Протокол № 53 19.03.2020-ж.

22-05-2020 12:21

 53

 

VI чакырылыштын VII сессиясы

2019-2020-жылдар

 

2020-жылдын 19-марты                                                              9 саат 40 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

Төрагалык кылган                                               Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

Д.А. Джумабеков

 

 

Жыйналышка катышпаган депутат: О.М.Артыкбаев.

 

Жыйналышка катышкандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн эксперти А.А.Айылчиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

         

85 депутат катталган.

 

1. 2020-жылдын 19-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 72, каршы – жок, бардыгы 72 депутат добуш берди, 88 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар И,А.Пирматов, З.Э.Шарапов, А.У.Жапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаев, депутат М.Э.Мавлянова.

 

Депутаттар И.А.Пирматов, З.Э.Шараповдун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаевдин сунуштарын эске алуу менен 2020-жылдын 19-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 84, каршы – жок, бардыгы 84 депутат добуш берди, 96 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

2. “Өлкөдө коронавирустун жайылышына каршы кабыл алынган чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы” маселесин кароо.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар О.М.Бакиров, А.Т.Сулайманов, Д.Д.Бекешев, К.С.Бокоев, И.Ю.Карамушкина,
И.А.Масалиев, И.А.Пирматов, У.Т.Кыдыралиев, Е.Г.Строкова,
Р.Ч.Момбеков, К.К.Иманалиев, Б.С.Турусбеков, Р.А.Казакбаев,
Т.Т.Мамытов.

 

Каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосунда парламенттик фракциялардын лидерлерине 10 мүнөткө чейин, ар бир парламенттик фракциядан үчтөн өкүлгө чыгып сүйлөөгө мүмкүндүк берүү жөнүндө депутат И.А.Пирматовдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 28, каршы – 26, бардыгы 54 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынган жок.

 

Ушул маселени тыныгуу жарыялоосуз кароо жана саат 13.00гө чейин талкууну бүткөрүү жөнүндө депутат О.М.Бакировдун жана төрагалык кылуучунун сунуштары боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 87, каршы – 6, бардыгы 93 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Т.Сулайманов, төрагалык кылуучу.

 

Сунуш кылынган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиевдин сөзү.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Төрагалык кылуучунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залын калтырып чыгып кетүүгө уруксат берүү, парламенттик фракциялардын лидерлерине чыгып сүйлөөгө 5 мүнөткө чейин мүмкүндүк берүү жана ушул маселе боюнча суроо-жооп жол-жобосун 13 саат 30 мүнөттө токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 82, каршы – жок, бардыгы 82 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат И.А.Пирматов.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Т.Сулайманов – «Бир Бол» парламенттик фракциясынын лидери, И.Ш.Омуркулов – КСДП парламенттик фракциясынын лидери, Ж.К.Турускулов – «Республика – Ата-Журт» парламенттик фракциясынын лидери, А.Б.Баатырбеков-«Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери, А.Т.Мамашова – «Ата – Мекен» парламенттик фракциясынын лидери, төрагалык кылуучу, депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев, депутат К.М.Жумалиев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С.Омурбекова, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгулов.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат О.М.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев, депутат П.Р.Тулендыбаев, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары К.О.Ахматов, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Ж.С.Бейшенов, депутат Т.Г.Тиллаев, Кыргыз Республикасынын финансы министри Б.Ж.Жеенбаева, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгулов, депутаттар Т.З.Зулпукаров, И.А.Пирматов, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри К.С.Чолпонбаев, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Боронов, төрагалык кылуучу, депутат И.Ю.Кармушкина, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы М.Т.Турганбаев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С.Омурбекова, депутаттар Т.А.Масабиров, М.Э Мавлянова., Г.К.Асылбаева.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешини Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С.Омурбекова, депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри К.С.Чолпонбаев, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Боронов, депутаттар А.Т.Мамашова, К.Ж.Жолдошбаев, төрагалык кылуучу, депутат К.К.Исаев.

 

Каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жол-жобосун токтотуу жана “COVID-19дун жайылтылышына жана валюталык инфляцияга байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди кыскартуу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароого өтүү жөнүндө депутат А.Т.Мамашованын сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 44, каршы – 13, бардыгы 57 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

Чечим кабыл алынган жок.

