Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 69 17.06.2020-ж.

26-08-2020
16:43

  69

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VII СЕССИЯСЫ

 

(2019-2020-жылдар)

 

 

2020-жылдын 17-июну                                                                             9 саат 35 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                                                                   Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

                                                                                                          Д.А.Джумабеков

 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

100 депутат катталды.

 

 

1. 2020-жылдын 17-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 79, каршы – жок, бардыгы 79 депутат добуш берди. 102 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Г.К.Асылбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Депутат Г.К.Асылбаеванын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунуштарын эске алуу менен 2020-жылдын 17-июнундагы жыйналышынын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 83, каршы – 1, бардыгы 84 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

 

2. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш программасын бекитүү, түзүмүн жана курамын аныктоо, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына сунушталган К.А.Бороновдун талапкерлигин бекитүү жөнүндө” маселени кароо.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына талапкер К.А.Бороновдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Р.А.Казакбаев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына талапкер К.А.Боронов, депутаттар З.К.Рысалиев, Д.Д.Бекешев, Т.К.Конушбаев, А.К.Дюшалиев, К.Б.Орозова, Т.З.Зулпукаров, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматына талапкер А.Б.Баатырбеков, Кыргыз Республикасынын финансы министринин милдетин аткаруучу Б.Ж.Жеенбаева, депутаттар У.Т.Кыдыралиев, З.И.Жамалдинов, И.Ш.Омуркулов, Т.У.Жоробеков, А.У.Жапаров, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Э.Ш.Асрандиев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Ж.Исмаилова, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу А.К.Мадумаров, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу С.Т.Абдикаримов, депутат А.К.Касымалиева.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

                                                             11 саат 20 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

86 депутат катталды.

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш программасын бекитүү, түзүмүн жана курамын аныктоо, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына сунушталган К.А.Бороновдун талапкерлигин бекитүү жөнүндө” маселени кароо улантылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Е.Г.Строкова, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына талапкер К.А.Боронов, депутат Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Э.Ш.Асрандиев, депутат О.М.Бакиров, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу А.К.Мадумаров, депутаттар К.Ж.Жолдошбаев, Р.Ч.Момбеков.

 

Саат 13.00гө чейин каралып жаткан маселелер боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун аяктоо жөнүндө депутат К.Ж.Жолдошбаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

         

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 51, каршы – 6, бардыгы 57 депутат добуш берди, 91 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына талапкер К.А.Боронов, депутаттар А.К.Бешимбаева, К.С.Нурматов, З.Э.Шарапов, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Э.К.Осмонбетов, депутаттар С.М.Джураев, Б.С.Турусбеков, Р.Ч.Момбеков, А.У.Жапаров, Ч.А.Турсунбеков, С.К.Нышанов, А.А.Аскарова, Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри А.Ж.Исмаилова, депутаттар К.Ш.Баймуратов, М.К.Жеенчороев, А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Э.Ш.Асрандиев, Кыргыз Республикасынын финансы министри Б.Ж.Жеенбаева, депутаттар Э.Т.Токтошев, Б.И.Сулейманов, А.Ш.Осмонова, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу А.К.Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу С.Т.Абдикаримов, депутаттар Н.В.Никитенко, К.К.Исаев, Кыргыз Республикасынын экономика министринин милдетин аткаруучу С.Т.Муканбетов, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин милдетин аткаруучу Э.У.Чодуев, төраганын милдетин аткаруучу.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш программасынын жактыруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамын аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.У.Жапаров, А.Т.Алтыбаева, Жунус уулу Алтынбек, төрагалык кылуучу.

 

Депутат А.У.Жапаровдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 98, каршы – 2, бардыгы 100 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 101, каршы – 3, бардыгы 104 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш программасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 105, каршы – 2, бардыгы 107 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын шайланган Премьер-министри К.А.Боронов.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

“Жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгы менен байланышкан жагдайды иликтөө жана маалыматты текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы №3364-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 89, каршы – жок, бардыгы 89 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: депутат У.Т.Кыдыралиев, төрагалык кылуучу.

 

1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

 

14 саат 5 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

106 депутат катталды.

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 8-апрелиндеги №195 токтом) “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банктык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Арапбаев демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Б.А.Алиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.Н.Карагулова, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгулов, депутаттар А.А.Арапбаев – демилгечи, А.С.Токторов, И.А.Пирматов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутаттар Р.Ч.Момбеков, Э.Дж.Байбакпаев, У.З.Ормонов, З.С.Эсенаманов, Д.Д.Бекешев.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, Д.А.Джумабеков, Б.Э.Торобаев, А.Ш.Жээнбеков, А.О.Узакбаев, Р.М.Туманбаева, А.М.Эргешов, Т.А.Масабиров, А.Алтынбеков, Жунус уулу Адыл демилгелеген “Кыргыз Республикасындагы жаңгак плантацияларын өстүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматов, Д.Ш.Исаева тарабынан демилгеленген “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” жана “Жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, И.А.Пирматов – демилгечилердин бири, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Т.К.Батырканов, депутат Р.Ч.Момбеков, төрагалык кылуучу, депутат А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары А.К.Солтонбекова, депутаттар Э.Дж.Байбакпаев, Б.С.Турусбеков.

