Протокол № 62 21.05.2020-ж.

03-07-2020 16:54

 62

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VII СЕССИЯСЫ

 

2019-2020-жылдар

 

 

 

2020-жылдын 21-майы                                                     9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын Жогорку

 Кеңешинин Төрагасы

Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

99 депутат катталды.

 

 

1. 2020-жылдын 21-майындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы- жок, бардыгы 77 депутат добуш берди, 100 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.Т.Алтыбаева, Д.Э.Төлөнов, Т.И.Икрамов.

 

2020-жылдын 21-майындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун депутаттар А.Т.Алтыбаева жана Д.Э.Төлөновдун сунуштарын эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- 1, бардыгы 83 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

            2 мүнөткө чейин сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндөгү депутат Т.И.Икрамовдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 91, каршы- жок, бардыгы 91 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.И.Икрамовдун сүйлөгөн сөзү.

 

 

3. 2019-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат И.А.Масалиев, төрагалык кылуучу.  

 

 

10 мүнөткө чейин сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндөгү депутат И.А.Масалиевдин сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- 1, бардыгы 83 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

2019-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчетун кароонун уландысы.

 

 

Сунуш кылынган Отчет боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору О.А.Жамшитовдун сүйлөгөн сөзү.

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Масалиев 2020-жылдын 25-майынан тартып депутаттык ыйгарым укугун тапшыра тургандыгын билдирди.

 

2019-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчетун кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Ж.Акматов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору О.А.Жамшитов, депутаттар Д.Д.Бекешев, А.К.Дюшалиев, Б.Ж.Субанбеков, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкы тергөө башкармалыгынын начальниги Самидин уулу С., Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын начальниги Э.К.Айылчиев,  Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары П.Ж.Асанов, депутаттар У.Т.Кыдыралиев, С.К.Нышанов, М.Э.Мавлянова, И.Ю.Карамушкина, К.Б.Орозова.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Т.Алтыбаева,  Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору О.А.Жамшитов, төрагалык кылуучу.

 

Жыйналыштын ишин тыныгуусуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы- 3, бардыгы 74 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат У.Б.Примов,  Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору О.А.Жамшитов, депутаттар Т.Г.Тиллаев, Ж.К.Турускулов, П.Р.Тулендыбаев, И.Т.Гайпкулов, М.А.Маматалиев, Т.А.Масабиров, З.И.Жамалдинов, Т.Т.Мамытов, Т.З.Зулпукаров, А.А.Алтынбеков.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору О.А.Жамшитов, депутат Т.И.Икрамов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Г.У.Калиева, депутаттар А.А.Аскарова, Р.Н.Чойбеков,  Б.К.Райымкулов, М.И.Бакиров, Р.Ч.Момбеков, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы  Б.Д.Таиров,  депутат А.К.Касымалиева,  Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары П.Ж.Асанов, депутаттар А.Ш.Осмонова, Г.С.Молдобекова, Ж.К.Акаев,   Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору- Башкы прокурордун орун басары Н.Б.Набиев, депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын начальниги Э.К.Айылчиев.

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды. 

 

14 саат 5 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

114 депутат катталды.

 

2019-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчетун кароонун уландысы.

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору О.А.Жамшитов, депутаттар А.А.Турсунбаев, А.Б.Баатырбеков, К.К.Иманалиев, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын начальниги Э.К.Айылчиев, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы  Б.Д.Таиров,  депутаттар С.К.Ибраев, Д.Э.Төлөнов О.М.Бакиров, М.Ю.,Абдылдаев, К.Ж.Рыспаев, Н.В.Никитенко, У.З.Ормонов,  төрагалык кылуучу, депутат А.У.Жапаров. 

 

Каралып жаткан Отчет боюнча суроо-жооп жана талкууда ар бир парламенттик фракциядан экиден өкүлдөргө сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы- жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 114 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар И.Ш.Өмүркулов (парламенттик көпчүлүк коалициянын жетекчиси), А.М.Нурбаев (КСДП), Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору О.А.Жамшитов,  депутаттар К.К.Исаев («Кыргызстан»), Ж.С.Жоробаев («Кыргызстан»), Жунус уулу Алтынбек («Өнүгүү-Прогресс»), А.Л.Юсуров («Өнүгүү-Прогресс»), М.Ю.Абдылдаев («Бир Бол»), Н.В.Никитенко («Ата Мекен»), С.К.Нышанов. («Ата Мекен»), У.Т.Кыдыралиев («Республика-Ата Журт»).

