Протокол № 54 24.03.2020-ж.

22-05-2020 12:21

  54

 

                                                                                                                                         

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VII СЕССИЯСЫ

 

(2019-2020-жылдар)

 

 

2020-жылдын 24-марты                                                                     9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                                      Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

                                                                                         Д.А.Джумабеков

 

 

 

Кезексиз жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев, А.А.Арапбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ш.Омуркуловго берилген), Жунус уулу Адыл (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ж.К.Турускуловго берилген), А.Ш.Жээнбеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.З.Зулпукаровго берилген), К.К.Исаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат О.А.Алыбаевге берилген), Н.Т.Каримов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.М.Джураевге берилген), И.А.Маннанов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.М.Джураевге берилген), И.И.Матраимов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.З.Зулпукаровго берилген), И.А.Пирматов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Т.Сулаймановго берилген), К.Дж.Рыспаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат У.Б.Примовго берилген), Д.Г.Торокулов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.С.Турусбековго берилген), Ч.А.Турсунбеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.М.Нурбаевге берилген), Ж.К.Турускулов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.Г.Тилаевге берилген), М.Б.Эгембердиев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ш.Омуркуловго берилген).

 

Кезексиз жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

97 депутат катталды.

 

Сөз сүйлөдү: Төрагалык кылуучу.

 

1. 2020-жылдын 24-мартына кезексиз жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 100, каршы - жок, бардыгы 100 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу.

 

  1.  “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы №55 Жарлыгын бекитүү жөнүндө), “Ош шаарынын, Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы №56 Жарлыгын бекитүү жөнүндө) жана “Жалал-Абад шаарынын, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Сузак районунун аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы №57 Жарлыгын бекитүү жөнүндө) маселелерди кароо.

 

Сунуш кылынган маселелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаевдин сөзү.

 

“Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы №55 Жарлыгын бекитүү жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 104, каршы - жок, бардыгы 104 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

“Ош шаарынын, Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы №56 Жарлыгын бекитүү жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 104, каршы - жок, бардыгы 104 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

“Жалал-Абад шаарынын жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Сузак районунун аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы №57 Жарлыгын бекитүү жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 105, каршы - жок, бардыгы 105 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар А.Т.Сулайманов, Д.Д.Бекешев.

 

       “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иш алып баруусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 19-мартындагы №3649-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 103, каршы - жок, бардыгы 103 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу, депутаттар Ж.К.Акаев, Э.Т.Токтошев, К.К.Иманалиев, Э.Ж.Сурабалдиева, М.А.Маматалиев, У.Б.Примов, С.Шер-Нияз, А.Ж.Акматов, А.Ш.Осмонова, Т.А.Масабиров.

 

Суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Т.А.Масабировдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 96, каршы - жок, бардыгы 96 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен кезексиз жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төрага                                                                            Д.Джумабеков

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 85