 

Ушул мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген 2020-жылдын 13-февралындагы №78 токтом) “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы М.Э.Мавлянованын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Э.Ж.Сурабалдиева, М.Э.Мавлянова – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин статс-катчысы А.А.Сагынбаев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары А.К.Орозалиев, депутат Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутаттар С.М.Джураев, А.А.Карашев.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы М.Э.Мавлянованын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 7-февралындагы №71 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укукту мамлекеттик каттоо жөнүндө”, Ички миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы М.Э.Мавлянованын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Б.С.Турусбеков, төрагалык кылуучу, депутаттар А.Т.Мамашова, Д.Д.Бекешев.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Т.Мамашова, А.Т.Алтыбаева, Г.К.Асылбаева, Д.Ш.Исаева, А.Ж.Исмаилова, И.Ю.Карамушкина, А.К.Касымалиева, А.С.Кодуранова, М.Э.Мавлянова, Г.С.Молдобекова, Ж.А.Мусабекова, Н.В.Никитенко, А.Ш.Осмонова, Р.М.Туманбаева, К.Б.Орозова, Г.К.Самат, А.Э.Самигуллина, Е.Г.Строкова, Э.Ж.Сурабалдиева, А.А.Аскарова демилгелеген “Алименттик милдеттерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун 2019-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын Отчётун кароого чейин карап чыгуу жөнүндө депутат А.Т.Мамашованын сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 65, каршы – жок, бардыгы 65 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

15 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.

 

 

                                                  16 саат 20 мүнөт

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

106 депутат катталды.

 

 

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Т.Мамашова, А.Т.Алтыбаева, Г.К.Асылбаева, Д.Ш.Исаева, А.Ж.Исмаилова, И.Ю.Карамушкина, А.К.Касымалиева, А.С.Кодуранова, М.Э.Мавлянова, Г.С.Молдобекова, Ж.А.Мусабекова, Н.В.Никитенко, А.Ш.Осмонова, Р.М.Туманбаева, К.Б.Орозова, Г.К.Самат, А.Э.Самигуллина, Е.Г.Строкова, Э.Ж.Сурабалдиева, А.А.Аскарова демилгелеген “Алименттик милдеттерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.С.Токторовдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары А.К.Орозалиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.С.Токторовдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Бокоев демилгелеген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар М.И.Бакиров, С.А.Айдаров – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы, депутат А.С.Токторов, К.С.Бокоев – демилгечи, Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары М.Б.Сарымсаков.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

11. 2019-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету жөнүндө” маселени кароо.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А.Мариповдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Б.И.Сулейманов, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А.Марипов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.К.Дюшембиев, депутат Б.С.Турусбеков.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Б.И.Сулеймановдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 72, каршы – жок, бардыгы 72 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А.Марипов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.К.Дюшембиев, депутаттар А.С.Токторов, А.А.Аскарова, А.Т.Алтыбаева.

 

Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А.Марипов, депутат У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору А.Т.Тумонбаев, депутаттар К.Ш.Баймуратов, А.Т.Мамашова.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Жыйналыштын күн тартиби боюнча бардык маселелерди кароо жана каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча добуш берүү жол-жобосу аяктаганга чейин жыйналыштын ишин узартуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 72, каршы – жок, бардыгы 72 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар К.С.Нурматов, А.А.Арапбаев, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А.Марипов, депутаттар Т.А.Масабиров, З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору З.А.Сатаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.К.Дюшембиев, төрагалык кылуучу, депутаттар И.Ш.Омуркулов, У.З.Ормонов.

 

Каралып жаткан маселе боюнча жана “2019-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А.Марипов.

 

“2019-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 90, каршы – 4, бардыгы 94 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 6-декабрындагы №668 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 18-декабрындагы №694 токтом) “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.С.Токторовдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

14. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, Б.С.Турусбеков демилгелеген “Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.С.Токторовдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.У.Жапаров, Д.Д.Бекешев – демилгечилердин бири, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Э.К.Боронбаева, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары М.М.Каратаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.С.Токторовдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

15. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.И.Сулейманов, А.Б.Баатырбеков, Н.К.Алимбеков, А.М.Нурбаев, У.Б.Примов, Т.И.Икрамов, А.С.Токторов демилгелеген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Эл аралык өзгөчө жардамдар жөнүндө”, “Дары каражаттарын колдонуу жөнүндө”, “Медициналык буюмдарды колдонуу жөнүндө”) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат Б.И.Сулеймановдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, демилгечилердин бири – Б.И.Сулейманов, Э.Ж. Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары М.М.Каратаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.С.Токторовдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 1-августундагы №392 токтом) “Саламаттыкты сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.С.Токторовдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.У.Жапаров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары К.Т.Оскомбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Э.К.Боронбаева, депутаттар Д.Д.Бекешев, Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары М.М.Каратаев, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.С.Токторовдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

17. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Нурбаев, Ж.К.Акаев, Н.Т.Каримова, Е.Г.Строкова, М.И.Бакиров, А.Ш.Жээнбеков, К.К.Керезбеков, А.Т.Сулайманов, А.К.Касымалиева демилгелеген “Таза аба маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат М.И.Бакировдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, демилгечилердин бири – М.И.Бакиров.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы М.Э.Мавлянованын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 21-февралындагы №110 токтом) “Кыргыз Республикасындагы кыймылсыз мүлк объекттерине өзгөртүүлөрдө курулуш объекттерине жана башка курулуштарга долбоордук-сметалык документацияларда комплекстүү экспертизаларды жайылтуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долборун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору У.К.Кокочаровдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Б.И.Сулейманов, А.У.Жапаров, У.Т.Кыдыралиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары М.А.Акматалиев, депутат М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору У.К.Кокочаров, депутат М.Э.Мавлянова.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы М.Э.Мавлянованын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

19. 2018-жылдын 10-апрелиндеги №128-т. менен Кара-Балта шаарына, 2019-жылдын 15-мартындагы №56-т. менен Токмок шаарына жана 2020-жылдын 20-февралындагы №51-т. менен Нарын шаарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесине ылайык бөлүнгөн “Суу менен камсыз кылуу жана канализация тутумун реабилитациялоо” долбоору боюнча бюджеттик кредиттерди түзүмдөштүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

20. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-апрелиндеги
№133-р. тескемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында бөлүнгөн кредиттик каражаттарды кайтаруунун шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимовдун сөзү.

 

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

21. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.К.Асылбаева, А.Ш.Осмонова демилгелеген “Маалыматтарды манипуляциялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат Г.К.Асылбаеванын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, демилгечилердин бири – Г.К.Асылбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутаттар Э.Ж.Сурабалдиева, А.У.Жапаров, А.Ш.Осмонова, Е.Г.Строкова, У.Т.Кыдыралиев, төрагалык кылуучу, депутаттар М.Э.Мавлянова, М.И.Бакиров.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.С.Токторовдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын
15-майындагы №253 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Т.У.Жоробеков, Н.К.Алимбеков – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы, А.У.Жапаров, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин орун басары Б.Ч.Бердалиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын
4-июнундагы №297 токтом) “Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Э.У.Чодуевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 82, каршы – жок, бардыгы 82 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Э.У.Чодуев, депутат И.Ш.Омуркулов, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун кароо жол-жобосун аяктоо жөнүндө төрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 82, каршы – 4, бардыгы 86 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Е.Г.Строкова, Д.Д.Бекешев, М.Э.Мавлянова, Э.Ж.Сурабалдиева, төрагалык кылуучу, депутаттар А.Ш.Осмонова, Р.М.Туманбаева, М.И.Бакиров.

 

 

24. 2020-жылдын 17-июнунда каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

110 депутат катталган.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банктык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 110, каршы – жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 89, каршы – 21, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасында жаңгак плантацияларын өстүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 108, каршы –1, бардыгы 109 депутат добуш берди, 109 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 106, каршы – жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 106, каршы – жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 106, каршы – жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укукту мамлекеттик каттоо жөнүндө”, Ички миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 106, каршы – жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 106, каршы – жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 106, каршы – жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Алименттик милдеттерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 106, каршы – жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 106, каршы – жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 106, каршы – жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Саламаттыкты сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 106, каршы – жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Эл аралык өзгөчө жардамдар жөнүндө”, “Дары каражаттарын колдонуу жөнүндө”, “Медициналык буюмдарды колдонуу жөнүндө”) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 106, каршы – жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Таза аба маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 106, каршы – жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасындагы кыймылсыз мүлк объекттерине өзгөртүүлөрдө курулуш объекттерине жана башка курулуштарга долбоордук-сметалык документацияларда комплекстүү экспертизаларды жайылтуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долборуна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 106, каршы – жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

2018-жылдын 10-апрелиндеги №128-т. менен Кара-Балта шаарына, 2019-жылдын 15-мартындагы №56-т. менен Токмок шаарына жана 2020-жылдын 20-февралындагы №51-т. менен Нарын шаарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесине ылайык бөлүнгөн “Суу менен камсыз кылуу жана канализация тутумун реабилитациялоо” долбоору боюнча бюджеттик кредиттерди түзүмдөштүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 106, каршы – жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-апрелиндеги
№133-р. тескемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында бөлүнгөн кредиттик каражаттарды кайтаруунун шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 106, каршы – жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

“Маалыматтарды манипуляциялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 102, каршы – 4, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 105, каршы – 1, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 103, каршы – 3, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Джумабеков төрагалык кылды.

 

“Ар кандай” маселесин 2020-жылдын 18-июндагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорунан чыгарып салуу жөнүндө төрагалык кылуучунун сунуш боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 96, каршы – жок, бардыгы 96 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                                                         Д.Джумабеков