Протокол № 61 20.05.2020-ж.

03-07-2020 16:54

 61

 

                                                                                                             

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VII СЕССИЯСЫ

 

(2019-2020-жылдар)

 

 

2020-жылдын 20-майы                                                  9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                              Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

                                                                       Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

112 депутат катталды.

 

 

1. 2020-жылдын 20-майына жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 63, каршы - жок, бардыгы 63 депутат добуш берди, 83 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутаттар Т.А.Масабиров, У.Т.Кыдыралиев.

 

         Депутат А.Т.Алтыбаеванын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунуштарын эске алуу менен 2020-жылдын 20-майындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 77, каршы - жок, бардыгы 77 депутат добуш берди, 100 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

        

        

         2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 13-февралындагы №78 токтом) “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин өкүлү депутат Д.Б.Аттокуровдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат И.Ю.Карамушкина, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары А.К.Орозалиев, депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Д.Д.Догоев, депутаттар М.А.Маматалиев, Р.М.Туманбаева, У.Т.Кыдыралиев, ДД.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Терроризмге каршы борборунун директору – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары М.Э.Тургунбеков, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин компьютердик инциденттерге таасир көрсөтүү бөлүмүнүн жетекчиси Д.А.Качкимбаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окуууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин өкүлү депутат Д.Б.Аттокуровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 4-декабрындагы №660 токтом) “2016-жылдын 15-октябрында Руанда Республикасында Кигали шаарында кабыл алынган, озон катмарын бүлдүрүүчү заттар боюнча Монреалдык протоколго түзөтүүнү ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү З.Э.Шараповдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат М.Э.Мавлянова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Э.Дж.Шерипов, депутат А.Ж.Акматов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттигинин алдындагы Кыргызстан Озондук борборунун жетекчиси М.К.Аманалиев, депутаттар У.Т.Кыдыралиев, Д.Б.Аттокуров, К.Ш.Баймуратов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик экологиялык экспертиза жана жаратылышты пайдалануу башкармасынын начальниги Б.С.Секиев, депутаттар Э.Дж.Байбакпаев, М.А.Маматалиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү З.Э.Шараповдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 14-октябрындагы №542 токтом) “Кейптаунда 2001-жылдын 16-ноябрында кол коюлган, Жылып турма жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө Конвенцияга жана Жылып турма жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө Конвенцияга авиациялык жабдуулар боюнча Протоколго Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү З.Э.Шараповдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Ж.Акматов, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Ж.С.Бейшенов, депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору К.Т.Акышев, депутаттар Д.Д.Бекешев, У.Т.Кыдыралиев, А.О.Узакбаев, Б.Ж.Субанбеков, Э.Дж.Байбакпаев, У.Б.Примов.

 

15 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.

 

 

11 саат 25 мүнөт

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

119 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 14-октябрындагы №542 токтом) “Кейптаунда 2001-жылдын 16-ноябрында кол коюлган, Жылып турма жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө Конвенцияга жана Жылып турма жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө Конвенцияга авиациялык жабдуулар боюнча Протоколго Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо улантылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Ж.С.Бейшенов, депутаттар С.А.Келдибаев, Д.Б.Аттокуров, Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору К.Т.Акышев, депутат Жунус уулу Алтынбек, төрагалык кылуучу.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 65, каршы - 2, бардыгы 67 депутат добуш берди, 101 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

        

Сөз сүйлөдү: депутат Ж.К.Турускулов, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Ж.С.Бейшенов, депутаттар Э.Ж.Сурабалдиева, А.Ж.Акматов, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору К.Т.Акышев, депутаттар С.А.Келдибаев, Ж.К.Акаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү З.Э.Шараповдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Депутат Ж.К.Акаевдин сунушу боюнча ага чыгып сүйлөөгө 5 мүнөткө чейин мүмкүнүчүлүк берүү боюнча добуш берүүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 82, каршы - 1, бардыгы 83 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

        

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.К.Акаевдин сөзү.

