2020-жылдын 30-апрелиндегы № 3705-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын “Жаңы экономикалык эркиндикке жана өнүгүүгө карай” кайрылуусу (акт) жөнүндө

30-04-2020 19:52

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын “Жаңы экономикалык эркиндикке жана өнүгүүгө карай” кайрылуусу (акт) жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К. Иманалиев, А.М. Нурбаев, А.Т. Сулайманов, М.И. Бакиров, Ж.К. Акаев, И.А. Пирматов, Ж.А. Бакчиев, А.У. Жапаров, Д.Д. Бекешев,Ч.А. Турсунбеков, Э.Т. Токтошев, Н.В. Никитенко, И.И. Матраимов, А.К. Дюшалиев, С.А. Айдаров, А.М. Эргешов, А.А. Арапбаев, Ж.Б. Исаев, Э.Дж. Байбакпаев, Т.З. Зулпукаров, М.К. Жеенчороев, А.А. Карашев, С.К. Ибраев, З.Э. Шарапов, К.М. Жумалиев, А.Б. Баатырбеков, З.И. Жамалдинов, Р.А. Казакбаев, М.М. Маматалиев, К.Т. Зулушев, П.Р. Тулендыбаев, Жунус уулу Алтынбек, Б.К. Райымкулов, Б.С. Турусбеков, И.Т. Гайпкулов, А.Т. Мамашова, Н.О. Сыдыгалиев, А.Ж. Акматов, К.С. Нурматов, Т.А. Масабиров, А.Ш. Осмонова, Э.Ж. Сурабалдиева, А.Т. Абжалиев демилгелеген “Жаңы экономикалык эркиндикке жана өнүгүүгө карай” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кайрылуусу (акт) кабыл алынсын (тиркелет).

2. Ушул кайрылуу (акт) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.

4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын, ошондой эле 3 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтына жайгаштырылсын.

5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                        М.И. Бакиров

 

 

Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
2020-жылдын 30-апрелиндеги
 № 3705-VI токтому менен кабыл алынган

 

 

КАЙРЫЛУУ (АКТ)

 

Жаңы экономикалык эркиндикке жана өнүгүүгө карай

 

 

Cоvid-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышына байланыштуу дүйнөдө глобалдуу экономикалык кризис келип чыкты, ал биздин өлкөнү да кыйгап өткөн жок.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин акыркы божомолу 2020-жылы Кыргызстандын ИДП 6,8 % деңгээлинде кыскарышын болжолдойт. Глобалдуу экономикалык кризис азыртадан эле эмгек мигранттарынын акча которууларынын олуттуу төмөндөшүнө жана улуттук валютанын 15 %га кунсуздануусуна алып келди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдын ала баалоосу боюнча үстүбүздөгү жылдын аягына чейин республикалык бюджеттин азайышынын минималдуу көлөмү 400 млн. АКШ долларын түзүшү мүмкүн. Негизги соода өнөктөштөр менен соода-сатык шарттарынын кескин начарлоосу жана ички суроо-талаптын кыскаруусу жүрүүдө.

Өлкөнүн экономикасынын 40 %га жакынын түзгөн чакан жана орто ишкерликке максималдуу терс таасир тийүүдө. Бизнес-коомдоштукту  олуттуу мамлекеттик колдоосуз ишкерлик субъекттеринин масштабдуу кудуретсиздиги болуусу мүмкүн. Бул учурда экономикалык кризис жумушсуздук, жакырчылыктын көбөйүшү жана бюджеттин кирешелеринин төмөндөшү сыяктуу кесепеттерге алып келүү менен узак мезгилге созулат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан сунушталган салыктардын жана насыялардын негизги суммаларын төлөөлөр боюнча мөөнөттөрдү узартуу, коммуналдык төлөмдөрдү төлөө боюнча туумдарды алып салуу жана текшерүүлөрдүн санын кыскартуу боюнча чаралар ишкерлик субъекттерин колдоо үчүн жетишсиз.

Мындай шарттарда мамлекет тарабынан ишкерлерди колдоонун жападан жалгыз ыкмасы бизнеске болгон административдик оордуктарды кардиналдуу кыскартуу жана өлкөдө ишкердикти жүргүзүүнүн шарттарын айкын жакшыртуу болушу мүмкүн.