 

«Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2019-жылдагы отчету тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сүйлөгөн сөзү. 

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

«Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2019-жылдагы отчету тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 113, каршы- жок, бардыгы 113 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору О.А.Жамшитов.

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” (2019-жылдын 2-декабрындагы №646 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар О.М.Бакиров, Э.Т.Токтошев, Г.С.Молдобекова.

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2020-жылдын 8-майындагы №239 токтому) Кыргыз Республкасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо жөнүндөгү депутат Э.Т.Токтошевдин сунушу боюнча жана депутат Г.С.Молдобекованын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, Н.В.Никитенко, А.Э.Самигуллина тарабынан демилгеленген «Медицина кызматкеринин статсу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө добуш берүү. 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 87, каршы- жок, бардыгы 87 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Н.К.Дардановдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Н.К.Дарданов, депутат Т.З.Зулпукаров.

 

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндөгү  депутат Т.З.Зулпукаровдун  сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 90, каршы- жок, бардыгы 90 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

 

 Чечим кабыл алынды.

                   

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар М.А.Маматалиев, А.У.Жапаров.

 

 

Мыйзам долбоорун кароону токтотуу жөнүндөгү депутат А.Ү.Жапаровдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 87, каршы- 1, бардыгы 88 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

 

 Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Н.К.Дарданов, төрагалык кылуучу,  депутат А.У.Жапаров.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2020-жылдын 8-майындагы №239 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыгыз Республикасынын финансы министри Б.Ж.Жеенбаеванын сүйлөгөн сөзү.

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат А.Ү.Жапаровго сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 86, каршы- жок, бардыгы 86 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

 

 Чечим кабыл алынды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ү.Жапаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат А.К.Дюшалиев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев, депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри К.А.Исаков, депутаттар Т.Т.Мамытов, И.Ш.Өмүркулов, Кыргыз Республикасынын финансы министри Б.Ж.Жеенбаева.  

 

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат М.Э.Мавлянова, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев, депутат К.К.Исаев, Кыргыз Республикасынын финансы министри Б.Ж.Жеенбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси  С.А.Кылжыев, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары А.Ш.Алыбаев, депутаттар У.Т.Кыдыралиев, К.Б.Орозова, С.А.Келдибаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору У.К.Кокочаров, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри С.Т.Абдикаримов, депутаттар У.З.Ормонов, О.М.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары К.Э.Ибраев, депутаттар Р.Н.Чойбеков, Т.З.Зулпукаров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.Э.Торутаев, депутаттар И.Т.Гайпкулов, Е.Г.Строкова, М.Ю.Абдылдаев, Т.Г.Тиллаев,  Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.А.Айдарбеков, депутаттар А.А.Аскарова, М.А.Маматалиев. 

 

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Э.Ж.Шерипов, Кыргыз Республикасынын финансы министри Б.Ж.Жеенбаева, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимов, депутат Т.К.Конушбаев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ш.Асрандиев, депутаттар Т.А.Масабиров, М.А.Маматалиев, төрагалык кылуучу.

 

 

Жыйналыштын күн тартибиндеги бардык маселелерди карап бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин узартууну жана мурда каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берүүгө өтүү жөнүндөгү депутат М.А.Маматалиевдин сунушу боюнча жана төрагалык кылуучунун каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкууну жазылган депутаттардан кийин токтотуу сунушу боюнча  добушберүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 91, каршы- жок, бардыгы 91 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

 

 Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасы К.К.Абдалиев, Кыргыз Республикасынын финансы министри Б.Ж.Жеенбаева, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары А.Ш.Алыбаев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри С.Т.Абдикаримов,  Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ш.Асрандиев,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору У.К.Кокочаров, депутаттар А.А.Алтынбеков, К.Т.Зулушев,  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы  Б.Д.Таиров,  депутат Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.Ж.Исмаилова,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Э.К.Боронбаева, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри У.Т.Кочкоров,  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А.Марипов, депутат А.Ш.Осмонова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.Э.Торутаев,  депутат К.С.Нурматов, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.А.Айдарбеков, депутаттар С.Шер-Нияз., У.Т.Кыдыралиев.