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 31-декабрындагы №740 токтом) “Бишкек шаарында 2019-жылдын 18-июлунда кол коюлган, “ Сеул шаарында 2006-жылдын 11-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдарын белгилөө жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү З.Э.Шараповдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин Жарандык авиация жана суу транспорту бөлүмүнүн башчысы А.Т.Матмуратов, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Ж.С.Бейшенов, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору К.Т.Акышев, төрагалык кылуучу.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 50, каршы - 1, бардыгы 51 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынган жок.

        

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 70, каршы - 1, бардыгы 71 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Ж.К.Акаев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Ж.С.Бейшенов, депутат К.Ш.Баймуратов, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору К.Т.Акышев, төрагалык кылуучу, депутат Т.А.Масабиров.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Э.А.Мамыркалиев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин Жарандык авиация жана суу транспорту бөлүмүнүн башчысы А.Т.Матмуратов, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору К.Т.Акышев, депутат З.И.Жамалдинов.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү З.Э.Шараповдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 29-октябрындагы №581 токтом) “Алматы шаарында 2019-жылдын 1-февралында кол коюлган, аба кемесин жүргүзүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү З.Э.Шараповдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 20-февралындагы №97 токтом) “Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө 2012-жылдын 11-майындагы Макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Т.К.Батыркановдун сөзү.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү З.Э.Шараповдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат У.Т.Кыдыралиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Т.К.Батырканов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Б.С.Ибраимжанов.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 24-январындагы №28 токтом) “Жеке жактардын мүлктөрүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Б.А.Алиевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Б.А.Алиев, депутат Жунус уулу Алтынбек.

 

Жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жөнүндө депутат Жунус уулу Алтынбектин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 73, каршы - 2, бардыгы 75 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Б.А.Алиев, төрагалык кылуучу, депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Э.Асылкулов, депутаттар А.Т.Алтыбаева, С.К.Нышанов, А.Б.Баатырбеков.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 7-февралындагы №71 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укукту мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Ички миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы А.М.Мамбеталиевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы А.М.Мамбеталиев, депутаттар Д.Д.Бекешев, Т.А.Масабиров, У.Т.Кыдыралиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” Мамлекеттик мекемесинин директору М.Т.Пирназаров, депутат Б.С.Турусбеков.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы М.Э.Мавлянованын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

11. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Аманкулов, Д.Д.Бекешев, М.Э.Мавлянова, А.М.Эргешов, Жунус уулу Алтынбек, Д.Б.Аттокуров, С.М.Джураев, К.Ш.Баймуратов, Жунус уулу Адыл, Р.Ч.Момбеков, У.З.Ормонов, Б.У.Сыдыков, Т.К.Конушбаев, К.М.Жумалиев, Ж.Б.Исаев, Н.Т.Тотонов, М.К.Жеенчороев, Е.Г.Строкова демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат М.А.Аманкуловдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.А.Карашев, М.А.Аманкулов – демилгечилердин бири, депутат А.А.Турсунбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары М.А.Акматалиев, депутаттар А.Т.Алтыбаева, Т.У.Жоробеков, Бишкек шаарынын вице-мэри У.Ш.Азыгалиев, депутаттар И.Ш.Омуркулов, У.Т.Кыдыралиев, Б.С.Турусбеков, төрагалык кылуучу, депутаттар Д.Д.Бекешев, К.Дж.Рыспаев.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Б.С.Турусбековдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 63, каршы - жок, бардыгы 63 депутат добуш берди, 119 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

        

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Ш.Осмонова. М.А.Аманкулов – демилгечилердин бири, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары Т.Т.Туманов, депутат Н.В.Никитенко, Бишкек шаарынын вице-мэри У.Ш.Азыгалиев, депутат Д.Д.Бекешев.

