Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 7 29.09.2016-жыл

06-10-2016
15:57

 

 

 

 

7

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН II СЕССИЯСЫ

 

(2016-2017-жылдар)

 

 

 

2016-жылдын  29-сентябры                                           9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                              Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Ч.А.Турсунбеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: А.Т.Абжалиев, (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.Э.Мавляновага берилген), М.И.Бакиров, Д.А.Жумабеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ч.А.Султанбековага берилген), Г.С.Молдобекова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат У.Б.Примовго берилген), К.У.Сатыбалдиев  (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.М.Джураевге берилген), И.Ш.Өмүркулов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.А.Аманкуловго берилген), Ө.Ч.Текебаев, Б.Э.Төрөбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат З.И.Жамалдиновго берилген).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

78 депутат катталды.

 

1. 2016-жылдын 29-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -72, каршы-жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

2016-жылдын 29-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибинин долбоорун жалпысынан кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -74, каршы-жок, бардыгы 74 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

2. Ар түрдүү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар П.Р.Тулендыбаев, Жунус уулу Алтынбек, А.Т.Жутанов, У.О.Самаев, О.М.Артыкбаев, З.И.Жамалдинов, Т.И.Икрамов, К.Б.Орозова, К.Ж.Рыспаев, Т.Г.Тиллаев, Т.З.Зулпукаров, Ж.К.Акаев, У.К.Жылкыбаев, Д.Д.Бекешев, Э.Т.Токтошев, А.С.Токторов, А.Т.Алтыбаева, К.Т.Зулушев, Т.А.Масабиров, К.К.Иманалиев, А.И.Кулбараков, К.Ш.Баймуратов, М.А.Аманкулов, А.С.Кодуранова,  М.Э.Мавлянова, Ж.К.Турускулов, А.К.Назаров, Н.В.Никитенко, Б.К.Райымкулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, төрагалык кылуучу.

 

Депутат А.Т.Алтыбаеванын сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук параолимпия комитетинин иши жөнүндө маалыматты угуу жөнүндө маселени кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат К.Ш.Баймуратовдун сүйлөгөн сөзү боюнча республикада курулушу бүтө элек мектептерди каржылоо жөнүндө маселени кароо тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат А.Т.Алтыбаеванын сүйлөгөн сөзү боюнча Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимдин аткарылышы жана сакталышы тууралуу маселени кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук жана Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

11 саат 20 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

96 депутат катталды.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2016-жылдын 26-майындагы №274 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы А.С.Кодуранованын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

4. Депутаттар Салянова А.Ж., Никитенко Н.В., Мамашова А.Т. тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы А.С.Кодуранованын сүйлөгөн сөзү.

 

          Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.Артыков, мыйзам долбоорунун демилгечиси-А.Ж.Салянова.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы А.С.Кодуранованын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

          5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 90 депутаты тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу“” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

          Чыгып сүйлөштү: депутат А.Н.Шыкмаматов, төрагалык кылуучу.

 

          Парламенттик фракциялардын лидерлерине 10 мүнөткө чейин сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө депутат А.Н.Шыкмаматовдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -72, каршы-5, бардыгы 77 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси-депутат К.К.Исаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Ү.Жапаров, төрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу  депутат М.Г.Мадеминовдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -74, каршы-5, бардыгы 79 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.Ү.Жапаров, мыйзам долбоорунун демилгечиси-К.К.Исаев, депутаттар И.А.Масалиев, А.Артыков, Ч.И.Жакупова, Т.З.Зулпукаров, А.Ж.Салянова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы А.С.Кодуранова, "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна сунуштарды жана сын-пикирлерди жыйнактоо жана жалпылоо боюнча эксперттик топтун төрагасынын орун басары,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.К.Исмаилов, депутаттар З.И.Жамалдинов, У.Л.Жылкыбаев, К.К.Иманалиев, А.К.Назаров, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Т.Д.Сарпашев, депутаттар К.Т.Зулушев, О.М.Артыкбаев, Н.В.Никитенко, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимов.