 

Сөз сүйлөдү: депутат У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри К.С.Чолпонбаев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев, депутат Р.А.Казакбаев, Кыргыз Республикасынын финансы министри Б.Ж.Жээнбаева, депутаттар А.Т.Сулайманов, Р.Н.Чойбеков, А.М.Нурбаев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С.Омурбекова, депутаттар А.Ж.Исмаилова, Р.Ч.Момбеков, Р.М.Туманбаева, З.Э.Шарапов, С.К.Нышанов, А.А.Алтынбеков, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары К.О.Ахматов, депутаттар Н.В.Никитенко, А.У.Жапаров, А.Т.Алтыбаева, Б.С.Турусбеков, А.Ш.Осмонова, Т.У.Жоробеков, төрагалык кылуучу, депутаттар А.А.Аскарова, Э.Ж,Сурабалдиева, М.Ю.Абдылдаев, К.Ш.Баймуратов, Э.Т.Токтошев, И.А.Пирматов, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Боронов, депутаттар М.А.Маматалиев, А.Б.Баатырбеков, К.С.Бокоев, Д.Д.Бекешев.

 

Сөз сүйлөдү: Төрагалык кылуучу.

 

 

“COVID-19дун жайылтылышына жана валюталык инфляцияга байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди кыскартуу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Н.В.Никитенко, М.Э.Мавлянова, К.К.Исаев, А.А.Карашев, төрагалык кылуучу, К.Т.Зулушев, К.С.Бокоев, А.У.Жапаров, А.М.Нурбаев, У.З.Ормонов, А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгулов, депутаттар Д.Д.Бекешев, И.А.Пирматов, М.Ю.Абдылдаева, Т.Т.Мамытов, А.Ш.Осмонова, Т.З.Зулпукаров, Г.К.Асылбаева, У.Т.Кыдыралиев.

 

“COVID-19дун жайылтылышына жана валюталык инфляцияга байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди кыскартуу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 103, каршы – 1, бардыгы 104 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды. (Токтом долбоору негиз катары кабыл алынды).

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 18-мартындагы “87-р тескемеси) “Мамлекеттик бюджеттик резервден каражат бөлүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

“Мамлекеттик бюджеттик резервден каражат бөлүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 104, каршы – жок, бардыгы 104 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды. (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

“2020-жылдын 19-мартындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышын коомдук телеберүүдөн чагылдыруу жөнүндө” добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 95, каршы – жок, бардыгы 95 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын бир айлык эмгек акысын COVID-19 коронавирусттук инфекциясы менен күрөшүүгө которуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 95, каршы – жок, бардыгы 95 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

 

 

15 саат 40 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

96 депутат катталды.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 19-ноябрындагы №610 токтом) “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары К.М.Арпачиев, депутат Т.А.Масабиров.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.Т.Кыдыралиев, А.К.Касымалиева, М.А.Маматалиев, М.К.Жеенчороев, А.К.Дюшалиев, Э.Т.Токтошев, М.Э.Мавлянова, Т.К.Конушбаев, С.А.Келдибаев, Н.Т.Тотонов, З.К.Рысалиев, Т.У.Жоробеков, К.Ш.Баймуратов демилгелеген “Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы М.Э.Мавлянованын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары К.О.Ахматов, депутат Н.О.Сыдыгалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өрттү көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын начальниги Т.У.Омурзаков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Р.С.Артыкбаев, депутат Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт өчүрүү жана өрттүн алдын алуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары А.А.Бейшекеев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы М.Э.Мавлянованын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 29-октябрындагы №581 токтом) “Алматы шаарында 2019-жылдын 1-февралында кол коюлган, Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Ж.С.Бейшеновдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Ж.С.Бейшенов, депутаттар Э.Ж.Сурабалдиева, К.С.Нурматов.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү Б.К.Сыдыгалиевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 31-декабрындагы №740 токтом), “Сеул шаарында 2006-жылдын 11-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашын ачуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Ж.С.Бейшеновдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат С.М.Джураев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Ж.С.Бейшенов, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин жарандык авиация жана суу транспорту бөлүмүнүн башчысы А.Т.Матмуратов.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү Б.К.Сыдыгалиевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.К.Турускулов, Т.У.Шайназаров, Т.Г.Тиллаев, А.Т.Алтыбаева, А.А.Карашев, И.Ш.Омуркулов, Н.О.Сыдыгалиев, Р.Н.Чойбеков, Б.У.Сыдыков, М.Ю.Абдылдаев, К.К.Керезбеков демилгелеген “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – депутат Т.Г.Тиллаевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Н.М.Асанова, демилгечилердин бири – депутат Т.Г.Тиллаев, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Ч.И.Садырова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору К.М.Капалов, депутаттар К.Б.Орозова, И.Ш.Омуркулов, К.С.Нурматов, Э.Ж.Сурабалдиева, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

9. “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо жөнүндө” (А.К.Молдакунов жөнүндө) маселени кароо.

