”, “Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө”, “Нан унун байытуу жөнүндө”, “Энергоүнөмдөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, “Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө”, “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө, Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө”, “Качкындар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы социалдык фонддор жөнүндө”, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө”, “Калкты каттоо жана туракжай фонду жөнүндө”, “Озон катмарын коргоо жөнүндө”, “Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө”, “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Аңчылык жана аңчылык чарбалары жөнүндө”) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

Бишкек шаарында 2015-жылдын 8-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик Макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2016-жылдын 1-марты, №94 токтом), Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2016-жылдын 18-февралындагы №77 токтом) 2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашуу жана Кыргыз Республикасы, Баткен шаарынын мэриясы, “Таза-Суу” муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы ЕРӨБдүн уюштуруучуларынын атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка карата Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - жок, бардыгы 108 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2016-жылдын 18-февралындагы №77 токтом) 2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Баткен шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашуу жана Кыргыз Республикасы, Баткен шаарынын мэриясы, “Таза-Суу” муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы ЕРӨБдүн уюштуруучуларынын атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка карата Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбору экинчи окууда кабыл алынды.)

 

Вена шаарында 2005-жылдын 8-июлунда кол коюлган, 1979-жылдын 26-октябрындагы Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө 1979-жылдын 26-октябрындагы конвенцияга түзөтүүнү ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбору экинчи окууда кабыл алынды.)

 

“Уфа шаарында 2015-жылдын 10-июлунда кол коюлган, Чек ара маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбору экинчи окууда кабыл алынды.)

 

“Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россиялык-Кыргыздык Өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында Россиялык-Кыргыздык Өнүктүрүү фондунун болуу шарттары жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 100, каршы - 9, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбору экинчи окууда кабыл алынды.)

 

“Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россиялык-Кыргыздык Өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында Россиялык-Кыргыздык Өнүктүрүү фондунун болуу шарттары жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбору толугу менен кабыл алынды.)

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 10-мартындагы №118 токтом) Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбору экинчи окууда кабыл алынды.)

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 23-мартындагы №141 токтом), “Белград шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сирия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жоюу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбору экинчи окууда кабыл алынды.)

 

“2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптан, Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө-мамлекеттеринин жана экинчи тараптан, Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбору биринчи окууда кабыл алынды.)

 

“2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптан, Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө-мамлекеттеринин жана экинчи тараптан, Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбору экинчи окууда кабыл алынды.)

 

“2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптан, Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө-мамлекеттеринин жана экинчи тараптан, Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбору толугу менен кабыл алынды.)

 

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбору экинчи окууда кабыл алынды.)

 

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбору экинчи окууда кабыл алынды.)

 

“Соттук аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - 1, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбору экинчи окууда кабыл алынды.)

 

“Медиация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбору биринчи окууда кабыл алынды.)

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - 1, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбору биринчи окууда кабыл алынды.)

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбору биринчи окууда кабыл алынды.)

 

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 63, каршы - 46, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбору биринчи окууда кабыл алынды.)

 

Сөз сүйлөдү: депутат К.С.Бокоев, төрагалык кылуучу, депутат Ч.А.Султанбекова.

 

“Ар кандай” маселелерди 2016-жылдын 26-майындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорунан чыгаруу жөнүндө депутат Ч.А.Султанбекованын сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 72, каршы - 18, бардыгы 90 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Депутаттар И.А.Пирматов, Ч.И.Джакупова, А.У.Жапаров, А.Т.Сулайманов, М.И.Бакиров тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруулар боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароону улантуу.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар З.И.Жамалдинов, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири - И.А.Пирматов, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары К.Ж.Абдыжапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияз, депутат Ч.И.Джакупова, С.К.Нышанов, А.С.Омурбеков, К.С.Бокоев.

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

                                               16 саат 20 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

106 депутат катталды.

 

Депутаттар И.А.Пирматов, Ч.И.Джакупова, А.У.Жапаров, А.Т.Сулайманов, М.И.Бакиров тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруулар боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо улантылды.

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Т.Алтыбаева, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири - И.А.Пирматов, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары К.Ж.Абдыжапаров, депутаттар Д.Д.Бекешев, Т.А.Масабиров, Н.К.Макеев, төрагалык кылуучу, депутаттар К.С.Бокоев, С.К.Нышанов.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окуудан кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Нияздын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

“Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту менен чет өлкөлүк жарандардын кармалыш окуясы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө” маселени кароо.

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Т.Д.Сарпашев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары К.Токтогулов, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Д.О.Чоткараев.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Т.А.Масабировдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 75, каршы - жок, бардыгы 75 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары К.Токтогулов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы А.Б.Баатырбеков, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Т.Д.Сарпашев, депутат С.Шер-Нияз.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С.Омурбекова.

 

Сөз сүйлөдү: депутат С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Д.О.Чоткараев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары К.Токтогулов, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Д.Б.Сыдыков, депутат М.Э.Сабиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Т.Д.Сарпашев, депутаттар К.Б.Орозова, М.Ю.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары А.К.Орозалиев, депутат Э.Т.Токтошев.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Т.Д.Сарпашев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 5-Башкы башкармалыгынын башкармасынын начальниги Н.Таштан уулу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгынын начальниги Т.И.Усупов, төрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан маселе боюнча чечим кабыл алынганга чейин жыйналыштын ишин узартуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 45, каршы - 9, бардыгы 54 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Т.Д.Сарпашев, депутат М.К.Жеенчороев, Р.Ч.Момбеков, төрагалык кылуучу.

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төрага                                                                                                          Ч.А.Турсунбеков

 

 

           



Көрүүлөрдүн саны : 7205