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

Саат 14.00

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

106 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 90 депутаты тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар У.З.Ормонов, мыйзам долбоорунун демилгечиси-К.К.Исаев, "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна сунуштарды жана сын-пикирлерди жыйнактоо жана жалпылоо боюнча эксперттик топтун төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.К.Исмаилов, депутат М.Ю.Абдылдаев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар К.К.Иманалиев, Н.В.Никитенко, төрагалык кылуучу, депутаттар Р.Ч.Момбеков, А.Артыков, А.Н.Шыкмаматов («Ата Мекен»), А.Ж.Салянова («Ата Мекен»), М.Ю.Абдылдаев («Бир Бол»), И.А.Масалиев («Өнүгүү-Прогресс»), К.К.Исаев («Кыргызстан»), Ө.Т.Бабанов («Республика-Ата-Журт»), К.Ж.Рыспаев (КСДП), Т.З.Зулпукаров (КСДП), Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы А.С.Кодуранованын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар М.Ю.Абдылдаев, Т.З.Зулпукаров, А.Ж.Салянова, төрагалык кылуучу, депутаттар И.А.Масалиев, Ж.К.Турускулов, А.Артыков, Н.В.Никитенко, А.Н.Шыкмаматов.

 

Төрагалык кылуучунун ар бир депутаттын өз эркин билдирүүсү менен атын атап чакыруусу менен электрондук системаны колдонбой ачык добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө депутат А.Ж.Салянованын сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -21, каршы-75, бардыгы 96 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынган жок.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-сентябрындагы жыйналышындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароо боюнча бөлүгүн коомдук телекөрсөтүүдөн чагылдырууну камсыз кылуу тууралуу Кыргыз Респуликасынын Коомдук телерадиокөрсөтүү корпорациясына тапшырма жөнүндө добуш берүү.  

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -69, каршы-19, бардыгы 88 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар К.Ж.Рыспаев, Ж.К.Акаев, төрагалык кылуучу.

 

6. 2016-жылдын 27-сентябрында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

107 депутат катталды.

 

“Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -104, каршы-2, бардыгы 106 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда кайрадан  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -103, каршы-2, бардыгы 105 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -105, каршы-2, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -104, каршы-2, бардыгы 106 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда кайрадан  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -104, каршы-1, бардыгы 105 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда кайрадан  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -106, каршы-жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -107, каршы-жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

"Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -94, каршы-11, бардыгы 105 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөдү: депутат А.С.Кодуранова- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы.

 

          15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

16 саат 20 мүнөт

 

          Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С.Өмүрбекова төрагалык кылды.

 

          79 депутат катталды.

 

          7. Депутаттар Ө.Т.Бабанов, Р.А.Казакбаев, М.К.Жеенчороев, А.С.Өмүрбекова, М.Э.Сабиров, Б.Ү.Сыдыков, А.Алтынбеков, Т.Г.Тиллаев, Б.К.Райымкулов, Н.Н.Нишанов, А.Ж.Жамангулов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык  Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун кароо.

 

           Сунуш кылынган конституциялык Мыйзамдын долбоору жөнүндө конституциялык Мыйзам долбоорунун демилгечиси-депутат М.К.Жеенчороевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат А.А.Арапбаев.

 

Каралып жаткан конституциялык Мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу депутат Т.Г.Тиллаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -55, каршы-2, бардыгы 57 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

          Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.А.Арапбаев, конституциялык Мыйзам долбоорунун демилгечиси-депутат М.К.Жеенчороев, А.Т.Алтыбаева, И.А.Масалиев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, депутаттар К.С.Бокоев, Ө.Т.Бабанов, А.Ү.Жапаров.

 

          Каралып жаткан конституциялык Мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

          Чыгып сүйлөштү: депутаттар И.А.Масалиев, К.К.Иманалиев,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Т.Д.Сарпашев, депутат У.Б.Примов, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабекова, депутаттар Д.Д.Бекешев, конституциялык Мыйзам долбоорунун демилгечиси-депутат М.К.Жеенчороев.

 

          Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары  Н.К.Алимбеков төрагалык кылды.

 

          Чыгып сүйлөдү: депутат М.А.Исаков.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы А.С.Кодуранованын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

          9. Депутаттар Ө.Т.Бабанов, Р.А.Казакбаев, М.К.Жеенчороев, А.С.Өмүрбекова, М.Э.Сабиров, Б.Ү.Сыдыков, А.Алтынбеков, Т.Г.Тиллаев, Б.К.Райымкулов, Н.Н.Нишанов, А.Ж.Жамангулов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

           Сунуш кылынган мыйзамдын долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси-депутат М.К.Жеенчороевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.Ү.Жапаров, А.Э.Самигуллина.

 

 Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы А.С.Кодуранованын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                             Ч. Турсунбеков