Бүгүн экономикалык кризистен чыгуу үчүн жарандардын ишенимин жана колдоосун алууга багытталган жана кыска мөөнөттө социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга мүмкүндүк берген жаңы экономикалык саясат турмуштук өктөм зарылдык. Ушуну менен гана биз өнүккөн экономиканы курабыз жана өз алдынча жетишкен өлкө боло алабыз.

 

Жаңы экономикалык саясат төмөнкүлөргө багытталууга тийиш:

-ИДПдан мамлекеттик чыгымдарды 25 %га чейин чектөөгө;

-ИДПдан мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын 3 %га чейин төмөндөтүүгө;

-капиталдарды амнистиялоо жүргүзүүгө;

-лицензияларды көбөйтүүгө (уруксат берүүчү документтерди кыскартууга) тыюу салууга, бизнести жүргүзүүнү жөнөкөйлөтүүгө жана ар жыл сайын патент төлөө менен жеке ишкердикке толук эркиндик берүүгө;

-капиталдын кыймылынын эркиндигине;

-мамлекеттик менчикти жана башка активдерди толук инвентаризациялоого;

-рентабелдүү эмес мамлекеттик менчикти аукцион аркылуу сатууга, менчиктештирүүгө;

-жеке менчикти чыңдоого;

-салыктардын санын кыскартууга;

-салыктык текшерүүлөрдү кошуп алганда, текшерүүлөрдүн санын кыскартууга;

-бизнес чөйрөнү начарлатуучу мыйзам долбоорлорун демилгелөөгө тыюу салууга;

-мамлекеттик башкаруунун иш-милдеттерин инвентаризациялоого жана керексиз түзүмдөрдү жоюуга;

-жакынкы 3 жылда мамлекеттик аппаратты 10-20 %га жана кийинчерээк – 30 %га кыскартууга;

-социалдык колдоого жана адилеттүү мамлекеттик даректүү жардамга (курагы боюнча, ден соолугунун абалы боюнча жана д.у.с.);

-социалдык чегерүүлөрдүн өлчөмүн кыскартууга, социалдык салыкты киргизүүгө жана топтолмо пенсиялык тутумга өтүүгө;

-бизнести текшерүүлөрдү санариптик форматка өткөрүүгө;

-ишкерлик ишти жөнгө салууну кыскартууга, бизнести өзүн өзү жөнгө салуу принцибине өтүүгө;

-экономикалык кылмыштарды декриминалдаштырууга;

-менчик укугун коргоону жана инвесторлор үчүн кепилдиктерди камсыз кылууга;

-накталай эмес төлөмдөрдү, товарларды көзөмөлдөө принцибин киргизүүгө жана натыйжа катары - көмүскө экономиканы төмөндөтүүгө;

-экономикалык негизделген тарифтерге өтүүгө;

-улуттук ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке киргизүүгө;

-жаңы инвестициялык кодексти кабыл алууга.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттары

 

К.К. Иманалиев

А.М. Нурбаев

А.Т. Сулайманов

М.И Бакиров

Ж.К. Акаев

И.А. Пирматов

Ж.А. Бакчиев

А.У. Жапаров

Д.Д. Бекешев

Ч.А. Турсунбеков

Э.Т. Токтошев

Н.В. Никитенко

И.И. Матраимов

А.К. Дюшалиев

С.А. Айдаров

А.М. Эргешов

А.А. Арапбаев

Ж.Б. Исаев

Э.Дж. Байбакпаев

Т.З. Зулпукаров

М.К. Жеенчороев

А.А. Карашев

С.К. Ибраев

З.Э. Шарапов

К.М. Жумалиев

А.Б. Баатырбеков

З.И. Жамалдинов
Р.А. Казакбаев
М.М. Маматалиев
К.Т. Зулушев
П.Р. Тулендыбаев
Жунус уулу А.
Б.К. Райымкулов
Б.С. Турусбеков
И.Т. Гайпкулов
А.Т. Мамашов
Н.О. Сыдыгалиев
А.Ж. Акматов
К.С. Нурматов
Т.А. Масабиров
А.Ш. Осмонова
Э.Ж. Сурабалдиева
А.Т. Абжалиевым

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 547