Протокол № 43 13.02.2020-ж.

24-04-2020 12:10

 43

 

                                                                                                                                         

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VII СЕССИЯСЫ

 

(2019-2020-жылдар)

 

 

2020-жылдын 13-февралы                                                                 9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                                      Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

                                                                                         Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев, А.У.Жапаров (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Т.Сулаймановго берилген).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

83 депутат катталды.

 

1. 2020-жылдын 13-февралына жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 72, каршы - жок, бардыгы 72 депутат добуш берди, 86 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар О.М.Бакиров, К.С.Бокоев, Ж.К.Акаев, С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Депутат С.К.Нышановдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетин комитетине, Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетин протоколдук тапшырмалар берилди.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунушун эске алуу менен 2020-жылдын 13-февралындагы жыйналышынын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 81, каршы - жок, бардыгы 81 депутат добуш берди, 94 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

      

       “Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы жөнүндө” маселени жыйналыштын күн тартибине кошуу тууралуу депутат К.С.Бокоевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 71, каршы - жок, бардыгы 71 депутат добуш берди, 95 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

      

       Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

      

       2. Ар кандай

      

       Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, М.И.Бакиров, Т.У.Жоробеков.

      

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар И.Ю.Карамушкина, Т.А.Масабиров, С.М.Джураев, Б.К.Райымкулов, С.К.Нышанов, А.Ж.Исмаилова.

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Б.Э.Торобаев, М.А.Маматалиев, Э.С.Тагаев, Б.Ж.Субанбеков, Р.Ч.Момбеков, П.Р.Тулендыбаев, Н.Т.Тотонов, Р.М.Туманбаева, У.Б.Примов, З.Э.Шарапов, К.Ш.Баймуратов, К.Б.Орозова, Н.Т.Каримов, А.А.Аскарова, Н.В.Никитенко, А.К.Дюшалиев, О.М.Бакиров, Т.А.Масабиров, С.К.Нышанов, К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

      

       15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

      

 

                                                      11 саат 25 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

       114 депутат катталды.

      

      

       3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 30-июлундагы №380 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Үрөн жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Р.М.Туманбаеванын сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

         

         

         

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 6-декабрындагы №665 токтом) “2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иши тууралуу кызматташтык жөнүндө меморандумун ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.Артыковдун сөзү.

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Б.Аттокуров, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары М.М.Каратаев.

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.Артыковдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

      

       Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

      

      

       5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2019-жылдын 5-декабрындагы №663 токтом) “2019-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Аскер жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.Артыковдун сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

      

      

      

       6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын
3-декабрындагы №651 токтом)
“Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

      

       Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары К.О.Ахматовдун сөзү.

      

       Сөз сүйлөдү: депутат М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары К.О.Ахматов, төрагалык кылуучу, депутаттар Э.Дж.Байбакпаев, А.Т.Алтыбаева, У.Т.Кыдыралиев.

      

       Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

      

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

      

      

      

       7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.А.Пирматов, Д.Ш.Исаева демилгелеген “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине, “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлорун биринчи окууда кароо.

           

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат И.А.Пирматовдун сөзү.

      

       Сөз сүйлөдү: депутаттар С.К.Нышанов, демилгечилердин бири И.А.Пирматов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Т.К.Батырканов, депутаттар Н.ТР.Каримов, К.С.Бокоев, .

      

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

      

       Сөз сүйлөдү: депутаттар Р.М.Туманбаева, И.А.Пирматов – демилгечилердин бири, М.А.Маматалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Т.К.Батырканов, төрагалык кылуучу, депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары М.Б.Сарымсаков, депутат У.Т.Кыдыралиев.

      

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 53, каршы - 1, бардыгы 54 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

      

      

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 72, каршы - 1, бардыгы 73 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

      

       Сөз сүйлөдү: депутат А.Т.Мамашова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Т.К.Батырканов, депутаттар Н.Т.Каримов, К.С.Бокоев, А.Ш.Осмонова, М.А.Маматалиев.

      

       Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин өкүлү Ж.К.Акаевдин сөзү.

      

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

      

      

       8. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-февралындагы № 3528-VI токтому менен түзүлгөн, макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” (Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.У.Жапаров, Б.Ж.Жетигенов, Т.З.Зулпукаров, А.Л.Юсуров, М.А.Маматалиев, А.Т.Абжалиев, А.Т.Сулайманов) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо.

           

         Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлү А.Ш.Осмонованын сөзү.

      

       Көрсөтүлгөн Мыйзамдын макулдашылган вариантын добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

      

       Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

      

       1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

      

                                                                  14 саат 5 мүнөт

      

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

      

       90 депутат катталды.

      

       Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

      

      

       9. “Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы жөнүндө” маселени кароо.

      

       Сунуш кылынган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабекованын сөзү.

      

       Сөз сүйлөдү: депутат С.К.Нышанов, төрагалык кылуучу.

      

       Мурда каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү жол-жобосун өткөрүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 75, каршы - жок, бардыгы 75 депутат добуш берди, 99 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

      

      

                   10. 2020-жылдын 13-февралында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

      

       107 депутат катталды.

      

       “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Үрөн жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы - жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

      

       “2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иши тууралуу кызматташтык жөнүндө меморандумун ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 103, каршы - 4, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

      

       “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы - жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

      

       “Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине, “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлоруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы - жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

      

      

       “2019-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Аскер жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы - жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

      

       “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 105, каршы - жок, бардыгы 105 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

 

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы - жок, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды. (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-февралындагы № 3528-VI токтому менен түзүлгөн, макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - 1, бардыгы 107 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

“Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы жөнүндө” маселени кароону улантуу.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Т.К.Батырканов, депутаттар К.С.Бокоев, А.М.Нурбаев, М.И.Бакиров, М.А.Маматалиев, Ж.К.Акаев, Т.З.Зулпукаров, А.Ш.Осмонова, У.Т.Кыдыралиев, У.О.Самаев, А.А.Аскаров, К.К.Исаев, А.Алтынбеков, Н.В.Никитенко, төрагалык кылуучу, депутат Б.К.Райымкулов.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.И.Эргешов, К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Т.К.Батырканов, төрагалык кылуучу, депутат М.К.Жеенчороев, Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабекова, депутат Ж.К.Акаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Депутат К.С.Бокоевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төрага                                                                                                         Д.А.Джумабеков.

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 97