 

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкууда ар бир парламенттик фракциядан бирден өкүлгө сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө депутат У.Т.Кыдыралиевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 94, каршы- жок, бардыгы 94 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат И.И.Матраимов (КСДП), Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ш.Асрандиев,  төрагалык кылуучу,  депутаттар А.Т.Алтыбаева (КСДП), П.Р.Тулендыбаев («Республика – Ата Журт»), Кыргыз Республикасынын финансы министри Б.Ж.Жеенбаева,  депутат Ж.С.Жоробаев («Кыргызстан»), Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Э.У.Чодуев,  депутаттар Жунус уулу Алтынбек («Өнүгүү-Прогресс»), А.У.Жапаров («Бир Бол»), К.К.Иманалиев («Ата Мекен»), К.Ж.Рыспаев Е.Г.Строкова, Э.Т.Токтошев,  Т.З.Зулпукаров.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев.

 

 

7.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2019-жылдын 21-февралындагы №82 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи оууда кароо.

 

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлү Э.Ж.Сурабалдиеванын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2019-жылдын 10-декабрындагы №673 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи оууда кароо.

 

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлү Э.Ж.Сурабалдиеванын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, А.Ш.Жээнбеков, А.М.Нурбаев, Т.У.Жоробеков, А.К.Дюшалиев, А.Ү.Жапаров, Т.З.Зулпукаров, С.А.Келдибаев, Н.Т.Тотонов, Жунус уулу Алтынбек, Ж.К.Акаев тарабынан демилгеленген  “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи, депутат М.А.Маматалиевдин сүйлөгөн сөзү.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи   окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлү Э.Ж.Сурабалдиеванын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Т.Алтыбаева, А.А.Карашев, Е.Г.Строкова, К.Т.Зулушев. М.Ю.Абдылдаев, М.И.Бакиров тарабынан демилгеленген «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи-депутат А.Т.Алтыбаеванын сүйлөгөн сөзү.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун  басары Т.Г.Тиллаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

11. «Жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 3364-VI токтомуна өзгөртүү  киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун кароо.

 

 

Төрагалык кылуучу сунуш кылынган Жогорку Кенештин токтомунун долбоору жөнүндө сүйлөдү.

 

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, Н.В.Никитенко, А.Э.Самигуллина тарабынан демилгеленген «Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыгыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сүйлөгөн сөзү.

 

 

Чыгып сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри С.Т.Абдикаримов, демилгечи- депутат  А.Э.Самигуллина, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алуу жөнүндө Кыгыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

13. 2020-жылдын 21-майында каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоору боюнча добуш берүү.

 

 

103 депутат катталды.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат Г.С.Молдобекова.

 

 

«Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 98, каршы- жок, бардыгы 98 депутат добуш берди, 101 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

«Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 98, каршы- жок, бардыгы 98 депутат добуш берди, 100 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

«Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 98, каршы- жок, бардыгы 98 депутат добуш берди, 99 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

«Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 98, каршы- жок, бардыгы 98 депутат добуш берди, 98 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 98, каршы- жок, бардыгы 98 депутат добуш берди, 98 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 103, каршы- жок, бардыгы 103 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

 

«Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 103, каршы- жок, бардыгы 103 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 103, каршы- жок, бардыгы 103 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 103, каршы- жок, бардыгы 103 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

«Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 103, каршы- жок, бардыгы 103 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 103, каршы- жок, бардыгы 103 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

«Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 103, каршы- жок, бардыгы 103 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

«Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 103, каршы- жок, бардыгы 103 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

«Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 103, каршы- жок, бардыгы 103 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

Жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 3364-VI токтомуна өзгөртүү  киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 96, каршы- жок, бардыгы 96 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                                            Д. Джумабеков



Көрүүлөрдүн саны : 91