2020-жылдын 24-мартындагы № 3652-VI “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 56 Жарлыгын бекитүү тууралуу

24-03-2020 17:12

“Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын

24-мартындагы № 56 Жарлыгын бекитүү тууралуу

 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясын пандемия деп жарыялаганына жана
Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекция учурларынын табылганына байланыштуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында калк арасында коронавирус инфекциясынын массалык жайылышына жол бербөө боюнча өзгөчө чараларды көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктун, “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 10-беренелерин жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 27-пунктун, 120-беренесинин 2, 4, 5 жана 6-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы
№ 56 Жарлыгы жана анда каралган чаралар толугу менен бекитилсин.

 

2. Ушул токтом кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына кабыл алынган чечим жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине 3 сааттын ичинде кабарлоо тапшырылсын.

4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жарыялансын.

 

 

Төрагасы                                                                             Д.А. Джумабеков



Көрүүлөрдүн саны : 210