Протокол № 34 15.01.2020-жыл

21-02-2020 17:28

 34

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VII СЕССИЯСЫ

2019-2020-ЖЫЛДАР

 

 

 

2020-жылдын 15-январы                                                  9 саат 30 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылды                                 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев, К.К.Иманалиев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Н.О.Сыдыгалиевге берилген), С.Шер-Нияз (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Н.О.Сыдыгалиевге берилген).

 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу кыргызстандыктарды 2020-жыл жаңы жылы менен куттуктады.

83 депутат каттоодон өттү.

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын январынын ишинин календардык планынын долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 76, каршы – 2, бардыгы 78 депутат добуш берди, 88 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар К.Б.Орозова, А.Т.Алтыбаева, С.К.Нышанов, Д.Д.Бекешев, Б.Э.Торобаев.

 

 

 

Чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын эске алуу менен 2020-жылдын январынын ишинин календардык планынын долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 86, каршы – жок, бардыгы 86 депутат добуш берди, 103 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

2. 2020-жылдын 15-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 83, каршы – жок, бардыгы 83 депутат добуш берди, 103 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: депутат Т.Г.Тиллаев.

 

 

2020-жылдын 15-январынын жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 85, каршы – жок, бардыгы 85 депутат добуш берди, 105 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.О.Сыдыгалиев («Ата Мекен») Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында ант берди.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.К.Турускулов, Б.С.Турусбеков тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Ж.Акматовдун сөзү.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Д.Б.Аттокуров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Р.С.Артыкбаев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, депутат Р.М.Туманбаева - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, төрагалык кылуучу, депутаттар А.А.Карашев, Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыттар, мал чарба жана балык чарба департаментинин балык продукцияларын, аквакультураны, калыбына келтирүү жана эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы Э.Б.Ниязов, депутат Т.А.Масабиров.

 

 

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Ж.Акматовдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.К.Турускулов, Б.С.Турусбеков тарабынан демилгелеген «Кыргыз Республикасынын суу биологиялык ресурстарын коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сөзү.

 

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, Н.В.Никитенко - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча директорунун орун басары Р.С.Артыкбаев, депутат К.Т.Зулушев.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сөзү.

 

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 14-октябрындагы № 543 токтому) «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары П.Дж.Асановдун сөзү.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары П.Дж.Асанов, депутаттар К.Ж.Жолдошбаев, А.К.Касымалиева, Э.Ж.Сурабалдиева, А.Т.Алтыбаева, Р.М.Туманбаева, А.А.Карашев, У.З.Ормонов, Т.А.Масабиров, К.Ш.Баймуратов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызмат бөлүмүнүн начальниги У.Т.Рысбеков, депутат Б.С.Турусбеков.

 

 

 

15 мүнөткө тыныгуу жарыяланды.

 

 

 

Саат 11. 25

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

69 депутат каттоодон өттү.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 14-октябрындагы № 543 токтому) «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароону улантуу.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Н.В.Никитенко, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары П.Дж.Асанов, депутат Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу, депутаттар Т.У.Шайназаров, Ж.А.Мусабекова, М.А.Маматалиев.

 

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.К.Касымалиева, А.Т.Алтыбаева, төрагалык кылуучу, депутаттары Э.Ж.Сурабалдиева, К.С.Нурматов, Е.Г.Строкова, И.А.Масалиев.

 

 

 

Депутат А.Алтыбаеванын пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 2019-жылдын 20-ноябрындагы № 614 токтому) «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары К.А.Токтосартовдун сөзү.

 

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары К.А.Токтосартов, депутат А.А.Карашев, төрагалык кылуучу, депутаттар А.Т.Алтыбаева, Е.Г.Строкова, Э.Дж.Байбакпаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо жана жарандык абал департаментинин директору М.К.Пратова, депутат Т.У.Жоробеков.

 

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – 1, бардыгы 60 депутат добуш берди, 103 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат У.Т.Кыдыралиев, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары К.А.Токтосартов, депутаттар С.А.Келдибаев, И.А.Масалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо жана жарандык абал департаментинин директору М.К.Пратова.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

Жыйналыштын күн тартиби боюнча бардык каралып жаткан маселелерди аяктамайынча тыныгуу жарыялабастан жыйналыштын ишин улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – 1, бардыгы 72 депутат добуш берди, 105 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Н.В.Никитенко, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары К.А.Токтосартов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо жана жарандык абал департаментинин директору М.К.Пратова, депутат М.К.Жеенчороев.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат А.Т.Алтыбаева тарабынан демилгеленген «Март айынын үчүнчү жумалыгынын ишемби күнүн «Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү» жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунушталган токтом долбоору жөнүндө демилгечи – депутат А.Т.Алтыбаеванын сөзү.

 

 

Жыйналышты андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Т.У.Жоробеков, А.Т.Алтыбаева – демилгечи, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токтой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы А.Т.Эркебаев, төрагалык кылуучу, депутаттар Д.Д.Бекешев, С.К.Нышанов, К.Ш.Баймуратов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токтой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токтой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Б.К.Ырсалиев, депутаттар У.Т.Кыдыралиев, А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Р.С.Артыкбаев, депутаттар З.И.Жамалдинов, И.А.Масалиев, Бишкек шаарынын вице-мэри М.К.Амантуров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешидеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутаттар А.Ү.Жапаров, К.Т.Зулушев.

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                                 Д. Джумабеков



Көрүүлөрдүн саны : 79