 

Депутат А.Ш.Осмонованын сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар М.А.Аманкулов – демилгечилердин бири, У.Т.Кыдыралиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Нурбаев, Ж.К.Акаев, А.Ш.Жээнбеков, Т.З.Зулпукаров, К.К.Керезбеков, А.Т.Сулайманов, И.Ш.Омуркулов демилгелеген “Инвестицияларды колдоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.К.Ботобаев, депутаттар А.М.Нурбаев – демилгечилердин бири, А.К.Касымалиева, Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды тартуу жана коргоо боюнча агенттигинин директору Ш.Адилбек уулу, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары С.М.Ахматов, депутаттар Т.Г.Тиллаев, П.Р.Тулендыбаев.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, депутат А.М.Нурбаев – демилгечилердин бири, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.К.Ботобаев, депутат Э.Ж.Сурабалдиева.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Э.Ж.Сурабалдиеванын сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 65, каршы - жок, бардыгы 65 депутат добуш берди, 119 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат О.М.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.К.Ботобаев, депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов, депутаттар У.З.Ормонов, Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды тартуу жана коргоо боюнча агенттигинин директору Ш.Адилбек уулу, депутат А.Т.Алтыбаева, төрагалык кылуучу, депутаттар Э.Ж.Сурабалдиева, Н.В.Никитенко, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары С.М.Ахматов.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

13. “Баткен жана Жалал-Абад областтарында болуп өткөн сел жүрүүлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү депутат З.Э.Шараповдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 5-мартындагы №134 токтом) “Жазыктык мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары П.Дж.Асановдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары П.Дж.Асанов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик базы кызматынын төрагасыны биринчи орун басары С.А.Мамасадыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары С.Т.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.К.Дюшембиев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Жазыктык жана жарандык сот өндүрүшү башкармасынын прокурору А.Ш.Шукурбеков, төрагалык кылуучу, депутат С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ыкчам-изилдөө иши жана тергөө үчүн көзөмөл боюнча башкармасынын улук прокурору Н.Х.Качыгулов, депутаттар А.Т.Алтыбаева, Э.Ж.Сурабалдиева, Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабанда менен күрөшүү жана бажы эрежелерин бузуу боюнча башкармалыктын алгачкы тергөө бөлүмүнүн начальниги Э.Ж,Аттокуров.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

15. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Т.Алтыбаева, Н.К.Алимбеков, М.И.Бакиров демилгелеген “Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат А.А.Алтыбаеванын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, А.Т.Алтыбаева – демилгечилердин бири, С.К.Нышанов, Э.Ж.Сурабалдиева, А.Ш.Осмонова, Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.К.Дюшембиев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, депутат Жунус уулу Алтынбек, төрагалык кылуучу, депутаттар Т.Т.Мамытов, М.И.Бакиров .

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.А.Карашев.

 

 

16. 2020-жылдын 20-майында каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Т.Алтыбаева, төрагалык кылуучу.

 

109 депутат катталды.

 

“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“2016-жылдын 15-октябрында Руанда Республикасында Кигали шаарында кабыл алынган, озон катмарын бүлдүрүүчү заттар боюнча Монреалдык протоколго түзөтүүнү ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кейптаунда 2001-жылдын 16-ноябрында кол коюлган, Жылып турма жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө Конвенцияга жана Жылып турма жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө Конвенцияга авиациялык жабдуулар боюнча Протоколго Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Бишкек шаарында 2019-жылдын 18-июлунда кол коюлган, “ Сеул шаарында 2006-жылдын 11-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдарын белгилөө жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Алматы шаарында 2019-жылдын 1-февралында кол коюлган, аба кемесин жүргүзүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө 2012-жылдын 11-майындагы Макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

 

“Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө 2012-жылдын 11-майындагы Макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укукту мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Ички миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Жеке жактардын мүлктөрүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - жок, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - 1, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Инвестицияларды колдоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - 3, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Жазыктык мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 107, каршы - 7, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 88, каршы - 10, бардыгы 98 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 89, каршы - 17, бардыгы 106 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 79, каршы - 30, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Баткен жана Жалал-Абад областтарында болуп өткөн сел жүрүүлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

2020-жылдын 21-майындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорунан “Ар кандай” маселесин алып салуу жөнүндө депутат А.А.Карашевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 91, каршы - жок, бардыгы 91 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Торага                                                                        Д.Джумабеков

 

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 92