 

Сунуш кылынган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматына талапкер А.К.Молдакунов, депутат С.К.Нышанов.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматына А.К.Молдакуновду шайлоо жөнүндө жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо боюнча добуштарды эсептөөдө электрондук тутумду пайдалануу менен жашыруун добуш берүү жүргүзүү жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 88, каршы - жок, бардыгы 88 депутат добуш берди, 96 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 92, каршы - жок, бардыгы 92 депутат добуш берди, 98 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы А.К.Молдакунов ант берди.

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп шайланган А.К.Молдакунов, төрагалык кылуучу.

Сөз сүйлөдү: депутат А.М.Нурбаев, төрагалык кылуучу.

 

“Датка-Кемин” 500 кВ электроөткөргүч линиясынын курулушу жана “Кемин” 500 кВ подстанциясы жана “Кыргызстандын түштүгүндөгү электроөткөргүч линияларды модернизациялоо” долбоорлорун ишке ашырууга багытталган кредиттик каражаттардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 6-декабрындагы №2753-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 86, каршы - жок, бардыгы 86 депутат добуш берди, 98 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Т.И.Икрамов, төрагалык кылуучу, депутаттар М.А.Маматалиев, Д.Д.Бекешев.

 

 

11. “Тарыхый темалар жана Кыргызстандын көрүнүктүү инсандары жөнүндө көркөм жана даректүү фильмдерди жаратуу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекова, төрагалык кылуучу.

 

“Тарыхый темалар жана Кыргызстандын көрүнүктүү инсандары жөнүндө көркөм жана даректүү фильмдерди жаратуу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун жыйналыштын күн тартибинен чыгарып салуу жөнүндө депутат Д.Д.Бекешевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 49, каршы - 11, бардыгы 60 депутат добуш берди, 98 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.К.Нышанов демилгелеген “Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Жаз-Кечүү айылына автомобил жолун жана электрөткөрүүчү линия куруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө депутат С.К.Нышановдун сөзү.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн Жаз-кечүү айылынын башчысы З.Ж.Масиркулованын сөзү.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө “Улуттук энергетикалык холдингдик компания” Ачык акционердик коому башкармасынын төрагасы А.К.Назаровдун сөзү.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин орун басары Б.Ч.Бердалиевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар С.К.Нышанов, Д.Д.Бекешев, М.И.Бакиров, А.М.Нурбаев.

 

 

13. “Жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланышкан кырдаалды иликтөө жана маалыматты текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы №3364-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

“Жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланышкан кырдаалды иликтөө жана маалыматты текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы №3364-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 91, каршы - жок, бардыгы 91 депутат добуш берди, 98 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды( Токтом долбоору кабыл алынды).

 

14. “Датка-Кемин” 500 кВ электроөткөргүч линиясынын курулушу жана “Кемин” 500 кВ подстанциясы жана “Кыргызстандын түштүгүндөгү электроөткөргүч линияларды модернизациялоо” долбоорлорун ишке ашырууга багытталган кредиттик каражаттардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 6-декабрындагы №2753-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

“Датка-Кемин” 500 кВ электроөткөргүч линиясынын курулушу жана “Кемин” 500 кВ подстанциясы жана “Кыргызстандын түштүгүндөгү электроөткөргүч линияларды модернизациялоо” долбоорлорун ишке ашырууга багытталган кредиттик каражаттардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 6-декабрындагы №2753-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 90, каршы - жок, бардыгы 90 депутат добуш берди, 98 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды( Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: Т.Т.депутат Мамытов, төрагалык кылуучу.

 

 

15. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматов демилгелеген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, демилгечи – И.А.Пирматов, А.Т Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутаттар А.А.Карашев, Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Б.С.Ибраимжанов, депутат К.С.Нурматов.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы И.А.Пирматовдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

16. 2020-жылдын 19-мартында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

96 депутат катталган.

 

 

“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 96, каршы - жок, бардыгы 96 депутат добуш берди, 96 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды( Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 95, каршы - 1, бардыгы 96 депутат добуш берди, 96 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды( Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Алматы шаарында 2019-жылдын 1-февралында кол коюлган Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 96, каршы - жок, бардыгы 96 депутат добуш берди, 96 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды( Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Сеул шаарында 2006-жылдын 11-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашын ачуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 96, каршы - жок, бардыгы 96 депутат добуш берди, 96 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды( Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 96, каршы - жок, бардыгы 96 депутат добуш берди, 96 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды( Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 96, каршы - жок, бардыгы 96 депутат добуш берди, 96 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды( Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

Сөз сүйлөдү: “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору жөнүндө төрагалык кылуучу.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 94, каршы - жок, бардыгы 94 депутат добуш берди, 96 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды( Мыйзам долбоору кабыл алынды).

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төрага                                                                                             Д.Джумабеков

 

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 85