2020-жылдын 24-мартындагы № 3654-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө

24-03-2020 17:18

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө

 

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 151-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

Коронавирус инфекциясын (COVID-19) жуктуруп алуудан коргоо боюнча санитардык ченемдердин зарыл эрежелерин сактоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте шайлоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн
2020-жылдын 23-мартынан тартып 27-мартына чейинки мезгил Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын региондордо иштөө убактысы деп жарыялансын.

 

 

 

Төрага                                                                                 Д.А. Джумабеков



Көрүүлөрдүн саны : 252